Негизги компетенттүүлүктөр | Предметтик компетенттүүлүктөр |
Мааламаттык Алган маалыматтарды кабылдап, негизги ойду аныктоо менен, алынган маалыматтарын баяндайт. | ПК-1 Окурмандык компетенттүүлүк-адабий чыгарманы эстетикалык өздөштүрүүгө жөмдөмдүүлүк, искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу; |
Социалдык-коммуникативдик Оозеки жана жазуу жүзүндө берилген мааламаттарды кабылдоо менен, өз ара аракеттенүүнү калыптандырат; | ПК-2 Баалуулук-дүйнө таанымдык компетенттүүлүк-адабиятта чагылдырылган адап-ахлактык баалуулуктарды жана дүйнө тааным категорияларды түшүнүү, ушул баалуулуктарга өзүнүн мамилесин аныктоо жана негиздөө, гуманисттик адеп-ахлактык позицияларга бек туруу; |
Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү аныктоо | ПК-3Адабий чыгармачылык компетенттүүлүк-ар түрдүү типтеги дилбаяндарды жана түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк; |
Сабактын этабы | Мугалимдин иш-аракети | Окуучулардын иш-аракети | Баалоо | НК | ПК |
Уюштуруу учуру (3 мүнөт) | Окуучулар менен саламдашып,толуктап класстын тазалыгын көзөмөлдөп,сабакка даярдоо. Сабак жагымдуу маанай түзүү Топторго бөлүү Шыктандыруу | Окуучулар мугалим менен саламдашат, сабаккка даярданышат. | Жакшы | Окуучуларда калыптандыруучу компетентүүлүктөр |
Үй тапшырмасын текшерүү (5 мүнөт) | Үй тапшырмасын текшерүүдө топко тиешелүү суроолор берилет: 1-топ үчүн 2-топ үчүн Арстанбек Буйлаш уулу ким болгон? Анын кандай чыгармаларын билебиз? «Тар заман» поэмасын кайсы жылдарда чыгарган? Чыгарманын мазмунун, идеясын эмне түзөт? | 1-топ 2-топ | Азаматсыңар! | |
Баалоо критерий-лерин кабыл алуу (2 мүнөт) | -Өз пикирин далилде билет; -сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат; -адабий тилдин нормасын сактай билет; -сабакта активдүүлүгүн көрсөтүп, сабаттуу жазат; -суроолорго так, туура жооп берет; | Окуучулар баалоо критерийлерин айтып беришет. | | |
Тема боюнча зарыл болгон маалымат-тарды берүү (6 мүнөт) | Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулу (1866- 1917) ___________________________ Молдо Кылыч- кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дуйнодон кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт. Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Чыгармалары: “Чүй баяны”, “Керме тоо”, “Канаттуу”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Кыз-жигит”, “Мал казал”, “Жатакчылар”, “Чүй канаттуулары”. Сатиралары: “Бүркүттүн тою”, “Он жети бий”, “Качанак Молдо Сулайман”, “Молдо Дүйшө”. Санаттары: "Зар заман”“Азаматтар”, “Сапар”. Кошоктору: “Байтайлак” ж.б. Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык ойду билдирип турат. Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясий кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди | Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып бере алышат.Мугалимге суроо берүүнү үйрөнүшөт. Мугалим тема боюнча сүйлөп жатканда кунт коюп уг ушат. | Азаматсыңар! Оозеки жообу бааланат | |
Чачылган текстти жыйнайбыз… тапшырмасы (2 мүнөт) | 1-топ Нускоочулар Зар замандын казалы, Калем алып жазалы. Жөнү жокту жаздың деп, Кудайым кылба жазаны. 2-топ Ойчулдар Молдо Кылыч мен атым Болжолу жок санатым. Чаар китептен аз окуп, Чала чыккан сабатым. | Окуучулар дептерлерине жазып алышат | Жакшы | |
Тема боюнча тапшырма берүү (15 мүнөт) | Окуучуларга туура жана туура эмес маалымат, сүрөттөр берилет. Анализдеп туура жообун тактага чапташат: Кластер Синквейн: Акын сөзүнө синквейн түзгүлө... 1. Акын 2. Сын атооч (залкар,чыгаан) 3. Этиш(жазат, иштейт, окушат 4. 4 сөздөн турган сүйлөм(Молдо Кылыч жазгыч акын) 5. Синоними (жазуучу) | Окуучулар берилген тапшырмаларын аткаруу эрежесине ылайык иштешет. Топор менен биргелекте иштеш ет. | Калыптандыруучу баалоо Ойлонобуз! | |
Сабакты бышыкто ( 4мүнөт) | Сабакты бышыктоодо мелдеш сабагы өткөрүлөт. Биз бүгүн эмнени үйрөндүк? Силер үчун кайсы маалымат кызыктуу болду?- деген суроолор аркылуу топтор бири-бири менен жарышышат. 1.Молдо Кылыч кайсы, кимдин үй-бүлөсүндө туулган? Жооп :Кочкор өрөөнүндө 1866-жылы туулган 2.Эң алгачкы чыгармасы кандай аталат? Жооп :“Зилзала 3.Акын эмне себептен Молдо атка конгон? Жооп: Анткени сабаттуу адамдардын билим алган. 4.«Зар заман» чыгармасында өмүр, өлүм жөнүндө сөздөр айтылабы? Жооп : Ооба 5.«Зар заман» сөздүн мааниси кандай? Жооп: ый, муң Сабактын максаты эске алынат. | Суроолорго жооп берүү менен жеңүүчу топ аныкталат. | Оозеки жообу бааланат Эң жакшы | |
Үйгө тапшырма берүү: (2 мүнөт) | “Зар заман” чыгармасынан үзүндү жаттап келүү | Үйгө берилген тапшырманы шарты менен аткаруу жолдорун түшүнүшөт. | Ойлонобуз! | |
Окуучулардын билимде-рин баалоо (3 мүнөт) | Баалоодо төмөнкү критерийлер эске алынат: өз пикирин далилдей билет; сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат; адабий тилдин нормасын сактай билет; сабакта активдүүлүгүн көрсөтүп, сабаттуу жазат; Суроолорго активдүү катышкан окуучулардын жалпы билимдерин баалап, күндөлүктөрунө баа коюп берүү; | Окуучулар кундөлуктөрүнө баа койдурушат. | | |