Алиппе майрамы 2015-2016-окуу жылы
Тема: « МЕЗГИЛДИН УЛУУ КОЧУ АДАМ БОЛСО, АНЫН ЖАШООСУН УЛАНТУУЧУЛАР БИЗ ! ».
МУГАЛИМ: Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер,коруучулор 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылы деп белгиленгендигине байланыштуу бугунку АЛИППЕ майрамыбызда кобунчо тарыхкка кайрылууга аракет жасадым.
Бугунку Алиппе майрамыбыздын темасы «МЕЗГИЛДИН УЛУУ КОЧУ АДАМ БОЛСО,АНЫН ЖАШООСУН УЛАНТУУЧУЛАР БИЗ! » деген аталышта.
Менин окуучуларым мектеп босогосун аттагандан бери тамгаларды таанып,шар,корком окууга уйронушуп, 20 ичиндеги сандарды кошуп кемитууну билишет жана эли жеринин тарыхын да биле алды. Жалан гана окуу менен чектелбестен адептуулук эрежелерин да уйронушту.
Урматтуу коруучулор анда эмесе окуучуларым менен тааныштыра кетсем.
Уй-булоонун улуусу,
Классымдын кырдуусу.
Ар бир ишке жондомдуу,
Кичи пейил адептуу бала Омурканов Арсен
Кичинекей бою бар,
Айта турган оюу бар.
Алиппени шар окугун,
Улгулуу бала аталган назарыныздарда
Жолдошов Ирлан
Мунозу оор салмактуу,
Алтындан да ардактуу.
Кол жазмасы супсулуу,
Адептуу кыз Абдыгулова Бегайым.
Сурот тартуу жагынан,
Алга салбайт эч кимди.
Аракети зор бала,
Жолчубеков Рыскелди.
Эн жонокой мунозу бар,
Ото жумшак бул бала.
Келечектин бедизчиси,
Назарыныздарда Жолукеев Улук.
Ото назик суйкумдуу,
Классымдын кичуусу.
Улгулуу кыз аталган Койчиева Алина.
Балдарымдын сулуусу,
Ыр,бийге шыктуусу,
Сулуу жазып ар дайым
Тыкан жургон бул бала Калчороев Бекзат.
Уй-булоонун кичуусу,
Эрке.уян мунозу
Сабактарын жакшы окуган,
Бул балабыз Калмурзаев Султан.
Атасынын жалгыз кызы,
Апасынын эркеси.
Классымдын кичуусу
Назарыныздарда Кадырбекова Айша.
Айткан созу орундуу,
Кылган иши жугумдуу.
Сулуу жазып шар окуган,
Адептуу бала Кадыржанов Даниэл
Ой десе оюу бар,
Бой десе боюу бар.
Билсем деп билек турунгон
Назарыңыздарда Камчыбеков Бекзат.
Классымда сары кыз,
Ырчы ,бийчи , шыктуу кыз,
Ар онорго ыктуу кыз Мамырканова Нурайым.
Ата-энени урматтап,
Улууларды сыйлаган.
Бул балабыз ыймандуу
Дос конулун кыйбаган Чекиров Талгар.
Кашы козу капкара,
Адептуу кыз жакшына
Мугалимдин айтканын,
Аткарам дейт ашыга бул кыз Максатбекова Асема
Кичинекей бою бар,
Келечекке оюу бар.
Аракеттенип окуган Шарабидинов Элмирбек.
Эгиз кыздар эрчишкен,
Дайым шандуу журушот.
Айткан акыл кептерди,
Кулагына туйушот. Тансулуу ,Нурсулуу
Чон эненин эркеси.
Эн улуу небереси
Ото токтоо мунрозу,
Дайым тыкан жургону назарыңыздарда Эдилбеков Али
Ак бантик таккан сулуу кыз.
Дайыма келип беш алат.
Алиппени окутса,шыдыр окуп кете алат.
Токтосунова Бурмакан
Классымда бир бала,
Кыйын экен байкасам.
Суроо берсе мугалим
Даяр турат ар качан. Адибаев Дастан
Кызыл бантик да бир кыз,
Сулуу жазып тамганы.
Кызыктырып досторун,
Беш болду анын алганы. Туйбасова Луиза
Салмактуу сылык мунозу,
Жоодурап турат коздору
Алдыга дайым умтулган,
Ал бала Эргешов Нурсултан
Бой келбети келишкен,
Орусчаны так билген,
Аракети зор бала Ибраимов Ислам
Куйма кулак,айтканды угат,
Теменедей бою бар.
Келечекте эл уулу,
Болсом деген оюу бар Соронбаев Ырысулан
(окуучулар хор менен айтышат)
Гулдой оскон балдарбыз,
Нур заманда жаралган.
Кен мекендин койнунда,
Биздин омур канатчан.
САЛАМДАШУУ:
Журогумдо ойногон кыргыз жаны,
Озогумдо туйлаган кыргыз каны.
Торолгондон уузанган Манас менен
Амансыздарбы Ала-Тоонун кыргыздары.
Салам берип баш ийуу,
Ыймандуулук белгиси.
Ассолому алейкум -
Дейт кыргызда эр киши.
Бул саламдын мааниси,
Сизге тынчтык каалаймын.
Арабдардын бул созун
Абдан терен баалаймын
Салам айтам ата-энеге,
Салам айтам баарына.
Салам айтуу салт эмеспи,
Кыргызымдай калкымда.
Хор менен: С А Л А М А Т С Ы З Д А Р Б Ы
Камыш баскан бир кичине ороон болгон,
Суу жээгине азырак айыл конгон.
Эртели кеч тызылдатып чагып турчу,
Чиркейлер коп болуптур жон койбогон.
Карт Нарын коп жеринен бек буулду,
Эл энсеген бир кичине ГЭС курулду.
Эч ким билбес ээн жаткан ушул ороон,
Шаарча болуп атага алыска угулду.
Кетмен-Тобо биз жашаган турагыбыз,
Шаарчабызга сыймыктанар убагыбыз.
Элибиз курган ГЭСтер иштеп куну- туну,
Дайыма очпой жанат чырагыбыз
СЛАЙД корсотулот(Кетмен-Тобонун тарыхы жонундо)
Илгери-илгери откон заманда элге зыяны жок бир алп адам жашаган экен.Анын мурдагы аты белгисиз болгондук-тан элдер аны Кежир Алп деп коюшчу. Кежир Алптын боюу тоолордон кокурогунон жогору ашып тургандыктан кайна- там коруп койбосун деп тоолорго жашынын букчуйуп басып журчу экен.Кундордун бириндеКежир Алп Нарын дарыя- сын бууп,буруп Талас тарапка ашырмак болот.Жылкыны бир адыр жапкандай,унгусунан бир бооз уй кенен откондой кетмен жасатып,ага дуйно жузун кыдырып журуп ажайып жайдан кетменине сап таап келип саптайт да Кара-Кырды бир чаап жемирип келип таштайт.Бир чапкан топурагы тоолорго тете,ороондун кап ортосунан жогору добо болот, экинчи жолу кетменин мурдагыдын дабатыра чаап которуп аларда кетменинин сабы сынып кетет.Ылайыкатуу сап таппай баягы бир чапкан добо топурагынан улам ошол жер Кетмен-Тобо деп аталып калган экен-деп айтылып келет.
Бугун бизде чон майрам,
Алиппенин майрамы.
Илим менен билимдин,
Ушул китеп каймагы.
Бажырайган тамгалар,
Барыбызга жат болду.
Алиппебиз суйуктуу,
Ачып берди ак жолду.
Алтын китеп Алиппем,
Ар кун окуп ачкамын,
Отуз алты тамганы,
Ойдогудай жаттадым.
АЛИППЕ: Саламатсынарбы суйуктуу менин досторум.»Алиппе» майрамы силердин алгачкы билим майрамынар эмесе ийгилигинер кут болсун.Мени уятка калтырбай жакшы окуп ,билимдин туу чокусуна жеткиле.
Коштошор алдында силерди дагы бир ирет сынап коройун, даярсынарбы?
-Мен силерге «Алфавиттик табышмак » камдап келген элем конул коюп угуп жандырмагын табууга аракет кылгыла.
- Молтуроп бышат шактарда (Алча)
- Каалгып жылат асманда (Булут)
- Салынып буга гул турат (Ваза)
- Короодо осот буркурап (Гул)
- Бул уйдо мулктун баары бар (Дукон)
- Токойдо жургон жаныбар (Енот)
- Айланып муну бийлейбиз (Ёлка)
- Койлордон кыркып алынат (жун)
- Кун тундоп буюм чыгарат (Завод)
-Мышыкты кетет кубалап (Ит)
- Канаган жерге эн керек (йод)
- Аралайт чопту жормолоп (кумурска)
- Кереги тиет кышында (лыжа)
-Апамдын журот бутунда (Маасы)
- Баарыбыз суйгон тамак ал (нан)
- Соомойго кий да жамап ал (Оймок)
- Кайсы куш сузот колмодо (ордок)
- Чиркелген уйлор эмне эле? (Паровоз)
- Космоско карай атылат (Ракета)
- Чыкылдап алга ашыгат (Саат)
- Ун кылат буудай арпаны (Тегирмен)
- Узанып чабат балканы (Уста)
- Калдандап учат инирде (Уку)
- Кой-козу жашайт бул уйдо (ферма)
- Дарыгер болсон киесин (Халат)
- Айлана сызык чиесин (Циркуль)
- Уясын салат ылайдан (Чабалекей)
- Жыттуу чоп белден буралган (Шыбак)
- Арылтат чанын кийимдин (Щётка)
- Алкыш соз буга суйунгун (Ырахмат)
- Лента жол элди ташыган (эшалон)
- Космоско учкан бул адам (Юрий)
- Айлардын эн башы ал (Январь)
(окуучулар жооп берген сайын тамганы алып турат)
Хор менен: Арипте катар тизилген,
36 тамгабыз.
Достошкондун биз менен,
Билимге жолун ачабыз.
МУГАЛИМ:
Бул тамгалар алфавиттин балдары,
Бардыгынын эн бир сонун ырлары.
Оз максатын тилектерин айтышат.
Кана эмесе ырларынан угалы.
МЕНИН ТИЛЕГИМ (окуучулар тилектерин айтышат)
Залкар улуу жазуучу, Кадыржанов Д.
Чынгыз абам сыяктуу.
Кыргыз элин ааламга,
Таанытсам деп журомун.
Суймонкулдай суротчу Калчороев Б.
Актёр болуу тилегим.
Кыргыз кино тармагын,
Онуктуруу тилегим.
Токтосунова Б. Каалгып кокто бийлеген,
Бубусара эжекем.
Келечекте мен дагы,
Балерина болсом деп тилейм.
Аз омурдо жашаса да, Камчыбеков Б.
Гулун терген ырлардын.
Алыкул абам жолун жолдоп,
Ыр жазсам деп журомун.
Сурот тартуу жагынан,
Гапар атам сыяктуу,
Таланттуу адам болсом дейм,
Тан калтырган элдерди. Жолчубеков Р.
Акылым кошуп буйдалбай,
Адилет баштап элимди.
Отунбаева Розадай,
Элимди алга суроймун. Мамырканова Нурай.
Саякбай абам айткандай,
Манасчы болуу тилегим.
Манас эпосунун училтигин.
Айтсам деген тилегим. Омурканов А.
Айкол Манас бабамдай,
Айкол болом эр болом.
Кыргыз элин душмандан,
Коргоп турган чеп болом Ибраимов И.
Аялдан чыккан акылдуу,
Каныкей апам сыяктуу.
Акылын кошкон дайыма,
Даанышман болуу тилегим Абдыгулова Б.
Эли учун курман болгон,
Баатыр агам Чолпонбай,
Эл четине жоо келсе,
Мен да коргой билемин. Калмурзаев С.
Жээренче чечен сыяктуу,
Созго бай чечен мен болом.
Соз менен жыгып душманды,
Элимди коргойм деп ойлойм. Соронбаев Ы.
Сулуулугу суктанткан,
Таттыбубу эжекем.
Кыргыз элин тааныткан,
Актриса болсом деп журом. Койчуева А.
Айтышарга тени жок,
Актандай акын Женижок,
Жолун улап мен дагы,
Жети кун тынбай ыр токуп,
Токмо болуу тилегим. Жолукеев У.
«Сен таза болсон,мен таза болсом,коом таза болот»
Деген ураан астында,
Исхак агам сыяктуу,
Коомдук ишмер боломун. Жолдошов И.
Ааламат мезгил убаката,
Эл башкарган,коркпогон,
Уркуя апам сыяктуу,
Башкарма болсом деп ойлойм. Максатбекова А.
Э агартуу жаатында,
Далай эмгек жасаган.
Ишенаалы атамдай,
Эл адамы боломун. Эргешов Н.
Тундук менен туштукту,
Бириктирип жол курган.
Абди Суеркуловдой
Министр болуу тилегим. Адибаев Д.
Эмгегинен таанылган.
Телегей апам кайратман.
Келечекте мен дагы,
Эмгегим менен данкталам. Туйбасова Л.
Тунгуч окуу китебин ,
Туптогон атам Касымдай.
Китеп жазып келечекте,
Эл агартуу тармагына,
Салымымды кошомун. Эдилбеков Али
Кыргыздын ачып сырларын,
Осмонаалы абамдай.
Окумуштуу,тарыхчы,
Болсом деген тилегим. Шарабидинов Э.
Кыздан чыккан баатыр кыз.
Жаныл Мырза эжекем.
Баралыма келгенде,
Баатыр болуу тилегим Кадырбекова А.
АЛИППЕ:Тилегинерге жетишинерге тилектешмин досторум.Менин силерге дагы суроолорум бар эле.Анда конул бургула.
Кыргыз тилинде канча тамга,канча тыбыш бар?
36 тамга, 39 тыбыш бар.
- Канча ундуу тыбыш бар?
8 кыска ундуу,6 созулма ундуу жалпы 14 ундуу тыбыш бар
- Жумшак унсуздор кайсылар?
б,в,г,д,ж,з,й.л,м,н,н,р-12
- Каткалан унсуздор кайсылар?
к.п,т,с,х,ф, ч,ш,щ,ц - 10
-Йоттошкон тамгалар канчоо
я. ю,е.ё -4
- Булар кандай белгилер Ь,Ъ
Ажыратуучу жана ичкертуучу белгилер.
АЛИППЕ: Азаматсынар досторум,эми менден жаттаган
ыр,жанылмачтардан жана табышмактардан айтып бергилечи.
АЛИППЕ: Эми досторум бир аз тыныгып алалы,силердин мукам ырларынардан да угалы.
АЛИППЕ: Эмки кезекти Математикага берели
Мынакей шаттык кубаныч,
Ар куну бизде уланып.
Акылга,акыл кошуучу,
Математикалык болукко,
Баарыбыз конул буралык.
МУГАЛИМ: Биз канча цифра билебиз?
-- 10 цифра билебиз.
Анда сандар иретинер менен тургула.Урматтуу ата-энелер
сандарга конул бургула.
1.Так сандар алга чыккыла
2.Жуп сандар алга чыккыла
-Азаматсынар балдар менин суроолорума жооп бергилечи:
-Беш менен торттун айырмасы
-кошуудан келип чыккан сан
-кемитүүдөн келип чыккан сан
-10 менен 5 тин айырмасы
Сандар ыры:
Санак бирден башталат,
Бул сан бир деп аталат.
Сан башында жол баштап,
Сандын барын башкарат.
Эң эле кооз койкойгон,
Эки деген сан болом.
Окшоп кетем ак каздын,
Кооптонгон кезине.
Үч деген сан боломун,
Үмүтүмдү кошомун.
Эл аралык мелдеште,
Ээси болом колонун.
Төрт деген сан боломун,
Эки ,үчтөн чоң болом.
Жакшы окуган балага,
“Жакшы ” деген баа коем.
Барысынан “беш” жакшы,
Буга болот ким каршы?
Отличник деп коет,
Бешке окуган балдарды.
Айлакер түлкү аңдыптыр,
Бөдөнө тиштеп алыптыр.
“Алты” деп айта коем деп,
Аңырайып калыптыр.
Мен жетимин,жетимин,
Бир жумада жети күн.
Билип жүргүн дайыма,
Бири кыдыр жетинин.
Балпаңдаган сегизмин,
Бардык сандан семизмин.
Эки,төрткө бөлүнүп,
Кызмат кылам эл үчүн
Тогуз деген сан болом,
Топ сандардан чоң болгон.
Топтомолок башым бар,
Тогуз коргоол ойногон.
Менин башым тоголок,
Менин атын “нөл” болот.
Бирди койсо жаныма,
Бир заматта он болом.
АЛИППЕ: Азаматсыңар балдарым.Мен силерге абдан ыраазы болдум.Силер барын үйронүп алыпсыңар.Анда эмесе мен кетейин кийинки жылы келе турган балдарыма барайын.
Кош болгула балдарым.
БАЛДАР: Жакшы барыңыз