МАКТАНЧААКТЫК ЖАНА КОШОМАТЧЫЛЫК
Сабактын максаты:
Окуучулар мактанчаактык, кошоматчылык жөнүндө түшүнүккө ээ болот.
Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
Окуучум, мактанчаактык сапат сенде жокпу? Айланаңды карачы, мүмкүн бирге жүргѳн досторуңда болуп жүрбѳсүн? Бул сапат кандай экенин сен жакшы билесиң. Мактанчаак адам –эч качан уялбайт, ѳзүндѳ болгон бардык нерсенин башкаларда болбошун, ага суктанып кароосун тилейт. Маселен, бир класста окуган Дамир менен Жайнактын мүнѳзү эки башка. Дамир аябай мактанчаак. Бир күнү ал мектепке атасы сатып берген кичинекей магнитофонду кѳтѳрүп келди, балдарга кѳрсѳтүп, кымбат баада экенин, жакшы ырдаарын айтып аябай мактанды. Сабак учурунда мугалимге тоскоол кылып, музыка укканы үчүн эжейи аны алып койду. Эми Дамир мактанганын да койду. Мына кѳрдүңѳрбү, мындай окуялар мектеп турмушунда кѳп кездешет.
Мактанчаак адам –дардаңпоз да болот, дардаңдап эч кимди теңсинбейт, менде гана бар, менин нерсем гана кооз деген түшүнүк менен жашайт. Эгер катуу айтсаң, чычалап жоон билектик да кылат.
Ал эми кошоматчылык дагы жамандалган сапаттарга кирет. Кошоматчынын эки жүзү болот, кубулуп, ѳзгѳрүп турат. Пайда кѳрѳ турган адамга мүмкүн болушунча жагынып, мактап, жанынан чыкпайт. Классташ балдарыңдын ичинен мындай сапаттагыларды байкасаң этият мамиле жаса, ошол сапатын жок кылууга кѳмѳк кѳрсѳт.
Элибиз “Киши жаманы кирип чыкканча, ѳзүңдүн жамандыгың ѳлѳр ѳлгүчѳ билинбейт” деген макалды тѳгүн жерден айткан эмес. Чындыгында карап кѳрсѳң, бирѳѳнүн кемчилигин, жаман жагын дароо эле байкайсың, ал эми ѳзүңдүн кемчилигиңди эч качан айтпайсың. Мына ушундай сапаттан да алыс бололу. Мындай сапаттар, акылы тайкы, эч нерсени аңдап түшүнбѳгѳн тарбиясыз гана балдар менен жүрѳт.
Мактанчаак, кошоматчы болсоң эч ким сен жѳнүндѳ жакшы пикир айтпайт. Күлкү, сѳз гана болосуң. Досторуңдун да сага болгон сый-урматы тѳмѳндѳйт. Ошондуктан, окуучум, мындай сапаттарды жаныңа жуутпай алыс карма. Мактанчаак, кошоматчы атка конбо.
2-кадам: Мугалим окуучуларды текст менен тааныштырат. Жалпы класста талкуу уюштурулат.
Күлүк батинке
Бекзатка атасы жаңы батинке сатып берди. “Эмне кылуу керек?” деген ойго келди.Жаңы батинкесин кийип алып эшикке чыкты. Албетте, короодогу досторуна кѳрсѳтүү керек да.
Ал короодон досу Сабатка жолукту.
-Жүрү жарышабыз, - деди ал Сабатка.
Экѳѳ тогуз кабат үйдүн бул бурчунан тиги бурчуна чейин чуркап барышты.
Жаңы батинкесине мактанган Бекзат алдыга озуп, биринчи жетти.
-Мен биринчи! Мен биринчи!.. –деп кыйкырды сүйүнгѳндѳн Бекзат.
Артта калганына Сабат ызалана түштү. Анткени ал мурда Бекзатка жеткирчү эмес эле. Анан аргасыз себеп таап:
-Сенин батинкең жаңы турбайбы, - деди.
-И-и…бул күлүк батинке экен го… - деди анда Бекзат, бул сѳзгѳ чындап эле ишенип.
Кошоматчы Канат
Канат менен Бекбол бирге окушат. Бекбол аябай мактанчаак, ал эми Канат болсо андан кем калышпайт. Бир күнү экѳѳ мындай деп маектешип калышты: Бекбол:Эй досум,менин кечээ Талант менен мушташканымды кѳрдүңбү?…Канат:Ооба, азаматсың досум, тим эле Жекичан жолдо калды.
Бекбол:Колдонгон усулдарымды кѳрдүңбү, дагы байкушту аяп койдум, барбы, тим эле карателеп таштамакмын.
Канат:Ошону айтсаң, ѳзүнѳн кѳрсүн, жайладың. Тим эле учуп-учуп, кыймылдап жаттың. Баары таң калып карап жатышты.
Суроолор:
Мактанчаак досторуң барбы?
Бекзаттын жаңы батинкеси чындап эле күлүкпү?
Канатты эмне үчүн кошоматчы деп атайбыз, балким ал туура эле айтып жаткандыр?
3-кадам: Окуучулар мугалим менен бирге залкар ойлорду талкуулашат.
Залкар ойлор
Кошомат кой сойдурат же кошоматкакой соет.
Мактанчаак кысыр уйду саайт.
Мактанып айтса байдыкы эп,Курап айтса кулдуку эп.
Кошомат айкандан кѳрѳ, кордук кѳргѳнжакшы.
Кошоматчы коюндаш болот.
Эл оозунан
Үйгө тапшырмалар:
Мактанчактык, кошоматчылык жѳнүндѳ ой толгоо жазгыла.
Мектептеги турмушуңардан болгон окуяларды жазгыла.
Залкар ойлорду класста талкуулагыла.