ѲЗҮМЧҮЛДҮК, КАЙДЫГЕРЛИК
Сабактын максаты:
Өзүмчүлдүкжаман сапат экендигин түшүнөт. Кайдыгерлик тууралуу маалыматка ээ болот.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
Калкым, калкым дебесе,
Калктын камын жебесе, Эр жигитте не пайда.
Элден
Ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартып, ѳз кызыкчылыгын ойлогон адамды ѳзүмчүл деп атайбыз. Андай адам баардыгынан ѳз кызыкчылыгын жогору коет. “Ѳзүм аман болоюн, ѳзгѳлѳр эмне болсо, ошо болсун” деген ураан менен гана жашайт. Ѳңгѳлѳрдүн кызыкчылыгына кайдыгер мамиле кылат.
Кайдыгерлик –бул адам сапатынын терс кѳрүнүшү. Кайдыгер адамда ѳңгѳгѳ үлгү болоорлук сапаттардын белгилери жокко эсе. Андай адамдарда бирѳѳгѳ боор ооруу, кубанычына ортоктош, кайгысын тең бѳлүшүү деген изги сапаттар сезимден жат болору талашсыз. Анын табиятына жалаң гана “Мен” деген жаңырык мүнѳздүү. Баарын мен жасадым, баары мен үчүн деп, акчанын, байлыктын кулу болуп ган жашайт. Ѳзүнүн ырыскысын башкалар менен бѳлүшүүнү каалабайт. Демек, окуучум мындай адамдан кандай жакшы жѳрѳлгѳ алууга болот?
Сенде ушундай жамандалган сапаттын уялашына эч качан жол бербе. Ѳзүңдүн кызыкчылыгыңдан ѳзгѳнүкүн жогору кой, досторуңан, классташтарыңан жардам колун аяба. Аларга кайрымдуу бол, жардам бер. Эне уулу эмес эл уулу бол. Кадырлуу калктын батасын ал. “Бата менен эл кѳгѳрѳт, жамгыр менен жер кѳгѳрѳт” деген макалды эсиңе ал. Эң негизгиси кайдыгерликтен алыс бол.
2-кадам: Окуучуларга 2 топок бөлүнүп текст таркатылат. Топто талкуулашат. Презентацияга чыгышат.
1-топко:
Дыйкандын тартуусу
Кадимки замандарда ѳтѳ жоомарт, адил увазир болгон экен. Бирѳѳдѳн тартуу келсе бардыгына барабар бѳлүп берчү экен. Ѳзүнүн кызыкчылыгынан башкалардыкын жогору койчу. Күндѳрдүн биринде бир багбан ага таң эрте менен үч бадырың алып келиптир. Увазир үч бадырыңды тең биринин артынан бирин жалгыз ѳзү жеп коюптур дагы, аларды алып келген багбанга миң динар тартуу сыйын бериптир. Андан соң увазир ѳз багына эс алууга чыккан учурда, андан бир кызматчысы сураптыр:
-Таксыр, эмне үчүн сиз бадырыңдын үчѳѳнү тең ѳзүңүз жеп койдуңуз, деги эле мындай адатыңыз жок эле го?
Адил увазир мыйыгынан жылмая жумшак гана жооп айтыптыр:
-Бадыраңдар ачуу экен. Башкаларга дагы берчү болсом, анын ачуулугуна чыдай алышпай дыйканга жаман сѳз айтып жиберишет. Натыйжада карапайым дыйкандын дили ууланып калат. Мен ѳзүмдѳн мурда ѳзгѳнү ойлодум.
2-топко:
Ѳзүмчүлдүктүн кесепети
Байыркы заманда бир залим, ѳзүмчүл, тилазар соодагер бай бар эле. Кембагал бечараларга зулумдук менен жабыр кѳрсѳтүп, алардын базарга алып келген отундарын арзыбаган наркка сатып алаар эле дагы ѳзү болсо кайра аны кымбат баада пул кылуучу. Кембагал бечаралар бул отун соодагеринин дартынан кѳптѳгѳн азаптарды чегишти, анын аларга кѳрсѳткѳн азаптарынан баштары маң болушту.Күндѳрдүн биринде залим соодагер бир бечара дервиштин отунун зордук менен тартып алды. Ага жарым баа менен пул тѳлѳдү. Дервиштин кѳңүлү азар тартты, бирок эмне ылаажы кыла алмак эле? Байды каргап-шилеп кетүүгѳ мажбур болду. Бул окуяны кѳрүп турган бир билимдүү адам байга карап:
-Сен кембагал бечараларга жапаа чектирип жабыр кѳрсѳтпѳ. Карып кѳңүлдѳрүн оорутпа. Жетимдердин кѳзүнѳн кандуу жаш агызба. Бул жарабаган ишиңден кайткын, - деп ар түрдүү насаатын айтса дагы, ачкѳз бай аны кабыл албады. Бул окуядан кѳп убакыт ѳтпѳй, бир түнү байдын отунканасына от түштү. Эртеси күнү эртелеп бай жакындарына:
-Отункана менен үйүмѳ бул от каерден түшкѳнүн биле албай айраңмын, - деп сүйлѳп олтурган эле, баягы насаат айткан билимдүү адам булардын жанына басып келип калды.
-Айраң-таң калбай эле кой, сенин ѳзүмчүлдүгүң, кайдыгерлигиң, зулумдук менен салган жабырыңа таңданган бечара кембагалдардын карегинен чыккан от сенин отунканаң менен үй-жайыңды күйгүзүп күл кылды, - деп жооп берди.
Суроолор:
Кайдыгерлик дегенди кандайча түшүндүң?
Досторуңун ичинде ѳзүмчүл, кайдыгерлери барбы?
Увазир эмне үчүн бадырыңдарды ѳзү жеп койду?
Ѳзүмчүл байдын короосуна эмне үчүн от түштү деп ойлойсуңар?
3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.
Залкар ойлорЭр энеден туулат, элге кызмат кылат.
Ѳз камын ойлогон ѳспѳйт, эл камынойлогон кѳктѳйт.
Ѳз кѳмѳчүңѳ күл тартпагын.
Ѳзүңдү ѳзүң мактаба, сени эл мактасын.
Кайыры жок байдан кач,
Панаасы жок сайдан кач.
Эл оозунан
Үйгө тапшырмалар:
“Ѳзүмчүл адам –ѳспѳйт ” деген темада дилбаян жазгыла.
Жомоктордун маанисин талкуулагыла.
Залкар ойлорду талкуулагыла.