СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин катым №1

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин катым №1»

Менин катым, Чынгыз Айтматовдун Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири “Саманчынын жолу” повестинин башкы каарманы Толгонайга:

  • Саламатсызбы? Толгонай эже.

Мен сизди көтөрүмдүү, күчтүү, адилеттүү деги койчу санай берсе жакшы сапаттары түгөнгүс аял катары жакшы тааныйм.Чыныгы жашоодо кандай экенинизди билбейм. Айтор,Толгонай деген ысымды укканымда көз алдыма ай чырайлуу,акылдуу жана кайраттуу аялды элестетем. Сиз бул чыгармада бир эле учурда аял,эне,жетекчи болуп жүрдүнүз. Сиздин тагдырыныз ушунчалык оор болсо да, көтөрө билдиниз Балдарыныздын баарын согуш талаасына жөнөткөндүгүнүз бул чыныгы эрдик.

Мен сизди тааныган күндөн тартып, сизди эстеп,сизге таазим кылам. Сиздин тагдырынызга капа болуп,ыйлаган күндөрүм да болду.Кээде кайгылуу окуялар болсо,сиздин жакшы сапаттарынызды өзүмө алгым келет.Жана да апа баланы кыйналып жарыкка алып келишин,эне үчүн ар бир бала кымбат экенин,бирок эне баланы эл үчүн төрөшүн,Ата-Мекендин керегине жараган адам болсун деп тарбияланышын түшүндүм. Мен да сизге окшоп,балдарыма мыкты тарбия берген, эне болсом деп кыялданам. Деги эле сиз менин жашоомо чон өзгөрүү жасадыныз.

Кана эми экөөбүз жолугуп,сүйлөшүп олтурсак. Мен сизди өмүрүмдө бир жолу болсо да,көрүп алсам арманым болбос эле.Билем,мындай эч качан болбойт.бул жөн гана менин кыялым.Бирок мен сизди жок дегенде сурөттөн болсо да көрөөрүмө ишенем. Ошондуктан көптөн бери сиз жөнүндө маалыматтарды издеп, сиздин өмүр баянынызга кызыгып келем. Эгер сиз азыр бул ааламда болгонунузда,болгон күч аракетимди жумшап, сизге барууга аракет кылмакмын.Сиз бул ааламдан кайтыш болсонуз да азыркыга чейин унутулбай келесиз.