СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туштүк Батыш жана Алдыңкы Азия

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Туштүк Батыш жана Алдыңкы Азия»

Сабактын темасы: Түштүк-батыш жана алдыӊкы Азия.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк:

Окуучулар аймактын географиялык абалын аныктап, түштүк-батыш азиянын өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө менен менен түшүнүк алышат.

  1. Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулардын ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу жана карта менен иштөө жөндөмдүүлүгү артат

  1. Тарбиялык:

Окуучулар тыкандыкка, топто иштөөдө бири бирин сыйлоого , башка элдерди жана өлкөлөргө сый мамиле кылууга тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде

  1. Аймактын географиялык абалын

аныктап билишсе, түштүк-батыш азиянын өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүк алышса.

  1. Ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу жана

карта менен иштөө жөндөмдүүлүгү калыптанса.

  1. Тыкандыкка, топто иштөөдө бири

бирин сыйлай билүүгө , башка элдерди жана өлкөлөргө сый мамиле кылууга тарбияланышса.



Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн физикалык – географиялык картасы. Атлас, контур карта, интерактивдүү доска жана ТСО, онлайн https://biouroki.ru/, padlet, гугл форма платформасы

Сабактын ыкмасы: интерактивдүү

Сабактын жүрүшү: 1)Уюштуруу: Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү, 4 топко бөлүү: 1.Европа 2. Азия 3. Африка 4.Америка

2) Өтүлгөн теманы кайталоо, үй тапшырма текшерүү: Түш Европаныны жарым аралдарын, мамлекеттерин картадан көрсөтүү жана айтып берүү. 1-топ: Туш Европа жана Италия, 2-топ Пиреней жарымаралы жана Испания, 3-топ Аппенин жарым аралы жана Греция, 4-топ: Балкан жарым аралы жана өлкөлөрдүн окшоштугун.

Этаптары

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Жаңы тема

Түшүндүрүү

Мугалим окуучуларга суроо узатат: Азия канча жаратылыш аймакка бөлүнөт? Эн бийик жери жана эн жапыз жери кайсы?

Окуучулар аз убакыттын ичинде суроого жооп бериши керек. Биринчи жооп берген топ баалоо баракчасына упай топтойт.Сабак башталгандана бутконго чейин ар бир топ сабактагы активдүүлүгүнө баалоо баракчасы боюнча байкоо жүргүзүп, сабактын аягында бири бирине баа берет.

Мугалим сабактын темасын, максаттарын айтат жана түшүндүрөт. Тема боюнча кыскача маалымат берет.

Мугалим окуучулар менен бирге Түштүк батыш азиянын географиялык абалын слайддан көрсөтүлгөн картадан аныкташат.

Кайсы дениздер менен чулганат деген суроо менен кайрылып, окуучулар менен бирге аныктайт. Бул аймакка жаратылыш шарттары бирибирине окшош келген аравия жарым аралы, кичи Азия , Армян жана Иран тайпак тоолору кирээрин айтат. Евразиянын кыймылдуу зоонасынан орун алган, Алар жаны тоолор системасына киришет. Жер титироолор коп болуп турат.

Климаты кургак жана жаан-чачын аз жаагандыктан чолдөр менен жарым чолдор кенири тараган. Слайддан Руб-Эль- Хали чөлү көрсөтүлөт.

Бул аймакта негизинен мусулман динине кирген элдер басымдуулук кылат.Эн чон байлыгы нефть менен газ.

Региондо Туркия,Иран,Ирак, Сауд Аравия, Израиль, Сирия сыяктуу бир нече өлкөлөр орун алган(19 олко бар). Тез өнүгүп келе жатканы Туркия,Израиль жана Иран,Ирак. Аларды картадан көрсөтүп белгилейт.

Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшөт.


Окуучулар мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет.

Түштүк батыш жана алдынкы Азиянын географиялык абалын аныкташат жана чулгап турган дениздерди картадан көрсөтүп беришет.

Теманын үстүнөн чыгармачылык менен иштей алышат. Түштүк батыш жана алдынкы азиядагы өлкөлөрдү картадан аныктап билишет.Ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт.

Бышыктоо

Эки бөлүктүү күндөлүк 4 топко берилет.


https://padlet.com/aizadaturdubekovnakg/padlet-1sysa8m637ellp80



Окуучулар эки беттүү күндөлүк менен иштешет жана айтып беришет

Жыйынтыктоо

  • Тест менен иштөө: Берилген 6 суроого жооп беришет. https://forms.gle/nBbuc6HqBL51fkyB6


  • Карта менен иштөө:

1-топ дениздер,

2-топ өлкөлөр,

3-топ жарым аралдар,

4-топ тайпак тоолору

Окуучулар 2ден бир тест баракчаларын белгилешет жана топто талкуулашат.

Картадан көрсөтүшөт.

Үйгө тапшырма

Өлкөлөрүн толугу менен контур картага тушурүү,

борборлорун жазуу жана жаттап келүү,

кроссворд

Окуучулар кроссвордду иштейт

Баалоо

Ар бир топко берилген упайлар аркылуу топторго баа коюлат жана бири бирин баалайт.
















Тапшырмалар

Түшүндүрмө

1

Түштүк батыш жана алдынкы Азияга кайсы аймактар кирет.


2

Бул аймактагы чөлдөрдүн таралышына эмне себеп болот.








Тапшырмалар

Түшүндүрмө

1

Түштүк батыш жана алдынкы Азияда кайсы жарым аралдар жайгашкан.


2

Бул аймактагы ири чөлдөр кайсылар.








Тапшырмалар

Түшүндүрмө

1

Түштүк батыш жана алдынкы Азия кайсы дениздер менен чулганат.


2

Региондо кайсы өлкөлөр жайгашкан. Канча өлкө бар.












Тапшырмалар

Түшүндүрмө

1

Түштүк батыш жана алдынкы Азиядагы өнүккөн мамлекеттер.


2

Региондо кайсы дин үстөмдүк кылат жана кайсы элдер отурукташкан.




Тест

  1. Түштүк - батыш жана алдынкы Азиянын аянты канча?

а) 7,8 млн км 2 б) 6,8 млн км 2 в) 5 млн км 2 г) 4 млн км 2

2. Түштүк - батыш жана алдынкы Азияда канча тайпак тоо бар.

а) 1 б) 2 в) 3 г) 4

3. Аравия жарым аралынын борбордук жана түштүк бөлүгүндөгү жайкы жогорку температура?

а) 250 б) 300 в) 350 г) 550

4. Түштүк - батыш жана алдынкы Азиянын климаты кандай?

а) нымдуу б) кургак в) мээлүн г) тропиктик

5. Түштүк - батыш жана алдынкы Азиянын эн негизги байлыгы?

а) нефть жана газ б) жер ресурсу в) суу г) кара металл

6. Калктын жогорку жыштыгы кайсы региондо?

а) дарыя жана дениз жээктеринде б) оазистерде

в) чон шаарларда г) бардык жерлерде