Просмотр содержимого документа
«Үзүндүлөрдү көркөм айтуу»
Жээгинде жекен бүрдөгөн.
Чалкыган Ысык-Көлүм ай.
Чалкайган кайран жерим ай.
Кайрылбай кеткен кегим ай.
Көргөндө көңулүм тойчу эле,
Көңкү кыргыз элим ай.
Баатырлардын башында ,
Кайраным Өмүр келбеди.
Кургурум деп көз жаштап,
Өлөрдө көзүм көрбөдү.
Кар күрөп, музду талкалап,
Өз колу менен көмбөдү.
Курдаштын сыйын буюрбай,
Куруган жашым мөгдөдү.
Калтырбай катка жазууга,
Кармабай өттүм каламды.
Кайрылбай кеткен кургурдан,
Калкыма айткын саламды.
Этеги жок , жеңи жок,
Энсиз көйнөк кийди де!
Эшиги жок , төрү жок,
Темир торго кирди де.
Кылыч кеспей , ок тешпей,
Көргө жакын келди де.
Адамды мен ыйык көрдүм, сыйладым,
Адам үчүн жан оорутуп ыйладым.
Адамдарга сактабадым кегимди,
Аларга мен акаарат да кылбадым.
Өңү суук ажал келип жулунуп,
Айласыздан калса көзү жумулуп.
Адамдарга аруу кетет ыйманым,
Мен хан болдум тактысыз да, таажысыз,
Мен жан болдум бактылуу да, бактысыз.
Бул дүйнөдө жакшы болбойт, жамансыз,
Бул дүйнөдө жаман болбойт, жакшысыз.
Шаттуу күндөр шашып өттү тыз коюп,
Муңдуу күндөр демди бууду ыш болуп.
Адегенде Маматбектин кызы элем,
Акырында калдым калкка кыз болуп.
Журт ач болсо кантип өзүм тоё алам,
Калк көңүлү тоңуп турса кыш болуп?
Өмүр даамы кантип келсин балдарсыз,
Мен балдарсыз мөгдөмөкмүн дармансыз.
Күч беришти балдарым да, калкым да,
Күн көрбөдүм мен калкымдан жардамсыз.
Жаратпай калсын жалгызды,
Жалгыз адам жалдырап,
Алдырат экен намысты.
Атам какбаш бербеди,
Чаалыкпас Тору ат чалышты.
Кайрылбады кантейин!
Ат бербеген капыр чал,
Алты ай кесер оорусун,
Аргымагын Тору атты,
Кулдарың минип жоорутсун.
Маа бербеген Телтору ат,
Кара ашыңа союлсун.
Маа бербеген олпогуң,
Дооронуңа коюлсун.
Көрүстөнүң төбөсү,
Эки күн калбай оюлсун...
Маа бербеген тулпарың,
Көр байгеге чабылсын.
Маа бербеген олпогуң,
Сөөгүнө жабылсын.
Маа арнаган каргышың,
Өз башыңа табылсын.