1- көнүгүү. Сүйлөмдүн тутумундагы сөз айкаштарын бөлүп көрсөткүлө.
Күн чайттай ачык. Бая күнкү түшкөн кар эрип, жер небак тоборсуп, эриген кардын этеги бөксөгө барып калган.
Жер тоборсугандан бери Мусанын бригадасында тынным жок. Эки трактор үн алыша жазында эрте себилүүчү эгиндер үчүн тоӊдүрма айдап жүрүшөт. Жер чык алышып, күн кайра бир топ жылып калгандыктан, эрте айдалган күздүктөр үч-төрт айрыла жайкалып, кечки күздүктөр тегиз өнгөн.
Топтошкон көгүчкөндөр күздүк арасында, жазында айдала турган аӊыздар арасында жайылып жүрүшсө, карга менен таандар – тракторлордун артында.
Адам-жердин гүлү!.. Адам жүрөгү менен, жер тамыры менен күчтүү … Ошол жүрөгү күчтүү, ою тунук адмдардын колунан бардык иш келет эмеспи.
Үлгү : Күн чайттай ачык.
а) күн ачык.
б) чайттай ачык.
2- көнүгүу. Сөз айкаштарын катыштырып, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Эненин мээрими … Мугалимдин эмгеги … Тынчтыкты коргоо … Ысык-Көлдүн абасы … Ала-Тоонун байлыгы … Адамды кадырлоо … Бийик учуу … Ата сөзүн … , нарк-нусканы … Жашоо үчүн күрөшпөгөн адамдын …
3- көнүгүү. Ар бир сүйлөмдүн тутумунда канча сөз айкашы бар экендигин оозеки айтып бер.
Медицина, башка илимдерден айрымаланып, көрсөтмө-сунуш боюнча иштей турган илим жана кесип эмес. Медицинанын принцибине оору эмес, оорулуу адам бар экендиги айкын. Врач оруну эмес, оорулууну дарылайт. Ал эми бир эле дарттын жүздөгөн, миӊдеген варианттагы эӊ так дарылоочу схемасын иштеп чыгуу мүнкүн эмес. Анын үстүнө азыркы медицинада он миӊге жакын оору жана жүз миӊге жакын оорутуу белгилери болгон дарттар бар. Мына ушул жерден врачтын кесипчилик сапаты, анын жөндөмдүлүүгү, медицинанын жетишкендиктерин пайдалануусу, ар бир оорулууга аны колдоно билүүсүнөн байкалат.
Ырым-жырымга ишенүү отоо чөп сыяктуу чыныгы илимдин өсүшүнө, илимий билимдин элдин калыӊ катмары тарабынан өздөштүрүлүшүнө тоскоолдук кылуусу менен зыяндуу.
4- көнүгүү. Сүйлөмдүн тутумундагы эркин сөз айкаштарын, алардын этиштик же атоочтук сөз айкаштары экендигин аныктагыла. Багындыруучу түгөйүнүн астын сызгыла.
-- Аныӊ чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билинет. Аркы-теркини түшүнө тургандай чоӊоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалгайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүнө албай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш керек да. Мен билген чындыкты, сырдашым, касиеттүү жер эне сен билген чындыкты, элдин бары билген чындыкты азырынча жалгыз гана ал билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго калып, кептин аныгына жете алар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көӊүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар экемин? Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо канна. Кийинки күндөрдө ойлонгонум эле – ушул, күнү-түнү ойлоном. Кышында сыркоолоп төшөктө жатканымда өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок көзүм жумулуп кетсе, айраар керээзимди айтып жетише албай, өзүм менен кошо көр астына ала кетимби деп, аябай жүрөгүм түштү.
Үлгү: -- Аныӊ чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билинет.
а) Аныӊ чын (баш мүчөлөрдүн сүйлөдүн сүйлөмдүк түзүлүшүндөгү өзгөчө сөз айкашы);
б) бир күнү билинет (этиштик сөз айкашы, анткени багындыруучу өзөгү-этиш);
в) акыры билинет (этиштик сөз айкашы);
г) эртеби-кечпи билинет (этиштик сөз айкашы).
5-көнүгүү. Багындыруучу түгөйү зат атооч жана этиштен болгон жыйырма сөз айкаштарын түзгүлө. Алардын багынычтуу түгөйү ар башка сөз түркүмүнөн (зат, сын, сан, ат атооч, тактооч, этиштин чакчыл, кыймыл атооч жана атоочтук формасы) болсун.
Үлгү: Акылдуу бала, беш окучу, калыӊ токой, жетип келүү, атказып жиберүү, жашыл тулаӊ, короо-короо кой, ырдагандардын бири, үйдөн алыс, көчүп бару, куштай сызуу, оӊой түшүнүү, кулундай туйлоо, жогору көтөрүлүү, тез-тез басуу ж.б.
6-көнүгүү. Сүйлөмдөрдүн тутумундагы сөз айкаштарын таап, алардын түзүлүштөрүн (жөнөкөй жана татаал сөз айкаштары экендигин) аныктагыла.
Генерал Черняев боз чаптуу дөӊдө жалгыз көздүү дүрбү салып олтурду. Бет алдындагы түз тала гана эмес, те алда кайда карарган чоочун Ташкен дубалы, мунарыктын алдында жаткан дарактуу кыштактар, сай бойлорундагы күдүрөйгөн камыштар, андан бери канаттуу чегирткелердей жайнап, акырын жылып келе жаткан көп аскерлер дана жатты. Кылка-кылка атчандар. Арты көрүнбөй ийирилип, чубалган жөөлөр. Бөз чаӊ ар жерден бирткелеп түтөп, кайра жерге сүйрөлүп, суйдаӊ сары ала тулаӊ чөптөргө, жалгыз аяк көк жантактарга самсып төгүлөт. Алыстан ат кишинейт. Адамдын жаӊ-жуӊу кулака илешет.
7-көнүгүү. Сөз айкаштарына синтаксистик талдоо жүргүзгүлө. Алардын түрлөрүн грамматикалык түзүлүштөрүн аныктагыла.
1. Акындардын ырын айт,
Акылмандын сырын айт;
Кедейлердин муӊун айт,
Балбандардын күчүн айт;
Арыстандын сүрүн айт,
Булбул, торгой үнүн айт;
Чөбүн айтпай ,гүлүн айт,
Тулуп-өскөн жерин айт,
Куттууу кыргыз элимди айт.
2.
Өз огунан жаӊылбай,
Жер айланат турбайбы.
Асмандагы ай жылдыз,
теӊ айланат турбайбы.
Күн түн менен алмашып,
кете берет турбайбы.
Өмүр таттуу көрүнүп,
өтө берет турбайбы.
Суроолор: 1. Сөз айкаштары кандай сөздөрдөн жасалат ?
2. Сөз айкашы кандай бөлүктөрдөн турат ?
3. Багыныӊкы сөз багындыруучу менен кандайча байланышат ?
4. Сөз менен сөз айкашынын кандай айрымасы бар ?
5. Сөз айкаштарын көчүрүп жазып, багындыруучу сөздүн астын сызгыла, ал аркылуу багыныӊкы сөзгө суроо бергиле:
Үлгү : жаӊы китеп , кызыл шуру , жыйырма дептер, машинадан ылдам, тез-тез баруу.
Китепкана … болуу жыйналыш … сүйлөө студент … калбыл алуу
Китепкана … чыгуу газета … жазылуу көркөм чыгар … окуу
Китепкана … көрүү үй … алыс кесип … ойлонуу
Малчылар … сүйлөшүү биз … айыл машина … жүрүү
Айылды … баруу кино … болу билим … күрөшүү
Тынчтык … күрөшүү окуу жай … чыгуу келечек … ойлонйуу