СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык-квест "Дениз каракчысынын байлыгы"

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Класстан тышкаркы иш чаранын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Математикалык-квест "Дениз каракчысынын байлыгы"»

Интеллектуалдык математикалык квест сабак.

Квест 5-6 жана 7-8-класстын окуучулары үчүн маематикалык тапшырмаларды топ менен бирге чечүүчү оюн болуп саналат. Командада 5тен оюнчу. Оюн 45-60 минутага ылайыкталган.

Оюнчулардын максаты: командалар 6 пазлдан турган сүрөттү курап, анда жазылган конкурстун ураанын табуусу керек.

Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

  1. Стандарттык эмес маселелерди чыгаруу менен окуучулардын математика сабагына болгон кызыгуусу артат.

  2. Тез ойлонуп, туура, так жооп берүүсү жана логикалык ой жүгүртүүсү жөнгө салынат.

  3. Топтордо иштей алышат, бири-бирине көмөктөш болушат, кенешип чечим чыгара алышат.

Стандарттык эмес маселелерди, логикалык эсептерди чыгаруу менен логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт, тез ойлонууга көнүгүшөт .

Берген жооптордун тууралыгын талдай алышат.


Топтордо иштөөдө бири-биринин ойлорун уга билүүгө, бири-бирине көмөктөш болууга жана кенешип, биргелешип чечүүгө тарбияланышат.


Ар бир этапта баардык команда 1 же 2 тапшырманы аткаруусу керек. Туура жооп үчүн командалар ачкычтарды алышат. Этаптагы бардык тапшырмалар туура аткарылса, анда командалар кийинки тапшырмага көрсөтмө, 3 ачкыч жана пазлдын бир бөлүгүн алат. Эгер бир тапшырмасы аткарылса, анда 3 ачкыч жана кийинки этапка көрсөтмө барагын гана алат. Кошумча керектүү пазлды (эгер керектүү болсо) оюндун аягында 5 ачкычка алмашып алат. Оюн аягында кайсы команда пазлды курап, оюндун девизин окуп, ошол эле учурда көп сандагы ачкычка ээ болсо, ошол команда утат.

Жабдылышы: тапшырмалар жазылган барактар, маршруттук барак, ачкычтар, скотч, пазл, тиш чукугучтар, буурчак, ручка.


Оюндун жүрүшү:

1. «Куруучулар» аралы

2. «Логика» аралы

3. «Айырмалоочу» арал

4. «Табышмактар» аралы


Уюштуруу: оюн өтүүчү жер–актовый зал.

5 класс – 1 арал 2 арал 3 арал 4 арал

6 класс – 2 арал 3 арал 4 арал 1 арал

7 класс – 3 арал 4 арал 1арал 2 арал

8 класс – 4 арал 1 арал 2арал 3 арал

Ар бир аралдын тапшырмаларын аткарып бүткөндөн кийин командаларга пазл, ачкыч, кийинки этапка көрсөтмө барак берилет.

Акыркы аралда ар бир командага акыркы инструкция жазылган барак берилет.

Акыркы инструкция: «Силер пазлдын бардык бөлүгүн чогулттунар, бөлүктөрдү бир бүтүнгө толуктап, арткы бетинде жазылган, конкурсубуздун девизин окушунар керек.»


Мугалим: Кутмандуу күнүнүздөр менен урматтуу мугалимдер жана окуучулар! Бүгүн биз математикалык квест оюнун өткөрмөкчүбүз. Улуу математик Блез Паскаль айткандай «Математика предмети ушунчалык олуттуу, аны бир аз болсо да кызыктуураак кылуучу учурду кое бергенге болбойт». Бүгүн ошол кызыктуу математика менен таанышуучу учур келип отурат. Бүгүн силер жооп бере турган тапшырмалар: тапкычтыкты, элестетүүнү, тездикти талап кылат.

Алгач командалар менен таанышып алсак: (командалар менен таанышуу).

Мына командаларыбыз менен да таанышып алдык!

Оюнубуздун эрежелери: Бүгүн силер аралдарга саякатка барасынар. Ар бир аралда 1 же 2 тапшырма аткаруунар керек. Эгер этаптагы бардык тапшырма аткарылса, силер бирден пазл жана 3 ачкыч жана кийинки этапка көрсөтмө барак аласынар. Эгер эки тапшырманын бирөө аткарылса, анда 3 ачкыч жана оюнду улантуучу баракты аласынар, бирок пазл берилбейт. Кошумча керектүү пазлды (керек болгон учурда) оюндун аягында 5 ачкычка алмашып алсанар болот. Сүрөттү толук чогултуп, артында катылган оюндун девизин окуган жана көп сандагы ачкычка ээ болгон команда женишке ээ болот.

(Командаларга аралдардын номерлери жазылган барак таратылат ). Кана эмесе, биз баштайбыз!



1. «Куруучулар» аралы:

Оюнчулар өз командалары менен биргеликте, буурчак жыны тиш чукугучтун жардамы менен геометриялык фигураларды курашы керек. Оюнда фигуралардын түзүлүшү, татаалдыгы, өзгөчөлүгү эске алынат. Канчалык талапка жооп берсе, этаптын упайларды толук алууга ошончолук мүмкүнчүлүгү жогору.


2. «Логика» аралы

Логикалык эсептерди чыгаруу. Эсептерди туура чыгарса, пазл жана 3 быйтыкчага ээ болушат. Эгер ката бар болсо, анда пазл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.


5-6 класстар үчүн:



7-8 класстар үчүн:




3. «Айырмалоочу» арал

Айырмачылыктарды табуу. Тапшырманы толук аткаргандар 3 ачкыч, пазл жана кийинки этапка көрсөтмө алышат...



5-6 класстар үчүн: 7-8 класстар үчүн:















Жообу:


4. «Табышмактар» аралы

5-6 класстар үчүн:


Машанын энесинин 5 кызы бар. Алардын аттары: Ира, Кира, Таня, Катя. Бешинчисинин аты ким?

Жообу: Маша

Игогоби аралында сүйлөгөн жылкылар жашайт. Жыл сайын алар “Ким кыйын кишенейт?” деген дүйнөлүк конкурс өткөрүп турушат. Бул жылы жылкыларды артка калтырып, 5-класстын окуучусу Асан баарынан кыйын кишенеди. Баш байге болгон канаттуу эшек-Пеггини Асан алуусу керек болчу. Бирок... сүйлөгөн жылкылар Пеггини оной менен Асанга бергилери келбей кошумча тапшырма ойлоп табышты. Эми женүүчү: “Анда 2 баш, 6 бут, жана 1 куйрук бар. Ал ким?” деген

табышмакты табуусу керек. Кана эмесе достор асанга жардам беребиз чынында эле ал ким? Жообу: атчан киши


7-8 класстар үчүн:

Жол менен бадал аралап,
Он бир куйрук баратат.
Баарында отуз бут экен,
Жакшылап карап санасам.
Торопойлор, корооздор
Жоноптур тартып узак жол.
Эми суроом силерге:
Корооздун саны канча эле?
Канакей досум табагой
Канчоосу анын торопой?

Жообу: 4торопой жана 7 корооз


Каракчылардын кораблинде бир нече мышык, бир нече матрос, кок жана бир буттуу капитан Сильвер бар. Баарынын башын кошсо 15, ал эми буттары 41. Кораблдагылардын канчоосу мышык?

Жообу: капитан Сильвер жана 1 кок, 7 матрос, 6 мышык болгон.


Оюндун аягында командалар сүрөттү чогултуп, девизди окушат. Пазл жетпей калган учурда 1 пазлды 5 ачкычка алмаштырып алышат.

Сүрөттү чогултуп, девизди окуп, ошол эле учурда көп сандагы ачкычка ээ болгон команда утат..


Оюндун жыйынтыгын чыгаруу. Женүүчүлөрдү сыйлоо.


Мугалим: Математика – бул адам баласы айлана-чөйрөнү таанып жана аны өзүнө багынтуучу курал. Математикады ачылыш жасоо үчүн аны улуу математиктер жана башка жүздөгөн, миндеген адамдардай сүйүү керек. Алардын ар бири жасап кеткен эмгектин аз бөлүгүн болсо да жасаганга аракет кылсанар коом силерге алкыш айтат. Математиканы жакшы көргүлө, сүйгүлө!

Ушуну менен биздин математикалык квест аягына чыкты. Женүүчү команданы жениши менен куттуктайбыз жана белектерин тапшырабыз.

Бирок оюнда женүү эмес катышуу маанилүү себеби силер ар биринер өзүнөр үчүн математика илиминин жаны, балким жакшы жагын кабыл алдынар.



Иштелменин автору: математика мугалими Рахман кызы Ч.