СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

МЧЖ балдарга буюмдардын (чоңдуктардын) өлчөмдөрү менен тааныштыруунун мааниси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«МЧЖ балдарга буюмдардын (чоңдуктардын) өлчөмдөрү менен тааныштыруунун мааниси»

Мектепке чейинки жаштагы балдардын мейкиндик элестөөлөрүн калыптандыруу. Мейкиндикте багыт алууга балдарды окутуу

Азыркы мезгилдеги окумуштуулардын педагогика-психологиялык изилдөөлөрү жана МЧББ мекемелеринин көп жылдык опыттарынан, балдарды мектепке чейинки куракта мейкиндик чөйрөсүндөгү маалыматтарды өздөштүрө алууга жана аларды жашоонун түрдүү шарттарында колдонгонго үйрөтсө болот деп корутунду чыгарышууда.

Мейкиндикте багыт алуу үчүн бала төмөндөгүлөрдү билүүсү керек:

  • Өзүнүн денесин мейкиндик багыттын башталышы катары эсептегенди;

  • Айлана-чөйрөдө өзүнөн, башка адамдардан, башка предметтерден туура багыт алганды;

  • Тегиздикте багыт алганды (баракта, бетте, клеткалуу кагазда, сызыкта ж.б.);

  • Негизги мейкиндикте багыт алганды.

Балдардын мейкиндикти өздөштүрүүсүнүн алгачкы маселеси болуп – алардын өз денелеринде багыт алуусу. Ал баланыны денесинин ар бир бөлүктөрүнүн мейкиндик жайгашуусуна негизделген.

Балдар кичине кезинде эле өздөрүнө багыт алуу жөндөмүнө ээ болушат. Алар өз денесинин, бетинин бөлүктөрүн жана алардын симметриялуулугун (оң кол же сол кол) билишет. Орто жана жогорку мектепке чейинки курактагы балдар бул багыттарды түрдүү ситуацияларда колдонууга үйрөнүшөт. Алардын негизинде балдардын, мейкиндик катыштары жөнүндөгү түрдүү системалуу билимдери калыптанант.

Кийинки этабы – балдарды сырткы обьектилерге багыт алууга үйрөтүү. Эгерде бала өзүнө туура багыт алганды билсе гана, түрдүү обьектилерге мейкиндикте багыт алуусу ишке ашат. Бала башка преметтерге багыт алганды өз оюнда ишке ашырат. Көпчүлүк предметтер мейкиндикте вертикалдуу абалда жайгашкан, алардын алдыңкы жана арткы беттери болот. Бирок, бардык эле чөйрө обьектилери мындай ачык аныкталган мейкиндик мүнөздөөлөргө ээ эмес, б.а. карама-каршы жактары бар: алды-арты, жогору-төмөн, капталдары. Кээ бир геометриялык фигуралардын, мисалы, пирамиданын бөлүктөрүн, ошондой эле кээ бир оюнчуктар, түрдүү канааттуулардын, жаныбарлардын көрүнүшүндө болот, алар адамдардын денесинин мейкиндик схемасына дал келбейт. Алардын дене мүчөлөрүн бөлүп алуу балдарга кыйынчылыктарды туудурат, бөлүктөрүн бөлүп алуу үчүн алардын сурөттөрү керек болот .

Мейкиндик багыт алуу балага түрдүү предметтердин арасындагы мейкиндик катыштарын түшүнүү үчүн керек. Мисалы, бир обьектинин экинчисине карама-каршы жайгашуусу, ал обьектилердин бири-бирине алдыңкы беттери менен туруусун мүнөздөш үчүн керек.Мейкиндик багыт алуу бала үчүн эң негизги ролго ээ. Мейкиндик элестөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу үчүн бала төмөндөгүлөрдү билүүсү керек:

  • Негизги мейкиндик багыттарын (алды-арты, оңго-солго, өйдө-төмөн ж.б.) жана аралыктарды (алдыдан оңго, артынан солго ж.б.) айырмалаганды, аларды тааныганды, атаганды, өз алдынча багыт боюнча аныктаганды билүүсү керек.

  • Курчап турган чөйрө предметтердин ичинде жана башка адамдарга салыштырмалуу өзүнүн ээлеген ордун аныктай билүүсү керек. Мисалы, “Мен Асандан алдында турам”.

  • Предметтердин сызык же аралык жайгашуусунун белгилери боюнча мейкиндик катыштарын аныктай алуусу керек. Мисалы, “Үйдүн алдында – балдар аянтчасы, үйдүн сол жагында – гараж, оң жагында жол жайгашкан”.

  • Өзүнүн кыймылына мейкиндикте багыт алуу (чуркаганда, басканда ж.б.).

  • Тегиздикте багыт алуу (столдун үстүндө, китептин бетинде ж.б.).

Мейкиндикте туура багыт алуу үчүн балдарда реалдуу мейкиндик түшүнүгүн өнүктүрүү керек.

3-4 жаштагы балдар оюнчуктардын ээлеген ордун, жайгашуусун, аларды өз ордуна коюу жана сактоо тартиптерин билишет. Бирок бул мейкиндик багыт алуу үчүн жетишсиз. 3-4 жаштагы балдар үчүн атайын дидактикалык оюндарды, көнүгүүлөрдү мейкиндикте туура багыт алуу үчүн үйрөтүү керек. Балдарда жөнөкөй жана системалуу билимдерди топтоо керек.

5-6 жаштагы балдарда предметтердин өз ара мейкиндикте жайгашуусу боюнча элестөөлөрү бир канча жакшы өнүккөн болот. Буларга суйлөө талабы коюлат, б.а. мейкиндик абалды сөз түрүндө мүнөздөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү керек.

Бала канчалык багытты туура атаса, ошончолук мейкиндикте багыт алуусу ийгиликтүү болот. Барган сайын балдар, мейкиндик белгилөөлөрдүн түрдүү образдарын жөндөй башташат. Алардын кээ бирлери: бул жерде, ал жерде, мында, жанында, артында, үстүндө, түбүндө деген сөздөр. Бул сөздөрдү колдонуу предметтердин жайгашуусунун мейкиндик жакындаштыктарын түшүндүрөт. Мисалы, “Столдун жанында тур.”,”Асандын жанына кел”.

Катар жана биринен кийин бири деген сөздөр да балдардын сүйлөө речинде эрте пайда болот. Педагогдордун жардамында балдар предметтердин жайгашуусун так айтат: “Бул оюнчуктар катар турат. Куурчактан кийин машина турат”.

Барган сайын балдар”ортосунда”, “артында”, “аркасында”, “арасында”, “капталында”, “алдыга, “артка”, “карама-каршы” деген сөздөдү предметтердин жайгашуусунда атап. Туура багыт алганды үйрөнүшөт.