Пландоо
- Нерсенин түзулушү боюнча ар тараптуу ойлор. Молекулалык-кинетикалык теориянын түшүнүктөрү жана аныктамасы :
- Нерсенин түзулушү боюнча ар тараптуу ойлор.
- Молекулалык-кинетикалык теориянын түшүнүктөрү жана аныктамасы :
- Молекулалык физика Молекулалар жана атомдор Макроскопиялык нерселер МКТ нын негизги жоболору Броун кыймылы
- Молекулалык физика
- Молекулалар жана атомдор
- Макроскопиялык нерселер
- МКТ нын негизги жоболору
- Броун кыймылы
Молекулалык физика жөнүндө
Молекулалык физика түрдүү агрегаттык абалдардагы нерселердин физикалык касиеттерин, аларын молекулалык түзүлүшүн кароонун негизинде окулуп үйрөнүлүүчү физиканын бөлүмү. Молекулалык физиканын ыкмалары кыймылды жана нерсени түзгөн атомдордун, молекулалардын жана иондордун өз ара аракеттеүүлөрун окуп – үйрөнүүгө байланышкан.
Байыркы грек филосовтору Анаксагор жана Демокрит (биздин доорго чейин IV кылымда) бардык нерселер бөлүнбөс бөлүкчөдөн турат деп эсептешкен.
Анаксагор дүйнөдөгү бардык нерселерди бир бөлүкчө кармап турат жана ал бөлүкчө космостук акылды да башкарат деп окуткан.
Заттар эң майда бөлүкчөлөрдөн: атом жана молекулалардан турарын билебиз. Бул жүйөөлүү ойлор, байыркы Грециянын атактуу ойчулдары Демокрит, Левкипп тарабынан дагы мындан 2300 жыл мурда эле айтылган. Кийинчерээк андай ойду Рим акыны Лукрецкий, мурунураак Эпикур ж.б. Айтышкан. Бирок ал илимге теория катары кирген эмес, себеби андай ойду айткандар ошол замандын бийлик, чиркөө ээлери тарабынан жазага тартылган.
Мурдагы доордо атом жана молекула жөнүндөгү окуулар таптакыр алдыга жылган эмес. XVII кылымдын жүз жылдыктарында физика илими негизделе баштаганда, дээрлик бардык окумуштуулар атомисстердин позициясын колдошкон. Алардын катарын Галилей толуктачу.
Ряд высказываний, предвосхитивших некоторые положения молекулярной теории, развитые значительно позже, принадлежит Ньютону (например, представления о кристаллической решетке, межмолекулярных силах и т. д. )
XVIII кылымдын орто ченинде Михаил Васильевич Ломоносов заттардын ар түрдүүлүгүн «элемент» (атом) жана «корпускула» (молекула) сыяктуу бөлүкчөлөр аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылган. Ломоносовдун айтуусу боюча нерсенин бөлүкчөлөрү, атомдор жана корпускулалар шар түрүндо болот деп айткан. Бирок, тилекке каршы анын бул көз карашын тажрыйбада ырастоочу тиешелүү приборлордун жоктугу, анын гипотеза боюнча кала беришине себеп болгон. Заттардын атом- молекулалык түзулуш теориясынын биротоло калыптанышы XIX кылымдын аягына таандык. Дальтон, Максвелл, Клаузиус,
Больцман ж.у.с. Окумуштуулар бир катар теориялык маселелерди чечишкен болсо, Броун, Перрен, Штерн сыяктуу чебер экспериментаторлор алардын бир катар жоболорун тажрыйбада ырасташты. Бардык заттар өз ара аракеттенишкен жана тынымсыз кыймылда болгон атомдордон же молекулалардан турат деген жыйынтыкка алып келген.Бул жыйынтык молекулалык физиканы окуп үйронүүнүн негизин түзуп, заттардын молекулалык-кинетикалык тузүлүш теориясы деп аталат.
7
Молекулалар шакекчеге тизилген тиштер түрүндө түшүрүлгөн Ломоносовдун сүрөттөрү сакталып калган.
М. В. Ломоносова сүрөттөрү
Нерселедин касиеттерин, молекулалык түзүлүштөрүн окутуучу илим:
МОЛЕКУЛ алык ФИЗИКА
Молекулалык физика - түрдүү агрегаттык абалдардагы нерселердин физикалык касиеттерин, аларын молекулалык түзүлүшүн кароонун негизинде окулуп үйрөнүлүүчү физиканын бөлүмү. Молекулалык физиканын ыкмалары кыймылды жана нерсени түзгөн атомдордун, молекулалардын жана иондордун өз ара аракеттеүүлөрун окуп – үйрөнүүгө байланышкан.
–
Молекулалык физиканын негизи болуп:
Заттардын Молекулалык-кинетикалык теориянын түзүлүшү эсептелет.
(МКТ)
Аныктама:
Ар кандай физикалык кубулуштарды атом жана молекулалардын кыймылы, өз ара аракети аркылуу түшундүрүүчү теория молекулалык – кинетикалык теория деп аталат.
Молекулалык-кинетикалык теориянын 3 жобосу бар:
1. Заттар, кандай гана абалда (катуу, суюк, газ) болбосун, эң майда бөлүкчөлордөн: атом жана молекулалардан турушат.
2. Молекула жана атомдор тынымсыз баш аламан (хаотикалык) кыймылда болушат.
3. молекула жана атомдор арасында өз ара аракеттенүү күчтөрү бар (б.а тартылышат, түртүлүшөт)
Электрондук микроскоптогу платина
Сымап монокристаллынын иондук аткылоо
Иондук микроскоптогу нафталиндин молекуласы
Сканерлөөчү электронду-иондуу микроскоп.
Иондук микроскоп JEM-ARM200F
Иондуу микроскоп - электро-оптикалык прибор.
Молекулалардын чындыгында бар экендигин далилдөөчү бир кубулуш бул – Броун кыймылы болуп эсептелет.
Бул кубулуш Р. Броун тарабынан өсүмдүктөрдүн чаңдарын изилдөө 1827- жылы ачылган. Шотландиялык ботаник Роберт Броун ( Brown ) жашоосунун дээрлик баардыгы өсүмдүктөр менен байланышкан. Ал бир топ мыкты ачылыштарды ачкан.
Байкоосуздан Броун суунун тамчысында араң көрүнө турган майда бөлүкчөлордү байкаган, алар бир орундан экинчи орунга жылышкандыгын көрүп өзү да таң калган. Ал бул кыймылдарды анын айтуусу боюнча суюктуктун агымы менен байланышпайт депжыйынтык чыгарган. Мындай таң калаарлык кубулуш канча ирет байкай берсең дагы кайталана берет.
Clarkia pulchella
Броун кыймылынын траекториясы