Просмотр содержимого документа
«Жаны жылды ким кандай тосот?»
Жаңы жыл - эл аралык майрам. Бирок, ар өлкөдө өзүнө тиешелүү салт менен майрамдашат. Анда кимдер жаңы жылды кантип тосоорун байкап көрөлү.
Италиялыктар жаңы жыл түнү эски буюмдарын, кийимдерин терезеден ыргытышат. Аяз кызы-Фея Бефан деп аталат. Ал өзүнүн алтын ачкычы менен балдар жаткан бөлмөлөрдү ачып, белектерин таштап кетет... Дасторконго чечевица, жаңгак, жүзүм өңдүү узак жашоонун символун билдирген жер-жемиштерди сөзсүз коюшат.
Панаманын жашоочулары жаңы жыл түнү коңгуроо кагып, машинелерин "пипилдетип", кишилери колуна эмне тийсе, аны менен каккылап, кыйкырып таң атырышат. Муну алар "жамандыкты кубалап жатабыз" деп түшүндүрүшөт.
Эквадордо жашагандар саат 12-00ни какканда жашоосуна жаңылык киргизгиси келгендер кызыл түстөгү ич кийимди кийгенге жетишишет. Ал эми бай болгусу келгендер сары түстөгү ич кийимди кийишет. Ошондой эле стаканга суу толтуруп, ыргытышат. "Жамандын баары кетсин" деп.
Болгарлар саат 12-00дү какканда жарыкты өчүрүшөт. Себеби, биринчи мүнөттөрдө адамдар бири-бирин караңгыда өбүшүп куттукташат.
Америка жаңы жылдык открыткалары жана белектери менен рекорд коёт.
Индиялыктар фантазияга бай келишет. Андыктан, ар бир жаңы жылды ар башка майрамдашат. Түндүк Индияда кызгылтым сары түстөгү желек менен оронушат. Батыш индиялыктар үйлөрдүн чатырына шам жагышат. Белектерди балатынын алдына коюшпайт. Чоң табакка салынган белектердин арасынан кичине балдар көзүн жумуп, колуна тийген белекти алышат. Кечкисин эски кийимдерди, буюм-тайымдарды өрттөп, отту тегеректеп, бийлеп, ырдашат.
Кытайда жаңы жыл түнү көчөлөр көз жоосун алган жарыктарга бөлөнөт. Фонарь, фейерверктер боюнча Кытайга бир да өлкө тең келе элек. Ошондой эле, көбүнчө жаңы жылды көчөдөн тосушат. Бирөө бирөөнө каалоо айтып жатканда, угуп жаткан адам "тазалануу" процессин кылып, өзүнө суу куюп туруш керек. Ошондуктан, көчөдө адамдар суу кийимчен жүргөн болушат.
Грецияда конокко барган киши таш көтөрө барып, барган үйгө кирээрдин астында, таш чоң болсо, "байлыгың ушул таштай оор болсун" деп, таш кичинекей болсо, "көйгөйүң ушул таштай жеңил" болсун деп тилек айтат.