Максаты: Билим беруучу: Окуучулардын таанып билууго карата жекече мотивациясын
стимулдаштыруу жана алардын кызыгууларын ойготуу учун мурда алган
билимдерин, кондумдорун колдонуу менен алардын интелектуалдык
денгээлин которуу, билгичтиктерин, тушунукторун
калыптандыруу.
Оркундотуучу: Оз алдынча иштоолорун, кондумдорун жана логикалык ойлоо,
тапкычтыктарын бири-бири менен кызматташа билуулорун, озуно ишенуусун,
башкаларга калыс баа бере билуу менен математикага болгон кызыгууларын
арттыруу.
Тарбия беруучу: Толеранттуу болууга, эрктуулук менен эмгектенууго, чынчыл,
сабырдуу, так жана бири-бирине гумандуу мамиле жасоого тарбиялоо.
Методу: Интерактивдуу (таймаш)
Тиби: Билим билгичтиктерин оркундотуу
Жабдылышы: карточкалар, таблица, суроттор, маркер.
Таймаштын журушу:
-Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, мугалимдер жана КВНдин катышуучулары!
Математика сабагы боюнча биздин мектептин 8-а жана 8-б класстарынын окуучулары менен биргеликте даярдалган «Математика акылдын гимнастикасы» деген темадагы чакан программадагы КВНге куш келипсиздер. О.э. биздин КВНди ачык деп жарыялоого уруксат этиниздер. Анда эмесе мен командалар менен тааныштыра кетсем менин оӊ жагымдагы команда «Алгебра» командасы, ал эми сол жагымдагы команда «Геометрия» командасы. Мындан сырткары бизде дагы бир команда бар, ал калыстар тобу командасы. (Калыстар тобу менен тааныштыруу). Калыстар тобу командадан экиден активдүү катышкан окуучуларды тандап грамотага кѳрсѳтѳсүздѳр. КВНдин тапшырмалары менен тааныштыра кетсем.
Саламдашуу аземи(ѳзүн тааныштыруу, эмблема,плакатын жактоо)
Математикалык ыр саптар
Билгиң келсе ʏйрɵнгʏн татаал эсеп,
Билим жолу так эсеп жерден ɵтɵт.
Кɵбɵйтʏʏнʏ, бɵлчɵктʏ бил,
Татаал жолду баспасаң келбейт ʏзʏр.
Жакшы билгин катмардын эрежесин,
Санактан тамыр чыгар билип ɵзʏң.
Аянттын ɵлчɵмʏн так чыгарасың,
Жети катмар ааламды жердей айткын.
Алгебра жолдорун даана тапкын,
Евклиддин калкасын катуу каккын.
Билип ал: азыр дагы келечекте,
Багынган акыл оюң бʏт эсепте.
Математика илими ушул кʏндɵ,
Жайылды жер жʏзʏнɵ , бʏт дʏйнɵгɵ.
Кызыгат дʏйнɵ эли, бʏт адамзат,
Математика илимин ʏйрɵнгɵнгɵ.
Жер шарынын формасын салыштырдык,
геометриялык фигурага, сферага.
Касиеттʏʏ илим менен ɵнʏгʏп,
тʏшʏнсɵк деп, ааламдын сырларын.
Математикада болот жети амалдар,
Жетɵɵнʏн тең укмуштуудай сыры бар.
Жеткиликтʏʏ илим менен билимге,
Жеткирет го биздин эжей агайлар.
Акылыңды ɵстʏрɵт да , ɵркʏндɵтɵт,
Маселе иштеп чыгарганды ʏйрɵтɵт.
Турмуш жашоо тиричиликте колдонулат,
Баамдап кɵр , ал эмне экен баатырак..
Тригонометриялык мисалдарды чыгарууда,
Формулаларды, таблицаны пайдалан,
Маселени чыгарганга келгенде,
Пифагордон жардам сура ар качан.
Процентти таба билгин, окуучу,
Турмушуңда дайым сага кезигет.
Белгилүүнү 100 пайызга көбөйтүп,
Жалпы санга бөлүп коёт эсептеп.
Амалдарды аткарышат илгертен,
Уят болот эгер аны билбесең
Төрт амалды жатка окуучу билип ал,
Төрт тарабың болот кийин келишкен.
Теңдеменин эки жагы тең болот.
Белгисизди таба билсең ынанып.
Так илимдин тууралыгын билип ал,
Текшергенде туура жооп чыгарып.
Системанын теңдемеси көп болот,
Азырынча экөөн иштеп билип ал.
Жооптору экөөн тең канаатандыраарын,
Сен окуучу аягында эсиңе ал.
Барабарсыздык барабар деп аталбайт,
Бардык маани анык болуп чыкса да .
Камтылганда камтылбаган чекиттер,
Интервалда жайланышат дап-даана.
Эсептегин эсебиң сенин так болсун,
Даражанын касиетин пайдалан.
Эсептегин эч бир ката кетпесин,
Маанисин тап аягында ар качан.
Туюнтманын маанисин так табабыз,
Тамыр болсо, туура андан чыгарып.
Тамырлардын көрсөткүчү боюнча,
Жооп чыгат формулага таянып.
Бөлчөктү кыскартканды билип ал,
Көбөйтүндүу болгон кезде кыскарат.
Алым менен бөлүм бирдей болгондо,
Кыскартылат аны ар убак эсине ал.
Күтүлбѳгѳн суроолор
Алгебра командасына
Сандын үчүнчү даражасы (куб)
Тамгалардан, амалдардан жана сандардан турган жазуу (туюнтма)
Айлананы сызуучу курал (циркуль)
Кыймылдын тездигин мүнөздөгөн чоңдүк (ылдамдык)
Үч бурчтуктун чокусунан карама-каршы жагына тик бурч боюнча жүргүзүлгөн кесинди (бийиктик)
Заманбап эсептегич (калькулятор)
Эки катыштын барабардыгы (пропорция)
Кесилишпеген түз сызыктар (параллель)
Геометрия командасына
Шардын бетин эмне дейбиз (сфера)
Буюмдарды саноодо колдонулган сан (натуралдык)
Бөлүүнүн жыйынтыгы кандай аталат (тийинди)
Жүздөн бир бөлүк (процент)
Тамгалуу барабардык (теӊдеме)
Тѳрт жагы барабар болгон геометриялык фигура (квадрат)
Сандын экинчи даражасы (квадрат)
(Пифагордун теоремасы)
Жетинин бири кыдыр
Алгебра командасына
Алгебра сѳзу
Ылдамдык, масса, узундук, аянт, убакыт, кѳлѳм, периметр.
Геометрия командасына
Геометрия
Сутка, метр, км/саат, метр кв., литр, кг, км.
Капитандар таймашы
Калыстар тарабынан эсеп берилет
Акыйнек айтышуу
Геометрия командасы Алгебра командасы
1) Торт тарабым келишкен
Квадрат мен боломун 1) Эсепти билбегенди,
Аянтымды тапкыла деп Нөл экен деп коюшат.
Сендей болгон сандарды Эгер мен цифра болбосом,
Тамтандатып коемун Миллиондор кайдан жаралмак.
Акыя, акыя, акыя, акыя Акыя, акыя, акыя, акыя
2)Козу карын быжырайт 2) Жалкоолуктун эгизи,
Жамгыр жааса себелеп Ийнеликтин шериги.
Сандар жонсуз чызылдайт Ким деп мени сураса,
Фигуралар биз коебуз тебелеп Эки деген мен болом.
Акыя, акыя, акыя, акыя Сабак билбес жалкоонун,
Дептерине кономун.
3)Ала-Тоодой уч бурчтук фигуралар занкайган
Кыска чачын тарай албай
Сандарды кара абсайган 3) Үч үтүрөйүп дайыма,
Акыя, акыя, акыя, акыя Кабагымды ачпаймын.
4)Үч бурчтуктун чокусунан, Тың окуган балдарга,
Чуркап чыга каламын. Жолдош болуп баспаймын.
Бурчун бөлүп экиге, 4) Анык сандар экен деп,
Керекке жарап турамын. Колдонот бизди эсепке.
Биссектриса мен болом, Санатып бирден чексизге,
Бекемдеп уксун кулагың. Жарайбыз дайым керекке.
Акыя, акыя, акый, акый, акыя Акыя, акыя, акый, акый, акыя.
5)Жалгыз озуң керектей, 5) Бөлчөк сандар кадырын,
Мактанасың жон эле. Билип койгун сен деле.
Жагын эки бөлүүгө, Бир тоголок алманы,
Керекмин ага мен деле. Кантип бөлүп жейт элең.
Медиана мен болом, Акыя, акыя, акый, акый, акыя.
Билип алгын сен деле.
Акыя, акыя, акый, акый, акыя.
Амалдарды туура жайгаштыр
7-7+7:7=1 7:7+7:7=2 (7+7+7):7=3 77:7-7=4 7-(7+7):7=5 (7*7-7):7=6 (7-7) 7+7=7 (7*7+7):7=8 (7+7):7+7=9 (77-7):7=10
Ким шамдагай?
Бул тапшырмада окуучулар математикалык терминдерди айтышат. Ким таппай калса жеӊилет.
Кеӊешип кескен бармак оорубайт
Командага бирден логикалык суроо жана бирден эсеп берилет. Командалар кеӊешип жооп беришет.
Мен жолдо келе жатып бир баланы кордум. Ал мындай деди: «Менин атам жана энем бар, ал эми мен алардын уулу эмесмин». Анда бул ким эле? Жооп: кызы
Узуну 2м, туурасы 2м, бийиктиги 2м болгон жер чункурунда канча коломдогу топурак бар? Жооп: эч кандай
Туюнтманын маанисин тапкыла
Дал ушундай сандарды,
Улантасың калганың.
Үчкө эсе болсо ким,
Убакыт деп атагын.
Атаганды унутсаң,
Сен оюндан чыгасың.
Тапкыч болуп улантсаң,
Анда жеңүүчү аталасың.
Оюн (убакыт)
Кел окуучу оюнду,
Ойногонду баштайлы.
Шартын угуп билип ал,
Болом десең жеңүүчү.
Саат болуп айланып,
Бардыгыңар тургула.
Бирок саат сыяктуу,
Санабагын сандарды.
Бирден баштап мүнөттү,
Эки деп аны уланту.
Үч дебестен оюнчу,
Убакыт деп узарту.
Жыйынтыктоо: Калыстар тобу тарабынан жыйынтык чыгарылат.
Узуну 2м, туурасы 2м, бийиктиги 2м болгон жер чункурунда канча коломдогу топурак бар? Жооп: эч кандай
Туюнтманын маанисин тапкыла
Мен жолдо келе жатып бир баланы кордум. Ал мындай деди: «Менин атам жана энем бар, ал эми мен алардын уулу эмесмин». Анда бул ким эле? Жооп: кызы
Туюнтманын маанисин тапкыла
7 7 7 7 =1
7 7 7 7 =2
7 7 7 7 =3
7 7 7 7 =4
7 7 7 7 =5
7 7 7 7 =6
7 7 7 7 =7
7 7 7 7 =8
7 7 7 7 =9
7 7 7 7 =10