Биология предмети: Витаминдер 8-класс
Жалал-Абад облусу
Чаткал району
Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби
Биология мугалими:
Ашырбекова Махабат Эркиновна
Сабактын максаты:
- Витаминдер жана алардын организмдеги мааниси жөнүндө түшүнүшөт.
- Витаминдерди окуп үйрөнүү менен ден соолукка кам көрүүгө жана туура тамактанууга үйрөнүшөт.
Авитаминоз
Гипервитаминоз
Витаминдер жөнүндө маалымат
Гиповитаминоз
С витамини
витамини:
бул карагатта, ит мурунда,калемпирде, лимондо, апельсинде,сарымсакта, помидордо жана көптөгөн мөмөлөрдө, жашылчаларда болот
С витамининин мааниси.
Эгерде С витамини жетишсиз болсо анда адам цинга оорусуна чалдыгат. Суткасына 50-70мг С витаминин алып туруу керек.
А витамини
витамини: сабизде, помидордо, калемпирде ошондой эле балыктын майында, жумуртканын сарысында, боордо, бөйрөктө жана сүттө көп кездешет.
А витамининин мааниси.
Витамин А -химиялык курамы жагынан каротин затына окшош.Каротиндин
А витаминге айлануусу ичегинин керегелеринде жана боордо өтөт. А витамини жетишсиздигинен көздүн сырткы тунук чели, териси, дем алуу жолдору жабыркайт.Адам суткасына 1мг А витаминин алып туруусу керек.
В тобундагы витаминдер.
тобундагы витаминдерге В 1, В 2 , В 6 , В 11 , В 12 кирет. Бул витаминдер пиво ачыткысында, буурчакта, сабизде жана капустада көп.
В витамининин мааниси
Бул витаминдер жетишсиз болсо адамдын көрүүсү начарлайт, ооз көңдөйүнүн былжыр чели, нерв системасынын функциялары начарлайт, кыймыл аракетине доо кетет.
D витамини
витамини: балыктын майында, боордо, жумуртканын сарысында, күндүн нурунда көп.
D витамининин мааниси.
Бул витамин күндүн ультракызгылкөк нурларынын жардамы менен организмдин терисинде пайда болот. Тамакта Д витамини жетишпесе, балдар итий оорусуна чалдыгат. Ооруган балдардын сөөктөрүндө кальций жана фосфор туздары аз болот.
Жаш балдарга витаминдердин зарылчылыгы.
Витаминдер көбүнчө жаш балдардын жакшы
өсүшүнө, тиричилик
аракетине, көптөгөн
ооруларга туруктуулугун
күчөтүүгө өтө керек.
Мындан тышкары акыл
эсинин калыптануусуна
таасирин тийгизет.
Тамак-ашта витаминдердин сакталышы.
Организмге витаминдер дайыма үзгүлтүксүз, жетишерлик өлчөмдө кабыл алынып турушу зарыл. Айрым учурда тамак-аш аркылуу организмге кабыл алынган витаминдер аздык кылат. Тамак ашты даярдаганда жана узак убакыт сактаганда витаминдер бузулат.
Бышыктоо үчүн таршырмалар. Төмөнкү мөмө-жемиштерди пайдаланып витаминдерди классификалоо.
Гиповитаминозго чалдыккан адам тез чарчайт, алсырайт. Жазында көп кишилер гиповитаминозго дуушар болот. Мына ушул нерселердин себебин түшүндүрүп бергиле.
Тесттик тапшырмалар:
- Азыркы мезгилде адамдын организминде канча витамин бар экендиги аныкталган?
а). 10. б). 15. в). 20.
- Адам баласы суткасына канча өлчөмдө витамин алып турушу керек?
а). 100-70мг. б). 50-70мг. в). 10-50мг
- Организмге витаминдердин жетишсиздиги кандай ооруга алып келет?
а). авитаминоз. б). гиповитаминоз в).гипервитаминоз.
- Эгерде организмде Д витамини жетишпесе кандай оору келип чыгат.
а). цинга. б). күүгүм каарыкма. в).итий
Үйгө тапшырма.
Адам баласынын жашоосу өз нугунда өтүп, ден соолугу жакшы болушу үчүн, адам баласы эмне кылуу керек?
Витаминдерди көбүрөөк сакташ үчүн, тамакты кантип даярдаш керек?