СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Моноклональные антитела. Моноклоналдык антителолорду алуу

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Презентация медициналык тармакта чоң мааниге ээ болгон моноклоналдык антителолор, аларды алуу жолдору жана МАБдын таасир этүү механизмдерине арналган.

Просмотр содержимого документа
«Моноклональные антитела. Моноклоналдык антителолорду алуу»

Лекция 24. Тема : Моноклоналдык антителолорду алуу

Лекция 24.

Тема :

Моноклоналдык антителолорду алуу

Лекциянын максаты: Жаныбарлардын клеткаларынын культурасын алуу методдорун окуп үйрөнүү. Теманын окутуу натыйжалары -жаныбарлардын клеткаларынын гибридизациясы жана моноклоналдык антителолорду алуу методдору тууралуу билет ; -моноклоналдык антителолорду алуу жана практика жүзүндө колдонуу маалыматтарын пайдалана алат ; -клеткалык инженерия методдорун колдонуу көндүмүнө ээ.

Лекциянын максаты:

  • Жаныбарлардын клеткаларынын культурасын алуу методдорун окуп үйрөнүү.

Теманын окутуу натыйжалары

-жаныбарлардын клеткаларынын гибридизациясы жана моноклоналдык антителолорду алуу методдору тууралуу билет ;

-моноклоналдык антителолорду алуу жана практика жүзүндө колдонуу маалыматтарын пайдалана алат ;

-клеткалык инженерия методдорун колдонуу көндүмүнө ээ.

Лекциянын планы:   Моноклоналдык антителолор (МАБ) жөнүндө түшүнүк. Моноклоналдык антителолорду алуу жолдору МАБдын таасир этүү механизмдери

Лекциянын планы:

  • Моноклоналдык антителолор (МАБ) жөнүндө түшүнүк.
  • Моноклоналдык антителолорду алуу жолдору
  • МАБдын таасир этүү механизмдери
Моноклоналдык антителолор Моноклоналдык антителолор – (гр. mono(s) - жалгыз , clon- бутак, муун), анг. «МАБ» ( monoclonal   antibody ) - гибриддик клеткалардан синтезделип алынган антителолор. МАБ - медицинанын эң жогорку жетишкендиги болуп эсептелет, себеби МАБ менен онкологиялык, аутоиммундук, жүрөк-кан тамыр ооруларын, инфекцияларды жана башка оор дарттарды дарылаганга мүмкүн.

Моноклоналдык антителолор

  • Моноклоналдык антителолор – (гр. mono(s) - жалгыз , clon- бутак, муун), анг. «МАБ» ( monoclonal   antibody ) - гибриддик клеткалардан синтезделип алынган антителолор.
  • МАБ - медицинанын эң жогорку жетишкендиги болуп эсептелет, себеби МАБ менен онкологиялык, аутоиммундук, жүрөк-кан тамыр ооруларын, инфекцияларды жана башка оор дарттарды дарылаганга мүмкүн.
МАБ ооруларды аныкташ үчүн - иммуногистохимияда, иммуноферменттик анализ чыгарууда, цитофлуориметрияда кеңири колдонулат. Иммунитет  - (лат. immunitas бөлөк нерседен кутулуу) тирүү организмдин оору (ылаң) козгогучтарына, алар бөлүп чыгарган уу заттарга жана генетикалык жактан организмге бөтөн антигендик касиеттери бар белокторго карата болгон туруктуулугу аталат. Иммунитет - организмдин бөлөк заттарды өзүнүкүнөн ажырата билүү жөндөмдүүлүгү, себеби, бул учурда тең салмактуулук (гомеостаз) сакталат . 
  • МАБ ооруларды аныкташ үчүн - иммуногистохимияда, иммуноферменттик анализ чыгарууда, цитофлуориметрияда кеңири колдонулат.
  • Иммунитет  - (лат. immunitas бөлөк нерседен кутулуу) тирүү организмдин оору (ылаң) козгогучтарына, алар бөлүп чыгарган уу заттарга жана генетикалык жактан организмге бөтөн антигендик касиеттери бар белокторго карата болгон туруктуулугу аталат. Иммунитет - организмдин бөлөк заттарды өзүнүкүнөн ажырата билүү жөндөмдүүлүгү, себеби, бул учурда тең салмактуулук (гомеостаз) сакталат
Организмге антигендүү заттар, бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга жана организмге ткань же орган хирургиялык жол менен жамалганда аларга каршы заттар антителолорду пайда кылат. Антителолор антигендер менен өз ара аракеттенишип, бири-бири менен байланышып, «антиген-антитело » бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. 
  • Организмге антигендүү заттар, бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга жана организмге ткань же орган хирургиялык жол менен жамалганда аларга каршы заттар антителолорду пайда кылат.
  • Антителолор антигендер менен өз ара аракеттенишип, бири-бири менен байланышып, «антиген-антитело » бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. 
Антителолор спецификалык өзгөчөлүккө ээ, алар өзүнө гана тиешелүү антигенди ( антигендин фрагментин – детерминанттык группаны ) таанып ажыратышат. Бир антиген бир нече детерминанттык группаны кармашы мүмкүн, бул учурда бир эле антигенге каршы бир нече антителолор түзүлөт. Токсиндерди нейтрализациялоо, ооруга чалдыктырган микробдорду, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу антиген—антитело реакциясы менен башталат.
  • Антителолор спецификалык өзгөчөлүккө ээ, алар өзүнө гана тиешелүү антигенди ( антигендин фрагментин – детерминанттык группаны ) таанып ажыратышат. Бир антиген бир нече детерминанттык группаны кармашы мүмкүн, бул учурда бир эле антигенге каршы бир нече антителолор түзүлөт.
  • Токсиндерди нейтрализациялоо, ооруга чалдыктырган микробдорду, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу антиген—антитело реакциясы менен башталат.
Антителолор атайын клеткаларда (лимфобласттарда) синтезделишет. Антителолордун ар бир түрү генетикалык жактан бир тектүү клеткалардын тобу – клондор тарабынан жаралат . Антителолордун канчалык көп түрү керектелсе, ошончолук көп клондор пайда болот. Бир клон клеткалардан иштелип чыккан антителолор моноклоналдык деп аталышат.
  • Антителолор атайын клеткаларда (лимфобласттарда) синтезделишет. Антителолордун ар бир түрү генетикалык жактан бир тектүү клеткалардын тобу – клондор тарабынан жаралат . Антителолордун канчалык көп түрү керектелсе, ошончолук көп клондор пайда болот.
  • Бир клон клеткалардан иштелип чыккан антителолор моноклоналдык деп аталышат.
МАБ алуу жолдору МАБды алуу –көп баскычтуу татаал процесс , ал бир нече этаптардан турат. 1-этап : жаныбарларды (чычкандарды же келемиштерди) иммунизациялоо (эмдөө). Бул ыкма менен жаныбардын организминдеги керектүү антителолорду синтездөөчү лимфобласттарды активдештирет. Активдүү лимфобласттарды организмден бөлүп алышат. Лимфобласт клеткалары in vitro шартында  көпкө жашай алышпайт, ошондуктан бул клеткаларды миелома шишик (рак) клеткалары менен гибридизациялашат.

МАБ алуу жолдору

МАБды алуу –көп баскычтуу татаал процесс , ал бир нече этаптардан турат.

1-этап : жаныбарларды (чычкандарды же келемиштерди) иммунизациялоо (эмдөө).

Бул ыкма менен жаныбардын организминдеги керектүү антителолорду синтездөөчү лимфобласттарды активдештирет. Активдүү лимфобласттарды организмден бөлүп алышат. Лимфобласт клеткалары in vitro шартында көпкө жашай алышпайт, ошондуктан бул клеткаларды миелома шишик (рак) клеткалары менен гибридизациялашат.

2-этап . Миелома клеткаларын даярдоо .  Иммунизация этабы менен биргеликте ишке ашат. Миеломанын рак клеткалары МАБды синтездөөгө жөндөмдүү жана чексиз тиричилик потенциалына ээ болушат, б.а. «өлбөс» клеткалар болуп саналат. Миелома клеткаларын атайын өсүү факторлору кошулган азык-чөйрөлөрдө өстүрүшөт.
  • 2-этап . Миелома клеткаларын даярдоо .

Иммунизация этабы менен биргеликте ишке ашат. Миеломанын рак клеткалары МАБды синтездөөгө жөндөмдүү жана чексиз тиричилик потенциалына ээ болушат, б.а. «өлбөс» клеткалар болуп саналат. Миелома клеткаларын атайын өсүү факторлору кошулган азык-чөйрөлөрдө өстүрүшөт.

3-этап. Лимфобласттар менен миелома шишик клеткаларынын гибридизациясы .  Лимфобласт +миелома= гибридома Эки башка түрдөгү клеткалардын биригүүсү үчүн атайын заттарды пайдаланып мембраналарын өзгөртүп, ортосунда цитоплазмалык контактты жаратышат. Бул учурда кош хромосомдуу дикариондор пайда болот. Мындай клеткалар гибрид клеткалар же гибридома деп аталышат .
  • 3-этап. Лимфобласттар менен миелома шишик клеткаларынын гибридизациясы .

Лимфобласт +миелома= гибридома

Эки башка түрдөгү клеткалардын биригүүсү үчүн атайын заттарды пайдаланып мембраналарын өзгөртүп, ортосунда цитоплазмалык контактты жаратышат. Бул учурда кош хромосомдуу дикариондор пайда болот. Мындай клеткалар гибрид клеткалар же гибридома деп аталышат .

4-этап. Гибридомаларды тандоо . Чөйрөдөн лимфобласт клеткалар алынып ташталат. 5- этап. Гибридомдук клеткаларды пассаж жолу менен реклондоштуруу . 6- этап. Иммуноферментик анализ методу менен МАБды синтездөөчү гибридомаларды аныктоо жана тандап алуу. 7- этап . Антителолорду массалык түрдө көбөйтүп алуу
  • 4-этап. Гибридомаларды тандоо . Чөйрөдөн лимфобласт клеткалар алынып ташталат.
  • 5- этап. Гибридомдук клеткаларды пассаж жолу менен реклондоштуруу .
  • 6- этап. Иммуноферментик анализ методу менен МАБды синтездөөчү гибридомаларды аныктоо жана тандап алуу.
  • 7- этап . Антителолорду массалык түрдө көбөйтүп алуу
8-этап . Антителолорду тазалоо . Тазалоо деңгээли препаратты колдонуу багытына жараша болот. Эгерде препарат диагностика максатында пайдаланса, анда тазалоо деңгээли 70-95% болгону жетиштүү. Ал эми антителолор иммунотерапия үчүн керектелсе, анда тазалоо процесси жогорку деңгээлде өтүшү зарыл. Тазалоо процесси аффиндик жана иондук хроматография методдору менен жүргүзүлөт. 9 –этап. МАБды стерилизациялоо.
  • 8-этап . Антителолорду тазалоо .

Тазалоо деңгээли препаратты колдонуу багытына жараша болот. Эгерде препарат диагностика максатында пайдаланса, анда тазалоо деңгээли 70-95% болгону жетиштүү. Ал эми антителолор иммунотерапия үчүн керектелсе, анда тазалоо процесси жогорку деңгээлде өтүшү зарыл. Тазалоо процесси аффиндик жана иондук хроматография методдору менен жүргүзүлөт.

  • 9 –этап. МАБды стерилизациялоо.
МАБдын таасир этүү механизмдери 1- Клеткалык сигналдарды өзгөртүү . Ракка айланган клеткалардын сырткы бетинде өсүү факторлорун сезүүчү рецепторлор көп санда кездешет. Бул рецепторлор клетканын тынымсыз көбөйүүсүнө багытталган реакцияларды күчөтөт. Канчалык рецепторлор көп болсо ошончолук рак клеткалар тез көбөйүшөт. МАБ аталган рецепторлорду өчүрөт да, рецептор өсүү факторлор менен байланыш түзө албай калат, рак клетканын өсүп көбөйүшү токтоп, акырындап барып өлөт.

МАБдын таасир этүү механизмдери

1- Клеткалык сигналдарды өзгөртүү .

Ракка айланган клеткалардын сырткы бетинде өсүү факторлорун сезүүчү рецепторлор көп санда кездешет. Бул рецепторлор клетканын тынымсыз көбөйүүсүнө багытталган реакцияларды күчөтөт. Канчалык рецепторлор көп болсо ошончолук рак клеткалар тез көбөйүшөт. МАБ аталган рецепторлорду өчүрөт да, рецептор өсүү факторлор менен байланыш түзө албай калат, рак клетканын өсүп көбөйүшү токтоп, акырындап барып өлөт.

2- Иммундук жооп кайтаруу механизми.  МАБ өзгөргөн рак клетканын бетинде жайгашкан антиген менен байланыш түзөт. Байланыштын жыйынтыгында иммундук жооп берүү механизми иштей баштайт, б.а. С9 деп аталуучу өзгөчө белок пайда болуп клеткалык мембрананы бузат да клетканын өлүмүнө алып келет. 3- Иммундук клеткаларды активдештирүү .  МАБ иммунитетти калыптандыруучу макрофаг клеткаларын активдештирет. Активдүү макрофаг клеткалары шишиктерди таап фагоцитоз жолу менен жок кылышат.
  • 2- Иммундук жооп кайтаруу механизми.

МАБ өзгөргөн рак клетканын бетинде жайгашкан антиген менен байланыш түзөт. Байланыштын жыйынтыгында иммундук жооп берүү механизми иштей баштайт, б.а. С9 деп аталуучу өзгөчө белок пайда болуп клеткалык мембрананы бузат да клетканын өлүмүнө алып келет.

  • 3- Иммундук клеткаларды активдештирүү .

МАБ иммунитетти калыптандыруучу макрофаг клеткаларын активдештирет. Активдүү макрофаг клеткалары шишиктерди таап фагоцитоз жолу менен жок кылышат.

4- Адаптивдик иммунитетти калыптандыруу .  Организмде шишик (рак) оорусунун пайда болушунун негизги себеби болуп адамдын иммунитети ракка айланган, өзгөргөн клеткаларды бөтөн клеткалар катары тааныбай калат, организм өзүнүкү деп эсептей баштайт. Ал эми МАБ иммунитетке жардам берип шишикке айланган клеткалар менен «тааныштырып», аларды дароо жок кылганга шарт түзөт. Демек, организм өз алдынча шишикке кабылган клеткалар менен күрөшө алат.
  • 4- Адаптивдик иммунитетти калыптандыруу .

Организмде шишик (рак) оорусунун пайда болушунун негизги себеби болуп адамдын иммунитети ракка айланган, өзгөргөн клеткаларды бөтөн клеткалар катары тааныбай калат, организм өзүнүкү деп эсептей баштайт. Ал эми МАБ иммунитетке жардам берип шишикке айланган клеткалар менен «тааныштырып», аларды дароо жок кылганга шарт түзөт. Демек, организм өз алдынча шишикке кабылган клеткалар менен күрөшө алат.

Текшерүү үчүн суроолор: Жаныбарлардын клеткалары кандайча гибридизацияланат? Гибридома деген эмне? Моноклоналдык антитело деп эмнени айтабыз? МАБдын практикалык мааниси кандай? МАБ клеткаларга кандайча таасир этет? «Макрофаг» жана «фагоцитоз» түшүнүктөрүн талдап бергиле.

Текшерүү үчүн суроолор:

  • Жаныбарлардын клеткалары кандайча гибридизацияланат?
  • Гибридома деген эмне?
  • Моноклоналдык антитело деп эмнени айтабыз?
  • МАБдын практикалык мааниси кандай?
  • МАБ клеткаларга кандайча таасир этет?
  • «Макрофаг» жана «фагоцитоз» түшүнүктөрүн талдап бергиле.
Көңүл бурганыңар үчүн рахмат!
  • Көңүл бурганыңар үчүн рахмат!