1-окуучу: Мен кыргызмын сатылбаган сатпаган, Мен кыргызмын баба наркын сактаган. Ата Журтка жасасам деп чоң эмгек, Ар күн сайын чоң казатка аттанам. 2-окуучу: Мен кыргызмын түгөнөөрдө түтөгөн, Мен кыргызмын жок болоордо күчөгөн. Мен кыргызмын тарыхым бар, тилим бар. Мезгилдин да ой – чункурун түзөгөн. 3-окуучу: Мен кыргызмын асман – жерге жашташмын, Эзелкимин келечекмин, максатмын. Кылы дагы кыйшайганын каалабайм, Кырчылдаган кыргыз деген жакшы аттын. 4-окуучу: Мен кыргызмын жөнөкөймүн улуумун. Мерт этпеген нечен жылдын кулумун. Кылымдарга улап кетер дагы да, Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун 5-окуучу: Сөз жаралып, тил жаралып биринчи, Тил аркылуу элдин аты билинди. Тил аркылуу адам таанып адамды. Тил аркылуу каганаттар түзүлдү. 6-окуучу: Тилиң – тарых, тилиң күзгү дилиңе, Кимдигиңе тилин күбө ириде. Өз тилиңди кадыр тутуп туу тутуп Өтүүн парз бул дүйнөдө, тирүүдө. 7-окуучу: Жылдар болгон элдер тынчып жатпаган, Канча душман Ала Тоону каптаган, Кылым санап ошондо да кыргыз эл, Кымбат баалап тилин ыйык сактаган. 8-окуучу* Ала Тоо касиеттүү турагыбыз, Акыйкат эркиндикте турарбыз. Түбөлүк бийиктесин кут ооматын. Тилибиз- биздин соолбос булагыбыз. Хор: Кыргыз элин өз элим деп айтчулар, Кыргыз жерин өз жеим деп басчулар. Бытыранды улуттарга бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Эмгекчи эл, эл ичинде башчылар, Кай бирин кар, кай биринер жашсынар. Ыйман менен, ызат менен, иш менен. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. |