Просмотр содержимого документа
«Тема: Озбекстан»
Өзбекстан
Өзбекстан (өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон же өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана(Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.
Географиясы
Чек аранын узундугу — 6221 чакырым.
Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).
Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары — +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура — -38°С.
Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан .
Географиясы
Чек аранын узундугу — 6221 чакырым.
Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).
Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары — +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура — -38°С.
Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.
Административдик-аймактык бөлүнүшү
Өзбекстан, Самаркан
Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан(картада - 14), облустардан (өзб. viloyat), айыл тибиндеги райондордон (өзб. tuman), шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору- Ташкен(картада - 1), борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.
- Анжыян облусу (2)
- Букар облусу (3)
- Жызак облусу (5)
- Кашка-Дарыя облусу (8)
- Навои облусу (7)
- Наманган облусу (6)
- Самаркан облусу (9)
- Сурхан-Дарыя облусу (11)
- Сыр-Дарыя облусу (10)
- Ташкен облусу (12)
- Баргана облусу (4)
- Хорезм облусу (13)
Калкы
2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% - шаар калкы, 49% - айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495,1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674,9 миң, каза болгондордун саны 145,0 миң адамды түзгөн.
Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.
- Мамлекеттик майрамдары
- 1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис «Майрамдык күндөр жөнүндө» законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.
- 1-январь — Жаңы Жыл,
- 14-январь — Мекенди коргоо күнү,
- 8-март — Эл аралык аялдар күнү,
- 21-март — Нооруз,
- 9-май — Жеңиш жана Ардак күнү,
- 1-сентябрь — Эгемендүүлүк күнү,
- 1-октябрь — Мугалим жана Устат күнү,
- 8-декабрь — Конституция күнү,
- Орозо айт жана Курман айт диний майрамдары.
- Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет.