СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Махмуд Кашкаринин өмүрү, чыгармачылыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

8-класстарга арналган презентация. Махмуд Кашкаринин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча

Просмотр содержимого документа
«Махмуд Кашкаринин өмүрү, чыгармачылыгы»

Махмуд Кашкари 

Махмуд Кашкари "Турк сөздөрүнүн жыйнагы", Махмуд Кашкари -Турк элинин адабий-маданий дуйнөсундөгу көрунуктуу  инсан . Өмуру  , чыгармачылыгы , эмгеги жөнундө маалымат.

  • Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Барскани ал-Кашгари  - он биринчи кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тилчи, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог.
                            Кыскача өмүр таржымакалы   Ысык-Көлдүн   Барскоон шаары нда 1029-1038-жылдардын аралыгында туулган. Өлгөн жылы жана жери белгисиз. Азыр Барскан шаарынын урандылары  Кыргызстандын  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон кыштагынын жанында жайгашкан. 1072-1077-жылдары

                            Кыскача өмүр таржымакалы

  • Ысык-Көлдүн   Барскоон шаары нда 1029-1038-жылдардын аралыгында туулган. Өлгөн жылы жана жери белгисиз.
  • Азыр Барскан шаарынын урандылары  Кыргызстандын  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон кыштагынын жанында жайгашкан.
  • 1072-1077-жылдары "Диван лугат-ат-түрк" - "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" эмгегин жазган.
  • Өз атасы Хусейин Мухаммед уулу Барскан дубанын бийлеп турган. Айрым америкалык жана орусиялык окумуштуулар Махмуддун ныспасы «ал-Кашгари» болуп чектелбестен, «ал-Барскани» деп да толукталышы керектигин эскеришүүдө.
  • Украин чыгыш таануучусу  Омелян Прицактын  далилдешинча, Хусейин уулу Мухаммед небереси Махмуд ал-Кашгари хижранын 4-кылымынын 20-жылдарынын ичинде, христиандык жыл эсеби боюнча – 1029-1038-жылдардын ичинде жарык дүйнөгө келген.

Чыгармалары жана эмгек жолу

  • Окумуштууну азыркы тапта «он биринчи кылымдын Радлову» деп айтып жүрүшөт. Тескерисинче, «Василий Васильевич / Фридрих Вилгелм Радлов (1837-1918) – он тогузунчу кылымдын Кашгариси» деп да баалагандар бар. Кандай болсо да, эки илимпозду окшоштурган нерсе – экөө тең жер кезип, Борбордук жана Ички Азияны байырлаган түрк калктарынын чоң улуттарынан тартып, майда уруктарына чейин кыдырып, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, этнографиялык мурасын, санжырасын, макал-лакаптарын, дастандарын терең иликтешкен.
  • Махмуд Барскани Кашгари орто кылымдарда айтылуу «мусулмандык кайра жаралуу доорунун» жемишине каныгып, түрк тилдерин гана эмес, араб тилин да терең үйрөнүп, өз элинин маданий казынасын араб окурмандарына бөксөртпөй жеткирүүнү максат койгон илимпоз.
  • Ал өзүнүн «Диван лугат ат-турк» - Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген эмгегин 1072-1077-жылдары араб тилинде жазып бүтүргөн. Эмгектин кириш бөлүмүндө Махмуд бул энциклопедиялык сөздүктү 11-кылымдын 70-жылдарындагы Аббасийлер халифи ал-Муктадига белекке берүү ниетинде болгонун саймедирлеп жазат:
  • «Касиеттүү, Пайгамбардык, Имамдык, Хашимийлик, Аббасийлик Кожоюнубуз жана Мырзабыз Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амриллага, – исламга ишенгендердин Эмиринин жана Ааламдын Кожоюнунун халифине, - тартуу кылуу үчүн ушул китебимди Алла-тааланын көмөгүн көксөө менен, түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм».
  • Бул китеп, ошентип, 1077-жылы халифаттын ордо шаары Багдадда жазылып бүтсө керек деп жоромолдоого болот.
  • Багдадда отурган халиф ал-Муктади 1075-жылы бийликке келип, 1094-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал кезең - Борбор Азиядан Жакынкы Чыгышка селдей каптаган Селжук түрктөрүнүн ташы өөдө кулап турган чак болчу. Багдад халифи ал-Муктади жалпы халифаттын рухий жетекчиси катары таанылган менен, саясий чөйрөдө ал селжук султаны Мелик-шахтын көзүн карап турган.
  • Дал ошол тапта залкар окумуштуу, жердешибиз Махмуд Кашгари Барскани Багдадда болуп, халифке өз чыгармасын тапшырууга ниеттенген. Анын бул ниети жүзөгө ашканбы, же жокпу, азырынча бизге жеткен жазма булактарда ал тууралуу эч маалымат учурай элек.
  • Кашгаринин чыгармасынын түп нускасынан көчүрүлгөн кол жазма бүгүнкү күнгө чейин сакталып жетти. Ал азыр Стамбулдагы Миллет китепканасында бапестелип сакталууда.
  • Багдад менен Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий байланышынын бир өрнөгү – дал ушул «Диван лугат ат-турк» эмгеги.
Махмуд Кашгари чийген дүйнө картасынын чордонунда Караханийлер каганатынын аймагы, тактап айтканда, азыркы Кыргызстандын тоо кыркалары, Ысык-Көл өрөөнү жайгаштырылган. Чыгыш тарап картанын жогору жагында белгиленген. «Мен өзүм алардын тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү кең тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найэасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуэ, чигил, йагма, хыргыздардын талааларын жана калааларын изиддедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татынакай өтө сымбат кат кылдым».
  • Махмуд Кашгари чийген дүйнө картасынын чордонунда Караханийлер каганатынын аймагы, тактап айтканда, азыркы Кыргызстандын тоо кыркалары, Ысык-Көл өрөөнү жайгаштырылган. Чыгыш тарап картанын жогору жагында белгиленген.

«Мен өзүм алардын тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү кең тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найэасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуэ, чигил, йагма, хыргыздардын талааларын жана калааларын изиддедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татынакай өтө сымбат кат кылдым».

  • Махмуд Кашгаринин бу картасы шарттуу белгилери ошондой эле жалпы суроттолушу жагынан орто кылымдардагы чыгыш карталарына окшош болсо да, коп элементтердин берилиши ошондой эле мазмуну жагынан аларда айырмалуу. Маселен, жер шарынын борбору Орто Азияга, тагырак айтканда, Ысык–Кол менен Баласагундун аралыгына тура келет (Орто кылымдагы араб карталарында жердин борбору катары Мекке жана Медина жайгашкан жерлер корсотулчу). Махмуд Кашгари Орто Азия жана Кашгар элдеринин дуйно жонундогу байыртан келаткан тарыхый жана аныз создон чыккан коз карашына таянып, чыгыш тарапты картанын жогору, белгилуу географиялык байланыш бар, дарыялар салааланып тоолордон башталат да, дениздерге же колдорго куят: шаарлар кобунчо тоо арасында же дарыя ондурлорундо жана ушул сыяктуу тоолор, дарыялар, мамлекет чек аралары схема турундогу туз сызыктар менен корсотулсо да, алардын аралыгында белгилуу пропорция сакталган.
  • Маселен, Ысык–Колдон Японияга чейинки аралык, Ысык–Колдон Хабашстанга чейинки аралыкка тен же барабар. Бул чындыгында эле ошондой. Картада бир топ бош калган жерлер да учурайт. Алар картанын толук иштелбегендигинен калса керек. Ырас, Махмуд Кашгаринин бу картасын бардык жагынан туура тузулгон деп эсептешке болбойт. Анда ката жерлер да кезигет: мисалы, картанын аныз создорго да таянгандыктан, Аму–дарыя менен Сыр-дарыянын Каспий денизине куят деп корсотуп алган. Ошондой болсо да бу карта оз доору учун баалуу эмгек болгон. Махмуд Кашгари «Жавохирун – н нахв фм луга–ти-турк» («Турк тилдер синтаксистинин негиздери») деген эмгек да жазганы белгилуу.
  • Тилекке каршы ал эмгек азыркы убакка чейин табыла элек. Махмуд Кашгаринин иштери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдоого негиз болчу маанилуу илимий даректерден.