СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Токтоболот Абдымомуновго 100жыл (Презентация)

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Токтоболот Абдымомуновго 100жыл

Кыргыз адабияты

Просмотр содержимого документа
«Токтоболот Абдымомуновго 100жыл (Презентация)»

Чүй областы Кемин району Алтымыш негизги мектеби Кыргыз тили жана адабият мугалими Орозобекова Жазгүл Айталиевна

Чүй областы

Кемин району

Алтымыш негизги мектеби

Кыргыз тили жана адабият мугалими

Орозобекова Жазгүл Айталиевна

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург ТОКТОБОЛОТ АБДЫМОМУНОВГО ЖЫЛ

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург

ТОКТОБОЛОТ АБДЫМОМУНОВГО

ЖЫЛ

Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу, коомдук ишмер. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу, коомдук ишмер. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

 1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.  1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.

1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.

Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат. Чыгармачылыгы

Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталат.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан.  Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан.

Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. Драматург бул кызматты 1959-жылдан 1971-жылга чейин аркалаган. Бул орунда буга чейин Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Азиз Салиев иштеп келген.

Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган.

Драматург бул кызматты 1959-жылдан 1971-жылга чейин аркалаган. Бул орунда буга чейин Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Азиз Салиев иштеп келген.

“ АБИЙИР КЕЧИРБЕЙТ” драмасы

“ АБИЙИР КЕЧИРБЕЙТ”

драмасы

"Абийир кечирбейт" - кыргыз адабиятынын мыкты чыгармаларынын бири. Драма 1962-жылы жазылып, алгачкы он беш жыл ичинде эле кыргыз сахнасында 400-жолку коюлушу белгиленген жана азыркы күнгө чейин улуттук сахнадан түшпөй келе жатат.

"Абийир кечирбейт" — адам абийири тууралуу, ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш, талкаланган тагдыр жөнүндө баяндаган драмалык чыгарма. Ал адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп, алардын өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалайт. Карама-каршы пикирлерди — сүйүү менен жек көрүүнү, ишеним менен чыккынчылыкты көрсөтүп берет. Драматург интеллигент жаштардын ички дүйнөсүн, психологиясын, нравалык, адамдык сапаттарын ачууга далалаттанат. Автор көбүнчө моралдык-этикалык тарапка басым жасаган.

Автордун бул пьесасы жолдуу болгон. Артынан эле

Автордун бул пьесасы жолдуу болгон. Артынан эле "Каркыралар кайтканда" (1965), "Сүйүү жана үмүт" (1966), "Бюро жүрүп жатат" (1968), "Жыгылган ооганга күлөт" (1968), "Ашырбай" (1980), "Жарыктык карыларым" (1980) ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлду.

Жеке сапаттары, адамдык касиеттери. Абдумомунов өзгөчө чечен, куюлуштуруп, угуп отургандарды муютуп сүйлөй билген киши болгон. Араздашып, бири-бирине бет карашпай калган жазуучуларды жараштырып койгон. Жаш драматургдарга, артисттерге, а түгүл режиссёрлорго да акыл-насаат айтып турган.

Жеке сапаттары, адамдык касиеттери.

Абдумомунов өзгөчө чечен, куюлуштуруп, угуп отургандарды муютуп сүйлөй билген киши болгон. Араздашып, бири-бирине бет карашпай калган жазуучуларды жараштырып койгон. Жаш драматургдарга, артисттерге, а түгүл режиссёрлорго да акыл-насаат айтып турган.

Ысымы унутта калган жок. Абдумомунов катуу ооруга чалдыгат да, ошол оорудан улам 1989-жылы – 67 жашында каза табат. Ал улуттук драматургияда кырк жылдай талыкпай иштөө менен аны нагыз профессионалдык деңгээлге көтөргөн. Ошону менен кыргыз театр өнөрүн бийиктетүүгө да салымын кошкон.

Ысымы унутта калган жок. Абдумомунов катуу ооруга чалдыгат да, ошол оорудан улам 1989-жылы – 67 жашында каза табат. Ал улуттук драматургияда кырк жылдай талыкпай иштөө менен аны нагыз профессионалдык деңгээлге көтөргөн. Ошону менен кыргыз театр өнөрүн бийиктетүүгө да салымын кошкон.

Азыр Академиялык улуттук драма театры анын ысымын алып жүрөт. Анын атында 1991-жылы драматургия жанрында мыкты чыгармаларды жазгандар үчүн эл аралык сыйлык негизделген. Бишкек шаарынын борборундагы көчөнүн бири анын ысымында.

Азыр Академиялык улуттук драма театры анын ысымын алып жүрөт. Анын атында 1991-жылы драматургия жанрында мыкты чыгармаларды жазгандар үчүн эл аралык сыйлык негизделген. Бишкек шаарынын борборундагы көчөнүн бири анын ысымында.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен Бүткүл союздук театрлар коомунун төрагасы Михаил Царев, атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, драматург Токтоболот Абдумомунов. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен

Бүткүл союздук театрлар коомунун төрагасы Михаил Царев, атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, драматург Токтоболот Абдумомунов. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен Санаалаш калемгерлер: Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен

Санаалаш калемгерлер: Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен

Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен КРдин эл жазуучусу украиналык кесиптештери менен. Москва шаары, 1960-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен

КРдин эл жазуучусу украиналык кесиптештери менен. Москва шаары, 1960-жыл.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.

Токтоболот Абдымомуновдун үй-бүлөсүнүн архивинен

Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.

2022-жылы Түрк дүйнөсүндө

2022-жылы Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп аталды. 2021-жылдын 16-сентябрында Өзбекстандын Хива шаарында маданият министрлеринин XXXVIII отурумуна Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кийинки жылды Токтоболот Абдумомуновго арноо демилгесин көтөргөн жана ага башка министрлер макул болгон.

Кыргыз эли үчүн жасаган эмгектериңизге таазим кылабыз!

Кыргыз эли үчүн жасаган

эмгектериңизге таазим кылабыз!