СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 2-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 2-класс»





Тарбиялык саат


ТЕМА: “ТАЗАЛЫК ЖАНА ТЫКАНДЫК”

(2-класс)

Тазалык – ден соолуктун булагы”


Сабактын темасы: “Тазалык жана тыкандык”


Сабактын максаты: Окуучулар таза болууга үйрөнүшөт; тыкандыкка

тарбияланышат; үйдү, классты, короо жайды кантип таза сактоону билишет.


Билим берүүчүлүк: Тазалык адамдын өмүрүн узартышын , тазалыктын

пайдасын түшүндүрүү.


Өнүктүрүүчүлүк: Кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске тутуусу, көңүл буруусу

калыптанат. Кеңири пикир алмашууга көнүктүрүү.


Тарбия берүүчүлүк: Тазалык – гигиенанын биринчи эрежеси экени жөнүндө

кенири маалымат алышат. Окуучуларды таза жүрүүгө, тазалык эң

маанилүүлүгүн түшүндүрүү. Жакшы жана адептүү болууга үйрөтүү.


Сабактын жабдылышы: Тазалык жөнүндө сүрөттөр, макал-лакаптар.


Сабактын формасы: Интерактив, аралаш сабак.


Сабактагы предмет аралык байланыш: физкультура, кыргыз тили, кыргыз

адабияты жана музыка.


Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

1. “Тазалыктын негизги шарты – суу”, “Тазалык – өмүргө гүл азык” тууралуу

окуучулар менен ой бөлүшүү.

2. Тазалык тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө.


Сабактын негизги идеясы: ”Тазалык, тыкандык – өмүргө гүл азык

деген макалды окуучуларга түшүндүрүү.


Сабактын жабдуусу: Сүрөттөр, китеп, кроссворд, видеоматериал.


Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу

  • Үйгө тапшырманы суроо

  • Жаңы тема

  • Суроолор

  • Бышыктоо

  • Баалоо

  • Үйгө тапшырма

Саламдашуу, окуучуларды белгилөө. Мугалимдин окуучуларга

жагымдуу маанай түзөт. Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет.


Жаңы тема: ”Тазалык жана тыкандык” Сүрөттөргө карап тазалык эмне

экендигин, кандай таза жүрүүнүн жолдорун, ден-соолукту чыңдоо үчүн эмне

кылуу керек экендигине маани беришет. Ден соолук өмүр булагы жана

биринчи байлык, ал эми тазалык аркылуу ден соолугубузду бекемдей алат

экенбиз.



Тазалык адеби деген эмне?:

- Дене мүчөбүз;

- Пайдалануучу буюмдар;

Идиш аяк;

- Кийим-кече;

- Короо-жай. Ушуларды таза кармаш керек.





Тазалык деген эмнени билдирет?

Биз окуган класстын же жашаган үйдүн абасы таза болушу үчүн анын

бөлмөлөрүндөгү бардык буюмдарды тазалап жууп туруу. Акыр-чикир, тамак

аштын калдыктарын бөлмөдө сакталышына жол бербөө. Бөлмөлөргө

өсүмдүктөрдү өстүрүлүшү аларга тынымсыз камкордук көрүү желдетип

туруу.

Тазалыктын негизги шарты – суу. Эбактан бери тазалыктын маанисин

билген байыркы Египеттин эли эртең менен кечинде, тамактанаардын

астында, тамак ичкенден кийин, кечинде денесин жуушчу. Байыркы Кытайда

эртең менен эрте туруп үйдү, короону шыпырып, үйдүн ичин желдетип

тазалашчу. Кытайлыктардын ою боюнча тазалык ден-соолукка пайдалуу

болгону менен бирге адамдын да көңүлүн ачат. Ошол себептен үйгө киргенде

буттарын жууп, бир күндө беш жолу бети-колун жунуп турушат.







Самынды билбеген байыркы кылымда жашаган адамдар ар нерсе

колдонушчу. Мисалы: Египеттин эли денесин кум менен сүрүшчү, Кытайда

болсо түрлүү өсүмдүктөрдү колдонушчу.

Кыргыздар дагы тамактын алдында, тамактан кийин колдорун жууп

турушчу. Ошондой эле аталарыбыз беш маал намаз окуган сайын даарат алып жуунуп турушат. Илгери самын жок учурунда болсо денесин таза кармаш үчүн ак чопо колдонушчу. Самынды биринчилерден болуп Жер Ортолукдеңиздин жашоочулары ойлоп тапкан. Оттун үстүндө шишке бышкан эттин майы ысык чокко түшкөндө көбүргөнүн байкаган адам ошол нерсени алып, колуна сүрсө кол көө-кирден тазаланып, агарганын көрөт. Ошондон баштап эчкинин майынан жана жыгачтын күлүнөн самын жасалат.

Биринчилерден самынды Францияда, Италияда, Испанияда жана Грецияда колдоно башташат. Самындын саламаттыкты сактаганга түздөн-түз тиешеси бар. Суу менен жуунганда денеден 20 миллионго жакын микробдор, самынданып жууганда бир нече миллиард микробдор жуулуп кетет. Ошентип суусуз жана самынсыз тазалык болсо ден-соолуктун сакталышынын биринчи эрежеси. Жана ошондой эле өздүк гигиена.


















Кана балдар айткылачы, жакшы жана жагымдуу көрүнүш

  • үчүн эмне кылуу керек?

  • Окуучулардын болжолдуу жооптору:

  • Өзүнө кам көрүү;

  • Тишти тазалоо;

  • Кийимин таза кармоо;

  • Төшөктөрүн тургандан кийин жыйноо;

  • Бөлмөсүн желдетип, жууп тазалап туруу;

  • Бут кийимди тазалап кийүү;

  • Короо-жайды да шыпырып таза кармоо;

  • Сырттан киргенде сөзсүз түрүндө колду, бетти самындап жуунуу.





















  • Чачына кам көрүү;

  • Туура тамактануу; спорт менен машыгуу.

Адамдын гигиенасы -ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы, -дешет.

Бышыктоо. Суроо: Тазалыкты кандай түшүндүңөр? Тазалык жөнүндө

кандай макал-лакаптарды билесиңер?





Сабактын жыйынтыгы:

1. Тазалыктын бизге кандай пайдасы бар?

2. Таза жүрүү үчүн эмне кылуу керек?

3. Тазалыкты үйүңөрдөн кантип сактайсыңар?

4. Үйдө да тазалыкты сактап, апаларыңарга жардам

бересиңерби?

5. Тамактанып бүткөндөн кийин эмне кылуу керек?

6. Тишти кайсы учурда жуушубуз керек?


Бабалар сөзүн билип жүр!

1. “ Тазалык - өмүргө гүл азык”.

2. “Тазалык - ден соолуктун булагы”.

3. «Таза болсоң суудай бол баарын жууп кетирген».

4. “Тазалык – гигиенанын биринчи эрежеси”.

5. “Таза аба жуткуң келсе – эрте тур, таза өмүр сүргүң келсе

эмгек кыл”.

6. “Таза үрөндөн өнгөн дан, дыйканды байытат”.

7. “Дени тазанын деми таза”.

8. “Дени сактын – руху бийик”.


Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз тазалык жөнүндө кеп кылдык.

Демек, тазалак бир топ инфекциялардан сактанууга жардам берет. Булганыч

кол коркунучтуу оорулардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан колду бат-

бат жууп туруу керек. Спорт менен машыгууда тер көп бөлүнүп чыгат,

ошондуктан кошумча гигиеналык көндүмөрдү талап кылат. Ооз көңдөйү

инфекциялардын булагы болуусу мүмкүн, ошондуктан дайыма кам көрүүгө

муктаж.


Баалоо: Окуучулар бааланат.



Үйгө тапшырма:

Тазалык ” жөнүндө ыр жаттап жана макал таап келгиле.