Просмотр содержимого документа
«Тарых сабагынан видеосабак»
Кыргызстан тарыхы
7-класс
Мугалим : Исакбаева Н.
Тема :
Сибирь кыргыздары 17-18-кылымдарда
Сабактын максаты :
*Сибирь кыргыздары жана Жунгар хандыгы.Сибирь кыргыздарынын таркалышы ошондой эле хоорай бирикмеси,Фу-Йу кыргыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышат.
*Сибирь кыргыздарынын баскынчыларгы каршы курошуу жана андагы эрдиктери окуучуларды патриоттуулукка,чечкиндуулукко,кайраттуулукка тарбиялайт.
*Текст менен иштоо,алардын маанилуулорун,кызыктууларын,негизги даталарды,цитаталарды ажырата билуу жана аларга аргументуу болгон жоопторду таба билуу жондомдуулугун онуктурушот.
Сибирь кыргыздарынын таркалышы
17-18-кылымдын башы туштук сибирдик кыргыздардын ж.б турк элдеринин тышкы баскынчыларга каршы коз карандысыздык учун курошуунун доору болгон.Алардын тундугунон орустар, туштук-чыгышынан монголдук -алтын хандар,туштук-батышынан Жунгар хандыгы баскынчыл жортуулдарды жургузушуп,салыктарын салууга аракеттенишкен.
1633-жылы жунгардык Хара Хула контайшы сибирдик кыргыздарга оз бийлигин орнотууга жетишкен. Калмактардын колдоосуна таянып 1633-1636-жылдары кыргыздар орусиялык колониячыл пункттарына тез-тез кол салып турушкан.
1641-жылы кыргыздар Яков Тухачевскийдин аскердик кошуунуна каршы курошуп,женилип калышкан.
Ошентип кыргыздар орустарга да, монголдук-алтын хандарга да алык- салык толоп турушкан .
Хоорай бирикмеси,Фу-Йу кыргыздары.
Жунгарлардын 1703-жылы сибирдик кыргыздарга салган булгуну хоорай аттуу этностук-социалдык бирикменин тагдырына терен из салды. Кыргыз журтунун экинчи бир аталышы хогорай (хоорай) болгон.3 мин тутун (150000) сибирдик кыргыздардын Жунгарияга айдалышы менен мурдагы кыштымдарына жуурулушуп кеткен.
Ал эми Жунгариядан Эне-Сайга кайтып келбеген кыргыздардын бир болугу калмак-кыргыз аталышы менен бугункуго чейин Чыгыш Туркстандагы Дорболжун уездинин Эмел-Гол монголдук автоном районунда Эмел дарыясынын ороонундо сакталып калган (дини ламаизм багытындагы бутпарас). Айрым Жунгариялык кыргыздар Итил (Волга)дарыясынын боюна чейин качкан калмактар менен кетишкен. Айрымдары Тенир-Тоолук кыргыздарга,казактарга,уйгурларга ,Чыгыш тенир тоолук калмактарга жуурулушкан.
Иренак Ишей уулу
Сибирдик Кыргыздарды алтысардык Иренак Ишей уулу аттуу бек бийлеген. 1667-жылы ал жунгардык аскерлер менен бирдикте Красноярск острогуна чабуул жасаган. Ал жунгарлардын ишенимдуу тарапкери болгон,1687-жылы Алтайда Чулушман озонунун башатындагы салгылашууда уулу экоо тен курман болушкан.
Иренактын уулдары Корчун менен Чегун атасынын жунгарчылык саясатын улантышкан.
Бышыктоо :
1.Сибирь кыргыздары Жунгар хандыгы менен кандай мамиледе болушкан ?
2.17-кылымда сибирь кыргыздары кайсы аймактарга таркалышкан ?
3.Хоорай бирикмеси жонундо эмнелерди билдинер ?
Уй тапшырмасы :
-Параграф 19ду окуп айтып бересинер.
-Дептеринерге хронологиялык таблица тузосунор .
Кийинки сабактан корушкончо саламатта болгула !