Просмотр содержимого документа
«Материктерге саякат план»
Сабактын темасы: Материктерге саякат.
Сабактын максаты:
Окуучулар материктер боюнча алган билимдерин тереңдетишет жана кошумча маалыматтарды алышат.
Окуучулар изденүүчүлүк, ой жүгүртүү, тапкычтык кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүшѳт.
Окуучулар айлана-чѳйрѳнү коргоого, сүйүүгѳ, кѳздүн карегиндей сактоого тарбия алышат.
Сабактын жабдылышы: интерактивдүү доска, сүрѳттѳр, карта, баалоо баракчалары ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Окуучуларды эки топко бѳлүү, топ башчыларын дайындоо, сабакка даярдыгын кароо.
Географиялык пазл.
Пазлды кураштырып Түштүк жарым шардын материктери ачылат.
1.Австралия, Антарктида, Африка, Түштүк Америка.
1- топтун саякатчылары «Магелан» кемеси менен, 2-топтун саякатчылары «Колумб» кемеси менен саякатка чыгышат.
Австралия материгиндеги тапшырма .
Магеллан тобу ѳсүмдүктѳрдүн аттарын табышат. №1 слайд
Колумб тобу жаныбарлардын аттарын табышат.№2 слайд
Антарктида материгиндеги тапшырма «Конверттеги деңиздер»
Африка материгиндеги ѳзгѳчѳ тапшырма «Υчүнчүсү ашык». Африкага тиешелүү географиялык объектер жазылган алардан бирѳѳ ашык.
1.Сахара, Руб-Эль-Хали, Калахари
2.Нигер,Нил, Парана
3.Карпат,Атлас,Дракон.
4.Виктория, Байкал, Чад
5.Горилла, Кенгуру, Арстан
Түштүк Америка материгинин «Эң» тапшырмасы . № 6 слайд
Эң-суусу мол дарыя Амазонка
Эң- нымдуу материк Түштүк Америка
Эң- бийик шаркыратма Анхель
Эң- чоң ойдуң Амазонка
Сабакты жыйынтыктоо: Бүгүн биз сабакта материктеги кызыктуу тапшырмаларды аткардык жана кошумча маалыматтарды алдык. Сабакка койгон максаттарыбыз ишке ашты.
Окуучулардын билимин баалоо: Топтордун чогулткан упайларын жана жеке ѳздѳрү койгон бааларды жыйынтыктоо.
Үйгѳ тапшырма : Материктер боюнча кайталоо