Просмотр содержимого документа
«Локалдык тармак»
Тема: Информацияны жибер үү . Локалдык компьютердик тармак ж ө н ү нд ө т ү ш ү н ү к .
Информация (маалымат)- (латынча informatio – билдир үү , түшүндүрүү, баяндоо) – адамдар арасында бири-бирине оозеки жана жазуу түрүндө шарттуу белгилер жана техникалык каражаттар аркылуу берилүүчү кабарлар менен маалыматтар, ошол кабарларды берүү жана кабыл алуу процесси.
Информациянын түрлөрү
- Графикалык
- Текстик
- Үнд ү к
- Сандык
- Символдук
Графикалык информация
- Графикалык информация - белгилер түрүндө берилген, схемада көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөр, эскиздер, сүрөттөр, схемалар жана диаграммалар.
Текстик информация
- Текстик информация–бул информацияга берилген белгилер жана тилге арналган белгилер.
Үндүк информация
- Үндүк информация–бул информация оозеки же жазуу жана угуу боюнча берилүүчү мааалымат болуп саналат.
Сандык информация
- Сандык информация –бул информацияда көбүнчө математикалык амалдар жана сандар болуп саналат .
Символдук информация
- Символдук информация-ар түрдүү символдордон туруп, бир түшүнүктү билдирет.
Тармак (компьютер тармагы) – маалыматты жана жабдууларды биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бири-бири менен байланышкан бир нече компьютер же башка түзүлүштөр. Эки же андан көп тармак бир-бири менен туташтырылса, анда алар интернет (кичине арип менен) деп аталат. Интернет (чоң арип менен) термини маалыматтарга жана кызматтарга жетүүгө мүмкүндүк берген дүйнө жүзүндөгү байланышкан тармактардын тобун баяндоо үчүн колдонулат. Интернет берилиштерди алып пакет деп аталган өзүнчө бөлүктөргө бөлөт жана пакеттерди компьютер жете турган даректин ээсине оптималдуу маршрут менен жиберет. Берилиш болуп, электрондук почта билдирүүсү, файл, документтер эсептелет. Ар бир пакет берилишти жана жиберилүүчү орундун дарегин, белгиленген орунга кайталап жиберүүдө пайдаланылган маалыматтар удаалаштыгын камтыйт.
Маалымат берүүчү каналдар менен байланышкан компьютерлердин системасы компьютердик тармак деп аталат.
Компьютердик тармактар.
1946-жылы компьютерлер пайда болгондон баштап эле аларды бири-бири менен байланыштыруучу тармак тузуп, маалыматтарды (информацияларды) биринен экинчисине жөнөтүү же кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккан. Маалыматтарды бир компьютерден экинчи компьютерге магиниттик дисктер (дискета), компакт-дисктер же флешкалар менен көчүрүп алса болот. Бирок бул ыкма убакытты талап кылат жана ыңгайсыз да болот. Эгерде эки компьютерди кабель менен байланыштырып, маалыматтарды берүүнү камсыз кылган программаны жазсак, анда эң жөнөкөй компьютердик тармакты алган болот элек.
Компьютердик тармак деп эки же андан ашык бири-бири менен байланыш каражаттары аркылуу туташтырылган жана бирдей эрежеде иштеген компьютерлерлердин жыйындысын айтабыз.
Компьютерлердин тармагын төмөнкүдөй бөлүп кароого болот:
Локалдьк (жергиликтуу); регионалдык (аймактык); корпоративдик жана глобалдык (дүйнөлүк) тармак.
1). Локалдык тармак - мекемеде же аудиторияда жайгашкан чоң эмес компьютердик тармак болуп эсептелет. 2). Регионалдык тармак - регион чегиндеги локалдык тармактардын биригүүсү. 3). Корпоративдик тармак - кандайдыр бир мекемелердин же фирмалардын сырткы колдонуучулардан корголгон локалдык же регионалдык тармагы. 4). Глобалдык тармак
Локалдык тармак
Локалдык тармак ( Local area network, LAN) – адатта бир имаратта жайгашат жана башка мекемеге тиешелүү. Локалдык тутум компьютерлерди, принтерлерди, сканерлерди, белги берүү тутумдарын (кайтаруу, өрт өчүрүү) бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, мындай тармакта диск мейкиндигине, файлдарга, корпоративдик маалымат базасына биргелешип кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Локалдык тармак
- Локалдык тармак ( Local area network, LAN) – адатта бир имаратта жайгашат жана башка мекемеге тиешелүү. Локалдык тутум компьютерлерди, принтерлерди, сканерлерди, белги берүү тутумдарын (кайтаруу, өрт өчүрүү) бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, мындай тармакта диск мейкиндигине, файлдарга, корпоративдик маалымат базасына биргелешип кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Биз бүгүнкү сабакта локалдык тармакка кененирээк токтолобуз.
Локалдык тармак
Локалдык тармак компьютер менен өз ара байланышууда 2 жолго бөл ү нөт:
- Тегиз тармак;
- Серверге арналган тармак;
Тегиз локалдык тармак
Тегиз локалдык тармакта бардык компьютерлер бирдей болот. Жалпы аппарат тармактан бир туташкан болот.
Серверге арналган тармак
Серверге арналган тармактын т ү з ү л ү ш ү
Серверге арналган тармак
Сервер (от англ. server –кызмат т ү рм ө г ү ) – компьютердик тармак колдонуучуларынын арасында ресурстарды б ө лүшт ү р үү .
Программалык камсыздоо тармагы
Үйгө тапшырма:
https://multiurok.ru/tests/21299/
Ушул ссылка аркылуу тесттен өтөбүз.