СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Психологиялык тест

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Карап коргуло

Просмотр содержимого документа
«Психологиялык тест»

Ар бир айымдын күнүмдүк чач жасалгасы бар. Көпчүлүк психологдордун айтымында, күнүмдүк кадимки чач жасалга анын ээсине так мүнөздөмө бере алат. Анда өзүңүздүн чач жасалгаңызга карап мүнөзүңүздү билип алыңыз.

 

Чачы тармал болуп дайым жайып жүрсө, романтикага бай айым. Ошондой эле адамдардын жалаң жакшы жактарын байкашат. Муну менен көпчүлүккө жага алат.

 Бир аз тармалдатып жайып жүрсө, сырткы келбети жана жашоодогу жетишкендиктери менен сыймыктанган айымдар. Алдына максат коюп, анын үстүндө тынымсыз эмгектенгенди жакшы көрүшөт. Стресстен оңой чыгышат.

 

Каре чач жасалгасын алып жүргөн айымдар - ички дүйнөсү бай айымдар. Өзгөчөлүктү жактырышат. Ишинин майын чыгара аткарып, мыкты лидер боло алышат.

 

 Дайым кыска алып жүргөндөр акылы курч жана юмордук сезими өнүккөн. Ар кандай, кече, иш-чараларга барганды жактырышат. Башкалардын көңүлүн көтөргөндү да билишет.

 

 Ылдый түйүп жүргөндөр ар дайым келишимдүү жана иреттүү жүрүшөт. Терс адаттарын кайсы жерде болсо да көзөмөлдөй алышат. Бир нерсени кылуудан мурда кылдат ойлонушат.

 

 

Чачын өйдө түйүп жүргөндөр мамилечил, ачык-айрым болушат. Алар үчүн үй-бүлөсү жана достору абдан маанилүү. Ишенимдүү жана ак көңүл дос боло алышат. Жакындарына жардам берүүгө дайым даяр.

 

Интеллектуалдуу жана чыгармачыл айымдар. Дизайн, архитектура, колористика сыяктуу кооздук менен байланышкан илимдерге кызыгышат. Өзүнө карабаган адамдардан иренжийт.

 

Мойнунан бир аз өйдө байлап алгандар токтоо, камкор айымдардын катарына кирет. Жөнөкөйлүктү баалап, жасалмалуулукту жек көрүшөт. Табиятынан бирөөнү сындабай, тескерисинче, ага жардам беришет.

 

Чачын артка өрүп жүргөндөр негативдүү адамдардан качышат. Башкалар камкор болуп, көңүл буруп турса дешет. Түгөйү да өзүнө окшош болуусун каалашат.



 Чачы түптүз болуп жайып жүргөндөр мыкты уюштургуч жана көз карандысыз болушат. Башкалардын маселелери аларды кызыктырбайт. Мындай сапат аларды өзүмчүл кылып коёт. Ойсоңдоп эркектердин көңүл чордонунда болууну каалашат.

 

Мындай чач жасалганын ээлери өзүнө ишенимдүү болуп, чыгармачылыкты баалашат. Кыялданганды жактырышат жана жашоосундагы бардык маселени чечүүгө жөндөмдүү келишет.

 

Чачы өтө кыска эмес же өтө узун эместер токтоо, оор басырыктуу болушат. Маанайын көтөрүү үчүн мүмкүнчүлүктү коё беришпейт. Анча-мынча көйгөйгө көңүлүн чөктүрбөйт. Сүйүүгө кабылса, чын дилинен берилгендик менен сүйүшөт.

 Чачын дайым өйдө байлап жүрсө, бул айым энергиялуу, кежир, максатына жете билген жана сексуалдуу айым болот. 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА



 






Даткайым ДОСМАТОВА

Кол тамга - сиздин мөөрүңүз. Аны менен эң манилүү иштерге чекит коёсуз. Кол тамга мындан тышкары сиздин мүнөзүңүздү да айтып берип коёт.

 

Баш жагына фамилия же атынын тамгасы жазылып, калганы майда тамгалар менен окулгус болуп  коюлган колдун ээлери уюштуруу жагынан мыкты, элди үстүнөн башкара билет. Кандай гана талаш-тартыш болбосун, өзүнүн көксөгөнүн бербей оюн элге таңуулап тура бермей адаты бар.

 

Ал эми башкы эки тамгасы чоң тамга менен жазылып, аягындагы тамгалар ийри сызык болуп кетсе, ал  адам буйрук бергенди билет да, анын кандай жолдор менен аткарылганын билгиси да, уккусу да келбейт. Ар дайым тез тил табышып кетет.

 

Мындай кол тамга ээси табиятынан ишкер, энергиялуу жана өзүмчүл болот. Күнүмдүк, кайталанма иштерди кылганды жаман көрүп, бир күнүн экинчи күнгө окшоштургусу келбейт. Аягындагы тамгасы баш жагына кайрылып чийилгени анын башка адамдарга көп ишенич артпаганынан кабар берет.

 

Баш тамгасы аябай кыска, аягындагы тамгалар бири-бирине окшош кол тамга өзүнө көп ишенбеген  адамды сүрөттөйт. Бирок мындай адамдар оор басырыктуу жана нерви калың болуп ачуусу кеч келет. Эң жакшы жери - мындай кол койгон адамдар көрөгөч болгондуктан алдыдагы ыңгайсыздыктан оңой оолакташат.

 

Эч кандай тамганы көрсөтпөгөн кол тамга ээсинин ырайымсыз, таш боор экенинен кабар берет. Жетекчинин колу ушундай болсо, ал иштер кандай кыйынчылык менен аткарылып жатканына кызыкпайт деп биле бериңиз. Бир жагынан алып караганда, мындай колдун ээси - чечкиндүү, эр жүрөк, ишкер жана эмгекчил адам.

Толкун чийме кол тамганын ээси - эптүү, айлакер, акылдуу адам. Кол тамганын аягындагы тамгада толкун көп болсо ээсинин кошоматчы, жагынууну биринчи планга койгон адам экенинен кабар берет. Мындай адамдар айдап кел, байлап кел деген иштерди жакшы аткарып, өз алдынча чечим чыгарып иштей албайт.

 

Түз, горизонталдуу коюлган кол ээсинин түнт, бир сырдуу, эч ким менен сырдашпаган адам экенин айтып турат. Көңүлүнө жаккан адам менен гана тил табышпаса, баары менен эле сүйлөшө бербейт. Эгер аяккы тамгасы ылдый болуп сол жакка бурулса, ал адам - алдына койгон максатына жете билген инсан.

 

Төмөнкү сүрөттөгүдөй аяккы тамгасы өйдө болуп барып сол жакка бурулуп турса, ал адамдын жан дүйнөсү бай, кыялкеч, жомоктогудай жашоого ишенген инсан экенин айтып турат.

 

Акыркы тамгасы өйдө карай кеткен кол тамга ак көңүл, куунак, тынчы жок аракетчил, анан өзүмчүл инсанды сүрөттөйт. Ал эми андагы чекит кылган иштерин анализдеп кийинки ишине өзгөртүү киргизип ар дайым жаңылануунун үстүндө иштейт дегенди билдирет. Булар бир жолу кетирген катасын экинчи ирет кайталабайт.

 

Кол тамгасынын жанына бир чекит коюп, андан тышкары сызыкча же дагы бир чекит койгон адам, кандай гана иш болбосун, ашыкча этиеттик менен абайлап мамиле кылат. Бул адамдар аябай таарынчаак, ашыкча көк бет болушат.

 

Атын бир-эки тамга менен кыска, фамилиясын узак жазуу менен үстүнө бир сызыкча чийип кооздоп койгон адам тынч жерде жашагысы келет. Анан жогору жакта эл башкарып иштегенди жактырган сапаты да бар.

 

Төмөндөгү колдун ээси жетекчи болсо, ага кошомат кылып жанында чуркап жүргөндөрдү жактырат жана  өзү да эл ишеничине тез кирет. Бирок дайыма кылган иштерин аягына чыкпай калгандай күмөндүү ойдо жүрөт.

 

Кол тамгасы кооз көрүнүшү үчүн чекит баш болгон ар кандай ашыкча белгилерди коё берген адамдын ачуусу чукул, өзүмчүл, анан дайыма элдин курчоосунда болгонду жактырат. Буларга сырткы келбет маанилүү болгондуктан ички көйгөйгө кызыкпайт дагы. Кол тамгасы айтып тургандай, кооздукту жактырган чыгармачыл.

 







Буларды да билиңиз:

Кол тамгасы фамилиясынан да узун болсо, бул адамдын өзүн-өзү баалоосу жогору жана чындыкты баалайт, сабырдуу. Тескерисинче, кол тамгасы кыска болсо, өзүн-өзү баалоосу төмөн. Ал эми аябай эле кыска коюлган кол өтө токтоо жана жөнөкөйлүктү билдирет.

Коюлган колдун баш тамгасы фамилиясынын башкы тамгасынан башталса, бул адам - жөнөкөй, колдо бар нерсеге шүгүр кылган инсан.

Эгер баш тамга өзүнүн атынан алынса, ал адамдын жоопкерчиликтүү, ишкер жана ар дайым ойлонуп жүргөн адам экенин айтып турат.

Баш тамгасында аты менен фамилиясынын биринчи тамгалары бирдей көрсөтүлсө, бул адам түнт, эл менен мамиле курууга көп кызыкпаган жан. Өзүнөн башкаларга көп ишене бербегендиктен дос күтпөйт.

Ийри сызыктарга караганда тамга көбүрөөк жазылган кол тамга ээси - мүнөзү оор, атак-даңкка умтулган, ар дайым салыштыруу менен иш кылган жан.

Чоң-чоң жазылган тамгалар жана кошумча белгилери тегерек сызылса, ал адамдын жумшактыгынан кабар берет. Ал эми чукул бурулуп чийилген сызыктар инсандын ачуусунун чукул, сабырсыз, бетке чабар экенин мүнөздөйт.

Аягындагы ийри сызыгы канчалык узун болсо, ал адамдын ошончолук көз карандысыздыкты жакшы көрөрүн көрсөтүп турат. Ал эми аягы толкундуу сызыкка айланып кетсе, чыгармачыл, маданияттын адамы.

Кол тамгадагы бир чекит баш тамгадан кийин коюлуп, дагы бири башка жерге жазылса, бул адам жети ойлонуп, бир кесет. Эгер чекит колдун аягында турса, ал жоопкерчиликтүү, баштаган ишинин аягына чыккан адам.

Эгер кол тамганын аяккы тамгасы кайра башкы тамгага чейин бурулса, өткөн жашоосун кайра-кайра эстеп, андагы кемчиликтерин оңдоого аракет кылып артка кылчактай берген инсан.

 Даткайым Досматова

Жазгүл КАРБОСОВА

Аялзатынан гүлдү жакшы көрбөгөнү болбосо керек. Ага ылайык, ар бир айым жактырган гүлүнө карата өзгөчө мүнөздөргө ээ болот экен.

Ромашка

Ромашка гүлүн жакшы көргөндөр бир караганга жөнөкөй көрүнгөнү менен мүнөзү оор келет. Сыртынан жылмайып, ачык-айрым көрүнсө, бала кыял экен деп ойлоп калышыңыз мүмкүн, бирок алар эч кимге жемин жедирбеген жан болушат. Ким дос, ким кас экенин жакшы билгендиктен аларды кайсы учурда колдонууну билишет. «Ромашкалар» сүйүүгө туруктуу келип, эч убакта жасалма сүйүп актриса болушпайт. Берген убадага туруп ишти өз учурунда так бүтүрүшөт.

Лилия

Лилияны жакшы көргөн айымдар текебер, бой көтөргөн, баарынан өзүн жогору койгон жан болушат. Кайсы жерде болбосун, өзүн ханышадай алып жүрүшөт. «Лилиялар» жылдыздуу, энергиялуу болушат жана маанай көтөрүүчү концерттерде, кечелерде жүргөндү жактырышат. Башкалардын ой-пикири менен эсептешпей, өзү каалагандай кыла беришет жана маектешин көңүл коюп уга алышпайт. Лилиялар кымбат кийим, жаңы үлгүдөгү унаа, эмеректерди жана кооздукту жакшы көрүшөт.

Гвоздика

Дипломатиялык мамилени жакшы көргөн айымдардын жакшы көргөн гүлү - гвоздика. Мындай адамдар чыныгы жүзүн көрсөтпөй бекинип жүрүшөт. Алар адамдарды үстүнөн башкарып, алардын арты менен өзүнө пайда алып келген иштерди кылышат. Бул айымдардын куулугу башынан ашып түшкөндүктөн дайыма суудан кургак чыгышат. Андыктан “гвоздикалардын” көздөгөнү эмне экендигин алдын ала билүү кыйын.

 

Роза

Розаны жакшы көргөндөр күчүнө ишенген, жигердүү, эр жүрөк болушат. Өздөрүн гана сүйбөстөн, башкаларды да сыйлап, сүйө билишет. Жашоого реалдуу карагандыктан көзү жеткен ишти пландап, максат кылат. Ачуусу бат келип, тез тарайт. Ачуусуна тийгенди байкатпай сайып алгандыктан көпчүлүгү ага жакын жолобой сырттан сөз кыла беришет. Бирок андай ушак-айыңдарга маани берип, ал үчүн кайгырбайт. Өзүнүн пикирин, кызыгуусун беттеп, андан эч качан айныбайт.

Пион

Бул гүлдү жакшы көргөн айымдардын мүнөзүн түшүнүп болбойт. Бир карасаң тартынчаак, уялчаак, кээде ашыкча көйрөң. Алар алдыга койгон максатына жетүүгө аракет кылган менен ишке ашыра албай калуудан коркуп тобокелге барышпайт. Пиондор жылдыздуу, сүймөнчүктүү жана сексуалдуу болгондуктан элдин көңүл борборунда болушат. Акча табууда кыйналышпайт. Сүйүүдө таанышкан адамын толук изилдемейинче аны жакшы көрөрүн айтпай сынайт.

Фиалка

Фиалканы сүйүүчүлөрдү биринчи орунда өзүнүн ички дүйнөсү, чыгармачылыгы кызыктырат. Алар оор басырыктуу, көп тил табыша алышпайт. Ал эми жашоодо элдин алдына кетип же артта калбай, ортодо жүргөндү жактырышат. Алдыга койгон максаты канчалык оор же жеңил экенине карабай ага жете билишет. Сабырдуулук жагынан аларга эч ким жетпейт. Бейтааныш адамдарга астейдил мамиле кылып алар менен жакындан таанышуудан коркушат.

Гладиолус

Бул гүлдү сүйүүчүлөр болгон энергиясы менен максатына жетүүгө аракет кыла берип жалгыз калышат. Жаман сапаты - көңүлүнө жакпаган адам менен тил табыша алышпайт. Жакшы сапаты - берилген тапшырманы убагында аткарышат. Реалдуулукка баш ийгиси келбеген кыялкеч болгондуктан өздөрү курган кыялындагы жашоо менен жашашат. Эч убакта ийиле учурашууну, жылуу мамиле менен абалды чыңдоону билишпейт.

Хризантема

Хризантеманы жакшы көрүүчүлөр жумушта, сүйүүдө, тиричиликте, мамиледе, деги эле кайсы жактан болбосун, жашоого олуттуу көз караш менен карашат. Ачуусу тез келгендиктен эмоцияга алдырып жиберет да, кийин кылган иши же айткан сөзү үчүн өкүнүп калышат. Мындай адамдарды сырткы чөйрөсү жакшы түшүнө алышпайт. Себеби алар башка түгүл, өзүн дагы толук жакшы көрүшү күмөн. Ар дайым ойлонуп жүрүү - булардын адаты.

Кала

“Калалар” жомокко ишенген өзгөчө жан дүйнөгө ээ. Алар жакшылык кылуу менен жамандыкты жеңе аласың деп ойлошот. Ушул ишенимдерине ылайык, айланасындагыларга жакшы сапаттары байкалып турат. Заманбап, ошол эле учурда өзүнө жарашыктуу кийинишет. Бирок тандаган кийими чектен чыгып кеп болуусуна жол беришпейт. Жакшы сапаты - башкалардын ой-пикирин көп эске алышпай, өзү тандаган багыты менен гана сүзө алышат.

Сирень

Сиренди сүйүүчүлөр өтө оор басырыктуу жана жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, эмоциясын ичине катат. Башына кыйынчылык түшкөн маалда досторун, жакын адамдарын жанына жакын жолотпой, өзү менен өзү болуп калат. Булар жаратылыш койнунда эс алганды жактырышат. Алдыга койгон максатына жетүүгө аракет кылышат, бирок алсыз болушат. Жакшы сапаты - чөйрөсүндөгүлөр менен ынтымактуу болууга аракет кылышат.

Орхидея

Бул айымдарга бир нерсе оңой менен жага бербейт. Алар оригиналдуулукту, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктү жактырышат. «Орхидеялар» чыгармачыл, искусствого жакын болушат. Ошол себептен классикалык жанрдагы музыкаларды угуп эс алганды, сүрөт музейлерине барганды жактырышат. Жаңы чыккан буюмдар бир гана өзүндө болушун каалашат. Ушундай мүнөзүнөн улам барган жеринде ар дайым жаңылык издеп турушат.

Тюльпан

Аябай жапакеч, адамгерчиликтүү жана жөнөкөй адамдар тюльпан гүлүн жакшы көрүшөт. Алар мүнөзү оор деген адамдар менен да жакшы тил табышышат. Ошондой эле алар табышмактуу болгондуктан эмне жакшы көрөрүн, максаты эмне, мүнөзү кандай экенин биле бербейсиң. “Тюльпандар” ишеничтүү дос, жакшы аял боло алышат. Кыйынчылык кезде ичинен буулугуп, эч кимге айтпай кыйнала беришет. Бир жакшы жери - колундагы нерсеге каниет кылып жашоосу.

 Ырыс ИМЕТАЛИЕВА

Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, адам баласынын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму анын жылдыз белгисиндеги мүнөздөмөгө 90 пайыз төп келет. Ал тургай, жылдыз белгилерге карата айымдардын кандай кожойке жана кимиси кандай диета кармашы керек экендиги да далилдениптир. Эмесе, жылдызыңыз сизге эмне сунуш кыларын билип алыңыз.

 Кой

Кой жылдызында төрөлгөн айымдар табиятынан ачык-айрым, ызы-чуулуу, конок тосконду жактырган мыкты кожойкелерден болушат. Өз курсагы үчүн кам көрбөстөн, келген коноктору үчүн эч нерсесин аябай дасторконун экзотикалык тамак-аштар менен жайнатып тосуп алышат. Жашоодо өтө жигердүү, кубаттуу, кыймыл-аракеттүү болушкандыктан буларга диетанын деле кажети жок.

 Букачар

Букачарлар конок тоскондон да конокко барганды жактырышат. Конок тоссо да даяр нерселер менен дасторконду түрлөшөт. Ашканада жандарын кыйнагылары келбейт. Өздөрүнүн ден соолугуна, өң-келбеттерине өтө көңүл бурушат. Бул жылдыздагы айымдар таттуу тамак-аштардан алыс болбосо, ашыкча салмак арттырып алышат. Булар үчүн суюктукту арбын ичүү пайдалуу.

 

Эгиздер

Аталган жылдыздагы айымдар дайыма акылы жана колунун учу менен иш жасагандыктан конок тосууну, ашкананы, тамактанууну экинчи планга коюшат. Ар кандай жыйындардан, чогулуштардан энергия алышат. Ишке арнаган нерв клеткаларын толуктап, мээни азыктандырыш үчүн кальцийге бай сүт азыктары менен диета кармаса организмин таарынтпайт.

 

Бөйөн

Ичинде таарыныч, күмөн саноо көп жашагандыктан Бөйөн жылдызындагылар өздөрүнөн-өздөрү стресс алып келет. Окумуштуулар бул жылдыздагыларды көп нервтенбей, ачуулуу болбой, кубанычтуу жашоодо жашоолору үчүн конокко барып же конок тосуу шартын сунушташат. Диета кармоо үчүн майлуу тамактардан, нан азыктарынан жана шекерден алыс болуулары кажет.

 

Арстан

Арстан жылдызындагы айымдар жаратылыштын кучагында конок тоскондон өздөрүнө дем-күч, энергия алышат. Мындай кырдаалда рахаттануу менен конокторуна жагымдуу маанай тартуулап узатып алардын эсинде калат. Булар эт азыктарына жакын келишет. Андыктан диетага олтуруу маалында эт азыктарынан алыс болушуп, бирок калориялуу жумуртка, сыр азыктарын колдоно берсе болот.

 

Бийкеч

Бийкечтер күтүүсүз келген конокторду жактыра беришпейт. Конок тосуу үчүн алдын ала өзүн даярдап, андан соң чечим чыгарат. Конокторуна өз колу менен тамак жасап күйпөлөктөгөндөн көрө акчанын жардамы менен дасторконун жайнатат. Ал эми диета маселесинде оорудан коркуп, бул нерселердин алдын алып дарыгерге тез-тез кайрылышып, ошол себептен диетага көп маани беришпейт.

 

Тараза

Табиятынан тынчтыкты сүйгөн адамдар болгондуктан бир калыптагы, жүрөгүнө жаккан адамдар менен сылык сүйлөшүп бир дасторкондо отурууну баалашат. Ошондон улам көп конок чакырбастан, чакан конокторду тосконду жактырышат. Булар ун азыктарынан жасалган десерт жана ачуу соустарга жакын келишет. Бирок ден соолукка зыян экенин эске алып диета кармоодо ушулардан четтөөлөрү керек.

 

Чаян

Абдан энергиялуу, сексуалдуу айымдардан болушкандыктан өз колу менен жасаган сүйүктүү тамак-аштарын айтып бирөөлөр менен ой бөлүшкүсү келет. Конокторунун мактоосуна арзуу үчүн бардык тамак-аштын түрүн жасоого даяр турушат. Бул эмгектери текке кетпейт. Чаян жылдызындагы айымдар диета кармоодо жалаң жашылча-жемиштерди колдонсо жыйынтыгы натыйжалуу болот.

 

Жаачы

Жаачы жылдызында төрөлгөн айымдар коногун маанайына жараша кабыл алышат. Маанайы суз убакта күтүүсүздөн келген коногу ага нааразы болбой деле койсо болот. Себеби убагында көңүлүн ала албаган адамын кийин коноктоп өз кемчилигин жоюп кетүүгө жөндөмдүү келишет. Булардын организми туздуу азыктарды талап кылат. Бирок диетада жашылча-жемиштерге өтүүсү шарт.

 

Текечер

Тамашаны сүйгөн тамашакөй Текечерлер конок тоссо да, конокко барса да көпчүлүктүн көңүлүн алууга жетишишет. Сырттагыларга бул айымдар мыкты кожойке экени таасын байкалат. Коногу үчүн энергиясын да, каражатын да аябайт. Конок тосуп, конокту өзү каалагандай узатып алмайын жаны жай албайт. Булар үчүн алкоголдук ичимдиктер, шоколад жана майонез сунушталбайт.

 

Суупери

Эмгекчил, аракетчил айымдардын катарын толукташат. Себеби конок чакырса конокторго эле даярданбастан, үй-жайын да тазалап чыгуудан эринбеген, тазалыкты сүйгөн кожойкелерден болушат. Булардын дасторконунда дайыма алма, алмурут, апельсин, лимон, ананас болуусу кажет. Анткени бул жемиштер алардын организмине өтө пайдалуу экенин жылдыздар эскертишет.

 

Балык

Жоктон бар кылган өтө мыкты кожойкелер. Конок тоспосо да дасторконун гүлдөтө алышат. Конок чакырса заматта өз колу менен тамак-аштын түрүн жайнатат. Бирок мүнөздөрү татаал келет. Ачуусуна тийген адамдын ошол замат катыгын беришет. Ак көңүлдүгү кармаса булардан өткөн


Бир айымдын мүнөзү экинчи айымга эч качан окшошпойт. Изилдөөлөргө таянсак, мындай айырмалуулук кандайдыр бир деңгээлде алардын төрөлгөн күнүнө да байланыштуу.

Дүйшөмбү

Табиятыңыздан сезимтал, боорукерсиз. Күйөөңүздүн айтканын уга жана ага көнө билесиз. Жаңы шартка тез ыңгайлашып, дайыма өз жүрөгүңүздү угуп иш кыласыз. Даамдуу азыктанганды, жакшы жана жарашыктуу кийингенди каалайсыз. Төшөктө назик, кыялкеч, мээримдүү боло аласыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, шейшембиде төрөлгөндөр.

 

Шейшемби

Берешен жана өтө кумарлуусуз. Башкарганды жактырасыз, ачууңуз тез келет, оор мүнөздүүсүз. Эркектерди тарткан негизги сапаттарыңыз – акылдуулугуңуз, сөздөрүңүздө юмордун бар экендиги. Эркиндикке, көз карандысыздыкка умтуласыз. Бир гана нерседен коркосуз: кызыксыз, бир өңчөй жашоодо жашагандан. Сүйүү сиз үчүн кызыктыруучу оюн гана. Төшөктө романтик эмессиз жана түгөйүңүз ырахат алып жатабы, ал сизди кызыктырбайт. Анткени өзүмчүлдүк жайыңыз бар.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, бейшембиде төрөлгөндөр.

 

Шаршемби

Абдан токтоо, сезимтал, сүйкүмдүү, өтө назик жансыз. Адамдар менен тез тил табышып кетесиз. Сүйгөн адамыңыздан туруктуулукту, ишенимдүүлүктү талап кыласыз. Ошондой эле анын сырткы келбетине, өң-түсүнө эмес, адамдык сапатына, ыйманына көбүрөөк маани бересиз. Бир көрүп сүйүп калуу дегенге таптакыр ишенбейсиз. Төшөктө ар кандай ыкмаларды колдонуу зарыл, көп кырдуулук керек деп эсептейсиз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: жума, жекшемби күнү төрөлгөндөр.

 

Бейшемби

Токтоо, өзүңүзгө ишенимдүү, калыс, уюштуруучулук жөндөмү бар, бардык чөйрөдө лидер болууга ашыккан адамсыз. Сүйүүдө анча туруктуу эмессиз. Эркиндикти, саякаттаганды жактырасыз. Кимдир бирөөгө толук баш ийип, ага көз каранды болуп жашоо – сиз жек көргөн нерсе. Мырзалардын башын айландырып, аларды магнит сыяктуу тарткан сиздеги башкы сапаттар: табигый сулуулугуңуз жана ичиңизде арамдыктын жоктугу.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: ишембиде төрөлгөндөр.

 

Жума

Шайыр, кыялкеч, өтө сезимтал, жоопкерчиликтүүсүз. Өзгөлөр менен тил табышууда кыйналбайсыз. Негизи жума күнү төрөлгөндөрдүн көпчүлүгү – искусство адамдары жана илимпоздор. Андыктан сиз да кооз үндүн, артисттик шыктын ээсисиз жана сулуулукка суктанганды жактырасыз. Дайыма кимдир бирөөлөрдүн сизге кам көрүп, коргоп турууларын каалайсыз. Сиз корккон нерсе – жалгыздык. Үй-бүлө куруу – башкы максатыңыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, ишембиде төрөлгөндөр.

 

Ишемби

Түнт, табышмактуу, оригиналдуу, эч кимге көз каранды эмес, токтоо, жоопкерчиликтүү, бекем жана чечкиндүү – мунун баары сизге тиешелүү сапаттар. Ызы-чууну, туруксуз мамилелерди сүйбөйсүз. Турмуш курууга терең көз караш менен карайсыз. Бир көрүп ашык болуудан алыссыз. Жүрөк менен эмес, акыл менен сүйө билүү – сүйүүдөгү негизги принцибиңиз. Төшөк жаатындагы алгачкы тажрыйбаңыз өмүрлүк жолдошуңуз менен гана башталат. Анткени күйөөгө таза баруу – сиз үчүн чоң милдет.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбү, шаршемби, жекшемби күндөрү төрөлгөндөр.

 

Жекшемби

Кайраттуу жана кумарлуусуз, ийгиликтерди көп жаратасыз. Бардык нерсеге чыгармачылык мамиле жасайсыз. Түгөйүңүз сизди эмес, сиз түгөйүңүздү тандайсыз. Кимдир бирөөгө баш ийип, анын айткандарына макул боло билүү сиз үчүн өтө оор. Эркиндигим чектелбесе, күйөөм оюм менен болсо дейсиз. Үй-бүлөдөгү негизги кыймылдатуучу күч көпчүлүк учурда сизге тиешелүү. Ар бир төшөк мамилесинде ар башка болуп жаңырып, жаңыланып турганга аракет кыласыз жана төшөктө күйөөңүздүн дайыма көңүл буруусун талап кыласыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: шаршембиде, жекшембиде төрөлгөндөр.

 

 Аскербек кызы Саада

Ар бир адамдын өзгөрбөй турган кыял-жоругу, мүнөзү бар. Аны психологдор адамдын ар кандай айырмачылыктары менен ачып келишет. Бул жолу биз отурган абалыңызга карата мүнөзүңүздү айтып берүүгө аракет кылабыз.

1. Көп учурда буттарыңызды кайчылаштырып алып бутуңуздун башын ары-бери кыймылдатып ойноктото бересизби? Анда сиз көп нерсеге көңүл кош мамиле жасап, кол шилтеген кайдыгер мүнөздөгү адамдардын катарын толуктайсыз.

2. Эки бутуңузду бирдей сунуп жерге отуруп, бутуңуздун баштарын эки тарапка таштап коюп, өзүңүз бир аз артка чалкалап же алдыга эңкейип жер таянып олтуруу жагабы? Мындай болсо сиз бардык нерседеги тактыкты, тартиптүүлүктү талап кылган, тазалыкты, тыкандыкты сүйгөн адамсыз.

 3. Адам менен жолугушууда тизелериңизди бириктирип, чыканактарыңызды белге тийгизип, колдоруңузду саныңызга коюп отуруу сиз үчүн ыңгайлуубу? Ушундай ыкманы көп колдонсоңуз, уялчаак, өзүнө-өзү ишенбеген, жашоодогу ар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга чыдай албаган адамсыз.

 4. Дайыма эки тизени бириктирип, буттарыңызды паралелдүү түрдө алып келип буттун башын катар жайгаштырып олтурсаңыз, жакшы тарбия көргөн, оор басырыктуу, токтоо мүнөздөгү үлгү болчу инсансыз. Отуруунун бул туура түрүн башкаларга да үйрөтө жүрүңүз.

 5. Буттарыңызды эч качан түз жана бирдей алып отура албай бушайман болосузбу? Бул тынчы жок адамдардын мүнөзүнүн татаалдыгы болуп саналат. Демек, сиз - туруксуз, улам-улам чечим чыгарган, жеңил-желпи мүнөздүн ээсисиз.

 6. Кресло же отургучка буттарыңызды бири-биринен алыс коюп, башты артты көздөй чалкалатып отурганды жактырсаңыз, өтө кыялкечсиз. Мындай ыкманы чыгармачыл адамдар көбүрөөк колдонушат.

 

7. Кайчылаштырылган буттарды бир аз артты көздөй коюп отуруу өзүн дайыма тең салмакта алып жүрөт дегенди билдирет. Аткарган иштериңизден, сүйүүдөн жана башкалардан ырахат алып жашаганды билесиз.

 

 8. Денени кыйшайтып же бүкчүйтүп, буттарды кайчылаштырып отуруу менен бирге тынч ала албай тынымсыз кыймылдай берсеңиз, эч нерседен коркпогон, бардык сыноодон өтүүгө даяр, турмуштук тажрыйбасы мол, эрктүү адамсыз.

 

9. Бут кийимди чечип, бир буттун таманын берки буттун тизесине коюп отуруп алууңуз сиздин өтө шамдагай, элпек, спортко жөндөмдүү мүнөздөгү адам экениңизди айгинелейт.

 Жазгүл КАРБОЗОВА 

Жазгүл КАРБОЗОВА

Адамдын психологиясын анын жүрүм-турумунан эле билип койсо болот. Өзүңүздүн жана жакын адамыңыздын ким экенин жакындан билгиңиз келсе, анын уктап жаткандагы абалына абай салыңыз.

 

 1. Тизеңизди бир аз бүгүп оң же сол капталыңыздан көп жатсаңыз, токтоо, ишенимдүү, келечектен коркпой кадам таштай алган адамсыз. Ушунуңуз менен чөйрөңүзгө жакшы маанай тартуулай аласыз жана сизди эч ким оңой менен таарынта албайт. Жаңы шарттарга бат көнүп кетесиз.

 2. Түйүлдүк абалында жатып уктоону жактыргандардын катарында болсоңуз, сиз жардамга муктаж, өтө сезимтал, тартынчааксыз. Ар дайым таттуу уйкуда жүргөнсүп чөйрөдөгү маселелерге баш оорутпай фантазияңыз менен жашаганды жактырасыз. Кыялкечтерден чыныгы искусствонун адамдары чыгарын эске алып талантыңызды өркүндөтүңүз.

 

 

 3. Көмкөрөсүнөн колу-бутун керип жаткандар - лидерлер. Мындай жатыктагы адам болсоңуз, сиз демилгечи, активдүү инсансыз. Мындай адамдар үй-бүлөсүнө, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Бардык иштерди пландап жасап, күтүүсүздүктү жек көрөт. Алар ийгиликке эрте жетип, тез байышат.

 

 

 4. Чалкасынан падышалар же дин аалымдары жатышат. Демек, сиз позитивдүү, шайыр, бетке айта алган кыраакы инсансыз. Ар дайым элдин колдоосунда, көңүлдүү кечтерде болууну жакшы көрөсүз. Көбүнесе мындай абалда эркектер жатышат дегенибиз менен бул абалда жатууну жактырган “темир айымдар” деле кездешет.

 5. Кароолдо турган аскердей түптүз жатып уктасаңыз, анда сиз тең салмактуу адамсыз. Жашоого максат коюп, ага жетүүгө аракет кылган өжөрсүз. Өзүңүзгө талапты катуу коюп, өзүн тарбиялоону жолго койгон сейрек пендесиз.

 

 6. Бул абалда уктоону жактырсаңыз, сиз табышмактуу жансыз. Сизди ар дайым күтүүсүз түрдүү окуялар коштоп жүрөт. Көз ачып жумганча чымындан пил жасап, катуу чыр-чатакты да баштап жибересиз. Тандоо сизге ар дайым оор.

Ызаат Тургунбаева


Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА

Тиш адамдын сулуулугун арттыруусу да, бузуп коюусу да мүмкүн. Анткени адамдардын тиштери ар түркүн. Ошого жараша тиш ээсинин кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун да айтып коёт экен.

 

 

 Майда жана курч тиштер. Адамдын арамза, эки жүздүүлүгүнөн кабар берет. Анткен менен бул адамдар өз жашоолоруна жана өз оокаттарына тың болушат. Алар билип турса да билгенин сыртка чыгарбаган, сырын эч кимге айтпаган типтегилер. Мындай тиштердин ээлери айрым учурларда өзүн таза, жакшы адам көрсөтүүнү көксөп жакындарынын жүрөгүн оорутуп коюшат.

 

 Узун тиштер. Каардуу, ошондой эле сүйүүгө тартылып туруучу, жакшы тоюп тамактанганды баалаган адамды мүнөздөйт. Каардуу болгону менен сүйүүгө туруктуу келишет. Узун тиштердин ээлери башкалардан ар убак дасторкону жайылган берекелүү сапаты менен айырмаланып турат.

 

 

 Орсок тиштер. Мындай тиштер зыкым, битир адамдарга таандык. Бул адамдар сараңдыгы менен байып, колундагысын башкалар менен бөлүшкүсү келбейт. Жардамга муктаж болуп турган эң жакын адамына да жардамга келе бербейт. Алар "өзүм, өзүм жана өзүм" деген гана принцип менен жашагандар.

 

 

 Тегиз тиштер. Мындай тиштер абдан кең пейил адамдарда кездешет. Тиштери тегиз, күрүчтөй тизмектелген адамдар берешендиги менен көпчүлүктөн айырмаланышат. Булар эч кимден жардам аябаган, жашоодо бардык нерсеге көңүлү ток жашагандыгы менен башкаларга үлгү боло турган инсандар.

 

 

 Чоң, бекем тиштер. Чоң жана бекем деп атында айтылып аткандай мындай тиштердин ээлери эр жүрөк, ак көңүл, адамдарга кайрымдуу болушат. Мындай сапаттары менен ар дайым жардамга даяр турушат. Айтканынан кайтпаган дагы бир жакшы сапат ушул адамдарга таандык. Чоң, бекем тиштердин ээлери узакка жашашат.

 

 Кыйшык тиштер. Терең ойлоно алган адамдарга таандык. Тиштери тегиз болбогону менен ички дүйнөсүндө терең ой жүгүрткөн акылдуу адамдар. Мындай адамдар акылы менен ишти, саясатты, бизнести да жакшы өздөштүрүп ийгилик үстүндө болушат. Кандай иш жасабасын, иштин көзүн таап, ишинин майын чыгаргандыгы боюнча көп адамдардан алдыда турушат. Ошондой эле булар үй-бүлөдө да сабырдуу болуп, жагымсыз кырдаалдарды акыл менен жеңишет.

 

 Арасы ачык тиштер. Начар эрктин жана терең ойлонууга жөндөмсүздүктүн белгиси. Булар ойлогон оюн убагында айта албай, өзүнүкү туура болсо да өз укугун коргой албай убакыт өткөндөн кийин өкүнүп калгандар. Тез арада терең ойлонуп, тез чечим чыгара алышпайт. Мындай сапат аларга тоскоол гана болот.

 

Тишке байланышкан кызыктар

  Кээ бир ымыркайлар тиши менен төрөлүшөт...

Дүйнөдө болжол менен 2000 ымыркайдын ичинен бир наристе тиши менен төрөлөт. Ал тиштер ылдыйкы жаакта жайгашат да, өтө назик болот.

 

Сүт тиштерин бардык эле адам жогото бербейт

Сүт тиштердин түшүп калуусу биз үчүн кадимки эле көрүнүш. Негизинен бала 3 жашка чыкканча 20 чакты тиши убактылуу чыгат. Андан кийин ал сүт тиштер түшүп кайра жаңы туруктуу тиштер пайда болот. Бирок кээде сүт тиштер түшпөй дагы калышы мүмкүн. Бирок бул коркунучтуу эмес.

 

  Кээ бир адамдардын тиштери көп болот

100 пайыз адамдын 2 пайызы гипердонтия оорусуна чалдыккандыктан ал адамдарда тиштер экинчи катар болуп чыгып, көп тиштүү болуп калат. Мындай учурларда тиш дарыгерине кайрылуу шарт.

 

Шишикте да тиш өсөт

Жыныстык клеткаларда тератома оорусу кездешкенде анын кесепетинен жумурткаларда шишик пайда болот. Мындайда дарыгерлер шишиктен өсүп чыккан тиштерди кездештиришкен. Ал шишикти жана шишиктеги тишти хирургдар гана ала алышат.

 

 

   Японияда кыйшык, орсок тиштер мода

Көпчүлүгүбүзгө тегиз жана ак тиштер сулуулуктун белгисиндей сезилет. Японияда, тескерисинче, кыйшык, орсок тиштер аябай популярдуулукка ээ имиш. Ошондуктан көпчүлүк жапон айымдары жаш жана сулуу көрүнүш үчүн тиштерин атайын кыйшайттырышат экен.

 

Тиштин жардамы менен көргөн аял

  2000-жылы АКШда жашаган Шэрон Торнтон аттуу аял көрбөй калган. Ал аялга операция жасай турган дарыгерлер көздү тиштин жардамы менен көргөзүү жолун сунушташкан. Макул болгон Шэрон Торнтондун көзүн алышып, ага жасалма линзаны тагып, сол көзүнүн ордуна тишти коюшкан. Бир күндөн кийин сокур аял жарык жашоону кайра көрүүгө мүмкүнчүлүк алган.

- Уламыштар боюнча Будданын 40 тиши болгон. Ал эми Адам атанын 30 тиши болуптур.

- Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат тиш деп Исаак Ньютондун тиши аталып, ал 1816-жылы 3 300 АКШ долларына сатылган.

- Кичинекей жаныбар үлүлдүн 25 миң тиши бар экен.