СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас" эпосун жыйноо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Манас" эпосун жыйноо»

Ч.Валихановдун "Манас" эпосун жыйноодогу жана изилденишиндеги салымы

XIX кылымдын 2-жарымында “Манас” эпосун эл оозунан жыйноого 1-салым кошуп, илимий негиз салган казак окумуштуусу болуп эсептелет. Ч.Валиханов орус экспедициясы менен Ысык-Көлгө келип,кыргыздардын арасында эки ай болуп,элдик оозеки чыгармачылыктын көркөм дүйнөсү менен таанышат.

Нечендеген ак таңдай акындар,санжырачылар, ырчы-жомокчулар менен жолугат.Ошолордун ичинен Телтайдын гана атын атап, “хреномен” деп баалаган.

Ч.Валиханов жыйнаган фольклордук-тарыхый материалдардын ичинен эң маанилүүсү Түп аймагынан белгисиз манасчыдан жазып алган “Көкөтөй хандын ашы”болуп эсептелет.Бул үзүндү 3600 ыр сабынан туруп, араб тамгасы менен 47 беттен турган дептерге жазган.

Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келе жатып,Каркыранын казак тарабындагы “Манастын боз дөбөсү” деген жер менен таанышып,минтип жазган: “Илгертен калган сөз боюнча калктын эпикалык эң кызык ырында айтылып жүргөн эр Манас кара кытайлар менен согушканда ордосун ушул жерге тиккен” дейт.Экспедициядан кийин Петербургда сүйлөгөн сөзүндө Чокон: “Манас” поэмасынын 1-бөлүгү болуп саналган “Көкөтөй хандын ашы” деген ырды кыргыз акындарынын айтуусунда жазып алдым.Бул ырды мен орус тилине которуп жатам.Белгисиз жаткан тил менен чыгышты изилдеген окумуштууларды тааныштыруу үчүн кыскача сөздүк түзөйүн деген оюм бар.”

Тилекке каршы Ч.Валиханов 1865-жылы 30жаш курагында кайтыш болот да,кол жазма дарексиз жоголот.1964-жылы гана казак илимпозу А.Маргулан борбордук архивдердин биринен тапкан.

Ч.Валиханов кыргыздын залкар дастанын 1-жолу орус тилинде россия коомчулугуна кабарлап,улуу эпосту талаа “Илиадасы”,кыргыз турмушунун энциклопедиясы катары даңазалаган. “Көкөтөйдүн ашынын” бир далай саптарын да ыр менен орус тилине которууга үлгүргөн.Бул котормо Н.И.Веселовскийдин кыскача түшүндүрмөсү менен “Опоэме “Манас” в переводе Ч.Валиханова” деген темада 1902-жылы “Новое время”аттуу журналдын №9- санына жарыяланган.

Көкөтөйдүн ашы

Алтын ээрдин кашы экен,

Ата –Журттун башы экен.

Күмүш ээрдин кашы экен,

Түн түшкөн калың көп ногой

Журттун башы экен.

Көкөтөйдүн хандарын

Эми, алдынан өтмөй болуптур:

-Сары ногой баласы

Жайма көкүл жаш Айдар,чором

Мааникерди бир мине көр ,чором,

Калың бир кара көп ногой,чором,

Башынан элди кире көр,чором.

Үйсүндөрдөн Үмөткө,

үмөткулу

Жайсаңга айт.

Карыны салык бийине айт.

Катта курсак байына айт.

Сары сакал,тик мурут,

айыр сакал,киш мурут,

Барына бардай айта көр чором.

В.В.Радлов жана “Манас”