Сценарий “Бугу Эне”
Сценарийди түзгөн: Камзаева Назгул Мырзабековна
(Музыка ойноп турат)
Автор:
Анда эмесе сиздердин назарыңыздарга “Ак кеме” повестиндеги “Бугу Эне “ жөнүндөгү жомоктон үзүндү тартуулайбыз.
Бала: Китепкабыма Мүйүздүү Бугу Эненин баянын бүгүн өзүм айтып берейин . Жатка билем таятаман нечен кайталап укканмын. Акырын ичимен айтам эч ким укпасын сен кана угуп жат . Мен айтканымды кинодогудай кылып көрүп жатканды жакшы көрөм. Бул жомок чын болгон дейт таятам. Ошентип...
Сахнанын артынан окулат: (Кайгылуу музык угулуп турат.)
Бул жомок эзелки окуя.
-Энесайлык кырк уруу эл канча жоолашпасын, эл атасы каза таап, эл башына аза түшкөн күндөрдө бири-бирине кол салчу эмес.
Бирок бүгүн салт бузулду
(Кайгылуу, коркунучтуу музыка көпкө жаңырат. Кайра басаңдайт. )
Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, өлтүрмөк көз ачып жумганча.
Жээк бербей киши өлүгү үстү-үстүнө, каршы-терши сулады .
Көл мөлтүр толкун Энесай кыргызынын канына кызыл жаян болуп акты.
Жээк бойлой катар тигилген үйлөр чатырап өрткө кетти.Ошентип кең өзөндүн жээгинде бырыксыган күл калды, каңырсыган жыт калды.
Кулак учунда боздогон үн калды. Кыбыр эткен жан көрүнбөй, башка эчтеме калбады.
Кыргыз деген бар беле? жок беле? Жоо ушуну көздөгөн. Жоо көздөгөндөй болду. ..
(Токойдон ойноок бала, секелек кыз чыкты. Эми экөө жетип келип , кыргын тийген өлүү журттан эч кимди таппады. Үч күн, үч түн дегенде бийик дөбөгө келип токтошту. Ал жерде улуу той болуп жаткан. Найза, кылыч көтөргөн ханды жигиттери ара-бери басып жүрөт. Бир убакта бурчта коркуп, алсыз турган 9-10 жаштагы бала менен кызды көрүп калат.)
Жоо жигит:
-Жер биздики ! Токой биздики !
Биздин жерде Кыргыздын сөөгү да калбасын!
(Балдар дөбөдөн түшүп барды, көргөндөр кызыгып, тегеректеп калды. )
Экинчи жоо жигит:
Кимдин балсысыңар? Кайдан келатасыңар?
Кыз менен бала:
-Курсагыбыз ачты, нан бергилечи.
(Жоо эли балдардын сүйлөгөн сөзүнөн кыргыз тилин баамдап, бул кырылган кыргыз тукуму экенин тааныды).
Жоо жигит:
-Өлбөй калган бул экөөнү азыр жайлай салалыбы, же ханга алып баралыбы?
Экинчи жоо жигит:
Ханга алып баралы
(Алар чуулдап жаткан. Эки баланы чоң кызыл үйгө алып барышты. Кызыл үйдүн оозунда күмүштөлгөн Ай балтачан сакчылар турат. Ал ортодо калың элдин арасын ушак аралады. Хандын жигиттери кыз менен баланы хан сарайга алып кирет.)
Жоо жигит:
-Кыргыздын аман калган кыргыз тукуму бар экен, кан кууп келиптир!
(Деп хандын жоокерлери оюн-тамашасын токтотуп селт этип тура калышты. Ал учурда хан тактысында жан-жөөкөрлөрүнүн ортосунда бакылдап отурган.)
Хандын жаалы чыгып көзүнөн:
-Тынчымды алган ким экен ? Кыргыз уруусун тукум курут кылганыбыз жалганбы?
-Силерге түбөлүккө Эне-Сайды тартып бергеним жалганбы?
-Эми кимден жан таштап качып журөсүңөр ? Коркконунар ушул чыпалактай эки балабы? Эй, Майрык –Чаар- Жезкемпир !
(Деп кыйкырды хан. Анан бир кемпир топтон суурулуп, алдына келгенде ага буйруду.)
Хан:
-Бул экөөнүн Тайга токоюна алып баргын да, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл! Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым чалбасын. Кыргыз тукумуна жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн! Бар, Майрык-Чаар-Жез кемпир, буйрукту аткар!...
(Ошону менен Майрык-Чаар –Жезкемпир эки баланы эки колунан жетелеп, тоо ашып, токой аралап жүрүп отурду. Азыркы Эне-Сайдын жээгине жетип токтоду. Анан балдарды жардан алыс түртөөр алдында мындай үн угулду.)
Эне-Сай сендей жайкын өзөн барды ?
Эне-Сай сендей жаркын мекен барбы ?
Эне-Сай сендей кыйын азап барбы ?
Эне-Сай сендей ыйык азат барбы ?
Эне-Сай сендей жайкын өзөн болбос
Эне-Сай сендей жаркын мекен болбос
Эне-Сай сендей кыйын азап болбос
Эне-Сай сендей ыйык азат болбос
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
Оо улуу дайра Энесай ! Эгер сага таш кулап түшсө, муштумдай болуп түбүнө чөгөт. Кылым турган карагайды кесип түшсө толкунуна кетет. Эмесе эки чечекйдей болгон момун адам баласын,өз муздак койнуңа ал. Жер үстүндө буларга орун жок. Аны сага айтып айтпай эмине,өзүң көрүп турасың.
Жылдыздыр адам болсо, көккө батмак эмес, балыктар адам болсо сууга батмак эмес. Анын сага айтып-айтпай эмине! Эмесе , ач койнуңду, ал эки наристени алып кет. Бул жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетсин, абиири таза, дили ак арамдыкты биле элек , арам ойго кире элек периште чагында кетсин.
Ач койнуңду ал эки периштени, улуу дайра Энесай !
(Уул бала, кыз бала ыйлап турду, кемпирдин сөзүнөн да жардан ылдый караса жүрөктөрү алкымына тыгылып, түпкүрдөгү буурул толкун үрөй учуруп ошого ыйлап турду.)
-Кана коштошуп алгыла, балдарым . Кучакташкан бойдон кеткиле.
( Деп Майрык-Чаар –Жезкемпир шымаланып жеңин түрүндү.)
-Мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып, бешенеңерге жазылганы ушул экен. Менин эрким болсо кантер элем ким билет,бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы...
(Ушинтип сөзүн айтып, оозун жыйып алгыча жан жактан бир үн чыкты. Ушул убакта аппак кийинген Бугу-Эне чыгат.)
Бугу- Эне: (Мукамдуу, назик үн менен) Ашыкпа акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба !
(Майрык-Чаар –Жезкемпир кылчая калды, кылчайып алып айраңтаң жанында бугу эне турат, эки көзү балбылдап.)
Майрык-Чаар-Жез кемпир:
-Сен кимсиң! Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың
Бугу эне:
-Мен Бугу -Эне болом . Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүң да кайдан собол укмаксың.
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
-Каалаганың эмине, Бугу эне?
Бугу эне:
-Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден сураганым ушул эки чүрпөнү мага бер.
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
-Буларды эмине кыласың ?
Бугу эне:
-Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
-Ушул балдарды эмизип, багып алам дейсиңби?
Бугу эне:
-Ошентем, акылман чоң эне
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
-Жакшылап ойлондуңбу, Бугу эне?( Деп күлдү Майрык-Чаар-Жез кемпир).
Булар деген адам баласы . Чоңоюп алып,өзүңдүн бугучаларыңа ок атат ошону ойлондуңбу?
Бугу эне:
-Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
-Оо кең пейил Бугу эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы? (Деп башын чайкады Майрык-Чаар-Жез кемпир)
-Адамдар кайберен эмес бирин-бири аябайт . Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөөрсүң , өз мойнуң менен тартаарсың деп, бул эки жетимди сага берип деле коёр элем бирок башка адамдар корөөр зама бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди.
Бугу эне:
-Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем, бу балдарды. Аясаң, акылман чоң эне, коё берсең. Өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн... Желиним сүткө толуп, ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм.
Майрык –Чаар-Жезкемпир:
-Кантейин, болуптур. (Деди ойлонуп туруп Майрык-Чаар –Жез кемпир)
-Сурап калдың бирок тез кет бул жерден ! Жетимдерди алыс жериңе аман жеткир. Жок, эгер акка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдын арамдыгына кетсе, өзүңдөн көр.
(Бугу эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты.)
Бугу эне:
-Балдаарым мына эми мен силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир- Тоосу бар, боордо токой жери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй, кайра тукум улагыла.
(Музыка жаңырат, суунун шаркырап аккан добушу жаңырат. Бугу эне балдарды ээрчитип жолго чыгат.)
Бугу эне : -Укум –тукумуңарга мекен болсун деп мен бул жерди Теңирден сурап алдым.
-Мына ушул жер силерге мекен болот. Жер тилип эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла. Бейкут тынчтыкта миң-миң жыл өмүр сүргүлө. Учугунар узарып, укум-тукумуңар көбөйсүн. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын. Кишиден кем болбогула. Башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай-Энемин, силер менен түбөлүк биргемин.
(Бугу эне балдарды жетелеп чыгып кетет.)