СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мезгилдик система

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

8-кл. Мезгилдик система.

 

Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип  тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт  жана  илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен  кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды  өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.

Просмотр содержимого документа
«Мезгилдик система»

8-кл. Мезгилдик система.


Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз – аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат


Сабактын темасы: Мезгилдик система.

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Химиялык элементтердин мезгилдик системасы боюнча маалыматалышат.мезгилде – чон жана кичине мезгилдер боюнча таблицаны пайдалануу менен окуп үйрөнүшөт. Кичине мезгилдеги элементтердин катарын , атомдук массаларын салыштырат. Группада элементтердин жайгашуусун алардын валенттүүлүгүн, салыштырмалуу атомдук массаларын салыштырат. Элементтердин мезгил жана группа боюнча касиеттерин салыштырат.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн мезгил , группа боюнча окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. Анимация, видеолор. Сүрөттөр. Ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

  • Элементтер жөнүндө эмне билесиӊер?

  • Организмде кандай элементтер бар?

  • Организмдеги элементтердин кандай мааниси бар?

  • Организмде элементтердин жетишсиздигинен эмне пайда болот?

  • Организмде элементтердин ашыкчалыгы организмге кандай таасирин тийгизет?

Окуучулар менен төмөнкү таблицаны талкуулап билимдери бааланат.







сабактын темасы берилет.


Сабак: Мезгилдик система.


Сабактын темасы доскага жазылат.


Окуучулар бул теманы окуп үйрөнүү үчүн экиден иштешет:

С уроо: Мезгилдик системанын түзүлүшү кандай ? Мезгилдин түзүлүшүн карагыла.

Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасы менен иштешет. ( китепти же видеослайддарды да пайдаланса болот)

( 5мин убакыт берилет)










  1. суроо: Группа деген эмне ? Группада жайланышкан элементтердин касиети ?

Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасы менен иштешет. ( китепти же видеослайддарды да пайдаланса болот)

( 5мин убакыт берилет)










Бышыктоо үчүн окуучулар тест менен иштешет.

1.Негизги подгруппада жайланышкан элементтер:

1) лантаноиддер,

2) чоӊ мезгилдин элементтери,

3) кичине мезгилдин элементтери,

4) чоӊ жана кичине мезгилдин элеменеттери.


2.Литийдин подруппасындагы элементтин символу:


1) Au

2) Rb

3) Ag

4) Cu


3. Кошумча топто жайланышкан элементтер:


1) чоӊ мезгилдин элементтери,

2) кичине мезгилдин элементтери,

3) актиноиддер,

4) чоӊ жана кичине мезгил .


4. IVА тобунда жайланышкан элементтин символу

1) Zr

2) Ti

3) Pb

4) Hf


5.Мезгилдик системада канча топ бар?:

1) 7

2) 8

3) 10

4) 6


6.Кайсы мезгил чоӊ мезгил деп аталат?:

1) 4 - 6

2) 4 - 7

3) 5 - 7

4) 3 - 7



Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.