СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тексттерди компьютерде даярдоо план

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тексттерди компьютерде даярдоо план»


Жалпы билим берүүчү Байсылда Мырзабаев атындагы орто мектеби













Сабактын темасы:

Тексттерди компьютерде даярдоо

















Мугалим: К.Р.Анаркулов




Предмет: Информатика

Классы: 5-класс
Мугалим: Анаркулов Кубан Рамисович

Датасы: 02.04.2025-ж


Сабактын темасы: Тексттерди компьютерде даярдоо

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

Окутуу усу: интерактивдүү усул

Предмет аралык байланыш: кыргыз адабияты, тарых

Керектелүүчү материалдар: Компьютер, проекциялык аппарат, «Блокнот», «Wordpad» же «Microsoft Word» программалары.

Негизги компетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк

  • Маалыматтык (НК1)

Өз ишин пландаштырат; Маалыматты максатка багыттап изденет; Салыштырат, чечимдерди кабыл алат;

(ПК1). Информатикалык жаңы маалыматтарды, билим, билгичтиктерди таанып билүү, колдонуу

  • Социалдык-коммуникациялык (НК2)

Башкалар менен мамиле түзөт; Сүйлөшө билет, маектешет; Бири-бирин баа-лайт; Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат; Башкаларды уга билет

(ПК2) информатиканын окуган материалдарды маанисин түшүнүү, тереңдетүү жана бышыктоо компетентүүлүгү

  • Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

Өз алдынча иштейт, көнүгөт, машы-гат; Өз ишин талдап, баа берет; Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.

(ПК3) Алган билимдерин анализдеп, практикада колдоно билүү Окуучулардын ой жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында практикада колдоно билүү компетентүүлүгү


Сабактын максаттары жана баалоо критерийлери, колдонгон ресурстар:

Сабактын когнитивдик максаты

Максатка жетүүнүн индикатору же кɵрсɵткʏчʏ

Окуучулар компьютерде тексттердин уюшулушу боюнча маалыматка ээ болушат. Алган билимдери боюнча текстерди компьютерге которуу элементтерин пайдалануу менен тексттерди уюштурушат.

Окуучулар тексттик редакторлордун негизги куралдарын үйрөнүп, аларды туура колдонууга көнүгүштү.

Өнүктүрүүчү максат:


STEAM, окуп түшүнүү жана табышмак табуу оюндары аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүү, анализдөө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү

 Окуучулардын логикалык ой жүгүртүү, талдоо жана маалыматты системалаштыруу көндүмдөрү өркүндөтүлөт.

STEAM жана окуп түшүнүү ыкмалары аркылуу окуучулардын маалымат менен өз алдынча иштөө жөндөмү жакшырат.

Социо-маданий (тарбиялык) максат

Кутулуучу натыйжалар:

  • Кыргыз элинин макал-лакаптарын колдонуу аркылуу окуучуларга улуттук баалуулуктарды сиңирүү жана билим алууга кызыгуусун арттыруу.

  • Окуучулар жекече жана жупта кызматташтыкта иштешет. Бири-бирине жардам беришет.

  • Окуучулар кыргыз макал-лакаптары аркылуу билим алуунун маанисин түшүнүшөт.

  • Жоопкерчиликтүү, так жана тыкан иштөөгө үйрөнүшөт.

  • Жупта жана топто иштөө маданиятын өздөштүрүшөт.


Баалоо критерийлери:

Диагностикалык баалоо: Табышмак тап ыкмасы менен өтүлгөн теманы кайталоо жана жаңы темага багыт алуу.

Калыптандыруучу баалоо: Сонун! Балли! Азамат! Бармак белигиелри, мимикалык белгилер.

Жыйынтыктоочу баалоо: Ар бир окуучуга белги-баа коюлат.

Баалоонун жолдору:

Мугалим окуучуларды жекече баалоосу:





Куралдардын жардамы менен бааланат.

  • Суроолорго жооп берүүсү-1 упай

  • Жаны маалыматка ээ болуусу – 1 упай

  • Коопсуздук эрежелерин жана гииеналык талаптарды билүүсү – 1 упай

  • Жекче жана жупта активдүүлүгү – 1 упай

  • Алтын эрежени сактоосу – 1 упай

Сабактын ресурстары:

ТСО, таркатма материал, көрсөтмө жана дидактикалык материал, сүйлөөчү дубалды жасалгалоо, канцтоварлар…


Сабактын жʏрʏшʏ:

Сабактын этабы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компет-р

Баалоо, комментарийлер

Негизги (НК)

Пред-к (ПК)

1

Уюштуруу учуру

(4 мүнөт)

Окуучулар менен саламдашып, толуктап, класстын тазалыгын көзөмөлдөп, сабакка даярдоо.

Мотивациялык окуя айтуу.

Сабакка жагымдуу маанай түзүү.

Алтын эрежени жана техникалык коопсуздук эрежелерин эске алуу


Баалоо талаптарын түшүндүрүү

Суроолорго жооп берүү менен сабакка колдонула турган куралдарды чогултуу аркылуу бааланасыңар. Сабактын аягында кандай куралдарды чогулта алдыңар жана алган куралыңар кандай кызмат аткара турганын айтып бересиңер.

Окуучулар мугалим менен саламдашат, сабакка даярданышат.


Алтын эрежени жана техникалык коопсуздук эрежелерин эске алуу











Окуучулар айтылган тапшырмаларды активдүүлүк менен аткарганга аракет жасашат.



НК3

ПК3

Окуучуларга калыптандыруучу баалоонун элементтерин пайдалануу

Мисалы: мактоо, шыктандыруу

2

Үй тапшырмасын текшерүү

(10 мүнөт)


Үйгө берилген тапшырманы жана өтүлгөн темаларды табышмак тап оюну аркылуу кайталоо


Сөздөрдү да сүрөттөрдү,

тез арада печаттайт

эң керектүү инструмент

мунун атын эмне дейт?

(принтер)

Эч жоопсуз калтырбайт

Чагылдырып көрсөтөт

Этият кыл өзүңдү

Бул негизи эмне?

(монитор)


Окуучулар таркатма материалда берилген табышмакты жупта иштөө менен табышат

НК2

ПК2

Формативдик баалоо

3

Жаңы билимди калыптандыруу этабы

(15 мүнөт)

Окуучуларга тема боюнча маалымат берет.


Текст – Бул бастырылган, жазылган же оозеки формадагы ар кандай сөз түрүндөгү билдирүү.

Документ - тексттик редактордун жардамы менен түзүлгөн каалаган текст жана ага тексттик эмес маалымат (графикалык) камтылат.



Тексттик документтер:

  • Статья

  • Доклад

  • Чыгарма

  • Ыр

  • Кулактандыруу

  • Чакыруу


Компьютерде документти даярдоо бир нече этаптан турат: текстти киргизүү, редактирлөө , форматтоо жана печатка жиберүү.


Редактирлөө - бул терилген текстке өзгөртүүлөрдү киргизүү. Көпчүлүк учурда ката терилген символду, сөздү, сапты өчүрүүгө, бир символду экинчи символго алмаштырууга , жазылбай кеткен символду, сөздү, сапты коюуга туура келет.


Форматтоо – тексттин ар түрдүү бөлүктөрүн кандайдыр бир эрежелер боюнча керектүү түргө келтирүүнү түшүнөбүз, форматтоодо тексттин өзү өзгөрбөстөн, анын тышкы көрүнүшү гана өзгөрөт.




Тема боюнча түшүнүк алышат.

Microsoft Word программасынын куралдары менен таанышышат.

НК1

ПК1

Текст боюнча маалыматтар менен камсыз болуусу уюшулат.

4

Жаны теманы бышыктоо

(10 мүнөт)



Теманы бышыктоого карата окуучуларга тапшырма берилет.


Жаңы документ ачып, атыңызды, фамилияңызды жана сүйүктүү хоббиңизди жазыңыз.

Андан кийин текстти форматтаңыз:

  • Шрифттин түсүн көк кылыңыз.

  • Шрифттин өлчөмүн 16 кылып коюңуз.

  • Текссти ортого тегиздеңиз.

  • Андан кийин файлды «Менин хоббим» деп жумушчу столго сактаңыз.

Окуучулар берилген тапшырманы аткарышып, бааланышат

НК2

ПК2



Калыптан. Баалоо


Кайтарым байланыш уюштурулат.


Жекече бааланышат.

5

Жыйынтыктоо

(2 мүнөт)

Тема бюонча түзүлгөн тесттер

Blooket сайтында оюн аркылуу берилет.




Окуучулар тесттерди тапшырып жеңүүчүлөр аныкталат.



НК3

ПК3

Кайтарым байланыш уюштурулат.

6

Баалоо

(1 мүнөт)


Баалоо критери боюнча окуучуларды упайларын эсептеп баа коет.







Ар бир окуучу озунун упайына жараша баа алат. Алган куралдарынын кызматын айтып беришет.

НК1

ПК1

Баалоо критерийине көңүл бурулат.

7

Кайтарым байланыш

(2 мүнөт)


Бүгүнкү сабактан алган маалыматтар боюнча пикирин суроо






Алган маалыматтарын

соц.тармактарындагы лайк, класс, коментарий аркылуу жооп беришет.

НК2

ПК2

Формативдик баалоо

8

Үй тапшырма

(1 мүнөт)


  1. Тексттик документ деген эмне?

  2. Текстти даярдоонун кандай этаптары бар?

  3. Текстти форматтоо жана редактирлѳѳ деген эмне?

Ушул суроолорго даярданып келесинер?

Суроолорго жооп жазып келишет.

Тапшырманы күндөлүккө жазышат.