СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык КВН

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математикалык КВН»

Сабактын темасы: Математикалык КВН

Сабактын максаты:Окуучулардын математика сабагына кызыгуусун жогорулатуу. Кечеге катышуу менен кызыктуу пайдалуу материалдарды билдируу .

Окуучулардын оз алдынча иштоо, эске тутуу жондомдуулугун оркундотуу.

Тапкычтыкка оз алдынча ой жугуртууго жана изденууго тарбияланышат.

Сабактын тиби:КВН сабак Сабактын жабдылышы: карточка, плакат,ватман,маркер

Сабактын журушу: Уюштуруу .

Алып баруучу мугалим болот .Классты эки командага болот.

КВНге 7-класстын окуучулары катышат.

1.Алып баруучу

Келиниздер кесиптештер келиниздер.

Мейман болуп торго отунуздор.

Окуучунун,мугалимдин эмгегинен.

Бир узумун байкап кетиниздер.

Математикалык КВНди ачык деп жарыялоого уруксаат этиниздер.



Программа:

1.Командалардын саламдашуусу,хор

2.Сан катышкан макал-лакаптар.

3.Математикалык жанылмачтар

4.Табышмактар

5.Бий

6.Крассворд

7,Уйго тапшырма



1.Айлана командасы:

Озогумдо кайнаган кыргыз жаны

Журогумдо кайнаган кыргыз каны

Торолгондо оозанып Манас менен

Амансынбы Торкендин тургундары.

Мелдештик бугун катарда

Билими кучтуу алдыга озду

Арнашып каалоо,куттукташалы

Окуйлу дайым математиканы

Урматтуу атаандаштар!

Ээрчишип каркырадай куш бололу.

Энсеген асыл ойго туш бололу

Жилигин ынтымактын бирге чагып

Бирибиз-бирибизге кут бололу.

Атанын улуу салтынан ,

Акылдуунун атынан.

Жалпыга салам айтабыз,

«Айлана» командасынын атынан

Хор Алгебра

Квадрат командасы:

Жаркыраган КВН майрам алдыда,

Насип экен салам беруу жалпыга.

Ушул куну сыйлашалы баарыбыз,

Ынтымакты колго алып коелу.



Кана балдар талыкпастан,

Билим кенин казалы.

Билбегенди бул мелдештен,

Билип алууга шашалы.



Математика акылдын кенчи,

Ойду остуруп акыл-эс берчу,

Окуп суйуп эске бек туйуп,

Алалы дайым «4» менен «5»ти

Апанын улуу салтынан билимдуулордун атынан ,Эсендик салам айтабыз « Квадрат» командасынын атынан.

Хор

2.Сан катышкан макал-лакаптар

1)Жети олчоп бир кес

2)Алтоон ала болсон алдындагыны алдырасын,тортоон топ болсон тободогуну аласын.

3)Билеги кучтуу бирди жыгат,билими кучтуу минди жыгат

4)Жакшы атка бир камчы,жаман атка мин камчы

5)Эки кыз эрмек кыз

6)Бир карын майды, бир кумалак чиритет

7)Жигитке жетимиш онор аздык кылат

8)Баатыр бир олот,коркок мин олот.

9)Бир журмок бар,бир олмок жок

10)Баатыр бир октук,бай бир жуттук

11)Болор бала он бешинде баш болот,Болбос бала отузунда жаш болот.

12)Бир кунго огуз олбойт,Эки кунго ээси бербейт.

13)Бир уйдун жарыгы бир уйго тийбейт.

14)Бир тыйын берип ырдата албаган,Мин тыйын берип койдура албаган.

15)Билем деген мин соз,Билбейм деген мин соз

16)Бир сап ырдан бир кап чыр чыгат

17)Бир ооз соз журок жаралайт,Бир ооз соз абийир каралайт.

18)Берээрге бироо табылбаса,аларга алтоо табылат.

19)Бору карыса бир койлук алы бар.

20)Бир уйдун муйузу сынса,мин уйдун муйузу зыркырайт



3.Математикалык жанылмачтар

Асан сызды уч бурчтук,

Усон сызды торт бурчтук,

Дептерлери алмашып

алар сызды коп бурчтук

Ж.Б

Табышмактар

1)Уй булобуз 341 тууганбыз,

Белибизди бир чылбыр менен бууганбыз.

Бирде тоодо,бирде ойдо жашап,

Ошентип оокат кылганбыз.(боз уй)



2)Кабаттап алсан бул бааны,

Кайдан сага сыйланмак.

Арапча артка окусан,

Атын басат ылдамдап.(уч,чу)

3)Биздин айыл эки айыл,

Ойуз-буйуз конушкан,

Уй булобуз барабар,Уй башына тогуздан.

Эки чара боорсок ,баарыбызды тойгузган.(тогуз коргоол)



4)Анда-санда кызматтан тушуп турат,

Ага деле болбой орношуп алат.

Жетимиш жигит жолойт,Сексен жигит таяйт.(Тундук,кереге,уук)



5)Фигура бар торт тарабы топ келген,

Турат озу жалан бирдей кырлардан.

Артты коздой окуп корсон,

Адамдын абалы бул ичи бышып кыйналган.(куб,бук)



6)Аткар деп мисал беришсе ,

Ал мисалдан мени изде.

Алмашса орун тамгалар,

Айланам дароо жемишке.(амал,алма)



7)Байкабай тетири жазып коюшса,

Байламта соз болуп калам орусча.

Эгер таппай кыйындаса абалын,

Эки колдун манжаларын санагын.(но,он)



8)Тамакты таттуу кылат деп,

Таамай соз элде айтылат.

«О» ну жазсан алдына ,

Ондуктан турган сан чыгат.(туз,отуз)