Тема: Пуриндик алкалоиддер жана алардын дары каражаттары
Сабактын максаты: Пуриндик алкалоиддер, алардын жаратылышта таркалышы, алынышы, өздүгүн аныктоо боюнча теориялык түшүнүк берүү.
Окутуунун натыйжасы: Алкалоиддик препараттар боюнча мурдагы алган маалыматтарынын негизинде пуриндик алакалоиддердин препараттары боюнча билет.
Мурдагы алкалоиддерден айырмасын, түзүлүштөрүн, өздүгүн аныктоо методдорун, таасирин түшүнөт.
План:
Пуриндик алкалоиддер боюнча жалпы маалыматтар.
Пуриндик алкалоиддердин негизги препараттары, алардын алынышы, мүноздөмөсү, өздүгүн аныктоо методдору.
Пуриндик алкалоиддер- молекуласында гетероцикиклдик бирикмелерден пуринди кармаган татаал органикалык бирикмелер. Жаратылышта өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын курамында кездешет. Негизги булактары: Чайлар тукумундагы – чай өсүмдүгү, (Thea sinensis) марендер уруусундагы - кофе (Coffea) жана стеркулдар уруусундагы - (Theobroma cacao). Пуриндик алкалоиддердин 30 дан ашуун өкүлү белгилүү болуп, негизгилери: кофеин, теобромин (3,7-диметилксантин (I) жана теофиллин (1,3-ди-метилксантин, II).
Пуриндик алкалоиддер молкулаларына орун алмаштыргыч катары аминокислоталарды,ионосахариддерди кармаган түрүндө да кездешет. Мисалы: лупин кислотасы (III) эана эритиденин (IV).
Алынышы. Жогоруда аталган өсүмдүк урууларына тиешелүү түрлөрдөн экстракциялоо методун колдонуу менен бөлүнүп алынат. Азыркы учурда негизинен синтетикалык жол менен алынат. Мисалы, теофиллин сийдик кислотасынан (мочевая кислота) синтезделип алынат.
Кофеин (Cofeinum) – чайдан (Thea sinensis) жана кофеден (Coffea) алынуучу пуриндик алкалоид.
Эмпирикалык формуласы: C8H10N4O2
Молекулалык массасы: 194,2
Эрүү температурасы: в 235°C
Химиялык аталышы: 1,3,7-триметил-ксантин.
Структуралык формуласы:
1819- жылы немей химиги Фердинандом Рунге тарабынан ачылган. 1827-жылы Удри чайдын жалбырагынан бөлүп алып, теин деп атаган. Кофеин алгач таза түрүнө 1828-жылы Пеллетье жана Каванту тарабынан бөлүнүп алынган. . 1838 – жылы Иобст жана Г. Я. Мульдер теин менен кофеин бир эле зат экенин далилдеген.
Кофеиндин структурасы илимий негизде XIX кылымдын аягында Герман Эмил Фишер тарабынан далилденип, синтезделип алынган жана ал эмгектери үчүн 1902-жылы Нобел сыйлыгын алган.
Алынышы. Чайдын жана кофенин калдыктарынан экстракциялоо жолу менен алынат. Өндүрүштө ксантинден жана мочевая кислотадан синтез жолу менен алынат.
Мочевой кислотадан эки баскычтуу реакциянын негизинде алынат:
Формамидге мочевой кислота таасир этүүдөн ксантин алынат.
Ксантинди диметилформамиддин таасиринде метилдегенде (рН = 8,0-9,0) кофеин алынат.
Мүнөздөмөсү .Кофеин түссүз, жытсыз, даамы ачуу, ийне сымал криссталдык зат болуп, этанолдо перекристалдашат. Хлороформдо жакшы, муздак сууда начар (1:60), ысык сууда жакшы (1:2), этанолдо начар (1:50) эрийт.
Өздүгүн аныктоо. Кофеин, башка пуриндик алкалоиддер сыяктуу эле мурексиддик реакцияны берет, Несслер реактиви менен кошуп ысытканда кызыл-күрөң чөкмөнү пайда кылып, теоброминден айырмаланат. Теобромин бул учурда ачык күрөң чөкмө берет.
Колдонулушу. Медицинада кофеин (натрийдин кофеин-бензоаты) инфекцилык жана борбордук нерв системасындагы, кан тамыр системаларындагы ооруларда, наркотикалык жана башка заттар менен ууланганда колдонулат. Психикалык жана физикалык ишке жөндөмдүүлүктү жакшыртууда, уйкучулукту азайтууда, балдардын энурез оорусунда, чоңдордо сийдик айдоочу катары колдонулат.
Теобромин (Theobrominum), диметилксантин
Систематикалык аталышы: 3,7-диметил-2,3,6,7-тетрагидро-1H-пурин-2,6-дион
Эмпирикалык формуласы: C7H8N4O2
Молекулалык массасы: 180,164 г/моль
Эрүү температурасы: 351°С
Структуралык формуласы:
Теоброми́н ( лат. Theobroma сacao «какао») - пурин катарындагы алакалоиддерге кирип, теофиллиндин изомери болуп саналат. Алгач А. А. Воскресенский тарабынан 1841-жылы какаонун уругунан бөлүнүп алынган. Герман Фишер тарабынан 1882- жылы ксантинден синтезделип алынган. Жаратылышта кофеин менен бирге коланын жаңгагында, чайда, кофеде кездешет.
Бөлүп алууда кофеиндей эле. Синтездөө рН чөйрөнү, өзгөртүү менен калий гидроксидинин таасиринде жүргүзүлөт.
Мүнөздөмөсү. Теобромин – ак түстөгү кристалдык порошок,даамы ачуу, сууда (1:700) жана спиртте өтө аз эрийт, кислоталарда, щелочтордо жакшы эрийт.
Өздүгүн аныктоо. 1. Теоброминдин ашыкча алынган өлчөмүнө натрий жегичин тааси этүү менен алынган натрийлүү тузуна кобальттын хлоридинин CоCl2 эритмесин таасир эткенде тез жоголуп кетүүчү күлгүн түс пайда болот жана бозгуч-көк чөкмө чөгөт.
2. Теоброминдин натрийлүү тузунун эритмесине күмүш нитратынын AgNО3 эритмесин таасир эткенде – желим сыяктуу коймолжун масса пайда болот. Аны 80°С ка чейин ысытканда суюлат, муздаганда кайра коюлат.
Колдонулушу. Теобромин жүрөктүн кан тамырларын кеңейтүү менен жүрөктүн иштешин стимулдаштырат, бронхалардын булчуңдарынын тамырын кеңейтет,сийдик бөлүнүп чыгышын тездетет. Мээнин тамырларын кеңейтүүдө, бөйрөктүн кысылуусунда да колдонулат.
Теофиллин (Theofillinum)
Химиялык аталышы: 1,3-диметил-7H-пурин-2,6-дион
Эмпирикалык формуласы: C7H8N4O2
Молекулалык массасы = 180,164 г/моль
Эрүү температурасы 268 °C
Структуралык формуласы:
Теофилли́н (лат. Thea — чайдын бутагы, phyllon – гректин жалбырак), 1,3-диметилксантин – медицинада респиратордук ооруларды дарылоодо, айрыкча өпкөнүн өнөкөт ооруларында, астмада колдонулат.
Мунөздөмөсү. Ак кристалдык порошок, сууда начар эрийт 1:180), ысык сууда жакшы эрийт (1:85), кислотадарда, щелочтордо жакшы эрийт.
Өздүгүн аныктоо. 1. Теофиллин башка алкалоиддер сыяктуу эле жалпы чөктүрүүчү жана түстүү реакцияларды берет. М: мурексиддик реакцияны берет.
2. Теофиллиндин тоеброминден айырмасы диазореактивдер менен түрдүүчө реакцияларды берет. Теофиллин диазоттолгон сульфанил кислотасы менен түстүү реакция берет, теобромин бербейт.
3.УФ- жана ИК-спектр методу менен аныктаса болот.Теофиллиндин 0,1 н. туз кислотасындагы эритмеси УФ- спектрде 279нм максималдуу жутулууну берет, ал эми ИК- спектринде (калия бромидиндеги таблеткасында) негизги чокулар: 1660, 1700, 1445 и 1560 см 1 байкалат.
4. Теофиллинди хроматографиялык метод менен байкаганда хроматограммасы Rf = 0,22 ± 0,02 болуп, күлгүр түс берет.
Колдонулушу. Бронхиальдык астмада, астматикалык статуста, обструктивдик бронхитте, өпкөнүн эмфиземасында, түнкү апноэде жана башка дарыларга кошумча колдонулат.
Эуфиллин (Euphyllin)
Эмпирикалык формуласы: C16H24N10O4
Молярдык массасы: 420,427 г/моль
Структуралык формуласы:
.Мүнөздөмөсү: Ак же бираз саргыч кристалдык порошок, бираз аммияк жыттанат. Сууда эрийт, абадан көмүр кычкыл газын сиңирип алуу менен эригичтиги азаят.
Колдонулушу: Эуфиллин жүрөктүн иштешин дүүлүктүрөт,вена кан тамырларын кеңейтет, коронардык кан айланууну күчөтөт, бронхалардагы булчуңдарды бошоңдотот. Препарат диуретическим таасир этип, жүрөк, бөйрөк ооруларында, организм ууланганда сийдик айдоочу катары катары колдонулат.
Адабияттар:
Орехов А. П., Химия алкалоидов, 2 изд., М., 1955, с. 658;
Машков-ский М. Д., Лекарственные средства, 11 изд., т. 1,
Фармацевтическая химия : в 2 ч. : учебн. пособие / В. Г. Беликов — 4-е изд., перераб. и доп. — М.: МЕДпресс-информ, 2007. — 624с. — ISBN 5-98322-206-6.
Мелентьева Г. А. Фармацевтическая химия. — 2-е изд., перераб. и доп. — Т. 2. — М.: Медицина, 1976. — ил.
Беликов В. Г. Фармацевтическая химия : учебн. пособие : в 2 ч. — 4-е изд., перераб. и доп. — М.: МЕДпресс-информ, 2007. — 624 с. — ISBN 5-98322-206-6.
Харкевич Д. А. Фармакология : учебник. — 9-е изд., перераб., испр. и доп.. — М.: ГЭОТАР-Медицина, 2006. — С. 256. — 736 с. — ISBN 5-9704-0264-8.
Столяров Г. В. Лекарственные психозы и психотомиметические средства / под ред. В. М. Банщикова. — М.: Медицина, 1964.