СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен жана менин конфликтти чечүү жөндөмүм.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен жана менин конфликтти чечүү жөндөмүм.»

Кыргыз Республикасы

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу

Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги

Исфана шаары

48 кесиптик лицейи








Тема : Мен жана менин конфликтти чечүү жөндөмүм











Мугалим: Раимбердиева К.



Исфана шаары 2020-жыл.



МЕН ЖАНА МЕНИН КОНФЛИКТТЕРДИ ЧЕЧҮҮ ЖӨНДӨМҮМ

Сабактын максаты:

Конфликттүү кырдаалда өзүнүн жүрүм-турумун түшүнүүгө үйрөтүү; • Конфликттеги жүрүм-турумдун түрлөрү боюнча түшүнүк берүү; • Конфликттеги жүрүм-турумдун негизги психологиялык стилдерин көрсөтүү. Сабактын милдеттери: • Конфликтке карата жүрүм-турум стилдерин тандоо жөндөмүн өнүктүрүү. Керектелүүчү ресурстар: *Ар бир партага сүрөт тартуу үчүн коюлуучу барактар жана карандаштар. • Таркатуу материалдары «Конфликттүү кырдаалдан чыгуунун беш жолу» • «Конфликттеги жүрүм-турум стилдери» көнүгүүсү .

2. Киришүү бөлүгү. «Мен конфликттемин» көнүгүүсү (10 мүн.)

Максаты: татаал кырдаалда өзүн кандай алып жүрө тургандыгы боюнча оюн айтуу.

Мугалим: Алдын ала парталарга сүрөт тартуу үчүн карандаштарды жана барактарды коюп коет, мугалим окуучулардан 5 мүнөттүн ичинде негизги идеясы болгон «Мен конфликттемин» темасында сүрөттү тартууну суранат. Ал сүрөт автопортрет же абстрактуу көрүнүш болушу мүмкүн. Негизги идеясы конфликттүү кырдаалда автор өзүн кандай сезе тургандыгы боюнча эмоцияларын бериш керек. Сүрөт конфликтке болгон мамилесин жана ошол мезгилде болгон жүрүм - турумун чагылдыруусу зарыл. Сүрөт тартуу мезгилинде өзүнө өзү баа бербей, реалдуу болгон абалды көрсөтүү керек. Катышуучулар бири-биринин сүрөттөрү жөнүндө билбеш үчүн мугалим сүрөттөр даяр болгондон кийин аралаштырып, сүрөттүн авторун билүү зарыл эместигин айтат. Мугалим төмөндөгү суроолорго талкуу жүргүзөт:

Өзүңөрдү конфликтте болгонуңарды тартып жатканда кандай сездиңер? (жагымсыз мүнөттөр эске түштү);

Конфликт болгондо силерде кандай сезимдер жана тынчсыздануулар болот? (таарыныч, ачуулануу ж.б.);

Конфликттен чыкканы кандай жолдор менен аракет жасайсыңар? (көп учурларда туура чечим чыгаруу өтө кыйын).

3. Негизги бөлүк (28 мүн.) Өз алдынча иштөө. Максаты: конфликттен чыгуу жолдору боюнча маалымат берүү. Мугалим: Ар бир окуучуга таркатуу материалдарын берет. Конфликтологияда конфликттен чыгуунун беш жолу бар.

Конкуренция (атаандашуу) өз кызыкчылыктарын гана көздөйт, өнөктөшүнүн кызыкчылыктарын эске албайт.

Качуу (баш тартуу) өнөктөшүнүн дагы, өзүнүн дагы кызыкчылыктарына көңүл бурбайт.

Компромисс – бул ар бир тараптын кызыкчылыктарынын жарым жартылайына жетишүү.

Ыңгайлашуу – бул башка адамдын кызыкчылыгына жогорку деңгээлде көңүл буруу жана ошол эле учурда өзүнүн кызыкчылыктарын арткы планга өткөрүү.

Кызматташуу-бул эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алган стратегия болуп саналат.

«Конкуренция – атаандашуу» стили: «Мен жеңиш үчүн, сен жеңилишиң керек».

«Ыңгайлашуу» стили: «Мен жеңиш үчүн, мен жеңилишим керек».

«Компромисс» стили: «Ар бирибиз жеңиш үчүн, ар бирибиз бир нерсеге жеңилишибиз керек».

«Кызматташуу» стили: «Мен жеңиш үчүн, сен дагы жеңишин керек».

«Качуу» стили: «Мен эч нерсени билбейм, мен четтемин».

«Алма жана кичинекей курт» көнүгүүсү

Мугалим окуучуларга: Ыңгайлуу олтуруп алгыла, көзүңөрдү жумуп, өзүңөрдү алма катары элестеткиле. Ал алма бышкан, жыттуу, шакта илинип турат… Бардыгы силер менен сыймыктанышат жана суктанып карашат. Бир маалда кичинекей курт силерге келип, «Мен азыр сени жейм!» деп айтат. Карточкада жазылган жүрүм–турум стилдерине карап, кичинекей куртка эмне деп айтат элеңер? Карточкада сунушталган конфликтте болгон жүрүм-турум стилдери боюнча ар бир топ талкуулап, көрүнүш даярдайт. Көрүнүштү эки адам Кичинекей курт жана Алма көрсөтөт, ар бир аткаруучу бирден гана сүйлөм айтат. (талкуулоо үчүн 5-7 мүнөт берилет, 10 мүнөт көрсөтүү үчүн: 2 мүнөт ар бир презентация үчүн берилет) Карточкалар менен топтордо иштөө. Максаты: теориялык билимди практика жүзүндө колдонуу.

Мугалим: Окуучуларды беш топко бөлөт, ар бир топтон бир өкүл тандалат. Ал өкүлгө жүрүм-турумдун стили жана ошол стилге дал келген девиз жазылган беш карточканын бирөөсү берилет.

Болжолдуу жооптор: Алма Кичинекей куртка жооп берет:

«Мен азыр түшүп кетип, сени басып коем» - конкуренция (атаандашуу);

«Мен эч нерсени көргөн жокмун, эч нерсени уккан жокмун» - качуу;

«Болуптур, алманын жарымын тиштеп ал да, калганын менин сүйүктүү жетекчилериме бер» - компромисс;

«Менин жашоом ушундай экен да, көрүнүп турат» - ыңгайлашуу;

«Жерди карасаң, ал жакта дагы түшкөн алмалар бар, алар дагы даамдуу» - кызматташуу.

Мугалим: Жыйынтыктоо үчүн окуучуларга суроолорду берет:

Конфликт болгондо жүрүм-турумдун кандай стилин колдоносуңар?

Конфликтте жүрүм-турумдун тигил же бул стилин тандоого силерге эмне түрткү берет же муктаж кылат?

Адамдардын карым-катнашы үчүн жүрүм-турумдун кандай стили эң жөндүү (конструктивдүү) болуп саналат? Мугалим: Жашоодо адам баласы ар түрдүү жүрүм-турумдун стилдерин колдонот. Бардыгы ошол кырдаалдан көз каранды. Ар бир кырдаалда, адамдар менен болгон конфликтте максат маанилүүбү же карым-катнаш маанилүүбү дегенге анализ жүргүзүү зарыл. Эгерде, адам үчүн өзүнүн максаттары маанилүү болсо, анда ал конкуренция атаандашуу стилин тандайт дагы, адамдар менен болгон мамилени жоготот. Эгерде, адам үчүн карым-катнаш, мамиле маанилүү болсо, анда ыңгайлашуу стилин тандаган болот, анда ал өзүнүн максаттарына жетпей калат. Эгерде, адам качуу стилин тандаса, анда ал максатына дагы жана өз ара мамилеге дагы жетише албайт. Эгерде, адам өзүнүн максатына жана мамилеге дагы жетишкиси келсе, анда компромисс менен кызматташууну тандайт. Ошону менен адамдар үчүн карымкатнаш маанилүү болгондо жүрүмтурумдун эң жөндүү-конструктивдүү стили-компромисс жана кызматташуу болуп саналат. Сабакты жыйынтыктоо: Мугалим: Бул сабактан кандай жаңы нерсени алдыңар? Жаңы билим алуу менен мындан ары конфликт болгон учурда силер өзүңөрдү кандай алып жүрөсүңөр?

Жооптор:

Жүрүм-турум стилдери боюнча билип алдым;

Адам баласы жашоосунда жүрүмтурумдун ар түрдүү стилин колдонот;

Конфликттүү абалда кайсы жүрүмтурумду тандоо үчүн “биринчи мамиле маанилүүбү же максат маанилүүбү?” деген суроолорго жооп берип анализ кылышыбыз керек экен;.

Компромисс жана кызматташуу жүрүм-турум стилин тандаган макул;

Жүрүм-турумдун качуу стили эч нерсеге алып келбейт, мамилени дагы сактай албайсың жана максатыңа дагы жете албайсың.

4. Коштошуу адеби (2 мүн.) Максаты: өзүн жакшы сезүүнү калыптандыруу. Окуучулар тегерек болуп турушат, өзүнүн оң жана сол жагында турган теңтушунун желкелерине колдорун коюшат. Мугалим «бир, эки, үч» деп айтканда бардыгы «Кош болгула!» деп айтышат.