Саякбай манасчы
(Сакбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата сахналаштырылган
адабий- музыкалык кече )
1-көрүнүш
Боз үйдүн ичи жупуну. Ортодо жалгыз чырак. Бүлбүл күйүп турат.
Апасы:
Алдей балам, карагым,
Акылыӊдан танамын.
Атыӊ чыкса экен деп,
Жараткандан кааладым.
Укта балам, чырагым,
Бийик өскөн чынарым.
Уулу болсун элдин деп,
Теӊиримден сурадым.
Тынч алгыныӊ кичинем,
Коруйм ар кыл кишиден.
Көз тийбесин сага деп,
Тумар чийип илем мен.
Атасы: -Тынч алып калдыбы бала?
Апасы: -Ооба. Бир аз. Дагы деле түшүнөн чочуп, ардемени айтып оолугуп жатат. Кечээ келген жомокчуларга алып барбай эле койсоӊ болмок? Кантсе да, атак-даӊкы угулган, улуу кишилердин сөзү , көзү тийдиби дейм?...
Атасы: -Болгону «Манасын» угуп көӊүлү ачылсын дедим да. Айткан «Манасынын» касиети балага тиерин кайдан билдим. Малдын артынан жүрө берип, мал болуп калбасын дедим да.
-Ал эчтеке эмес.(кабагы бүркөлө түшөт) Тиги дунган Жыкыдан алган атыбыз талаада өлүп калыптыр. Эми аны кантип төлөп беребиз?
Апасы:- Ага анча кейибе. «Жакшы мал жанга аралжы»-дейт. Балким уулубуз сакайып кетер. Экөөбүз жаныбызды үрөп иштесек кутуларбыз.
Атасы: -Мейли эле деп жаттым эле. Оӊбогур Жыкы балдарымдын оокатка тирикарактыгын билип, эки уулубузду малайлыкка сурап жатпайбы. Ошого кейип отурам.
Апасы: - Айбан десе! Балдарыбызды оту менен киргизип, күлү менен чыгаргысы бар. Бербейм. Ансыз деле бири ооруса, экинчиси түнү менен мал артында. (капаланып ыйламсырайт)
(Ушул учурда Саякбай ордунан кыӊкыстап ойгонуп, уйку-соонун арасында сүйлөнөт).
Саякбай: -Ата, апа, кам санабагылачы. Төлөбай экөөбүз карыздан силерди бат эле куткарабыз. Ансыз деле жашым он үчкө барып калды. Анан дагы жанымда Манас кырк чоросу менен турганда Жыкы бизге катыла албайт.(Ата-энеси үстүнө үйрүлүп түшүп баланы уктатышат).
Апасы:- Төлөбай түнгө чейин жоголду го. Бала тынч алып уктап калды. Барып карап келели.
Атасы:-Ооба, жүрү анда. Караса карап келели.(Экөө кетишет).
Саякбай уйку-соонун арасында сүйлөнөт.
Саякбай: -Ата, апа, карасаӊар. Алар абдан зор экен, тимеле тоодой.
(Ободон бир үн угулат).
-Ээ, адам баласы. Сенин касиетиӊ опол-тоодой экенин билесиӊби? Ошону кармап калар кез келди. Дүйнөдө теӊдеши жок улуу Сөздү айтчу күндүн башаты келди.
Ал Сөз жердин тереӊинен кыртышка карай нугун таап, оргуштап чыккан булак сыяктуу.
Ал Сөз суу жетпей эбактан бери чөлгө айланып бараткан Жер бетин гулго толтурат.
Ал Сөз сүйүп уккан адамга дем, күч берет, көӊүлүн агартат, пейилин тазартат, ишин оӊдойт, коркконду колдойт, ата-бабалардын жолун жолдойт.
Ал Сөздүн учугун улаган сенсиӊ! Сенин сөзүӊ – элиӊдин басып өткөн жолу, байыркы турмушу, нарк-насили, кыялы, ою, акылмандыгы, көсөмдүгү, чечендиги, улуулугу, айкөлдүгү, меймандостугу, берешендиги.
Сенин Сөзүӊ- кыргыз элиӊдин Сөзү.
(Уйку-соонун арасында жаткан Саякбай ордунан элдир-селдир туруп, эшикти көздөй басып жөнөйт. Бир канча жерге басып барып, малдаш токунуп отуруп «Манас» айта баштайт. Баласын издеген атасы уулун күпүлдөтө «Манас» айтып жатканын корүп, акырын келип, үстүнө чепкенин жаап көтөрүп алып жөнөйт. Ошондо да Саякбай токтобойт).
2-көрүнүш
(Алыстан ырдап Саякбай келет. Ийнине куржун асынган. Көӊүлү шайдоот. Чарчап келатып, отуруп эс алып калат).
-Маралдай көзүӊ жылтылдап,
Пахтадай этиӊ былкылдап.
Барааныӊды көргөндө,
Барамын жүрөк зырпылдап.
- Эх, асман тиреген тоолор! Мен бала чакта кандай болсоӊор азыр деле ошонуӊардан жазбай заӊкайып асман тиреп, чокуӊарды кар басып жатасыӊар…
-Балалык демекчи…(Тыным. Көӊүлү чөгө түшөт)
Кичинемде жокчулуктан,
Көп кыйналдым, ыйладым.
Ызгаар суукта кой кайтарып,
Чокойдон үшүп таманым.
Тамакка жетпей өксүдүк,
Малайлыктан арылбай.
Жакшы күндү көксөдүк,
Кетти деп бизге кайрылбай.
Бүгүн шүгүр кыламын,
Олжолуу болуп келатам.
Ата-энемди кубантып,
Көӊүлдөрүн жубатам. (Куржунун ачып, колуна кездемени алып, кубанат).
- Энекем жакшы бир көйнөк тигип кийсин. Качан болсо үстүндө баягы эски боз көйнөгү. Анын да ар кай жери жамаачы. Муну көргөндө жаш баладай сүйүнүп кубанып калат. Жүзүндөгү жылмаюу эчакы оор турмуштунбырыштарын жазып койсун.
Бул болсо абакеме мыкты жарашып калат. Колуна камчыны алып, атын минип алса…, о-уу баары кызыгып колун карачудай (Алгандарын куржундун көзүнө кайрадан салып, турайын деп башы айланып, ары-бери тамтаӊдап, көзүн ача албайт. Баягы ободон чыккан үн кулагына жаӊырат).
Ободогу үн: - Ээ, адамзат пендеси. Куржундагы көр турмуштун байлыгына кубанасыӊ да. Сенин башыӊда андан да толгон байлык жатат. Аны элге тартуулай турган күн келди. Сен аны түшүн, колдон чыгарба! Ал элиӊдин эзелтен бери сакталып келе жаткан мурасы. Ата мурасын кийинки урпактарга жеткир! Ал үзүлбөгөн улуу байлык.
(Саякбай ордунан башын мыкчый кармап туруп көзүн ачат. Алдында ак өргөө тигилип турат. Боз үйдүн ичинен сулуу , келишимдүү Каныкей чыгат).
Каныкей: - Амансыӊбы, баатыр!
Саякбай:- Аманчылык, жеӊеке.(Үстүндөгү эски тонунан, жаргак шымынан корунуп, араӊ ооз учунан салам берет).
Каныкей:
- Кылымдын баары козголуп,
Кырк эки түмөн кол болуп,
Аз гана эмес мол болуп,- кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиӊби, колго бараткандардын тамагынан иче кет, айланайын баатырым. (Боз үйдө дасторкон жайылган. Үстү дүйүм тамакка толгон. Кыдырата табактарга толтура жылкынын эти тууралган. Эски тонунан, жаргак шымынын чологунан уялган Саякбай бир ордунан жылбай эттен алып жей баштайт.Аны көргөн Каныкей сүйлөйт).
Каныкей: Ал, баатырым, алгын. Ар бир табактан ал. Эр жигит да тартынчаак болчу беле. Жазгангандай мен бөтөн киши эмесмин. Мен Каныкей болом. Манас баатырдын жубайы.
(Аӊгыча бир нерсе жарк этип, Саякбай башы айланып жыгылат. Башы эӊги-деӊги болуп тура калса, алдында бир зор киши турган болот. Бакай өзүн тааныштырат.)
Бакай:
-Астыга салса ак жолтой,
Айдап жүрсө сан колдой,
Абаӊ, Бакай мен болом.
-Көп кол менен чоӊ казатка баратканда, жолукканыӊ ырас болду. Өзүӊ кичине болгонуӊ менен сөзүӊ чоӊ болот. Акылыӊ тунук экени маӊдайыӊдан билинет. «Колго түшкөн коёнду, коё берген оӊобу?». Ата-бабанын асыл мурасын, акыл кенчин улаган улуу адам болосуӊ. Тос балам колуӊду, колдун күлазыгынан берейин. ( Саякбай колуна куюлтуп берген тарууну жеп жиберүү үчүн оозуна салса кычырайт.
Бакайдын жанындагы баатырлар:
-Жут. Жут дегенде жут! (Баары чуркурап жаалап жиберишет. Какап-чакап араӊ жутат).
Бакай:
- Майлаган буудай жүздөнгөн,
Күүгүм туман көздөнгөн, бул – Манас.
Манас:
-Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйнап журт кылдым.
Тели куш таптап куш кылдым,
Тентиген элди журт кылдым. Калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин.
Бакай:
- Туурасы жоон, бою пас,
Тулку бою кара таш.
Билеги жоон таш жүрөк,
Пил мүчөлүү бадирек. Бул – Алмамбет.
Алмамбет:
- Сары талдан сайдырган,
Талым калды Бээжинде.
Сары алтындан жасаган,
Тагым калды Бээжинде.
Бакай:
Атка жеӊил, тайга чак,
Уйкусу жок, жолго сак.
Чыканактап калбаган,
Чырм этип, уйку албаган,
Кара болот кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы.
Сыргак:
Чочусам чогоол айтпаймын,
Жоо жүзүнөн кайтпаймын,
Сундуруп найза сулатам,
Беттешкеним кулатам.
Миӊди көрсөм шашпаймын,
Миӊ душманым бир чыкса,
Көп экен деп качпаймын.
Бакай:
Акбалтанын Чубагы,
Арстандын бири бу дагы.
Найзакердин ыктуусу,
Алышкан жоого мыктуусу.
Чубак:
Көк ала сындуу ат минем,
Көк ырапыс тон кийем.
Кирип келген душманга,
Күркүрөп жеке мен тием
Бакай: Ээ балам, арстан шердин артында калдайып турган калыӊ кол - кырк чоросу Манастын. («Манас!» деп ураан айтышат).
-Кыраан Манас өзү баш болуп, жигиттин пирлери сени дайым колдойт. Кудайым буюрса
6,7 жылдан соӊ сенден дүйнөдө теӊдеши жок чоӊ манасчы чыгат. Оомийин.(Баары бата кылышат. Ошол жерден Саякбай «Манас» айта баштайт) Соӊунда слайддык көрсөтүүдөн Саякбайдын «Манас» айтуусу берилет.
«Манас» айтуу (Хор)
«Баян башы»
«Манастын төрөлүшү» 5-класстардын аткаруусунда
«Манасты кан көтөрүү» 7-класстын аткаруусунда
«Чалгын» 8-класстын аткаруусунда
«Көкчөнүн өлүшү» 9-класстын аткаруусунда
«Семетейдин Тайторуну сүрөө алдында барганы» 6-класстын аткаруусунда
Хор: «Залкар атам Саякбай»
Анын сөзү Аккуланын дүбүртү,
Акыл-оюн кеӊ ааламга жүгүрттү.
Айкөлдүгү кыраан Манас сыяктуу,
Чечендиги Тайторунун жүрүшү.
Кайырма: Тулпарлардай чуркаган,
Кеӊ арыштуу аяктай.
Уламадан улаган,
Залкар атам Саякбай.
Өчпөс изин калтырган,
Жанып турган жылдыздай.
Сыймыктанам сиз менен,
Залкар атам Саякбай.
Бүт өмүрүн «Манасына» арнаган,
Төккөндөрүн укпай адам калбаган,
Саптарында элдин кенчин ширелтип,
Жаратканы ай-ааламды арбаган.
Кайырма:
Саякбайдай дүйнөдө бир жаралат,
Мурастарын урпактары туу кылат.
Касиети чалкып жаткан океан,
Алтын сөзүн сүйүп, сыйлап эл угат.
Кайырма:
Жыйынтыктоо
Хор: «Залкар атам Саякбай»
Анын сөзү Аккуланын дүбүртү,
Акыл-оюн кеӊ ааламга жүгүрттү.
Айкөлдүгү кыраан Манас сыяктуу,
Чечендиги Тайторунун жүрүшү.
Кайырма: Тулпарлардай чуркаган,
Кеӊ арыштуу аяктай.
Уламадан улаган,
Залкар атам Саякбай.
Өчпөс изин калтырган,
Жанып турган жылдыздай.
Сыймыктанам сиз менен,
Залкар атам Саякбай.
Бүт өмүрүн «Манасына» арнаган,
Төккөндөрүн укпай адам калбаган,
Саптарында элдин кенчин ширелтип,
Жаратканы ай-ааламды арбаган.
Кайырма:
Саякбайдай дүйнөдө бир жаралат,
Мурастарын урпактары туу кылат.
Касиети чалкып жаткан океан,
Алтын сөзүн сүйүп, сыйлап эл угат.
Кайырма: