СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат "Китеп окуу пайдабы,же...

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп окуу пайдабы,же... 

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат "Китеп окуу пайдабы,же...»

Акунова Наргиза Кубанычбековна

7-класс

Тарбиялык саат

Сабактын темасы: Китеп окуу пайдабы, же …

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтꝋр:


1.Билим беруучулук максаты :

Окуучулар китеп окуунун адамга тийгизген пайдалары тууралуу билишет;

Сабак максатына жетти дейбиз:

Эгерде окуучулар китеп окуунун пайдалары тууралуу билишсе,пайдалаларын атап айтып бере алышса.



2.Өнүктүрүүчүлүк максаты:Китеп тууралуу макалдарды окуп, түшүнүү менен ой жүгүртө алышат;


Китеп тууралуу макалдарды айта алышса, накыл сөздөрдү түшүнүшсө,ой жүгүртө алышса.


3. Тарбия берүүчүлүк максаты:Зыяндуу техникалык каражаттардан алыстап, убактысын пайдалуу китеп окуу менен өткөрүүгө багыт алышат.

Китеп окуунун адамдын жашоосуна тийгизген таасирлерине ынанышса жана адат кылууга шыктанса.



Сабактын тиби:Жаны материалды окуп-үйрөнүү

Убакыт: 45 мүнөт

Сабактын формасы: Өз алдынча ,жуп менен ,топтордо иштөө;

Сабакта колдонулган усулдар: «Мээге чабуул», «Венндин диаграммасы»,АЖППОКсхемасы

Сабакта колдонулган каражаттар: Компьютер ,проектор ,ватман,түстүү маркерлер,скотч,темага байланыштуу сүрөттөр.

Негизги компетенттүүлүктөр:

Маалыматтык :

Социялдык –коммуникативдик:

Өзүн-өзу уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү:

Китеп окуунун адамдын аӊ сезимге жана жашоосуна тийгизген пайдалары боюнча маалымат алышат;

Өз алдынча, топтордо ,жуптарда иштоодо бири-бири менен китеп окуган адам менен окубаган адамдардын айырмачылыктарын аӊдап билип, окуган китептери тууралуу ангемелешишет.

Берилген тапшырмаларды аткарууда өз алдынча ой жүгүртүп, аткара алышат.









САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

САБАК-ТЫН БАСКЫЧ-ТАРЫ

Убак

тысы

МУГАЛИМДИН

ИШ-АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН ИШ –АРАКЕТИ

Компе

тенттүүлүктөр

Уюшту

руу /Салам

дашуу/

Шыктан

дыруу

3 мүнөт

Саламатпы, балдарым.

Сабакты мен баштайын.

Жаркын маанай жаркыган,

Мен силерге каалаймын.


Бүгүн мына нурун чачып жаркырап,

Күн да турат ачык маанай тартуулап.

Силер дагы татынакай башкача ,

Келипсинер даярданып сабакка.


Балдар,маанайынар кандай ?


Окуучуларга төрт сүрөт көрсөтүлөт ,

ушул сүрөттөрдүн кайсынысы шыгынарга жакын болсо ,ошого жараша топторго бөлүнүп отургула.

1 «Жазуучулар»тобу

2. «Ырчылар» тобу

3. «Сүрөтчүлөр» тобу

4. «Чечендер» тобу


Келгиле , алгач «Мээге чабуул»жасап быйтыкчалар менен берилген сүрөттөр аркылуу макалдарды табалы.

1. , .

2. , .

3. .

4. , .

5. ,

.


Мугалим менен учурашышат.


Саламатпы эжеке,

биз келебиз мектепке.

Терен билим алууга,

Мыкты инсан болууга.








Маанайларын баш бармагын көтөрүп жакшы экендигин көрсөтүшөт.


Шыгына ,жөндөмүнө жараша 4 топко бөлүнүп отурушат.

Дил баян,ыр жазууга жөндөмдүүлөр «Жазуучулар»тобу.

Ырдоого ,көркөм ыр айтууга шыктуулар «Ырчылар» тобу.

Сурот тартууга жөндөмдүүлөр «Сүрөтчүлөр»тобу .

Сөзмөр,макал-лакап айтууга жөндөмдүүлөр «Чечендер»тобу

Балдар макалдарды сүрөттөр аркылуу табышат.


1.Билеги күчтүү бирди жыгат,билими күчтүү минди жыгат.









2.Акылсыз кийимди самайт,акылдуу билимди самайт.




3. Жигитке 70 өнөр аздык кылат.





4. Көз коркок,кол баатыр.



5. Китеп билим булагы,китеп онор чырагы.





САБАК-ТЫН ТЕМАСЫ,МАКСАТЫ МЕНЕН

ТААНЫШТЫРУУ,

ТАЛКУУ

ЛОО.

ОКУУЧУЛАРДЫ ОКУУ ИШМЕРДИГИНЕ ШЫКТАНДЫРЫП,ДАЯРДОО.

5 мунот

Сабактын темасын булуттарда жазылган табышмактарды табуу менен булуттары алып салуу аркылуу күндү ачабыз.Булуттардын аркасында күн,күндүн нурларында тема жазылган.


  1. Сандыгым бар өзгөчө,

Колго алып жүрөмүн.

Ичин ачып антарып,

Түркүн сырды билемин.

  1. Тамгаларды ,сөздөрдү ,

Тизмектетип айтабыз.

Китеп ,гезит кароону,

Биз эмне деп атайбыз?

  1. Витаминдер адамга ,

Эмнеси көп айткыла.

Китептерди окусак ,

Эмне алабыз тапкыла?

  1. Кызматчы сөз ,байламта,

Колдонобуз дайыма.

Божомолдоп көрсөткөн,

Жөнөкөй кайсы байламта?

Тема ачып,окуучуларга тааныштырат.

Китеп окуу пайдабы же…

(сабактын темасы күн нурларына жазылган )

Сабактын максаттары менен тааныштырат.


Окуучулар табышмактардын жандырмактарын табышат.


  1. Китеп


  1. Окуу




  1. Пайдабы




(байламта)же…







Сабактын максаттары ,көрсөткүчтөр менен таанышышат.

НК2








Жаны теманы түшүндүрүү

15 мунот

Китеп

Китеп деген сегизинчи керемет,

Китеп менен укмуш сырлар берилет.

Ичин ачып,жан дүйнөнү байытсак,

Ийгиликке алып барат жетелеп.


Көзгө илинбейт мээге берген сыйкыры,

Жүрөктөргө тынтык берет таасири.

Шыктандырат жогорулап жылууга,

Кимдир бирөө дитин коюп окуса.


Китеп окуу учурда техника өнүккөн заманда жетиштүү деӊгээлде бааланбай келет.Адамдардын көпчүлүгү китеп окуунун ордуна өзүнүн сүйүктүү сериялын көрүп же соц тармактарга ашыгат.

Андыктан ,балдар,силерге китеп окуунун пайдалары тууралуу айтып бермекчимин.(Китеп окуунун азыркы күндөгү абалы,жана пайдалары тууралуу атайы мугалим тарабынан даярдалган ,окуучуларга ылайыктап жасалган слайд көрсөтүлөт.4мүнөт)


Кана балдар, бул силерге тапшырма,

Табышмак айтам, силер аны тапкыла!

Ой жүгүртүп,ылдам гана ойлонуп,

Кол көтөрүп,жандырмагын айткыла.(Ар бир топко бирден табышмак берилет.)


1.Кат-кат тону бар,

Ичи толо кени бар.

Бул эмне,балдар?

2.Кабат-кабат каттама,

Ичин ачып аттаба!

3.Татынакай сырты бар,

Туркун кызык нерсени ,

Таамай айтат,чынчыл ал.

4.Улам жаны барагын ачам,

Каармандарга аралашам.

Кызыгына аябай батам,

Баатырларга аралашам.

Китеп жөнүндө учкул сөздөрдөн окуп берет.

-Китеп –унчукпай тарбиялайт,унчукпай маектешет,үнсүз колдоо көрсөтөт,сүйлөбөстөн түшүндүрөт,мыкты дос боло алат.

-Китеп-өзүнүн баа жеткис жүгүн жүктөп алып,кылдаттык менен мезгилдин толкунун жиреп,укумдан –тукумга багыт алган ойдун кемеси.

-Китеп –адам учун ажайып дүйнө ачат.

-Китеп-окуган адамды өзгөртөт,адам-ааламды өзгөртөт.

Балдар,темабызда берилген же божомолдогуч

байламтасы түпөйүл суроо туудуруп жатат.Андыктан , «Китептин зыяны барбы?»- деген суроого жооп кылып,маалымат берейин.

Көпчүлүк адамдар китеп окуу көзгө ,башка зыян келтирет деп окубай,анын ордуна смартфондорду,компьютерди ж.б.у.с . гаджеттер менен алек болушат.Китеп окуу көздүн көрүүсүн начарлатпайт.Жогоруда айтылгандай китеп окуунун пайдалуу жактары коп,бирок айрымдар көздүн көрүүсүн начарлатат дешет.Офтальмологдордун айтуусунда китепти коп окуу эмес туура эмес жагдайда окуу көздүн көрүүсүн начарлатат.Мисалы:жатып алып же күӊүрт же карангы бөлмөдө ,шам чырак менен окуу жана электрондук китептерди окуу көздүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизет.Китеп окуудан алыстаткан гаджеттердин адамдын турмушуна ,ден соолугуна тийгизген зыяндарын айпасак да белгилуу.Андыктан ,китеп окугула!

Мына балдар,бугун биз китептин негизги пайдалары жана зыяндары тууралуу соз кылдык.

Китеп окуу менен ийгиликтерге жетишкен улуу адамдардын китеп окуудагы өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берейин.(Сүрөттөрү доскада чапталган)

Наполеон 1минутада 2000 сөз окуган.

М.Горький 4000 сөздү 1 минута ылдамдыкта окуй алган.

Сталин эн аз дегенде күнүнө 400 барак китеп окуй алган.

Т.Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир беттеги текстти эстеп калчу.Ал ыклас коюп,Ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн

.













Слайдды көрүп ,китеп окуунун пайдаларын билип алышат.








Мугалим айткан табышмактарды табышат,ар бир топ бирден табышмактын жандырмагын табышат.






Бардык табышмактын жандырмагы китеп экендигин тез эле табышат.








Учкул сөздөрду угуп ,топтордо талкуулашат.









Зыяндуулугу жок экенин мугалимдин маалыматы аркылуу билишет.

Китепти туура кантип окуш керек ?-деген суроого оозеки жооп беришет.















Улуу адамдардын озгочолукторун жазып алышат.


НКЗ







НК1








ПК1



НК1







НК2












НК3










НК1



















НК1

Практикалык иш

8 мунот

Эми балдар,жогоруда алган маалыматтар боюнча кайтарым байланыш кылабыз.


Ар бир топко жондомуно жараша,ватманга чыгармачылык менен аткарууга тапшырма берилет.

  1. «Жазуучулар»тобу –Китеп тууралуу эссе же ыр жазабыз.

  2. «Ырчылар»тобу-Китеп жонундо обондуу ыр же корком тарып бересинер.

  3. «Суротчулор» тобу китептин пайдасын сурот менен чагылдырып бересинер

  4. «Чечендер» тобу-Китеп тууралуу макал-лакаптарды айтыбересиздер.



Топтор өзүлөрүнө берилген тапшырманы биргеликте ватманга маркер менен жана оозеки иштеп ,доскага чыгып жактап,айтып,ырдап беришет.












НК2




НК3











Билимдерди бышыктоо жана аларды колдонуу

5 мунот

Өтүлгөн теманы бышыктап, «ВЕННДИН ДИАГРАММАСЫН» туздурот.Китеп окуган адам,китеп окубаган адамдын айырмачылыктары тууралуу өз алдынча А-4 баракка иштетет.

Китеп окубаган адам

окшоштукокооооокшоштуктары

Китеп окуган адам








Окуучулар иштеп чыккан диаграммасынын айрымдарын карап,талкуу жүргүзөт

Берилген үлгүнүн негизинде «Венндин Диаграммасын»иштешет.

Китеп окуган адамдын сапаттары,жетишкендик-терин,китеп окубаган адамдын адаттарына токтолушат.




Жуптары менен бири-биринин иштерин карап ,салыштырышат.

НК2

НК3

Баалоо

5мунот

Топтордун ишмердүүлүгүн,тапшырманы аткаруудагы жетишкендиктери бааланат.Мыкты иштеген топту «Өзүндү оку» китеби менен сыйлайт.




Топ башчылары,топторунда активдүү иштеген окуучуларга баса белгилеп,аларга каалоо –тилек сөздөрун айтат.

НК3


Үй тапшырмасы


Азыркы замандын Дүйшөнү аталган Гапыр Мадаминов агайыбыздын АЖППОК схемасын «Китеп»деген темада толтуруп келгиле.(Бул схеманы окуучулар тез өздөштүрөт жана кенири ой жүгүртө алышат)

«Китеп» деген темада схеманын ар бир пунктуна токтолуп,жазып келишет.(үлгүнүн негизинде ирети менен)

НК3

Жыйын-тыктоо

Рефлек

ция


БАЛДАР ,бүгүнкү сабакты кыргыздын лирик акыны А.Осмоновдун китеп деген ыры менен аяктагым келди.

Китеп

Китепти сүй,баркын бил,

Китептин коп акылы.

Ким китепке дос болсо ,

Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги ,

Дениздей кен талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

Ушуну менен тарбиялык саатыбызды аяктайбыз.Саламатта калгыла ,балдар!






Мугалимдин көркөм окуган ырын угуп,мугалим менен коштошушат.


(кыскача ырлардын автору Акунова Н.К.)