Просмотр содержимого документа
«Мектеп деген эмне?»
МЕКТЕП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Мектеп - ( араб тилинин «мактаб» деген сөзүнөн алынган) жаш муундарды окутуп- тарбиялоого чакырылган билим берүү мекемеси. Мектептин пайда болушу адамзат коомунун жаралышы, андагы өндүрүштүк мамилелердин татаалданышы жана эмгектин коомдогу бөлүштүрүлүшү менен түздөн-түз байланыштуу, башкача айткада эң алгачкы коомдордо эле адамдар балдарды тарбия лоо ишин атайын бул ишке жооптуу кишилерге тапшырышкан.
Байыркы Греция да Мектеп деп
философтордун өз окуучулары менен эркин темадагы баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы Римде болсо
Мектеп деген сөз азыркы маанисине жакын колдонулуп, билим-тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстан дын Мектептик билим берүүсү да өз
тарыхына эгедер.
Кокон хандыгынын тушунда
Кыргызстан да ислам дининин негиздерин окутууга багытталган: Мектептер (башталгыч билим берүүчү) жана медресе лер (орто жана жогорку билим берүүчү) болгон. Кыргызстан
Россия падышачылыгынын карамагына өткөндөн тартып, көчүп келгендер тарабынан негизделген шаар-кыштактарда орус-тузем башталгыч Мектептери, бирин-экин гимназиялар ачылып, аларда жергиликтүү элдин балдарынын арасынан да тилмечтерди, катчыларды даярдоо иши колго алынган.
Кыргызстан дын азыркы Мектептик билим берүү системасы негизинен совет бийлигинин тушунда түзүлүп, жетилген. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон күндөн бери (1991, 31-август) Мектептик билим берүү жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Билим берүүнүн көп түрдүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиялар, лицейлер, автордук, жеке менчик Мектептер пайда болду. Азыркы Мектептик билим берүү рынок мамилелеринин мезгилиндеги инсандын
билимге болгон керектөөсүн толук канааттандырууга багытталган. Кыргыз Республикасы нын Мектептик билим берүүсү төмөнкү үч баскычты: –
башталгыч жалпы (1–4 класстар),
негизги жалпы (5–9 класстар),
орто жалпы (10–11 класстар)
б*илим берүүчү М-терди өз ичине камтыйт. Мектептик окутуу 6–7 жаштан тартып башталат. Кыргыз Республикасынын « Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам ына ылайык башталгыч жана негизги жалпы мектепте окуу жалпыга бирдей милдеттүү түрдө ишке ашырылат жана мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда окутуу акысыз жүргүзүлөт.