Просмотр содержимого документа
«Мекенди суйуу жана аны коргоо»
Мекен сүйүүсү
Илгери армиясы аябай күчтүү болгон бир эл жашаптыр.
Армиянын генералы башка мамлекетти басып алгысы келет.
Жоокерлерин башка элден жол көрсөтө турган кишини таап келүү үчүн жөнөтөт
Жоокерлери бир чабанды алып келишет.
Жоокерлер ал кишиге сен бизге түн ичинде жериңе алып барасың дешет,бирок чабан макул болбойт, жоокерлер аны кыйнап сабашат.
Канча кыйнабасын чабан макул болбойт,ошондо жоокерлер генералды чакырышат,генерал келип чабанга алтын сунуш кылса да макул болбойт анан айласыздан өлтүрөм деп коркутат,анда чабан “Төрөлүп өскөн жеримди,элимди жамандыкка калтыргандан көрө өлгөнүм миң эсе жакшы” деп жооп берет.
Генерал чабанга келип “Сен элиндин чыныгы жигити экенсиң, элиңди саткан жоксуң,ушул боюнча кала бер,сен элиңди куткардың” деп коё берет.
Генерал жоокерлерин токтотуп,”Бул элдин чабаны ушундай болсо,жоокерлери кандай болот” экен деп коркуп калат.
Ушинтип бир эле чабан чоң элди кандуу согуштан куткарып калды.
Эгерде кыргыздын ар бир жигити ушул чабан сыяктуу патриот болуп,эли үчүн ак эмгек кылса, элин сатпаса анда кыргыз эли өнүгүп алдыга жылат.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чон рахмат!!!