Сабактын темасы: Эне мээрими чексиз
Сабактын максаты:
1. «Эне-тагдыры-улут тагдыры»-деген накыл кептин терен маанисин түшүнөт. Энелердин коомдогу ролун билишет.
2. Энелерди сыйлоо-перзенттик парз экенин дагы тереңирээк түшүнөт.
3. Өзүндө жакшы сапаттарды өнүктүрө билүүгө тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакат, сүрөттөр.
С а б а к т ы н ж ү р ү ш ү :
І. Уюштуруу:
«Эне жөнүндө баллада» үч окуучу бир куплеттен ырдайт.
1-окуучу: 2-окуучу:
Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Түбөлүк түн кұзөткөн канаттуудай,
Талпынтып ак бешикке баккан энем. Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Нуруна мээримине магдыраткан, Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мандайда менин батпас күнүм элең. Мен үчүн жанды курман кылар элең.
3-окуучу:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асмандай ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн карегиндей көп аягам,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм.
ІІ. Киришуу:
Мугалим: Эне- үйдүн куту жана баланын, үй бүлөнүн бактысы. Турмуштун эчен азап-тозогун башынан өткөрүп, чоңойткон балдары үчүн өмүр боюу кам көрөт.
«Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым деп» дегендей эне үчүн баласы дайыма эң сүйкүмдүү жана дайыма жаш. Уулу эрезеге жетип ата болсо да, кызы бойго жетип, эне болсо да, эне алар үчүн кам көрүп жанын курман кылууга даяр.
Ал эми бала үчүн эне чоң бакыт. Эне үйдө бир минута жок болсо, үйдүн куту уча тушкөнсүйт. Эшикке кирип чыгып тезирээк эле келишин кутуп тынчсызданасың.
«Энелер-жашоо чырагы» деген сөз да бекерге айтылбайт. Жашоонун өзу ЭНЕден башталып олтурбайбы. ЖЕР-ЭНЕ экөөнү ажыратуу мумкун эмес. Жер –Энеден алган түшүмдү дыйкандарыбыз алганда да,эң алгачкы кызыл кырмандагы буудайдын даамын татканда да, Жер –Энеге ыраазычылык билдирип, элибизде токчулук береке-пейиз болсун дешип ак тилектерин билдирет.
Энелер боорукердиги , акылкөйлүгү, намыскөйлүгү, көтөрүмдүүлүгү менен айырмаланат. Кыйын кезендерде энелер эр-жигиттердин намысына тийип, акылкөйлүгү менен элин сактап калган учурлар тарыхта көп учурайт. Эл башына кыйынчылык түшкөндө, душманга каршы турушуп эрдиктерди көрсөтүшкөн.
ІІІ. Топтордо иштөө:
Классты үч топко болуп, аларга төмөнкү кыргыздын баатыр аялдарынын урпактан урпакка өтүп сакталып келе жаткан эрдиктери жөнүндө кыскача баяндама түзүү тапшырмасы берилет.
1-топко: Кыз Сайкал.
2-топко: Жаңыл Мырза.
3-топко: Курманжан Датка.
1-топ. Кыз Сайкал – өзүнүн уруусун коргогон, намыскөй, эр сайышка тушкөн сулуу жана акылдуу кыз болгон. Манас эпосунда ал жөнүндө кеңири айтылат. Балбандыгы жана баатырдыгы айкалышкан, жоо-жарагын кийинип, айбатту ат минип, жөлөктүү найза кармап, эрегишуу майданына чыкканда, анан атак-данкын уккан балбандар эч кимиси ага каршы эроолго чыкпай койот. Ошондо намыс кылган хан Манас өзу чыгат жана жеңилип кала жаздап араң жеңет.
2-топ. Жаңыл Мырза да өтө намыскөй, өзүнүн элин, жерин жанын аябай коргогон, элинин намысын, тынчтыгын өзүнүн керт башынан ойдо койгон баатыр кыз болгон. Эр азамат жигиттерден өтүп, согушуу искусствосун билген. Өзу жакшы көргөн Түлкүбек мырзаны, уруусунун намысы үчүн, жаа менен атып өлтүргөн.
3-топ. Курманжан-Датка энебиз кыргыз элинин биримдиги, тынчтыгы, эркиндиги үчүн жан күйгүзгөн, өзүнүн баласын курмандыкка чалган, акылмандык менен эл башкарган, дипломат аял болгон. Ошол кездеги Россия өкмөтү менен саясий алака жүргүзүп, келишим түзгөн. Аны «Алай ханышасы» деп , ардактап эске алабыз.
Азыркы учурда да энелерибиз эбегейсиз коомдук иштерди аткарып, элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп келүүдо. Азыр баарынарга жалпы суроо:
- Азыркы учурда өзүнүн күч-кайратын, эмгегин элине, жерине арнаган, белгилүү коомдук ишмер аялдарды билесиңерби? Атап бергиле.(Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Асия Сасыкбаева ж.б.)
ІV. Энелер жөнүндө макал-лакап, накыл сөздөр жарышы:
Ар бир топтон бирден окуучу чыгып энелерге арналган макал-лакаптарды айтып жарышат. Таппай калган окуучу оюндан чыгат. Мисалы,
*Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада.
* Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.
*Бейиш эненин таманы астында.
*Энеңди Меккеге үч жолу жөө көтөрүп барсаң да, карызыңдан кутулбайсың.
*Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң. ж.б.
V. Жыйынтыктоо:
Энелерибизге арнап көптөгөн жазуучу, акындарыбыз өздөрүнүн чыгармаларын жаратып келет. Ал эми обончуларыбыз аларга мукамдуу обон жазып, аткаруучуларыбыз ырдап келет. Алар эне жөнүндө ырдаганда жан дүйнөң жаңырып, энелердин мээрбандыгына, боорукердигине, кубанып ыраазы болосуң. Дегеле «Эне» темасына кайрылбаган акын, жазуучу, обончу, аткаруучу, сүрөтчү ж.б. аз эле болсо керек.
Анткени энелерибиз ар кандай сыйга татыктуу. Алар түгөнбөгөн түйшүктү көтөрө билген чарчабаган мээнеткеч, кечиримдүү, боорукер. Ошол эле учурда коңүлү назик. Аларга аяр мамиле жасап, көңүлүн оорутпай аздектеп сыйлап турушубуз керек. Чоңоюп алып, өзү эле ушул даражага жетип калгансып, энелерин кемсинтип, орой мамиле жасагандык, аларга жөнөкөй гана сөз менен эле түшүндүрүп койо турган ишти да катуу айтып, эненин конүлүн калтыруу- бул кечирилгис ката. Ошондуктан, мындай ката кетирбейли. Энелерибизге эң алгач жылуу мамиле, сүйүүбүздү арнайлы. Энелерибизге майрамдарда эле көңүл буруп калбастан дайыма сый-урмат көрсөтөлү.