Просмотр содержимого документа
«Медиа сабаттуулук №6»
САБАК № 6
ТЕМА:
ММК МАТЕРИАЛДАРЫН СЫН КӨЗ МЕНЕН ТАЛДОО
С ю ж ет
- Бул материалды көрүп кандай бүтүмдөргө келүүгө болот?
- Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн көпчүлү- гү кылмыш кылууга жөндөмдүү деген пикир жаралган жокпу?
- Материалдын башында көрсөтүлгөн оюн клубундагы балдар кандай таасир калтырды?
- Бул өспүрүмдөр туурасында мындай же тигиндей деп ойлоого эмне түрткү болду?
1. Материал эмне жөнүндө?
Материалда кайсы окуя жөнүндө сөз болуп жатат? (кандай маалыматтык бүтүм)
- Окуя туурасында толук маалымат берилгенби? “Эмне болду”, “Кайда болду”, “Качан болду”, “Эмне үчүн болду” (кырдаалдын пайда болуу себептери)
деген суроолорго жооптор барбы?
2. Материалда негизги каармандар кимдер?
Материал даярдоодо кимдердин интервьюлары колдонулган?
Алар материалда сөз болуп жаткан окуянын түздөн-түз катышуучуларыбы?
3. Окуянын бардык катышуучулары өз позицияларын билдирүүгө мүмкүнчүлүк
алышканбы?
4. Толук маалымат үчүн дагы кимдин интервьюсун кошсо болмок?
Дагы кандай маалыматты кошууга болот эле?
5. Факт менен пикир ажыратылганбы?
Факт катары көрсөтүлгөн пикирлер барбы?
Мисалдарды көрсөткүлө эгер бар болсо.
6. Журналист тарабынан душмандык маанай же апыртылган эмоционалдык сүрөттөө орун алганбы?
Эгер бар болсо мисал келтиргиле, кайсы лексика терс маанайда жана жараксыз?
Бүтүмдөр:
- Толук маалымат берилдиби?
- Материал тең салмактуубу (бардык тарапта өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк болдубу)?
10
11
Бүтүмдөр
# Ар бир ММКнын өзүнүн кызыкчылыгы
болушу мүмкүн;
# ММК сапаттуу материал менен бирге эле
сапатсыз материал да сунушташы мүмкүн.
# Бул бир эле массалык маалымат
каражатына да тиешелүү болушу мүмкүн, б.а. ошол эле ММК сапаттуу контент да, бир жактуу, сапатсыз материал да
бериши мүмкүн.
# Манипуляциянын курмандыгына
айланбаш үчүн, материалдын мазмунуна суроо берүү зарыл.