СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санариптик телекорсотуу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Санариптик телекорсотуу»

Санариптик эфирдик телекөрсөтүү (мындан ары - Санарип) – бул видеосигнал жана үн сигналдарын санариптик коддоштуруунун жардамында санарип каналды колдонуу менен телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү берүү технологиясы. Санариптик коддоштуруу аналогго салыштырмалуу сигналды жеткирүүнү эң төмөнкү жоготуу менен камсыздайт, анткени санариптик сигналдын сүрөтү жана үнү сырткы факторлордун таасиринен бузулбайт.

Учурда санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн төмөнкү негизги стандарттары бар:

  • DVB — санариптик телекөрсөтүүнүн европа стандарты

  • ATSC — санариптик телекөрсөтүүнүн америка стандарты

  • ISDB — санариптик телекөрсөтүүнүн япон стандарты

  • DТMB—санариптик телекөрсөтүүнүн кытайстандарты

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик эфирдик телекөрсөтүү  стандартында ишке киргизилүүдө.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

Сигналды керектөөчүгө кошумча чараларсыз жеткирүү санариптин артыкчылыгы болуп эсептелет. Мында кабель тартуунун жана тутумду жөнгө салуучу адистерди чакыруунун кажети жок. Модернизацияланган тиркегичтер орнотулса, телекөрсөтүүлөрдү жазууга жана архивдерди колдонууга, тилдерди тандоого жана субтитрлерди колдонууга, таптакыр жаңы кызматтарды (интерактивдүү жана мультимедиалык берүүлөр, санарип телеберүү түйүндөрүнүн Интернет менен айкалышы) алууга мүмкүндүк түзөт.

  • сүрөттүн жана үндүн жогорку сапаты;

  • санарип жабдыгын түзөтүүнүн жөнөйкөлүгү;

  • сигналдын таралыш аймагынын кеңдиги;

  • жыштык ресурсунун эффективдүү колдонулушу;

  • тоскоолдуктардан корголушу (берилип жаткан сигналдардын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн жакшыртуусу, б.а. сүрөттөрдүн сапатынын жогорулашы);

  • калкка жеткиликтүү телеканалдардын санынын кеңейиши;

  • Санарип түйүнү аркылуу жаңы кызматтарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде үндү жана текстти көп каналда берүү, титрлештирүү;

  • ТВ аркылуу электрондук өкмөттү колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, бейтапканага кезекке жазылган учурда же депутатка жолугушууга жазылууну сыналгысынын жардамы менен ишке ашырса болот.

Санарип түйүнү курулуп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын калкынын 95%ы үчүн санарип форматында 15 милдеттүү жалпыга жеткиликтүү каналдар берилет.