Мастер класс биология.
1.Уюштуруу.Семинардын катышуучулары менен саламдашуу.
2.Аудиторияга жагымдуу маанай түзүп алуу.Мугалимдер үчүн бактылуулук деген эмне?
Катышуучулар жооп беришет.М: Окуучу жакшы жетишкендиктерге жетишсе,мыкты инсан болуп чыкса ж.б.
Темасы: Биология сабагында моделдештирүү ыкмаларын колдонуу.
Максаты: Окуучуларга терен билим берүү,чыгармачылыгын,ойлоп табуучулугун,психологиясын бир нерсени жасаганда колдорунун моторикаларын өнүктүрүү.
Биз бул фразаны абдан жакшы билебиз “Эн жакшысы жүз жолу уккандан бир жолу көргөн жакшы.Аа кол менен жасасак анданда жакшы”
Англис тил жазуучусу Бернард Шоу”Билимге алып баруучу бирден бир жол-активдүүлүк”-деп айткан.Андыктан баарыбыз бүгүнкү мастер класска активдүү катышабыз деген ойдомун.
Мен биология сабагынан модел боюнча түшүндүрүп, сабактарымда колдонуп келем.Эмесе аларга бурсак(окуучулардын жасаган моделдери слайд аркылуу көрсөтүлөт)
Модел деген эмне?
Модель деген (фр.modele ,лат modulus –чен үлгү ,норма,өрнөк) Модель менен обьектин ортосунда белгилүүү бир окшоштук аналогия орун алуусу зарыл.Мындай аналог өзгөчөлүгү жөнүндө билимдерди сактоого жана кенейтүүгө өзгөчөлүктү башкадан конструкциялоого,өзгөртүп түзүүгө жана башкарууга кызмат кылат.Модель-таанып билүү менен тажрыйбада белгилүү бир билимдин мейкиндиги фактылардын жана катыштардын башка бир билимдер мейкиндигиндеги жөнөкөйүүрөк ,көрсөтмөлүүрөк структура жөнүндө чагылдырылат.
Биз биология сабактарында кандай моделдерди жасоого болот.Биологиялык структураларды моделдөөдө маалыматты түшүндүрүүгө онойго турат.
Мисалы: бактериялар,бир клеткалуулар, ДНК ж.б
Ар бир сабакта ар кандай этаптарда пайдалансак болот.
Мисалы :Тема аныктоодо,үй тапшырмаларда.Баланын чыгармачылык билими да өнүгөт.Сабакка болгон кызыгуусу да көбөйөт.
Моделди эки бөлүккө бөлүп кароого болот.
1Предметтик (клетка,бактерияларды моделин жасоо)
2.Маалыматтык(схема ,таблица)
3.Оюндук (ребус,дал келүүчүлөрдү тап ж.б)
Азыр сиздердин жардамыныздар керек болот.Биз топтордо иштейбиз.
1.топко.Клетканын модели жасайбыз а)жаныбар клеткасы.
б)өсүмдүк клеткасы.
2.топко.Клетка боюнча сүрөттөрдү пайдаланып маалымат берүү.
Калган катышуучулар клетка боюнча 5 топко бөлүнүп практикалык ишти таап чыгабыз.
1-практикалык иш .Бул белги мүнөздүү болгон өсүмдүк клеткасынын органониддердин белгиси менен дал келтир.
1.вакуол
2.хлоропласт.
Белгилер
А).Көндөй болуп саналат.
Б)эки мембранага ээ.
В)Клеткалык суюктук менен толгон.
Г)Фотосинтездик пигменти өзүнө камтыйт.
Д)Цитоплазманын бирдик мембрана аркылуу ажыраган.
Е)крахмал CO2 ЖАНА H2O саналат.
2-практикалык иш.Тукум куучулук маалыматты камтыган клетка органиддерин танда.
1.ядро
2.лизосома
3.гольджи апараты
4.рибосома
5.митохондрия
6.хлоропласт.
3-практикалык иш.Гольджи комплекси кандай кызмат аткарат?
1.органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездейт.
2.Биополимерлерди мономерлерге чейин ажыратат.
3.Клеткада синтезделген белокторду ,липиддерди,углеводдорду топтойт.
4.Клеткадан заттарды чыгарууну камсыз кылат.
5.Органикалык заттарды органикалык эмес заттарга чейин кычкылдандырат.
6.Лизосомалардын пайда болушуна катышат.
4-практикалык иш.Төмөнкү органоиддердин кайсынысы мембраналуу болуп саналат.
1.лизосома
2.центриол
3.рибосома
4.микротүтүкчөлөр
5.вакуоль
6.лейкопласт.
5-практикалык иш.Төмөнкү клетка органоиддеринин кайсынысында матрицалык синтез реакциялары жүрөт.
1.Центриолдор
2.лизосомалар
3.гольджи аппараты
4.рибосомалар
5.митохондриялар
6.хлоропласт.
Топторго убакыт берилип ар бир топ аткарган иштери презентациялашат.
Жыйынтыктоо : Абдан жакшы, катышуучулардын баарына ыраазычылык билдирем.Бүгүнкү мастер класстан кандай пайдалуу жактарын алдыныздар?
Мугалимдер жооп беришет.
Мугалимдик кесип –түйшүктүү иш,аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп,тарбиялап,турмуштун дангыр жолуна багыт берип,адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирет.Мугалимдик кесипти туу тутуп,күжүрмөн эмгек менен алп уруп,чарчаганын билишпей,окуткан балдар менен сыймыктанып иштеп келе жатасыздар андыктан сиздерге ишиниздерге ийгилик каалайм.