Просмотр содержимого документа
«Жалбырактын түр өзгөрүүсү жана түшүшү»
Биология 6-класс
Сабактын темасы: Жалбырактардын түр өзгөртүшү жана алардын түшүшү
Сабактын максаты:
- Жалбырактын түр өзгөрүүлөрүшүнүн өсүмдүк тиричилигиндеги ролу, жалбырак түшүү механизми , мааниси тууралуу билимдерге ээ болушат
- Жалбырактын түр өзгөрүүлөрүн бири биринен айырмалай алышат, жалбырактын түшүү механизмин ырааттуу өздөштүрүшөт
- Жалбырактын түр өзгөрүүлөрүн жана түшүшүн жаратылыштагы жана өсүмдүк тиричилигиндеги маанилерин үйрөнөт
Жалбырактын түр өзгөртүшү
- Жалбырактын түр өзгөрүүсү – метаморфоз
- Көпчүлүк бийик өсүмдүктөрдө жалбырак өзүнүн тышкы көрүнүшүн өзгөртүп, башка физиологиялык функцияны аткарууга ылайыкташкан. Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактары өзүнүн формасын өзгөртүп тикенге айланган. Мисалы, кактус, барбарис сыяктуу өсүмдүк жалбырактары коргоо милдетин аткарат. Илээшип өсүүчү өсүмдүктөрдө жалбырактар чырмоокторго айланган Пияз түп, капуста, алоэ жалбырактары эттүү болуп, өзүндө запас азык заттарды сактайт .
Үй шартында көбүнчө филодендрон, бегония рекс жана фикус деген өсүмдүктөрдү өстүрүшөт.
Бул өсүмдүктөрдүн мекени кайсы? Алардын сырткы көрүнүштөрүнө тиричиликтин кандай шарттары из калтырды?
Фикустун, бегониянын жана айрыкча филодендрондун ири жалбырактары нымды көп буулантышат. Бул өсүмдүктөрдүн мекени – ным өтө көп болгон тропик токойлору. Ошондуктан бул өсүмдүктөрдүн жалбырактары жазы жана ири болот.
Филедендрон
Бегония рекс
Фикус
Жалбырактын түр өзгөртүүлөрү
- Кургак жердин өсүмдүктөрүн деле сырткы көрүнүш боюнча билүүгө болот. Бул өсүмдүктөрдүн жалбырактары анчалык чоң эмес.
- Алардын жалбырактары нымдын бууланышын азайтууга ыңгайланышкан. Булар – жалбырактардын жыш болгон түктөрү, мом сыяктуу заттар менен жабылышы же болбосо тикенге же майда кабырчыктарга айланышы .
Жалбырактын түр өзгөрүүлөрү
Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактары алоэ же чырычтыкындай болуп эттүү жана чыктуу келет. Мындай эттүү жалбырактарда өтө суу сарпталбайт, жакшы сакталат. Жалбырактын түр өзгөрүшүнө алардын өскөн шарты себеп болот.
Жалбырактын түр өзгөртүшү
- Өсүмдүктүн жалбырактары көпчүлүк убакта кандайдыр бир жаңы ролду аткара баштагандыктан да, түрүн өзгөртүшөт.
- Непентестин жалбырагы идишке окшоп кетсе, росянка курт-курмурска кармоого ылайыктанган Булар ошол курт-кумурсканы соруп азыктануучу өсүмдүктөр.
- Ал эми бөрү карагаттын кээ бир жалбырактары тикенектерге айланып кетет. Ал кадимки жалбырактарга караганда суунун бууланышын гана азайтпастан, жаныбарлардын, малдын жеп коюшунан да сактап турат.
Жалбырактын түшүшү
- Күзүндө жалбырактар акырындык менен саргаят, себеби күн суук жана кыска боло баштаганда хлорофилл бузулат. Натыйжада жалбырактын клеткаларындагы хлоропласттардын бузулушуна алып келет. Бул учурда кызыл жана сары түскө боёочу заттар (пигменттер) гана сакталып кала берет.
- Өсүмдүктөрдүн клеткаларында көбүнчө жалбырагында төмөнкүдөй пластидалар болот: хлоропласттар, хромопласттар, лейкопласттар. Алар бири-биринен түс берүүчү пигменттин өзгөчөлүгү жана кызматы боюнча айырмаланат .
Пластидалар
Хлоропласт
Хромопласт
Хлорофилл пигменти жашыл түс берет. Ал фотосинтез процессинде маанилүү роль ойнойт
Лейкопласт
Хромопластта каротиноид пигменти болуп , ал жалбыракка , мөмөлөргө , өсүмдуктүн башка органдарына кызыл , сары түс берет
Лейкопласттар – «лейко» гректин түссүз деген сөзүнөн алынган. Алар клеткадагы түзсүз пластидалар болот. Мисалы, жалбырактын ак түстөгү тилкелери, ак түстүү түктөрүж.б. Лейкопласт жайгашкан клеткаларда кєбїнчє белен заттар топтолот. Анткени анда глюкозаны крахмалга айландыра турган фермент бар.
Жалбырактын түшүү механизми
Күзүндө жалбырактардын клеткаларында өсүмдүккө керексиз, кээде зыяндуу заттар да жыйналат. Түшкөн жалбырактар менен кошо ал заттар өсүмдүктөн четтетилет. Демек, жалбырак түшкөндө өсүмдүк өзүнө керексиз зыяндуу заттардан арылат, тазаланат. Күзгө жакын жалбырак сабынын сабакка бекиген жеринде пробка жана бөлүүчү катмар пайда болот . Пробка катмар жалбырак түшө турган жерди каптап калып, ошол жердеги тирүү клеткаларды кышкы сууктан сактап турат жана ал катмар жалбырактын сабактан ажырашына алып келет.
Бүчүр
Пробка катмары
Бөлүүчү катмары
Жалбырак түшүшү
Жалбырактын саргайышы
- Жалбырактын саргайышы , түшүшү – бул дагы өсүмдүктүн күзүндө жана кышында сууну аз буулантууга ыңгайланышы болуп эсептелет. Кышында өсүмдүктөрдүн тамырлары топурактан муздак сууну соруп ала алышпайт. Эгерде биздин дарактар менен бадалдар жалбырактарын түшүрүшпөсө, анда алар нымдын жетишсиздигинен куурап калышаар эле. Анан дагы кышында эгер жалбырактар түшпөй калса, алардын үстүндө кар топтолуп, оордуктан бутактар сынып калышы мүмкүн. Ошондой болсо да кээ бир гүлдүү өсүмдүктөрдүн жалбырактары бүт кыш бою сакталып калат. Алар – дайым көгөрүп туруучу өсүмдүктөр. Мындай өсүмдүктөрдүн сууну эң аз буулантуучу майда нык жалбырактары кардын алдында жакшы сакталат.
Кээ бир өсүмдүктөр дайым көгөрүп туруучулар болгону менен алардын жалбырактары жыл бою алмашылып турарын эске тутуу керек. Алар бир нече жыл жашайт да, андан кийин акырындык менен түшүп, жаңы жалбырактар өсүп чыгат. Мисалы, ийне жалбырактуулар.
.
Бышыктоо:
- Жалбырактарда эмне себептен түр өзгөрүү жүрөт?
- Жалбырактар кандайча түр өзгөртөт?
- Эмне үчүн жалбырак саргаят жана түшөт?
- Жалбырактын түшүшү өсүмдүктүн тиричилиги үчүн кандай мааниге ээ?
- Жалбырак түшөрдө сабынын түбүндө кандай өзгөрүүлөр жүрөт?
Үй тапшырмасы:
- Төмөнкү таблицаны толтургула, ар бир мамычага өсүмдүктүн атын жазгыла
- Окуу китебинин §30. 88-91-беттери
Жазы жалбырактуулар
Тикенекке айлангандар
Жалбырагы мурутчага айланган өсүмдүктөр
Эттүү, чыктуу жалбырактуулар