Жалпы билим берүүчү мектептердин 8-9-10-11 класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын
ЖОБОСУ
1. Жалпы маселелер
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы жарлыгынын негизинде 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилеген. Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу максатында;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен бирге жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында республикалык “Манас таануу” телетаймашын өткөрөт.
2. Телетаймаштын максаты:
Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу;
Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;
Өсүп келе жаткан жаш муунду Манас эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо;
Окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу;
Аймактарда “Манас” эпосун тереңдеп окуп үйрөнүү боюнча мектеп окуучуларынын, мугалимдердин изденүүсүнө, билимине, тапкычтыгына баа берүү.
3. Телетаймаштын шарты жана тартиби
Таймашка жалпы республиканын билим берүүчү мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары катышат (3 окуучу бир топ түзүп);
Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалат;
Командага “Манас” үчилтигинен алып өзгөчө ат коюу;
Таймаш беш бөлүмдөн турат: 1.Атын жактоо (топтун атын жактоо); 2.Үчилтик; 3.Сыр куржун; 4.Күтүлбөгөн бир суроо; 5.Өз ара суроо.
Таймаш улуу манасчы Саякбай Каралаевдин академиялык варианты боюнча өткөрүлөт.
Балдардын телетаймашка катышуусун билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук борборлордун, облустук билим берүү округдарынын башчыларына , министрликке жүктөлөт.
4. Өткөрүү тартиби
1 -баскыч- мектептерде (январь)
2 -баскыч - райондордо (февраль)
3 -баскыч-облустарда ( март)
4 -баскыч - республикада (апрель)
- Республикалык таймашка жети облустан жана Ош, Бишкек шаарынан 8-11-класстар арасынан 2 ден топ (облуста 1-2-орунду ээлеген командалар) катыша алышат. Жалпы 36 команда. Окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөн мектептерден(орус, өзбек класстар) жалпы 12 команда катышат.
- Манас таануу интеллектуалдык телетаймашы КТРК, Баластан каналдарында эфирде көрсөтүлөт. Бир таймаштын көлөмү 45 мүнөт.
5. Телетаймаштын жүрүшү жана баалоо ыкмасы
“Атын жактоо” (Командага эпостон алып ат коюп, аны жактап беришет 1минут)
“Үчилтик” (С.Каралаевдин академиялык варианты боюнча 5 суроо берилет)
“Сыр куржун” (Көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү 1 сөз, 1 макал)
“Күтүлбөгөн суроо” (ар бир окуучуга 1 ден суроо)
“Өз ара суроо” (команда атаандашына 1 суроо даярдап келет)
6. Калыстар тобун түзүү жана алардын иштөө тартиби
Калыстар тобунун курамын “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу аныктайт;
Баалоо 5 баллдык система менен жүргүзүлөт. Калыстар өз милдеттерин так аткарып, ачык добуш беришет.
Телетаймаштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
Таймаштын жеңүүчүлөрү демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер, грамоталар, жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.
2