СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ушакчылык чагымчылык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Ушакчылык чагымчылык»

УШАКЧЫЛЫК, ЧАГЫМЧЫЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар ушакчылык, чагымчылыкжаман сапат экендигин билишет. Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ушакчылык –бул эң жамандалган сапаттардын бири болуп саналат. Элибизде сѳз бар эмеспи “Эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген” деген сыяктуу. Бул ушакчыларга тиешелүү макал. Ушакчы адам бирѳѳдѳн уккан сѳздү экинчиге жеткирип, анын сѳзүн кайра башкага жеткирип турат. Ага адат болуп калган жумуш. Элибиз бекеринен “Ушакчыдан безе кач”, “Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы”, “Ушакчыда уят болбойт” деген сѳздѳрдү айтышпаса керек. Булардын ар биринде чындык бар, ушакчылар уят-сыйытты жыйыштырып коюшат. Күнүмдүк турмушубузда ушакчылардын кесепетинен жакын достор, жубайлар ажырашып ынтымак бузулганын да учуратып жүрѳбүз. Айтылган ушакка ишенип, артынан сүрүштүрүү туура эмес. Анткени, ушактын түбү жок болуп чыгат.

Ал эми чагымчылык –ушакты жеткирген соң улантылат. Чагымчы ошол ушактын негизинде эки адамды бири-бирине кайрап, ортого от жакканга, араны алыстатканга аракет жасайт. Бул дагы эң ыплас сапаттардан болуп саналат. Сыйкырчы канча жыл аракет кылып буза албаган нерсени, чагымчы бирпаста бүлүндүрүп жиберет. Ушунчалык жийиркеничтүү, кечирилгис чоң күнѳѳ.

Албетте, окуучум, бул сапаттардан арылууга, алыс качууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эң орчундуусу сага ишенип айткан, бирѳѳнүн сырын башка адамга жеткирбеш керек. Сыр сактай билгенге үйрѳнѳлү. Эки адамды бири-бирине жамандап, кайраштыруудан оолак бололу. Бирѳѳнүн айтып келген ушагын укпайлы, чагымына ишенбейли. Ар бир ишти талдап, ойлонуп туруп анан жасайлы.

2-кадам: Мугалим окуучуларды текст менен тааныштырат. Жалпы класста талкуулашат.



Чагымчынын жазасы

Байыркы заманда акимдерден бири ууга чыгып,аны менен чогуу ууга чыккандар бир жерге келип ѳргүштү. Бардыгы тең ѳз иши менен алек болгон кезде аким ѳз ат багарын жанына чакырып:

-Сени менен бирге ат чабууну кѳптѳн бери арзуу кыламын, кимибиздин атыбыз учкаяктыгын билүүнү каалаймын, - деди.

Атбагар макул болуп, атына минип экѳѳ чаап жѳнѳдү. Аң уулаган жерден кѳп эле алыстап узакка кетишти. Аким атынын башын тартып, атбагарга токтоого буйрук берди, анан аны жанына олтургузуп:

-Эй, атбагарым, кѳңүлүмѳ келген бир пикирди айтмакчы болуп, сени менен бирге ушул жерге чейин чаап келдим. Кѳпчүлүктүн ичинен сага ишенгенимден, сырымды бир гана сага баян кыламын, этият болгун, эч ким сезбесин, - деди.

Атбагар ага таазим кылып:

-Сиз канчалык мага ишенген болсоңуз, сырыңызды дагы ошончолук даражада эч кимге ашкере кылбаймын. Эч ким эч нерсе билбейт, - деп акимге убада берди.Аким атбагардын сѳзүнѳ курсант болуп, кѳңүлүндѳгү түпѳйүл сырды ага ачык айтты:

-Инимдин ушул азыркы учурдагы жасап жаткан аракеттеринен күмѳндѳнүп калдым, мени ѳлтүрмѳкчү болуп жатса керек. Ошол себептүү мен инимди жок кылмакчымын. Сен менин жанымдан алыстабай мени күзѳтүп жүргүн.

Атбагар акимдин бул купуя сырын сактоого, акимдин ѳзүн дайыма кѳзѳмѳлгѳ алып күзѳтүүгѳ убада берип, касам ичти. Аким аңчылыктан кайтып ѳз сарайына кирери менен эле атбагар бапасыздык кылып, кыянат кѳчѳсүнѳ кадам койду. Убакыт таап акимдин инисине укандарын түгѳлдѳй баян кылды. Акимдин иниси бул чагымчы атбагардан курсант болуп, ага насыя тартуулар менен убадаларын айтты.Акимдин иниси жакшы амал менен ѳзүн асыроочу. Арадан кѳп убакыт ѳтпѳй, аким дүйнѳдѳн кайтты. Анын ордуна иниси аким болду. Ал тезинен атбагарды дарга асууга буйрук берди. Чагымчы атбагар ѳзүнүн жасаган кызматын сүйлѳп, кѳп жолу жалынып-жалбарса дагы жаңы аким ага кулак салбай:

-Сырды ашкере кылуудан, чагымчылыктан ѳткѳн жаман күнѳѳ жок. Агам сага ишенип сырын айтты, сен кыянаттык кылып, анын сырын ашкере кылдың, мага келип чагым салдың. Агама бапаа кылбаган адам, мага бапаа кылмак беле? Мына эми чагымчылыгыңдын жазасын тартып, “сыйын” кѳр! –деп дарга астырды.

Суроолор:

  1. Ушакчылык сапатты кантип жоюуга болот?

  2. Турмушта чагымчы адамды учураттыңбы?

  3. Акимдин сырын атбагар эмне үчүн сактай албады?

  4. Ѳлүмдѳн калышына себепкер болгон атбагарды эмне үчүн дарга астырды?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Чагым –ѳлтүрѳт, мактоо –жеткирет.



Ушакчыны жолотпогун жаныңа,

Сырыңды жайып салат баарына.



Ушак-айың кеп уксаң, кѳңүлүңдү аздырба.



Ушакчыны узатпайт,

Элдер аны тузактайт.


Ушактын түбү жок.



Ушакчынын оозу тынбайт.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Ушакчы” деген темада кѳркѳм чыгарма жараткыла.

  2. Залкар ойлорду талкуулагыла.

  3. Ушакчылык, чагымчылык сапаттардан арылуунун жол-жобосун иштеп чыккыла.























3