СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жайкы лагердин ценарийи

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жайкы лагердин ценарийи

Просмотр содержимого документа
«Жайкы лагердин ценарийи»

Окуу жөндөмүн жогорулатуу боюнча USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында

сабаттуулук күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чаралар

Иш-чаралар өткөрүлө турган жер:

Катышуучулар: 1-4 класстардын окуучулары, ата-энелер, китепканачылар.

Иш-чаранын максаты: окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, ата-энелерди үй-бүлөлүк окуу каражаттары менен тааныштыруу жана мугалимдердин долбоор алкагында иштелип чыккан материалдарды колдонуусун көрсөтүү аркылуу балдардын китепти сүйүү сезимин бекемдөө максатында жыл сайын 8-сентябрда өткөн Эл аралык сабаттуулук күнүн «Келгиле, окуйбуз!» долбооруна катышкан мектептерде белгилөө.

Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чаралардын сценарийи.

1 вариант

Жаккан чыгармалар боюнча викторина


Катышуучулар: 4-класстардын окуучулары.

Максаты: Өтүлгөн материалды бекемдөө жана окуучулардын окуган чыгармаларды түшүнүүсүн аныктоо.

Күтүлгөн натыйжалар: окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • окуган чыгарманын картасын түзүү;

  • фразеологизмдердин маанисин аныктоо;

  • жаңы сөздөрдү оозеки кебинде колдонуу жана алар менен сүйлөм түзүү.

Аткаруу тартиби

1-кадам. Алып баруучу катышуучулар менен учурашып, Эл аралык сабаттуулук күнү менен төмөнкүдөй куттуктайт: «Эл аралык сабаттуулук күнү ЮНЕСКОнун чечими боюнча 1966-жылдан тартып, жыл сайын 8-сентябрда белгиленет. Балдар, «сабаттуу адам» деп кимди айтабыз? Туура, окуганды жана жазганды билген адамды сабаттуу адам дейбиз. Окуп, жазганды үйрөнгөн адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө, азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча 4 миллиарддан ашык адам сабаттуу деп эсептелет. Бирок 860 миллиондон ашык чоңдор сабатсыз болуп, 100 миллионго жакын балдар мектепке барышпайт. Ошондуктан, биздин милдетибиз – туура окуганды жана жазганды үйрөнүү. Бүгүн Сабаттуулук күнүн, жайкы каникулда окуган китептерди талкуулап, викторина өткөрүү менен белгилейбиз. Бизде үч класстан турган үч топ бар. Катышуучуларды өз топторунун аттарын жарыялоо үчүн чакырам».

2-кадам. Мугалим номер коюлган төрт текстти көрсөтөт. Жюри, чучукулак аркылуу, окула турган китепти/текстти аныктайт. Андан кийин мугалим аныкталган текстти окуучуларга эки жолу окуп берет. Уккан чыгарманын негизинде, окуучулар чыгарманын картасын түзүшөт.


Жюри үчүн баалоо критерийлери (тапшырманы аткарууга чейин катышуучуларга жарыяланат):

  • окуянын ырааттуулугу;

  • окуянын башы жана аягы;

  • картанын кооздугу;

  • топтун бардык мүчөлөрүнүн катышуусу.

Топтордун иштери, критерийлер боюнча баалоо үчүн, жюриге тапшырылат.

3-кадам. Андан кийин, алып баруучу топторго сүрөттөрдү таратып, тиешелүү фразеологизмдерди аныктап, маанисин чечмелеп, сүйлөм түзүүлөрүн өтүнөт.

Жюри үчүн баалоо критерийлери (тапшырманы аткарууга чейин катышуучуларга жарыяланат):

  • сүрөттөргө тиешелүү фразеологизмдерди аныктоо;

  • фразеологизмдердин маанисин туура чечмелөө;

  • фразеологизмдер менен үч сүйлөм түзүү.

4-кадам. Жаңы сөздөрдү колдонуп, сценка көрсөтүү

Алып баруучу топторго сөздөрдүн тизмесин берип, турмуштан алынган окуяны сахналаштырууну же аңгеме түзүүнү өтүнөт.

Катышуучулар 10 минут ичинде сценкага даярданышат, андан кийин сахнада сценкаларын көрсөтүшөт.

5-кадам. Жыйынтыктоо

Жюри топтордун иштерин баалап, жеңүүчүлөрдү аныктайт.













5 мин.














15 мин.



























10 мин.









30 мин.

Иш-чаранын жабылышы (USAIDдин же долбоордун өкүлдөрү).


5 мин.

2 вариант

Китеп кербени


Китепкананын короосунда төмөнкүлөр боюнча мастер-класстар өтө турган аянтчалар уюштурулат:

  • чий-куурчак жасоо;

  • чакан китепчелерди жасоо;

  • окурмандын театры;

  • таштын бетине сүрөт тартуу, белгилүү чыгармалардын каармандарынын сүрөттөрүн боёо;

  • кинетикалык пластилин менен иштөө.

Ошондой эле аянтчада балдар үчүн жаңы китептердин көргөзмөсү уюштурулат. Долбоорго катышкан мектептердин окуучулары каалаган мастер-класстарга катышып, жасалгаларын жасап, кандай таасир алгандары жөнүндө ой-пикрилери менен бөлүшүшөт, ж.б.


Мастер-класстар өткөрүү учурунда, китепканачылар менен окуучулардын (китепкананы активдүү колдонгон) тобу, жомоктор боюнча чакан сахналаштырылган сценка көрсөтүшөт.

Театрлаштырылган көрсөтүүдөн кийин китепканачы бул чыгарма боюнча викторина өткөрөт, суроолорго туура жооп берген окуучулар сыйланат (викторина 12 суроодон турат).

60 мин.

3 вариант

«Биз сабаттуу балдарбыз!» майрамы


1-кадам. Алып баруучу катышуучулар менен учурашып, Эл аралык сабаттуулук күнү менен төмөнкүдөй куттуктайт: «Эл аралык сабаттуулук күнү – Биргелешкен Улуттар Уюмунун системасында белгиленген эл аралык күндөрдүн бири. 1965-жылы Тегеранда өткөн «Сабатсыздыкты жоюу боюнча билим берүү министрлеринин дүйнөлүк конференциясынын» сунушу боюнча 1966-жылы ЮНЕСКО тарабынан негизделген. Балдар, «сабаттуу адам» деп кимди айтабыз? Туура, окуганды жана жазганды билген адамды сабаттуу адам дейбиз. Ал эми «чала сабаттуу» деп кимди айтабыз? Окуганды гана билген адамды чала сабаттуу дейбиз. Эмне үчүн сабатуу болуу маанилүү?»

Окуучулардын жоопторун угат.

«Окуп, жазганды үйрөнгөн адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө, азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча 4 миллиарддан ашык адам сабаттуу деп эсептелет. Бирок 860 миллиондон ашык чоңдор сабатсыз болуп, 100 миллионго жакын балдар мектепке барышпайт. Ошондуктан биздин милдетибиз – туура окуганды жана жазганды үйрөнүү».

Андан кийин, алып баруучу мектепте бүгүн төрт станция иш алып барарын жарыялайт:

1-станция: китепкана (1-класс);

2-станция: сөздүк викторинасы (2-класс);

3-станция: сырдуу ребус (3-класс);

4-станция: окурмандын театры (4-класс).

25 мин.

1 станция: Китепкана


Катышуучулар: 1-класстын окуучулары.

Максаты: Окуучуларды китепкананын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу.

Күтүлгөн натыйжалар: окуучулар:

  • китепкананын функцияларын билишет;

  • китепканага каттала алышат.

Аткаруу тартиби

1-кадам. Китепканачы 1-класстын окуучуларын китепканага чакырат. Китепкананы көрүү учурунда китепканачы окуучуларга анын кандай уюштурулганы, окуучулар кандай китептерди таба алары, иштөө убактысы, китеп алуу үчүн эмне кылуу зарыл экендиги, текчелерде китептер кандай сакталары, китептерди кандай кароо жана сактоо тууралуу айтып берет.


2-кадам. Андан кийин китепканачы бир китепти окууну сунуштайт. Окуучуларды тегерете отургузуп, «окуганга чейин-окуу учурунда-окугандан кийин» ыкмасын колдонуп, китеп окуп берет.


Окуганга чейин:

  1. Китептин мукабасында эмне тартылып турат?

  2. Китеп эмне жөнүндө деп ойлойсуңар? Эмнеге китеп … жөнүндө болот деп ойлойсуңар? (Китепканачы «Эмнеге…», «Аны кантип элестетесиңер?» «Сүрөттө эмнелер бул тууралуу айтып турат?» ж.б.у.с тактоочу суроолорду берүүсү мүмкүн).

Окуу учурунда:

Андан кийин китепканачы чыгарманы окуйт жана окуу учурунда токтоп, окуучулардын түшүнүүсүн жана андан ары боло турган окуяларды божомолдоо үчүн төмөнкү суроолорду берет:

  1. Эмне үчүн… деп ойлойсуңар?

  2. Силер ... белеңер?

  3. Мындан ары эмне болот деп ойлойсуңар?

  4. Башкы каарман … эмне кылат/дейт?

Окуучулардын жоопторун угуп, китепканачы чыгарманы андан ары окуйт.

Окугандан кийин:

Чыгарманы окугандан кийин, китепканачы окуучуларга төмөнкү суроолорду берет:

  1. Силердин божомолуңар туура болуп чыктыбы?

  2. Бул окуя менен автор эмнени айткысы келген?

  3. Эмне үчүн башкы каарман ...?

  4. Башкы каармандын ордунда болсоңор, силер эмне кылат элеңер?

3-кадам. Китепканачы окуучулардын жоопторун угат. Мындан кийин китепканага келип, китеп окуй ала тургандарын айтат.

45 мин.

2-станция: Сөздүк викторинасы


Катышуучулар: 2-класстын окуучулары.

Максаты: окуучулардын сөз байлыгын өркүндөтүү.

Күтүлгөн натыйжалар: окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • жаңы сөздөрдү кайра айтып берүү;

  • логикалык ой жүгүртүү, тапкычтык, интеллектуалдык, үйрөнүү, эске тутуу жана көңүл буруу жөндөмүн өркүндөтүү;

  • сөз байлыгын кеңейтүү.

Аткаруу тартиби

1-кадам. Мугалим жомоктордун аттары, башкы каармандары жана жомоко тиешелүү сөздөр катылган филворддорду (кроссворддорду) даярдайт.

2-кадам. Мугалим топтордун (5 топ) баарына чакан таблицаларды таратат. Ар бир топ болушунча көп жомоктордун жашырылган аттарын жана аларга тиешелүү сөздөрдү табууга аракет кылат.

Мисалы:

Багыт берүү үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу мүмкүн:
- Бул жомоктун каарманы коёндон, карышкырдан, аюудан качып, ал эми түлкүдөн кача албай калат (көмөч нан).
- Биринчи анын ичине чычкан жашай баштайт, андан кийин – бака. Бардыгы болуп беш жаныбар жашайт (теремок).
- Бул жомокто абышка жашылча отургузат, бирок кийин аны өзү жалгыз жерден жула албайт (репка).
- Бул жомоктун каарманы оттун үстүнөн секиргенде эрип кетет (аяз кыз).
- Кайсы жомокто каардуу өгөй эне өгөй кызынан кутулуу үчүн күйөөсүн кызды талаага суук жерге таштап кетүүгө буйрук кылат (бороон)? (морозко).


3-станция: Сырдуу ребус


Катышуучулар: 3-класстын окуучулары

Максаты: окуучулардын сөз байлыгын кеңейтүү

Күтүлгөн натыйжалар: окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • сөз байлыгын кеңейтүү;

  • окуганын түшүнүү үчүн кайра элестетүүнү колдонуу;

  • сөздүн көп маанисин аныктоо;

  • чыгарма боюнча ресурстарды түзүү.

Аткаруу тартиби

1-кадам. Мугалим окуучуларды (3–5 окуучудан турган) чакан топторго бөлүп, ар бир топко ватман барагын берет. Топтор ал баракка тандалган жомокту (аңгемени) жазышат. Текстти жазуу үчүн ачык түстүү фломастер колдонуу керек. Текст чоң тамгалар менен жазылат (3 см жакын бийиктикте), ыңгайлуу иштөө үчүн саптардын арасында жетиштүү аралык калтырылат. Алдын ала тексттин көчүрмөсүн басып чыгарып, алардын саптарын окуучулар менен чогуу кесип алып, чоң баракка жабыштыруу мүмкүн.

2-кадам. Мугалим окуучуларга жомоктогу кээ бир сөздөрдү сүрөттөр менен алмаштыруу тапшырмасын берет. Бала үчүн тапшырма – тексттеги бардык зат атоочторду (сын атоочторду, этиштерди) сүрөттөр менен алмаштыруу.

Зат атоочторду алмаштыруу эң оной, бирок сын атоочторду же этиштерди алмаштырып көрүүнү да сунуштаса болот. Ар бир топ сүрөт тартуу үчүн болжол менен 10-12 даана барак алат.

3-кадам. Мугалим жомокту үн чыгарып окуп баштардан мурда, окуучулардан сүрөтүн тартууну каалаган сөзгө жеткенде аны токтотууну суранат. Мисалы, эгер мугалим «Үч торопой» жомогун окуп жатса, окуучулар биринчи сүйлөмдөн кийин дароо мугалимди токтотуусу мүмкүн, анткени алар торопойлордун сүрөтүн тартууну каалашат. Башка сөздөрдү жаап калбоосу үчүн сүрөттөрдүн өлчөмү чакан болушу керек.

4-кадам. Кандайдыр бир топ сөздү тандагандан кийин, анын сүрөтүн тартуу үчүн убакыт берилет (карточкалар жана түстүү карандаштар менен иштөө). Окуучулар сөздүн сүрөтүн тартып жатканда мугалим улам токтоп, текстти окууну улантат. Бардык тандалган сөздөрдүн сүрөттөрү тартылгандан кийин, мугалим балдардан тарткан сүрөттөрдү алмаштырылуучу сөздөрдүн үстүнө чаптоо тапшырмасын берет.

5-кадам. Бардык сүрөттөр жайгаштырылгандан кийин, ар бир топ ар бир сүрөткө келгенде тыным жасап, текстти окуйт.

10 мин.


4-станция. Окурмандын театры.


Катышуучулар: 4-класстын окуучулары.

Максаты: Окуганын түшүнүү көндүмүн өнүктүрүү.

Күтүлгөн натыйжалар: окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • сценка аркылуу окуганын көрсөтүү;

  • сөз байлыгын кеңейтүү;

  • оозеки кебин өнүктүрүү.

Аткаруу тартиби

1-кадам. Ата-энелер балдары менен чогуу жайында окуган чыгарманы/жомокту талдашып, заманбап шарттарга ыңгайлаштырышат.

2-кадам. Ата-энелер балдарына сценка үчүн декорацияларды даярдоого жардам беришет.

Теремок на новый лад

Действующие лица:

Сказочница

Наталья Мальцева (ведущая программы «Квартирный вопрос»)

Теремок

Мышка

Лягушка

Заяц

Лиса

Волк

Ведущий программы «Школа ремонта»


  1. Выходят теремок и сказочница.

Сказочница:

Стоит в поле теремок-теремок,

Он не низок, не высок-не высок.

Нам подходит в самый раз.

Мы с него начнем рассказ.

Теремок-то непростой,

Фешенебельный, крутой.

Восемь комнат, будуар,

Джакузи и спортивный зал,

Три столовых, два балкона.

Для райской жизни все готово!

Однако ж…

2. Выходит ведущая «Квартирного вопроса» Наталья Мальцева

Н. Мальцева: Здравствуйте, дорогие телезрители. Это программа «Квартирный вопрос» и я – ее ведущая Наталья Мальцева. Сегодня мы переделываем Теремок для семьи из пяти … ээээ … человек. Хотя, если честно, это не люди, это звери какие-то! Ну, сами посудите: мышка-норушка, лягушка-квакушка, зайчик-побегайчик, лисичка-сестричка, волчок-серый бочок. Наши герои устали жить «в тесноте, да не в обиде» и позвали нашу съемочную группу. И вот мы приехали, чтобы изменить это пространство, сделать его модным, стильным и комфортным.


Теремок: Стоп, стоп, стоп… Позвольте, уважаемая… А пространство вы спросили, хочет ли оно, чтобы его делали модным и стильным? Знаем мы вас! Раскрасите мои стены в черный горошек, повесите на потолок дверцу от холодильника! А мне с этим жить…


Н. Мальцева: Ну, про дверцу холодильника вы загнули! Такого никогда не было и не будет! Мы просто снесём пару балконов, объединим кухню с туалетом, покрасим все это в оранжевый цвет. Или в малиновый! Вам какой больше нравится?


Теремок: Никакой не нравится!!! Вот скажите, кто? Кто этот предатель, написавший вам письмо? (хитро) Мышь? (криком) Мыыыыыышь!!!


Выходит мышь, она пытается тащить огромный кусок сыра, у нее это плохо получается, сыр постоянно перевешивает, мышь кидает из стороны в сторону.

Теремок: Твоих лап дело?

Мышка: Да ты что! Я ж и писать не умею!

Теремок: Не умеешь? А кто вчера записку в погребе оставил: (писклявым голосом) «Сыр съела не я, сыр съела лягушка!»

Мышка виновато опускает голову. Мальцева в это время осматривает помещение.

Мальцева: А хорошо у вас тут!

Теремок: Да. ПОКА у нас здесь хорошо…


Вбегает лягушка, постоянно оглядываясь, нет ли за не погони.


Лягушка: Ква-ква! Едва ноги унесла. Никогда больше не буду гулять возле французского ресторана.

Теремок: Ты зубы мне не заговаривай, лягушка! Ты письмо написала в Квартирный вопрос? Предательница! А ведь я пригрел тебя: мокрую, холодную, голодную… А ты!

Лягушка: Между прочим, я всегда по жизни мокрая, холодная и голодная, и ты к этому никакого отношения не имеешь! А письмо я не писала. Лень мне всякие письма писать. Я вон лучше мух половлю.


Лягушка уходит.


Мальцева: О! А давайте мы вам установим суперсовременную мухоловочную машину.

Теремок: Что? Посудомоечными уже удивить телезрителей не получается?


Входят Заяц с Лисой под руку.


Теремок: Дожили! Зайцы ходят под руку с лисами. Мир сошел с ума!!!

Лиса: Всем привет! По какому поводу собрание?

Мальцева: Да вот переделочку затеваем…

Заяц: Переделочку? Кого будем переделывать?

Теремок: Тебя, заяц! Покрасим тебя в оранжевый цвет. Или в малиновый! Тебе какой больше нравится?

Лиса (хлопает в ладоши): Ой, давайте в оранжевый! Будем с ним в одном цвете!

Мальцева: Не спорю, оранжевый заяц – это стильно, но мы переделывать будем Теремок.

Мышь: Да что ж вы к Теремку пристали! Идите к трем поросятам! У них те ещё домики: у одного из соломы, у другого из хвороста, у третьего каменный. В общем, никаких новых технологий!

Лиса: Да-да-да… Или избушку на курьих ножках переделайте. Куриные ноги – это уже немодно. Сделайте избушке нормальный фундамент! Баба Яга будет счастлива!

Заяц: Или в дом к трём медведям загляните. У них там маленькая девочка Маша ураганом прошлась. Мало того, что кашу всю без спросу съела, так еще и половину дома разнесла. Теперь ремонт делать надо. С нуля.


Входит волк. Он идет из глубины зала, со стороны зрителей, по дороге пожимая мальчикам руки, дергая девчонок за косички, дразнясь. В общем, хулиган, а не волк.

Звери хором: Явился!

Мальцева: Наверно, это Вы письмо на НТВ написали?

Волк: Это в «Кулинарный поединок» что ли?

Лиса: А ты и там отметился?

Волк: Ну да… Хотел шашлычки из Зайца на всю страну приготовить. Я умею…

Заяц (заикаясь от страха): Ой, у меня, кажется, молоко на плите убегает… Побегу, пожалуй, вместе с ним…

Убегает.

Теремок: Нет, мы сейчас про «Квартирный вопрос»

Волк: А… Да. И это я тоже.

Хором: Зачем?

Волк: Прославиться хотел…

Мышь: Да тебя и так все знают!!!

Теремок: Твое фото на каждом столбе висит, а внизу подпись: «Их разыскивает полиция»

Волк: Да? А зачем она меня разыскивает?

Лиса: Ты ж половину сказочных героев съел!

Волк: Но-но-но… Колобка съела ты!

Лиса: Ну, хорошо. Я колобка съела. Но остальных – ты!

Мальцева: Так за славой это не к нам! Это на Первый канал в «Минуту славы».

Волк: Да? Ну, тогда извините. Ложный вызов.

Мальцева: Ну что ж. Пойду тогда к трём поросятам, посмотрю, что там у них с домиками…

Уходит. Звери машут рукой. Лиса машет платочком.

Теремок: Уфффф… Пронесло! А то я уже представил дверцу от холодильника на потолке.

Лиса: Да уж. Жили раньше без холодильника, и дальше проживем…

Мышь: Ты у нас, Теремок, и так самый замечательный дом.

Волк: Ты – наша крепость и без всяких там переделок.

Звери: Мы тебя очень любим!

Теремок: Дорогие… Дорогие! И я вас очень лю…

Ведущий ТНТ: Здравствуйте! Это канал ТНТ, Программа «Школа ремонта». Сегодня мы займемся ремонтом одного сказочного домика. Имя ему…

Все герои: Бежи-и-и-и-и-и-и-и-и-и-им!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

Убегают за кулисы.

Ведущий ТНТ (разводит руками): Ну вот, хотел как лучше, а получилось как всегда…

Все актеры выходят на поклон.

20 мин.




Иш-чаралардын сценарийлери, Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин колдоосу менен иштелип чыккан, “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун модулдарынын негизинде түзүлдү. Иш-чаралардын сценарийлеринин мазмуну USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.