. Машина куруу: аймактык жана тармактык түзүлүштөгү жылыштар. Машина куруу өнөр жай тармагы 200 жыл мурда англиядагы өнөр жай революциясынан кийин калыптанган. Дүйнөлүк өнөр жайда, азыркы күндө иштеген адамдардын саны (80 млн) жана продукциясынын наркы боюнча бул тармак биринчи орунда турат. Машина курууга өнөр жайда өндүрүлгөн продукциянын наркынын 1/3и туура келет. Машина куруунун тармактык түзүлүшүндө жаңы жана эң жаңы тармактардын издери таасын байкалат. Ошону менен катар алардын өнүгүү темпи да ар башка, Эски тармактардын абалы туруктуу же төмөндөй баштаган. Мисалы, кеме куруудагы дүркүрөп өсүү өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягына, 70-жылдардын башына туура келген. Энергетикалык кризистен кийин, нефтини ташуу азайгандан баштап, ал тармак узакка созулган дымыгууга туш келди.
Жаңы тармактарда өндүрүштүн өсүшү байкалат. Буга автомобиль өнөр жайы мисал боло алат. Ал эми эң жаңы тармактарда электрондук өнөр жайы ИТРдин «катализатору» катары эң тез жана туруктуу өсүүдө. Мисалы, дүйнөлүк электрондук өнөр жай өткөн кылымдын 50-жылдарында 10 млн, XXI кылымдын башында 1,3 трлн АКШ долларына тете продукция чыгарууга жетишти. Бул анын 130 эсеге өскөндүгүн көрсөтөт.
Машина куруунун дүйнөдөгү аймактык түзүлүшү да бир кыйла өзгөрүүгө дуушар болду. Жакынкы убакка чейин продукциянын 9/10 бөлүгүн «чоң жетинин» мүчөлөрү, АКШ, ГФР, Япония сыяктуу өлкөлөр берип келсе, кийин Кытай, Бразилия, Индия, Мексика, Аргентина сыяктуу Түштүктүн индустриалдык өлкөлөрүнүн үлүшү арта баштады. Азыркы катыш 1/4 болуп калды.
Дүйнөнүн экономикалык картасынан машина куруунун төрт борборлорун бөлүүгө болот.
Биринчи борбор - Түндүк Америка. Бул жакта машина куруунун бардык түрлөрү өнүккөн.
Экинчи борбор - Чет өлкөлүк Европа. Мында негизинен машина куруунун массалык продукциясын чыгарууга адистешкен жана кээ бир эң жаңы өнөр жай тармактарынын өнүгүшү боюнча алдыңкы орундарды сактап келет.
Үчүнчү борбор - Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия. Мында, машина куруунун массалык түрүүн, жогорку технологиялык продукция чыгаруу менен айкалыштырган Япония лидерлик кылат. Бул регионго турмуштук электроникага адистешкен «азиянын жолборстору» жана Кытай кирет. Мисалы, өткөн кылымдын 1990-жылдарында аталган өлкөлөр дүйнөлүк электрондук өнөр жай продукциясынын 15% ын берген. Корей Республикасы менен Тайвань персоналдык ЭВМ чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин арасына кирген. Корей Республикасы видеомагнитофондорду чыгаруу боюнча Япониядан кийинки дүйнөдө экинчи, Кытай телевизор жана радиоприемниктерди чыгаруу боюнча биринчи орунга чыкты.
Төртүнчү борбор - КМШ өлкөлөрү. Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн көбүндө машина куруу эл аралык адистешүүнүн башкы тармагы.
АКШ менен ГФРде машина куруу-экспорттун ½ , ал эми Япония 2/3син камсыз кылат. Азиянын жаны индустриялык өлкөлөрүндө өндүрүлгөн тиричиликке керектүү электроника товарларынын дээрлик бардыгы экспортко кетет.
Дүйнөдө кара металлургияны өндүрүү
| Бүткүл дүйнө | КМШ | Чет өлкөлүк Европа | Чет өлкөлүк Азия | Африка | Түндүк Америка | Латын Америкасы | Австралия жана Океания |
Темир рудасы, млн т | 1060 | 180 | 20 | 310 | 50 | 95 | 235 | 170 |
Болот, млн т | 850 | 100 | 195 | 360 | 12 | 120 | 55 | 8 |
Машина куруунун кээ бир продукцияларын өндүрүү
Бүткүл дүйнө жана алдыңкы он өлкө | Автомобиль, млн. даана | Бүткүл дүйнө жана алдыңкы он өлкө | Телевизор, млн. даана алдыңкы он өлкө | Бүткүл дүйнө жана алдыңкы он өлкө | Радиоприемник, млн. даана |
Бүткүл дүйнө АКШ Япония ГФР Корей Респ. Испания Канада Кытай Мексика Улуу Британия | 58,3 12,8 10,1 5,5 3,1 3,0 3,0 2,1 1,9 1,8 | Бүткүл дүйнө Кытай Корей Респ. АКШ Бразилия Малайзия Япония Испания Сингапур Түркия Улуу Британия | 150,0 36,0 21,7 11,4 7,9 7,9 7,6 6,0 5,0 4,7 3,1 | Бүткүл дүйнө Кытай Малайзия Сингапур Бразилия Индия Япония Тайвань ГФР Франция АКШ | 135,0 82,0 36,0 20,0 4,1 4,0 4,0 3,8 3,2 2,8 2,7 |
8. Химия өнөр жайы. XX кылым химия өнөр жайынын дүркүрөп өскөн мезгили болду. Машина куруу менен катар бул тармак азыркы индустриянын тез өсүп жаткан бөлүгү. Дүйнөлүк химия өнөр жайын, машина куруу тармагы сыяктуу эле, төрт негизги борборго бөлүүгө болот: АКШ, Чет өлкөлүк Европа, КМШ жана Япония. Булардын ар биринде тоо кен-химия өнөр жайы, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү, негизги химиялык продукцияны өндүрүү, өзгөчө органикалык синтез жана полимердик материалдарды чыгаруу өнүккөн. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр негизинен химия өнөр жайынын чийки заттарын казып алуу менен чектелген. Бирок, энергетикалык кризистен кийин химия өнөр жайы нефть жана газга бай Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын өлкөлөрүндө да тез темп менен өнүгө баштады. Ири нефть химиялык комплекстер Перс булуңундагы өлкөлөрдө, Түндүк Африкада, Мексикада жана Венесуэлада иштей баштады. Эмгектин мындай бөлүштүрүлүшүндө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө органикалык синтездөө жана полимердик материалдарды өндүрүү топтолуп, ал эми татаал илимди көп талап кылган тармактар - АКШда, Чет өлкөлүк Европада жана Японияда сакталып калды.
9. Токой жана жыгач иштетүү өнөр жайы. Дүйнөнүн токой жана жыгаччылык өнөр жайы токой ресурстарынын жайгашуусуна байланыштуу. Түндүк зонада негизинен ийне жалбырактуу дарактар кыркылып, алардан арааланган карагайлар, пресстелген плиталар, целлюлоза, кагаз жана картон алынат. Россия, Канада, Швеция, Финляндия үчүн токой жана жыгаччылык өнөр жайлары эл аралык адистешүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Түштүк токой зонасында негизинен жазы жалбырактуу дарактар кыркылат. Бул жакта токой жана жыгач иштетүүнүн үч негизги ареалы калыптанган: Бразилиялык, Тропиктик Африкалык жана Түштүк-Чыгыш Азиялык. Даярдалган жыгачтар Японияга, Батыш Европага ташылып кетип, калганы жергиликтүү элдин отуну катары пайдаланылат.
Кагаз өндүрүүдө Түштүк өлкөлөрүндө жыгачтан башка бамбук (Индия), багассо (Неру), сизаль (Бразилия, Танзания), жут (Бангладеш) колдонулат. Өндүрүлгөн кагазды киши башына бөлүштүргөндө бул өлкөлөр эң арткы орунда.
10. Жеңил өнөр жайы. Жеңил өнөр жайдын географиясында орчундуу жылыштар текстиль тармагында байкалды. 1990-жылдардын аягында дүйнөдө табигый жана жасалма булалардан 130 млрд м2 кездеме чыгарылган. Эгерде аларды колдо өндүрүү жагын эске алсак, ал бардык өлкөлөрдө өнүккөн.
Дүйнөлүк текстиль өнөр жайында беш негизги регион белгилүү: Чыгыш Азия, Түштүк Азия, КМШ, Чет өлкөлүк Европа жана АКШ. Булардын ар биринде кебезден жана химиялык жасалма булалардан кездеме токуу жакшы өнүккөн, ал эми башка тармактар (жүндөн, зыгырдын буласынан, жибектен кездеме токуу) экинчи катарда. 1950-жылдардан баштап кездеме токууда жана кийим тигүүдө экономикалык жагынан жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн үлүшү төмөндөй баштады. Улуу Британия мурда кездеме чыгаруу боюнча биринчи орунда болсо, азыр жыйырманчы орунга түштү. Ал өлкө эң ири экспортёрдон импортёрге айланды.
Түндүк өлкөлөрүнө Караганда, арзан жумушчу күчүнө таянган Түштүк өлкөлөрүндө текстиль өнөр жайы дүркүрөп өсүүдө. Кебез кездемелерин токуу боюнча Кытай эң алдынкы орунда, экинчи орунда - Индия. Бул өлкөлөрдө өндүрүлгөн кездеме негизинен Батыш Европага экспорттолот. Даяр кийимдер да ошол жакка чыгарылат. АКШнын, Батыш Европанын, Япониянын дүкөндөрүндө Кытайдан, Индиядан, Бангладештен, Мексикадан, Туркиядан жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келген арзан баадагы кийимдер сатылат.
11. Өнөр жай жана айлана чөйрө. Адам баласынын өнөр жайга байланышкан аракети айлана чөйрөгө таасирин тийгизет. Жаратылыш ресурстарынын көбү өнөр жайда пайдаланылат. Өнөр жай антропогендик ландшафттардын тоо кен өнөр жайынын, шаар ландшафттарынын пайда болушуна себеп болгон. Ошону менен катар өнөр жайдын өнүгүшү жаратылыш ресурстарын пайдалануунун көп көйгөйлөрүн курчутат. Өзгөчө бул «булганыч» өндүрүшкө тиешелүү.
Жылуулук электр-энергетика көп сандаган зыяндуу заттарды абага чыгарып, абанын газдык курамын өзгөртөт, пайдаланылган суунун температурасын жогорулатат. Атом энергетикасынын пайда болушу радиоактивдүү таштандыларды жерге көмүү көйгөлөрүн пайда кылды. Андан да өткөн коркунуч Чернобыль (Украина) сыяктуу АЭСтердин авариясына байланышкан. Ал тынчтык үчүн пайдаланган атомго да аярлап мамиле кылууну көрсөттү.
Гидроэнергетика салыштырмалуу «тазалыгы» менен айырмаланат, бирок, курулган плотиналар, суу сактагычтар экологиялык тең салмактуулукту бузат. Too кен өнөр жайынын өнүгүшү жер үстүндөгү ландшафты бузуп, аларды калыбына келтириш үчүн көп каражат жумшоону талап кылат. Деңизден кен байлыктарды алуу Дүйнөлүк океандын булганышына, токойду кыркуу да топурактын, суунун бузулушуна алып келет. Металлургиялык өнөр жайдын өнүгүшү атмосферанын булганышына, айлана чөйрөдө темирдин, коргошундун, калайдын, жездин, сымаптын, мышьяктын жана башка металлдардын көбөйшүнө алып келип, адамдын ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн. Химия жана нефть химия өнөр жайынын өнүгүшү абаны, сууну, топуракты булгайт, өзгөчө алардын аварияга учурашы эң коркунучтуу. Ошондой эле коркунучтар целлюлоза-кагаз өнөр жайында да бар.
Бирок, инженерлер жана окумуштуулар жогоруда аталган экологиялык көйгөйлөргө көнүл буруп, жалаң эле жаратылышты коргоо иштери эмес, аларды жайгаштыруу жана айтылган процесстерди болтурбоонун үстүндө иштеп жатышканын эстен чыгарбоо керек. Биринчи кезекте бул «булганыч» өндүрүштү жайгаштырууга тиешелүү.