СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мамлекеттик Символдор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мамлекеттик Символдор»

Мамлекеттик Символдор

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу

Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алып, Президент Садыр Жапаров тарабынан 22-декабрда бекитилген. Мыйзам “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде 2023-жылдын 26-декабрында жарыяланган. Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган 'Кыргыз' жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган 'Республикасы' деген жазуудан турат.

Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев.






Мамлекеттик гимн

Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни

Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Высокие горы, долины, поля -
Родная, заветная наша земля.
Отцы наши жили среди Ала-Тоо,
Всегда свою родину свято храня.

Припев:

Вперед, кыргызский народ,
Путем свободы вперед!
Взрастай, народ, расцветай,
Свою судьбу созидай.

Мечты и надежды отцов сбылись,
И знамя свободы возносится ввысь.
Наследье отцов наших передадим
На благо народа потомкам своим.

Припев:

Вперед, кыргызский народ,
Путем свободы вперед!
Взрастай, народ, расцветай,
Свою судьбу созидай.

Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики

Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку