СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Презентация. Аннотация. Түшүнүк кат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аннотация. Түшүнүк кат боюнча сабактын планы

 

Просмотр содержимого документа
«Презентация. Аннотация. Түшүнүк кат»

Аннотация. Түшүнүк кат 7-класс кыргыз тили

Аннотация. Түшүнүк кат

7-класс кыргыз тили

Тогуздун айынын жыйырма алтысы Көрсөткүчтөр: Аннотация жана түшүнүк кат боюнча маалымат алсаңар; Аннотация жана түшүнүк каттын жазылыш өзгөчөлүгүн үйрөнсөңөр; Баарлашууда өз оюңарды так, ачык , жеткиликтүү билдире алсаңар анда биз сабак максатына жетти деп эсептейбиз.

Тогуздун айынын жыйырма алтысы

Көрсөткүчтөр:

  • Аннотация жана түшүнүк кат боюнча маалымат алсаңар;
  • Аннотация жана түшүнүк каттын жазылыш өзгөчөлүгүн үйрөнсөңөр;
  • Баарлашууда өз оюңарды так, ачык , жеткиликтүү билдире алсаңар анда биз сабак максатына жетти деп эсептейбиз.
Өткөн сабакта Иш кагаздарын, анын ичинен: Өмүр баян Мүнөздөмө жазганды үйрөнгөнбүз.

Өткөн сабакта

Иш кагаздарын, анын ичинен:

  • Өмүр баян
  • Мүнөздөмө

жазганды үйрөнгөнбүз.

Иш кагаздарынын аталышы кандай жазылат? Баш тамга менен жазылат. Ташымалданбайт. Аталышынын аягына чекит коюлбайт.

Иш кагаздарынын аталышы кандай жазылат?

  • Баш тамга менен жазылат.
  • Ташымалданбайт.
  • Аталышынын аягына чекит коюлбайт.
Өмүр баян Фамилиясы,аты, атасынын аты Республикасы, областы, району, тулган жылы, жери Үй-бүлөсүнүн абалы Өмүр жолу тизмеленет (мектепке киргени,аяктаганы,окуу жайына киргени, кайсы жерде, эмне кызматта иштегени толук саналат) Алган сыйлыктары, наамдары Үй-бүлөлүк абалы 7. Жазган датасы

Өмүр баян

  • Фамилиясы,аты, атасынын аты
  • Республикасы, областы, району, тулган жылы, жери
  • Үй-бүлөсүнүн абалы
  • Өмүр жолу тизмеленет (мектепке киргени,аяктаганы,окуу жайына киргени, кайсы жерде, эмне кызматта иштегени толук саналат)
  • Алган сыйлыктары, наамдары
  • Үй-бүлөлүк абалы

7. Жазган датасы

Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Акунов Рысбекке (1986-жылы туулган, улуту кыргыз) Мүнөздөмө  Акунов Рысбек 1994-жылдан бери биздин мектепте окуп келе жатат. Жыл сайын предметтерден «эң жакшы» деген баага татыктуу болуп, жүрүш- турушу жагынан да башкаларга үлгү.  Жоопкерчиликти ар дайым сезе билип, милдетин так аткарат. Клкассташтарына жардам берип, коомдук иштерге активдүү катышат. Өзгөчө математика сабагына кызыгып, олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келди. Класс жетекчиси 25-июль, 2004-жыл К. Кубатбекова колу

Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Акунов Рысбекке (1986-жылы туулган, улуту кыргыз)

Мүнөздөмө

Акунов Рысбек 1994-жылдан бери биздин мектепте окуп келе жатат. Жыл сайын предметтерден «эң жакшы» деген баага татыктуу болуп, жүрүш- турушу жагынан да башкаларга үлгү.

Жоопкерчиликти ар дайым сезе билип, милдетин так аткарат. Клкассташтарына жардам берип, коомдук иштерге активдүү катышат. Өзгөчө математика сабагына кызыгып, олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келди.

Класс жетекчиси

25-июль, 2004-жыл

К. Кубатбекова

колу

Аннотация – көркөм адабий, публицистикалык чыгармага, ыр жыйнактарына же илимий эмгектерге кыскача, так, конкреттүү мүнөздөмө берүү. Аннотацияда төмөндөгүлөр эске алынат: чыгарманын автору,аталышы, басманын аты, жарык көргөн жылы көрсөтүлөт; чыгарманын мазмуну кыска, так, түшүнүктүү баяндалат; чыгарма кимдерге багытталгандыгы айтылат.

Аннотация – көркөм адабий, публицистикалык

чыгармага, ыр жыйнактарына же илимий эмгектерге кыскача, так, конкреттүү мүнөздөмө берүү.

Аннотацияда төмөндөгүлөр эске алынат:

  • чыгарманын автору,аталышы, басманын аты, жарык көргөн жылы көрсөтүлөт;
  • чыгарманын мазмуну кыска, так, түшүнүктүү баяндалат;
  • чыгарма кимдерге багытталгандыгы айтылат.
Үлгү К. Сейдакматов . Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү. – Ф.:Кыргызстан, 1987, 68 б.  Китепчеде кыргыз элинде байыркы календарлык системанын кандайча колдонулуп келгендигинин жана азыркы календардынкандайча пайда болгондугунун кыскача тарыхы баяндалат. Китепче окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Үлгү

К. Сейдакматов . Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү. – Ф.:Кыргызстан, 1987, 68 б.

Китепчеде кыргыз элинде байыркы календарлык системанын кандайча колдонулуп келгендигинин жана азыркы календардынкандайча пайда болгондугунун кыскача тарыхы баяндалат. Китепче окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Көнүгүү иштери 42-көнүгүү. Өзүңөрдүн колуңардагы окуу китептеринин аннотациясы менен таанышкыла. Экиден мисал келтирип, көчүрүп жазгыла. 43-көнүгүү. Жогоруда берилген үлгүлөргө таянып, каалаган адабий чыгармага карата аннотация жазгыла.

Көнүгүү иштери

  • 42-көнүгүү. Өзүңөрдүн колуңардагы окуу китептеринин аннотациясы менен таанышкыла. Экиден мисал келтирип, көчүрүп жазгыла.
  • 43-көнүгүү. Жогоруда берилген үлгүлөргө таянып, каалаган адабий чыгармага карата аннотация жазгыла.
Түшүнүк кат Түшүнүк кат бир адам тарабынан анын суроо-талабын канааттандыруу, тигил же бул окуя, иштин себебин билдирүү максатында мекеменин же уюмдун жетекчисинин наамына багытталып жазылат. Башка иш кагаздарындай эле так, кыска, түшүнүктүү жана конкреттүү жазылат.

Түшүнүк кат

Түшүнүк кат бир адам тарабынан анын суроо-талабын канааттандыруу, тигил же бул окуя, иштин себебин билдирүү максатында мекеменин же уюмдун жетекчисинин наамына багытталып жазылат. Башка иш кагаздарындай эле так, кыска, түшүнүктүү жана конкреттүү жазылат.

Кемин районундагы №2 орто мектебинин окуу тарбия завучу А.Н.Сабыровго 8-классынын окуучусу К.Бактыгуловдон Түшүнүк кат Менин мектептеги ишембиликке катышпай калганымдын себеби, кошуна айылда спорттук мелдеш өтүп жаткандыгына байланыштуу ошол жакка чакырышып, ишембилик тууралуу укпай калдым эле. Эмки ишембиликти калтырбай активдүү катышам. К. Бактыгулов 18-февраль, 1997-жыл колу

Кемин районундагы №2 орто мектебинин окуу тарбия завучу А.Н.Сабыровго 8-классынын окуучусу К.Бактыгуловдон

Түшүнүк кат

Менин мектептеги ишембиликке катышпай калганымдын себеби, кошуна айылда спорттук мелдеш өтүп жаткандыгына байланыштуу ошол жакка чакырышып, ишембилик тууралуу укпай калдым эле. Эмки ишембиликти калтырбай активдүү катышам.

К. Бактыгулов

18-февраль, 1997-жыл

колу

Проблемалык суроолор: Аннотация кандай эмгектерге жазылат? Аннотациянын жазылыш өзгөчөлүгү кандай? Түшүнүк кандай максатта жазылат? Түшүнүк кат кандай иш кагаздарына кирет? Түшүнүк кат кандай бөлүктөрдөн турат?

Проблемалык суроолор:

  • Аннотация кандай эмгектерге жазылат?
  • Аннотациянын жазылыш өзгөчөлүгү кандай?
  • Түшүнүк кандай максатта жазылат?
  • Түшүнүк кат кандай иш кагаздарына кирет?
  • Түшүнүк кат кандай бөлүктөрдөн турат?
Үйгө тапшырма 44-көнүгүү. Сабак калтырган,кечигип келген же ийримге катышпай калган ж.б. дагы себепти түшүндүргөн түшүнүк катты класс жетекчиңердин наамына карата жазып, машыккыла.

Үйгө тапшырма

  • 44-көнүгүү. Сабак калтырган,кечигип келген же ийримге катышпай калган ж.б. дагы себепти түшүндүргөн түшүнүк катты класс жетекчиңердин наамына карата жазып, машыккыла.
Саламатта калгыла!

Саламатта калгыла!