СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Озумдун омур баяным

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Озумдун омур баяным»

Омур баян

Мен, Кайыпбекова Жанаркүл Алымбековна 1979-жылы 15-декабрда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Атай айылында төрөлгөм. Үй бүлөөдө он бир тууганбыз ,беш уул ,беш кыз.

1986-жылы Атай айылындагы Барктабас Ташматов атындагы орто мектептин босогосун аттап, 1996-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм .1997-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университеттинин математика факультетине тапшырып, 2002-жылы жогорку билимге ээ болдум. Ушул эле жылы Тогуз -Торо районунун Макмал орто мектебинин математика мугалими болуп эмгектенип кирдим. Аталган мектепте 2008-2017-жылга чейин математика ийримин жетектеп, анда окуучулардын математикалык логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү менен райондук семинарларда сабак өтүп келгем .

Мен өзүмдүн педагогдук эмгек жолумда окуучуларга билим берүүдө балдардын кызыгуусун арттыруу максатында , стандартуу эмес сабак өтүү менен , ар бир баланын жөндөмүнө жараша сапаттуу билим берууго аракеттенем . Окуучуларым 5 райондук олимпиадаларда дайыма ийгиликтерди жаратып келүүдө.

Мектепте учурда математика- информатика усулдук бирикмесин жетектейм. Мектепте узурлуу эмгегим жана окуу тарбиялоо иштериндеги жетишкен ийгиликтерим үчун төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болгом.

Мектептин кесиптик бирлигинин «Ардак грамотасы» -2014-2019.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы»-2014.

Райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин «Ардак грамотасы»-2018.

Кыргызстан Аялдар конгрессинин «Ардак грамотасы»-2018.

Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун «Ардак грамотасы»-2019

Мектептин «Жылдын мыкты мугалими-2019» Ардак грамотасы.

Коомдук иштерге активдуу катышуу менен бирге мектептин кадыр баркын көтөрүүгө аракет кылып келем .

Үй бүлөөлүмүн. Жолдошум Аразов Кубанычбек Сапарович эки уул, уч кызды татыктуу тарбиялап келебиз.







Өмүр баян ээси: Кайыпбекова Жанаркүл Алымбековна











№1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби





Математика Информатика усулдук бирикмеси













№1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби











Семинардын темасы:

«Окутуунун сапатын жакшыртуу, инсанга – багытталган окутуу»







Мугалим: Ж. Кайыпбекова





Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Кайыпбекова Жанаркүл Алымбековнага

Мүнөздөмө

Кайыпбекова Жанаркул Алымбековна 2002-2003- окуу жылдан бери Макмал орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип келүүдө.

Жанаркүл Кайыпбекова он жети жылдык педагогикалык стажысында өзун мыкты мугалим катары көрсөтө алды. Мунозу токтоо,өз предметин эң мыкты билген чыгармачыл мугалим. Мугалимдер, окуучулар жана ата- энелер арасында кадыр- баркка ээ. Коомдук иштерге активдуу катышып, мектептин жана райондун намысын коргоодо өз салымын кошуп келет. Өзунүн окуткан окуучулары класс жана мектеп аралык өтүлүүчү предметтик олимпиадаларда орундарын камсыз кылууда.

Жанаркүл Кайыпбекованын жолун жолдогон математика адистиги боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон окуучулары бар.

Жаш мугалимдерге насаатчылык көрсөтүп, аларга методикалык ар кандай жардамдарды берип келет.

Математика усулдук бирикмесин жетектөө менен окуучуларды математиканы терең түшүндүрүп инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен билимин берип,практикалык сабактарды өтүп келүүдө. Райондо болуп өткөн семинарларга активдуу катышып “Акыл ордо” интеллектуалдуу оюн сабагын семинарда эң жакшы сабак өтүп, жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды.Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борбору тарабынан уюшулган “Жаш Пифагорлор техника дүйносү “ аттуу конкруста Жанаркүл жетектеген “Жаш талант” командасы I орунду ээлеп ийгилик жарата алышты.

Азия өнүктүрүү долбоорунун предметтик стандарт боюнча математика сабагынан апробацияга катышып, республикадагы отуз инновациялык мектептердин ичинен план конспектиси жактырылган.

Жанаркүл Кайыпбекова математика предметин так билген билимдүү, чыгармачыл педагог экендигин көрсөтүп келет.

Келечекте мыкты насаатчы мугалим болооруна жалпы жамааат ишененим көргөзө алат.





№1 Т. Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин директору: А.Базарова.

Сабактын анализи

Мектеп___________________________________________________

Класс_____________________________________________________

Мугалим___________________________________________________

Сабактын темасы____________________________________________

Мөөнөтү____________________________________________________

Класста баардык окуучулар____________________________________

Анализ берүүчү______________________________________________

Критерийлер жана көрсөткүчтөр

Сабакка баа берүү

Сунуштар жана каалоолор

1

Окуучуларга сабактын максатын жана милдеттерин түшүндүрүү.





2

Мугалимдин өз ара аракеттенүүсү, ишмердүүлүгү.


3

Интерактивдүү ыкмаларды жана методдорду колдонуу.


4

Окуутулардын активдүүлүгү,өз ара аракеттенүүсү.


5

Баа берүү.




№1 Т. Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин

математика мугалими: Маратбек к Г.





Мугалим- кесиптердин төрөсү

Ооба, мугалим -табияттынан адамды таанып билүүнүн күзгүсү болуп саналат, анткени окуткан окуучусубу же ата-энеби баары бир ал адамдын ички сезим -туюмун билип турат. Бирок ал касиеттке бардык эле мугалим ээ боло бербейт, анткени бул касиет өзүн-өзү окутуу, тарбиялоо, талыкпаган эмгек менен калыптанат. Мен бул кесиптин ээси, жайнаган мунөзү, ак көнүлдүгү, жан дили менен жардамын аябаган айкөлдүгү менен менин суйуктуу эжекеме айланган Кайыпбекова Жанаркүл эже жөнүндө сөз кылам.

Жаркылдаган келбетинен нур чачыратып,кайда болсом мага колдоо көрсөтүп келген, турмуш жолунда кезиккен ар кандай кырдаалда өз кеңешин аяабаган мээримдүү жан. Ишинде оз кесибин суйуп, балдар менен иштөөдөн ырахат алып эмгектенет. Тарбиялык иштерин уюштурууда ой-чабыты бай, жоктон бар кылган чыгармачыл инсан. Экөөбуз эриш аркак эмгек кылып келебиз, кече , концерттик программа же эмгекке арналган иш-чарабы,айтоор мага Жанаркүл эже менен иштөө абдан кызыктуу.

Сабактарды мыкты уюштуруп,өз максатына жеткизүү,жаңы техналогияларды пайдалануу менен балдардын кызыгуусун артыруу- Жанаркүл эженин өздук методикасы.

Мындан ары да эжекемдин ишине ийгилик, үй-бүлөөсүноө ынтымак, өзунө ден соолук жана аял затына тиешелүү бардык бакытты каалайм!







Эжекемдин кесиптеши Керемет Капарованын ой пикири.







Ой пикир

Мен Абалиева Нуриса,кесиптешим Кайыпбекова Жанаркүлдү 2002-жылдан бери тааныйм.Бул убакыттын ичинде , мен Жанаркүлдү мыкты мугалим, мыкты класс жетекчи жана адамкерчиликтүү аял заты деп тааныдым. Жанаркүл жумушуна абдан так,эмгекчил,чыгармачыл мугалим . Жанаркүлдүн көптөгөн сабактарына катышып келем. Сабак өтүүдө ар дайым кылдаттык менен даярданып , балдарга жеткиликтүү, кызыктуу жаңы методдорду колдонуу менен өзүнө тартып келет. Балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө логикалык суроолорду берип ойлоо сезимдерин ойготот.Муну менен эмнени айткым келет: эң негизкиси балдарга берген билими жеткиликтүү жана жугумдуу деп ойлойм.Себеби Жанаркүл окуткан окуучулар ар дайым ийгиликтерди жаратып келет. Окуучулар менен ар дайым аяр мамиледе, окуучулары өз ойлорун эркин жана кеңири айта алышат.

Жана ошондой эле адамдык мыкты сапаттарын баалайм. Коллектив арасында жоопкерчиликтүү, адамкерчиликтүү,жөнөкөй жана сүйкүмдүү. Ар дайым коомдук иштерге активдүү катышып, бизди да активдүү болууга талап кылып келет. Башкача айтканда жаш мугалимдерге ар дайым үлгү болуп,акыл насаат,кеп кенештери менен бөлүшүп келет.

Менин ойумча Кайыпбекова Жанаркүлдөн билим алган балдар келечекте, коомдо мыкты инсан жана албан-албан ийгиликтерди жаратаарына ишенем.

Кесиптеши: Н.Абалиева



№1 Т. Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин мугалими: Н.Абалиева.



Ой пикир

Мугалимдик кесип ары татаал, ары сыймыктуу болот эмеспи. Менин кесиптешим Кайыпбекова Жанаркүл жаш муундардын сабатсыздыгын жоюү,агартуу, аң сезимин өстүрүүдө билимине билим кошуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келет. Жанаркүл экөөбүз 2002-2003-окуу жылынан бери параллель класстарды окутуп аларга билим- тарбия берип эмгектенип келебиз. Жанаркүлдү өз кесибинин устаты деп айтсам болот,ал эми кесипти туура тандап алган десем жанылышпайм. Ал балдарга билим беруудө чыгармачылык менен изденуу менен эмгектенет өзүнүн иш тажрыйбасында жоопкерчиликтүүлүгүн жана активдүүлүгүн көргөзө алат.

Жанаркүл кичи пейил улууларды сыйлай билет.Ал өзунө карата айтылган сын пикирлерди туура кабыл алат да, андан дароо жыйынтык чыгарат.

Сабактарды азыркы заманбап техникалар менен интерактивдүү жана Блумдун таксономиясы сыяктуу ыкмалар менен өтүп келет. Жанаркүл спорт оюндарына дагы кызыгат. Мектепте өткөрүлгөн эстафета, волейбол оюндарында алдынкы орундарды багынтып келет.

Жанаркул үйүндө да сүйүктүү жар, мээримдүү эне. “Мугалим- кун, ал баарына тегиз тийет”- деп айтылган сөз Жанаркулгө таандык. Мен аны менен кесиптеш болгонума сыймыктанам.

Кесиптеши: А. Султангазиева