Просмотр содержимого документа
«Озумдун омур баяным»
Омур баян
Мен Узакова Парида Аблазизовна 1973 ж Карасуу районуна караштуу Сарыколот айылында туулганмын К,Жантошев атындагы орто мектебин ийгиликтуу аяктап,Оштогу педегокикалык окуу жайына 1988 ж тапшырдым да 1992 ж аяктадым. Кызыл Суудагы Жаныжол баштооч мектебинде 3 жыл иштедим,
1997 жылдан бери « Правда» орто мектебинде иштеп келе жатам.
2003-2007 жылдары Ош Мамлекеттик университетинин «Башталгыч билим беруунун педагокикасы жана усулиаты» адистиги боюнча билимимди жогорулаттым .
1999жылдан Баштап « Дуйно балалыктын козу менен», « Оштун 3000 жылдыгына» карата конкурстарга катышып зонадан, райондон 1-орундарды ээлеп, областка чейин катышып келдим. Ошондой эле 2000 ж Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы губернатор Т. Акматалиевдин колунан «Билим жана жаштар»жылында, « Билим», «21 кылымдын кадрлары» программасын ишке ашыруудагы , жаш муундарга билим тарбия беруудогу жетишкен ийгиликтери жана билим тарбия беруу тармагындагы узурлуу эмгеги учун «Ардак грамотасы» менен жана баалуу сыйлыктар менен сыйландым. Оштогу ДОЦтогу «Мээрим галлереясынын» ачылышына катыштым да М.Акаеванын колунан сыйлыктарды алдым.Оштогу конференциядан «Мыкты коргозмо» деп табылып, «Улуу Жибек жолунун» символу болгон жети тоо жана башка коптогон коргозмолорум Республикадагы конференцияга барып катышып келдим.
Мектепте куурчак театрын ачтык. 2011-жылы ЮНИСЕФтин жардамы менен Кара-Суу райондук БЧБда да Куурчак театр кружогун ачып,Райондук мектептерде жомокторду койдук.
2011-2012-ж.FTI долбоорунун семинарына катышып, сертификат алдым. «Куррикулум» боюнча терендетип окутуу семинарына катышып,билимимди жогорулаттым . «Мыкты класс», «Мыкты мугалим» . «Мыкты класс жетекчи» конкурстарына катышып,ийгиликтуу орундарга жетиштим.Областтык райондук газеталарга мыкты сабактарым сценарийлерим басылып чыкты.2014-2015-окуу жылында USAID «Бирге окуйбуз» долбоору боюнча билимибизди жогорулатып,окутуу-табиялоо ишинде ийгиликтерге жетишип жатабыз. «Ата-энелер менен иштоо» , «Окуу лагери» долбоорлору боюнча Кара-Суу жана Алай райондорунда откорулгон семинарларда сабак отуп, USAIDдин ыраазычылык баракчасын алдым. Ошондой эле Региондук конференцияда да «Окуу лагери» боюнча сабак өттүм. 2017-жылдын №5 Педагогикалык окуудан 2-орундун дипломун алдым.
2016-2019-жылдары “Келгиле окуйбуз” долбоорунда тренерлик кылып,райондогу директорлорду,окуу бөлүмүнүн башчыларын,китепканачыларды, башталгыч класстын мугалимдерин окуттук.23-октябрь кунү Райондук Усулдук күнү ачык сабак өтүп бердим. Мындан ары да жаныча усулдарды колдонуп,окуучуларга билим-тарбия берууго аракеттенем.