СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Методикалык секциянын 517ТОКТОМ МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН ТОКТОМДУН ҮЛГҮСҮ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Токтомдун туура жазылышы боюнча болжолдуу үлгүсү, ар бир мед жетекчилери ушул токтом менен иш алып барат

Просмотр содержимого документа
«Методикалык секциянын 517ТОКТОМ МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН ТОКТОМДУН ҮЛГҮСҮ»

Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин «Тил жана чеберчилик» усулдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн чогулушунун

ПРОТОКОЛУ №1

«29 » август 2019-жыл Кайыңды -Булак айылы

Төрайымы: Абылмежинова .Г.- усулдук бирикме жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Катчысы: Турарбек к А. кыргыз тили жана адабият мугалими

Катышкандар:Усулдук бирикменин мүчөлөрү: Ырыскелдиева.Ш.

Абдыкеримова.Т.

Рысалиева.А.

Мүчөлөрдүн жалпы саны: 5

Катышканы-5

Себептүүсү -0

Себепсизи-0

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча.

  2. 2019-2020-окуу жылына карата милдеттер жана максаттар жөнүндө

  3. 2019-жылдын 23-сентябрь тил күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан өтө турган жумалыкка коюлган пландар боюнча

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 1чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г.Абылмежинованын баяндамасы:

2018-2019-окуу жылында тил чеберчилик усулдук бирикмесинде 5 мугалим эмгектенди. Окуу жылы ичинде тил жана чеберчилик усулдук бирикме мүчөлөрү жогору жактан келген иш-чараларды өз убагында жоопкерчилик менен аткарышты.Жумалык, декадалар учурунда өтүлдү. Ар бир мугалим өзүнүн чыгармачылыгы менен ачык сабактарды , линейкаларды, тегерек стол, тренингдерди өтүштү.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Ш.Ырыскелдиеванын сүйлөгөн сөзү:

2018-2019-окуу жылында чындыгында иш чаралар көп келди. Ошого карабастан айкалыштырып иштедик. 2019-2020-окуу жылында коптогон ийгиликтерди жаратууга аракет жасайбыз.

Усулдук бирикме мүчөсү Т.Абдыкеримованын сүйлөгөн сөзү:

2018-2019-окуу жылында мектепте англис тили боюнча АГАХАН фонду тарабынан ачылган кружокко окуучулар жакшы тартылып, иш алып бардым.

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 2чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын

баяндамасы:

2019-2020-окуу жылына карата негизги максаттар жана милдеттер.

Максаттар: - Окуучуларды көркөм окууга, өз ойлорун кеңири айтып берүүгө, сабаттуу сулуу

жазууга, заманбап окутуунун талаптарына ылайык окутууну ишке ашыруу, сапаттуу билим берүү.

  • Ата-энелерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн жамаатка, топторго тартуу, биргелешип иштөөгө шарт түзүү

  • Милдеттер:

  1. Мамлекеттик окуу программаларынын аткарылышы.

  2. Билим сапатын жакшыртуу. Интеллектуалдык көндүмдөрүн жогорулатуу .

  3. Окуучулардын коомдо талап кылуучу эң жөнөкөй көрндүмдөрүн калыптандыруу.

  4. Мектепке тиешелүү иш кагаздарын так, туура жүргүзүлүшүнө жетишүү

  5. Ата-энелерди, коомчулукту мектеп турмушуна аралаштыруу.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү орус тили жана адабияты мугалими Рысалиеванын сөзү:

Аталган милдеттерди жана максаттарды так аткарууга аракеттели. Ата-энелер менен байланышты күчөтөлү. Ата эне менен биргеликте иш жүргүзсөк окуучуларыбыздын билим сапаты көтөрүлөт. Окуучуларды сабактарга кызыктыруу максатында инновациялык методдорду колдонуп, интернет менен сабак өтөлү.

УГУЛДУ:

Күн тарбиндеги 3чү маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын баяндамасы:

2019-2020-окуу жылында 2019-жылдын 23-сентябрь Тил күнүн даңазалоо максатында жумалык өтүлөт. Жумалыкта көркөм окуу боюнча конкурстар, линейкалар, адабий кечелер жана сүрөт конкурстары жарыяланат жана өтүлөт. Жумалыкты Турарбек кызы Асел менен биргеликте жетектеп , иш алып барабыз.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Турарбек кызы Аселдин сөзү:

Ар бир окуу жылында жыл сайын 23-сентябрь тил күнүн кыргыз тил мугалимдери тарабынан белгиленип келет. 23-сентябрь тил күнүн планга ылайык өткөрөлү. Аталган иш чараларга өзүбүз демөөрчүлүк кылабыз. Жакшы катышкан окуучуларга Грамоталарды жана баалуу белектерди стимул катары берели. Быйылкы жылы планды башкача формада түзүп көрөлү. Мүмкүн окуучулар кызыгат, конкурстарга да активдүү катышышат.

Чогулуш жогорудагыларды угуп жана талкулап чечим кылат:

  1. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы канааттандыраарлык деп белгиленсин.

  2. Жогору жактан келген иш чаралар жогорку деңгээлде өтүлгөнү белгиленсин.

  3. 2019-2020-окуу жылына карата коюлган милдеттер жана максаттар өз деңгээлинде так жана туура аткаруу жагы усулдук бирикме мүчөлөрүнө тапшырылсын.

  4. Ата -энелер жана коомчулук менен тыгыз иш алып баруу жагы күчөтүлсүн.

  5. 2019-жылдын 23-сентябрь тил күнүн белгилөөдө иш чараларды жогорку деңгээлде белгилөө жагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине тапшырылсын.

  6. Тил күнүн даңазалоодо 1-10-класстардын окуучулары менен биргеликте иш алынып барылсын.

  7. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежиновага милдеттендирилсин.

Төрайымы: Г.Абылмежинова.

Катчысы: Турарбек к А.

Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин «Тил жана чеберчилик» усулдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн чогулушунун

ПРОТОКОЛУ №2

«26 » сентябрь 2019-жыл Кайыңды -Булак айылы

Төрайымы: Абылмежинова .Г.- усулдук бирикме жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Катчысы: Турарбек к А. кыргыз тили жана адабият мугалими

Катышкандар:Усулдук бирикменин мүчөлөрү: Ырыскелдиева.Ш.

Абдыкеримова.Т.

Рысалиева.А.

Мүчөлөрдүн жалпы саны: 5

Катышканы-5

Себептүүсү -0

Себепсизи-0

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. Предметтик мугалимдердин алдына койгон пландарын бекитүү боюнча

  2. Окуу программаларынын түзүлүшү , сааттардын календардык мөөнөтүн тактоо, чеберчиликтерин бекиттирүү боюнча

  3. 2019-жылдын 23-сентябрь тил күнүнүн жумалыгынын жыйынтыгы жөнүндө

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 1чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г.Абылмежинованын баяндамасы:

Тил чеберчилик усулдук бирикмесинде беш мугалим эмгектенет. Предметтик мугалимдердин алдына койгон проблемалары Темалары төмөндөгүдөй жазылып, бекитилди.

  • Абылмежинова Гүлзат: « Окуучулардын сүйлөө речин өстүрүү жана сабаттуулукка үйрөтүү»

Рысалиева Айзат: « Окуучулардын сүйлөөсүн, аң сезимин өстүрүү жана туура жазууга үйрөтүү»

Турарбек кызы Асел: « Окуучуларды кыргыз тилинде так сүйлөөгө, туура жазууга, өз алдынча өз

ойлорун айта билүүгө үйрөтүү»

Ырыскелдиева Ширин. « Окуучулардын сөз байлыгын кеңейтүү жана туура, сулуу жазууга

жеткирүү»

Абдыкеримова Толкун: «Окуучулардын сүйлөө речин жана сөздүк запастарын өстүрүү»

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Турарбек кызы Аселдин сүйлөгөн сөзү:

2019-2020-окуу жылында алдыга койгон проблеманын негизинде докладдарды жазабыз. Аталган проблемалардын үстүндө жыл ичи бою тынымсыз иш алып барабыз.

Усулдук бирикме мүчөсү Т.Абдыкеримованын сүйлөгөн сөзү:

Быйылкы проблеманын үстүндө АГАХАН фонду менен биргеликте дидактикалык материалдар менен иш алып барам.

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 2чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын

баяндамасы:

Урматтуу кесиптештер календардык пландарыбыз бирдиктүү, ошондуктан жыл ичи булгабай

таза, так, даана толтуруңуздар. Убагында мөөнөттөрүн коюп, тактап туруңуздар. Айзат насаатчы

мугалимиңе көргөзүп алып тур. Бузуп алба.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү орус тили жана адабияты мугалими Рысалиеванын сөзү:

Ооба календардык план менен иштөөдө чындыгында сурап кайрылып турам.

УГУЛДУ:

Күн тарбиндеги 3чү маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын баяндамасы:

2019-жылдын 23-сентябрь Тил күнүн белгилөөдө коюлган пландын негизинде аталган иш чаралардын баардыгы өз убагында аткарылды. Көркөм окуу конкурсу 1-10-класстар арасында өтүп биринчи орунду 5-класстын окуучусу Нурланбекова.К , башталгыч классынын окуучусу Анарбеков А биринчи орунду камсыз кылышты. «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аталышында 7-класстын окуучуларын жетектеп, Абылмежинова тарабынан өткөрүлдү. Турарбек к Асел жана башка усулдук бирикме мүчөлөрү тарабынан ачык класстык сааттар өткөрүлдү.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Турарбек кызы Аселдин сөзү:

Ар бир окуу жылында жыл сайын 23-сентябрь тил күнүн кыргыз тил мугалимдери тарабынан белгиленип келет. 23-сентябрь тил күнүн планга ылайык өтүлдү. Аталган иш чараларга өзүбүз демөөрчүлүк кылдык. Жакшы катышкан окуучуларга Грамоталарды жана баалуу белектерди стимул катары.

Усулдук бирикме мүчөсү Ырыскелдиеванын сөзү.

23-сентябрь тил күнүн даңазалоодо кыргыз тили мугалимдери тарабынан жакшы иш чаралар өтүлдү. Окуучулар кызыгып , активдүү катышышты. Иш чаралар 1-10-класстын окуучулары арасында болгондуктан жалпы катышты

Чогулуш жогорудагыларды угуп жана талкулап чечим кылат:

  1. 2019-2020-окуу жылында мугалимдердин алдына койгон проблемалардын докладдары жазылып, берилсин.

  2. Жогоруда аталган проблемалардын негизинде жыл ичи иш алып баруу жагы усулдук бирикме мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

  3. 2019-2020-окуу жылында окуу программаларынын календардык мөөнөтү туура, так коюлушу аткарылсын.

  4. 2019-жылдын 23-сентябрь тил күнүнүн жумалыгынын жыйынтыгы жакшы деп белгиленсин.

  5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы усулдук бирикме жетекчиси

Г. Абылмежиновага милдеттендирилсин.

Төрайымы: Г.Абылмежинова.

Катчысы: Турарбек к А.

Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин «Тил жана чеберчилик» усулдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн чогулушунун

ПРОТОКОЛУ №3

«24 » октябрь 2019-жыл Кайыңды -Булак айылы

Төрайымы: Абылмежинова .Г.- усулдук бирикме жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Катчысы: Турарбек к А. кыргыз тили жана адабият мугалими

Катышкандар:Усулдук бирикменин мүчөлөрү: Ырыскелдиева.Ш.

Абдыкеримова.Т.

Рысалиева.А.

Мүчөлөрдүн жалпы саны: 5

Катышканы-5

Себептүүсү -0

Себепсизи-0

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. Окуучулардын жеке кызыкчылыктары эске алынып, сабактардын өтүлүүсү жөнүндө

  2. Жолдоштук сабактарга катышуу боюнча

  3. Чейрек ичинде өтүлүүчү ачык сабактар жөнүндө

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 1чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г.Абылмежинованын баяндамасы:

Урматтуу мугалимдер санариптештирүү жылына карата 2019-2020-окуу жылы ичинде окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алалы. Сабак өтүү учурунда окуучуларга да өз ойлорун тартынбай айтууга да мүмкүнчүлүк берип, ошол эле учурда сабактын жүрүшүндө структурасы сакталсын. Сабактардын өтүлүүсүндө инновациялык методдорго басым жасап, маалымат булактарын пайдаланып окуучуларга пайдалуу маалыматтарды берели. Кыймылдуу көрсөтмө куралдарын пайдаланалы, слайд, видео роликтерди көргөзүп, талкуулоого, анализдөөгө көнүктүрөлү.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Ш.Ырыскелдиеванын сүйлөгөн сөзү:

Быйылкы окуу жылында онлайн тесттерди түзүп, окуучулар менен иштейм деген пландарым бар. Көп учурда мен интернет булактарынан маалымат колдонуп, сабак өтөм.

Усулдук бирикме мүчөсү Т.Абдыкеримованын сүйлөгөн сөзү:

Окуу жылы ичинде мен дагы окуучуларга инновациялык методдорду колдоном. Негизинен биздин мектепте интернет бар болгондуктан, шартыбыз бар. Колдонобуз.

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 2чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын

баяндамасы:

Негизинен жолдоштук сабакка катышуу тажрыйба алмашуу катары , педагогикалык өнүгүү

катары да эсептелет. Жолдоштук сабактарга көп катышкыла. Өзгөчө жаш мугалимдер тажрыйбалуу

мугалимдер менен чектелбестен жумалык, декадаларда өтүлгөн ар бир иш чараларга катышып,

сабакка катышуу файлдарыңарды толтуруп, илип коюңуздар.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү кыргыз тили жана адабияты мугалими Турарбек к Аселдин сөзү:

Мен жолдоштук файл уюштургам. Сырттарын бирдиктүү кылалы. Сабактарга көп катышып туралы.

Усулдук бирикме мүчөсү англис тили мугалими Абдыкеримованын сөзү.

Ооба ар бирибизде файл уюшулган. Мен дагы сыртын бирдиктүү кылууга макулмун.

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 3чү маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын баяндамасы:

2019-2020-окуу жылы үчүн октябрь айында берилген ачык сабактар:

5-класс « A.FOOD» Абдыкеримова Т 9-октябрь

5-класс «Арыз» Абылмежинова Г 10-октябрь

10-класс «Жер жана анын балдары» Турарбек кызы Асел 10-октябрь

5-класс «Серая шейка» Ырыскелдиева Ш 16-октябрь

7-класс РПК, «Аленушка» Рысалиева 18-октябрь

Ачык сабактар жыл башында берилген. Убагында Ырыскелдиева экөөбүз эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандыгыбызга байланыштуу ачык сабактарыбыз өтүлгөн жок.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР:

Усулдук бирикме мүчөсү Рысалиеванын сөзү:

5-класска « A.FOOD» Абдыкеримова Толкун 9-октябрь, 10-класска «Жер жана анын балдары» Турарбек кызы Асел 10-октябрда өтүштү. Сабактарына инновациялык методдорду колдонуп, топторго бөлүп өтүштү. Карточкаларды колдонушту, кайтарым байланышка тесттерди беришти, онлайн түрүндө өтүштү.

Усулдук бирикме мүчөсү Турарбек кызы Аселдин сөзү:

18-октябрда Айзат 7-класска «Аленушка» деген темада ачык сабак өттү. Балдарды топко бөлүп өттү. Телефонду телевизорго кошуп онлайн түрүндө өттү. ЛЭПБУК деген аталышта китеп жасап , паздарды курап, ырларды жатка айттырды. Бардык методдорду камтыганга аракет кылды. Учурунда сын сунуш өзүнө айтылды.

Чогулуш жогорудагыларды угуп жана талкулап чечим кылат:

  1. Окуучулардын жеке кызыкчылыктары эске алынып, сабактардын өтүлүүсүнүн жакшыртылуусу колго алынсын.

  2. Окуучулар менен жекече иштөөдө, сабактардын өтүлүүсүндө инновациялык методдорду колдонуу жагы тапшырылсын.

  3. Жолдоштук сабакка катышуу жагы усулдук бирикме мүчөлөрүнө милдеттендирилсин

  4. Өтүлгөн ачык сабактар канааттандыраарлык деп белгиленсин..

  5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежиновага милдеттендирилсин.

Төрайымы: Г.Абылмежинова

Катчысы: Турарбек к А.

Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин «Тил жана чеберчилик» усулдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн чогулушунун

ПРОТОКОЛУ №4

«28 » ноябрь 2019-жыл Кайыңды -Булак айылы

Төрайымы: Абылмежинова .Г.- усулдук бирикме жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Катчысы: Турарбек к А. кыргыз тили жана адабият мугалими

Катышкандар:Усулдук бирикменин мүчөлөрү: Ырыскелдиева.Ш.

Абдыкеримова.Т.

Рысалиева.А.

Мүчөлөрдүн жалпы саны: 5

Катышканы-5

Себептүүсү -0

Себепсизи-0

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. Сабактарынан жетишпеген жана сабактарынан жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу боюнча

  2. Райондук олимпиадага катышуучу окуучуларды даярдоо жөнүндө

  3. Жаңы маалыматтарды табуу жана заманбап техникалар менен сабак өтүү боюнча

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 1чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г.Абылмежинованын баяндамасы:

Кесиптештер предметтик ийримдердин пландары түзүлүп, өз убагында конспектилер бекитилип, иш алынып барылып турсун. Сабактарынан жетишпеген жана жөндөмдүү окуучулар менен иш алынып баруу жагын колго алалы. Журналдарга өтүлгөнү жана аткарылганы тууралуу баалар коюлсун. Файлдар уюшулуп , пландарын бекиттирип, окуучулардын иштерин файлдарга уюштуралы.

ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:

Усулдук бирикме мүчөсү Ш.Ырыскелдиеванын сүйлөгөн сөзү:

Сабактарынан жетишпеген жана жөндөмдүү окуучулар менен иштөө файлдарын уюштурганбыз. Түзүлгөн график боюнча чакырып жатабыз.

Усулдук бирикме мүчөсү Т.Абдыкеримованын сүйлөгөн сөзү:

Окуучулар менен иштөөдө сабактарынан жетишпеген окуучулар жана жөндөмдүү окуучулар менен иштөө файлдарын мен дагы уюштуруп , пландарын бирдиктүү уюштуруп бекиткенбиз. Бул боюнча иш жүргүзүлүп жатабыз .

УГУЛДУ:

Күн тартибиндеги 2чи маселе боюнча усулдук бирикме жетекчиси Г. Абылмежинованын

баяндамасы:

Өзгөчө олимпиадага катышуучу окуучу менен күчөтүлгөн тартип меен иш алып баралы санариптештирүү жылына карата 2019-2020-окуу жылы ичинде окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алалы. Сабак өтүү учурунда окуучуларга да өз ойлорун тартынбай айтууга да мүмкүнчүлүк берип, ошол эле учурда сабактын жүрүшүндө структурасы сакталсын. Сабактардын өтүлүүсүндө инновациялык методдорго басым жасап, маалымат булактарын пайдаланып окуучуларга пайдалуу маалыматтарды берели. Кыймылдуу көрсөтмө куралдарын пайдаланалы, слайд, видео роликтерди көргөзүп, талкуулоого, анализдөөгө көнүктүрөлү.