СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Морфология.Сын атооч

Нажмите, чтобы узнать подробности

Реферат "Сын атооч"сөз түркүмү

Просмотр содержимого документа
«Морфология.Сын атооч»




Мазмуну


1.Сын атооч сөз түркүмү жөнүндө түшүнүк

2.Сын атоочтун грамматикалык категориялары.

3.Сын атоочтун даражалары.

4.Сын атоочтун морфологиялык жол менен жасалышы

5.Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы

6. Талдоонун үлгүсү:

7.Пайдаланылган адабияттар:
























Сын атооч

Заттын сын-сыпатын, өңү -түсүн, даамын, формасын жана башка ар түрдүү белгилерин көрсөтүп, кандай? деген суроого жооп берген сөздөр сын атоочтор деп аталат. Мисалы:

1. Алатоонун ак кар баскан чокуларын үлбүрөгөн булуттар чумкуду. Мында ак - сын атоочту, үлбүрөгөн - атоочтукту билдирип, кар, булуттар деген зат атоочтордон мурда келип, заттын өңүн, сыпатын аныктады.

2. Көздүү мончок жерде калбайт.

3. Айланада аппак кар,

Аппак карда алтын бар.

Мында көздүү, деген сын атоочтор кандай? деген суроого жооп берип, мончок, кар, карда деген зат атоочтордон мурда келип, заттын өңү -түсүн билдирди да, сүйлөмдө аныктоочтук милдет аткарды. Көрүнүп тургандай, сын атооч дайыма заттык маанидеги сөздөн мурда келет да, аныктоочтук милдет аткарат.

Сын атоочтордун кандайдыр бир затка тиешелүү болгон белгини туюндурушу - сын атооч үчүн негизги касиет. Алсак:

Билим улуу адамды жоошутуп,

Жөнөкөй адамды таңыркатып жиберет.

Жыртык үйдөн кыйшык түтүн чыгат.

Улуу, жөнөкөй,жыртык,кыйшык деген сын атоочтор кандай? деген суроого жооп берди. Сын атооч аныктоочтук өңүттү ээлеп, сүйлөм ичинде зат атоочтон мурун келди.

Сын атооч сүйлөмдө жыйынтыктоочу ойду билдирип, кээде баяндоочтук милдет аткарат. Мисалы:

Таттуу өмүрдүн сурагы өтө катуу.

Чындык күндөй жарык.

Чындык кудайдан күчтүү.

Чынын айткан киши ак.

Жогорку сүйлөмдөрдөгү катуу, жарык, күчтүү, ак деген сын атоочтор кандай? деген суроого жооп берип, баяндоочтук милдетти аткарышты. Сын атоочтун баяндоочтук милдетти аткарышы ээлик милдетине салыштырганда басымдуу. Себеби, баяндоочтук милдетти сапаттык, катыштык сындардын бардык түрлөрү аткарышы мүмкүн. Мындай учурда баяндооч аныктооч сыяктуу эле кандай? деген суроого жооп берет. Мисалы:

Камсыз өмүр жаман.

Таттуунун баары адегенде гана таттуу.

Акимдиктен адилет кымбат.

Билимдүүгө дүйнө жарык.

Билимдүүнүн сөзү өткүр,

Мергенчинин көзү өткүр.

Мында жаман, таттуу, кымбат, жарык, өткүр деген сын атоочторго кандай? деген суроо берилип, сүйлөмдүн баяндоочу болушат.

Ал эми төмөнкү сүйлөмдөргө кайрылсак, буларда жагдай бир аз башкача:

Семиз мал жайлоодон түштү.

Мал жайлоодон семиз түштү.

Мыкты студенттер сыйланды.

Студенттер сынактан мыкты өтүштү.

Мында семиз, мыкты сөздөрү зат атооч менен айкашып, сын атооч болот да, сүйлөмдө аныктоочтук милдет аткарат. Ошол эле семиз, мыкты сөздөрү этиш менен айкашып, ошол эле суроого жооп берип, тактооч сыяктуу бышыктоочтук милдет аткарат. Бул окшош сөздөр бир учурда сын атооч болсо, экинчи учурда тактооч болот.

Эки сөз түркүмүнүн дал келген дагы бир учуру:

Эрте туруп, кеч жатсаң да уйкуң канат.

Мында морфологиялык жактан эрте, кеч деген сөздөр - тактоочтор, синтаксистик жактан - бышыктоочтор.

Сын атооч менен тактоочтун окшоштугу даража категориясынын жасалуу жолдорунан ачык байкалат.

Сын атоочто даража категориясы төрткө, тактоочто үчкө бөлүнөт.

1. Жай даража. Сын атоочтун да, тактоочтун да жай даражасында өзїнө тиешелүү мүчөсү жок. Бирок башка даражалардын жасалышына негиз болот.

Эстүү кишиден кишичиликти үйрөн.

Көзүң кыйшык болсо да, көңүлүн түз болсун.

Камчы жарасы тез бүтөт, сөз жарасы эч бүтпөс.

Эстүү - сын атооч, аныктоочтук милдет аткарды, жай даража. Кыйшык, түз - тактооч, бышыктоочтук милдет аткарды, жай даража. Эки сөз түркүмүнө тең кандай? деген суроо берилди.

2. Салыштырма даража. Сын атоочтун да, тактоочтун да кээ бир мүчөлөрү окшош:

Балаңа узагыраак өмүр тиле.

Бал канттан таттуураак.

Мында узагыраак, таттуураак - сын атооч, -ыраак мүчөсү салыштырма даражаны уюштурду, кандай? деген суроого жооп берип, аныктоочтук жана баяндоочтук милдетти аткарды.

Жыйналышка эртерээк кел.

Мындан ылдамыраак бастыр.

Салыштырма даражанын -ыраак мүчөсү тактоочко уланып, кандай? деген суроого жооп берип, бышыктоочтук милдет аткарды.

3. Күчөтмө даража. Эки сөз түркүмүнүн окшоштугу күчөтмө даражада өзгөчө ачык байкалат. Аябай, эн, абдан, өтө, чылк деген бөлүкчөлөрдүн кошулуп айтылышы менен жасалат.

Өтө кызыл бат оңот.

Өтө кызыл өтө бат оңот.

Өтө кызыл - сын атооч, күчөтмө даража, аныктооч, аныкталгыч көмүскөдө. Өтө бат - тактооч, күчөтмө даража, бышыктооч. Эки сөз түркүмүнө тең кандай? деген суроо берилет. Айырмачылыгы: экөө тең эки башка сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.


Сын атоочтун грамматикалык категориялары.

Зат, буюм-тайым, нерсе, кубулуш, көрүнүш жана башкалардын сын-сыпатын, өңү -түсүн, даамын, тулкусун, кебетесин, көлөмүн, ченемин же башка белгилерин көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү сын атоочтор дейбиз.

Мисалы: Бийик-бийик тоолорго чыктым.

Бийик-бийик - сын атооч, кандай? деген суроо берилет, тоолорго деген зат атоочтун көлөмүн, ченемин билгизди.

Жакшы кыз — жакадагы кундуз,

Жакшы уул – көктөгү жылдыз.

Жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат.

Жылуу сөз жылытат, суук сөз муздатат.


Жакшы, жылуу, суук - сын атооч, кыз, жигит, сөз деген зат атоочтордон мурда келип, заттын сын-сыпатын билгизип, кандай? деген суроого жооп берди. Ушундан улам сөз айкашындагы зат атоочко карата сын атоочтун алган ордун темөнкүдөй таблица менен көрсөтүүгө болот:

  • Сын атооч

  • Зат атооч

  • Сын атооч

  • Зат атооч

  • Кандай?

  • Ким?

  • Кандай?

  • Эмне?

  • Акылдуу

  • Акылсыз

  • Жакшы

  • Жаман

  • Тентек

  • Элпек

  • Шамдагай

  • Жалкоо

  • кыз

  • адам

  • окучу

  • аял

  • бала

  • Данияр

  • Барчын

  • дыйкан

  • Жаңы

  • Эски

  • Чоң

  • Кичине

  • Жалтырак

  • Тегерек

  • Алтын

  • Кїмїш

  • їй

  • дос

  • көпїрө

  • китеп

  • кездеме

  • стол

  • шакек

  • сырга

Сын атооч дайыма зат атоочтон мурда келет, жеке, өзүнчө турса да, кандайдыр бир затка тиешелүү болгон белгини туюндурат. Белгини билгизүү - сын атоочтун касиети. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөнкү макал - ылакаптар менен далилдейли:

Адал эмгек элге жеткирет.

Ажаан ит таяктан коркот.

Ак сөз жолго чыгарат,

Кара сөз баткакка жыгат.

Ажаан, ак, адал, кара - сын атоочтор, эмгек, ит, сөз деген зат атоочтордун ар кандай белгилерин туюндурду.

Сын атоочту башка сөз түркүмдөгү сөздөрдөн айырмалап турган төмөнкүдөй мүнөздүү белгилери бар:

  • Сын атооч сөздөр заттагы, буюмдагы, нерседеги, ар түрдүү түшүнүктөгү сапаттын, касиеттин, белгинин аз же көп, күчтүү же күчсүз, чоң же кичине экенин билдирген даража категориясы боюнча өзгөрөт: кызыл, кызылыраак, кыпкызыл, кызгылтым, кызгылт, өтө кызыл, эн кызыл, аябай кызыл; ак, аппак, агыш, агылжын, аябай ак, өтө ак, чымкый ак ж.б. Сын атоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды мүчөлөрү бар. Мисалы:

-луу: билимдүү, сырдуу, айлуу;

-сыз: адилетсиз, көлсүз, малсыз;

-дай: тоодой, күндөй, оттой, суудай;

-гыч: билгич, сезгич, тапкыч ж.б.

  • Сын атооч морфологиялык табияты жагынан зат атооч менен атоочтуктардан айырмаланып, нагыз сын маанисинде турганда жөндөмө, таандык категориялары менен өзгөрбөйт, көптүк - лар мүчөсүн да кабыл албайт. Бул өзгөчөлүктү төмөнкүдөй таблица менен көрсөтсөк болот:

  • Жөндөмөлөр

  • Сын атооч

  • Зат атооч

  • Атооч

  • Илик

  • Барыш

  • Табыш

  • Жатыш

  • Чыгыш

  • кызыл

  • кызыл

  • кызыл

  • кызыл

  • кызыл

  • кызыл

  • алма

  • алманын

  • алмага

  • алманы

  • алмада

  • алмадан


Көрүнүп тургандай, жөндөмө парадигмасында кызыл алма айкашынын «кызыл» түгөйү өзгөрүүсүз, «алма» түгөйү гана жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрүүгө кириптер болду.

Сын атоочтун жөндөлүшү затташкан учурда гана ишке ашат:

А. кызыл, акылдуу, сулуу, улуу, кичүү.

И. кызылдын, акылдуунун, сулуунун, улуунун,

кичүүнүн.

Б. кызылга, акылдууга, сулууга, улууга, кичүүгө.

Т. кызылды, акылдууну, сулууну, улууну, кичүүнү.

Ж. кызылда, акылдууда, сулууда, улууда, кичүүдө.

Ч. кызылдан,акылдуудан, сулуудан, улуудан,

кичүүдөн.


  • Сын атоочтор -лар мүчөсү менен өзгөрбөйт. Затташкан сын атоочтор гана кабыл алат.

Мисалы: Кызылдар актар менен болгон согушта жеңишке жетишти. Кызыл, ак - сын атоочтор, -лар мүчөсүн кабыл алып, кимдер? деген суроого жооп берип, затташкан сын атоочко өттү.

Сын атоочтор зат атоочтор менен айкаша келип, сүйлөмдө аныктоочтук милдетти аткарат. Аныктооч менен форма жагынан өзгөрүүсүз туруп ыкташуу жолу аркылуу байланышат.


Сапаттык жана катыштык сын.

Сын атоочтор даража категориясы менен өзгөрүү же өзгөрбөө касиети жагынан бир өнчөй эмес. Бул жагынан алар эки чон топко бөлүнөт:

1. Сапаттык сын атооч.

2. Катыштык сын атооч.

Сапаттык сын атооч. Заттардын табияты менен ажырагыс түрдө байланышкан, алардын керт башына тиешелүү болгон белгилерди билгизет. Мындай белгилер бир топко кирүүчү заттарда ар түрдүү даражада боло берет. Ошондуктан булар даража категориясы боюнча өзгөрөт. Мисалы:

Асмандагы ак булуттар эмнегедир көзгө сүйкүм көрүнөт.

Ак - түстүн кадыресе жайынча нормадагыдай экендигин билгизет. Эгерде анын ордуна аппак деп колдонсок, анда булуттун ак экендиги күчөтүлгөн түрдө туюндурулат. Мына ушундай өзгөчөлүктөр даража категориясына мүнөздүү айрым көрүнүштөрдө орун алат.

Сапаттык сын атоочтордун көпчүлүгү эч кандай мүчөлөрдүн жардамысыз эле заттардын ар түрдүү белгилерин билгизет. Мисалы:

Биздин бөлмө чон, жарык жана таза.

Ал эми кээ бир сапаттык сын атоочтор сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы менен да жасалат. Мисалы: кадырлуу, акылдуу, эстүү сыяктуу сын атоочтор. Булар, биринчиден, заттардын керт башына тиешелүү болгон белгилерди билгизет, экинчиден, даража категориясы боюнча өзгөрөт: өтө кадырлуу - кадырлуураак, абдан эстүү – эстүүрөөк. Бул өндүү сөздөр негизги сөз жасоочу мүчөлөр аркылуу жасалып, сапаттык сын атоочко өтүшү ыктымал.

Сапаттык сын атоочтор төмөндөгүдөй маанилерди билгизет:

  • Өн-түс жагынан өзгөчөлүктөрдү: ак, кара, кызыл, кочкул, сары чийкил, мала кызыл, кара көк ж.б. Мисалы:

Кара көк тарткан асман күн жаарынан кабар берди.


  • Көлөм, өлчөм, салмак сыяктуу белгилерди: чон, кичине, оор, женил, бийик, узун, кыска, кен, тар, кууш, жука, калын, терен, тайыз, бүкүр, жантык, ийри, кыйшык, кыныр, чалыр, жалпак, тоголок ж.б. Мисалы:

Дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот.

Тоголок кызыл даны бар, Токчулук буудай жана бар.

Бийик тоого чыксан көзїн ачылат,

Жакшы менен сїйлөшсөн көнїлїн ачылат.

Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа.


  • Даам-татым, жыт сыяктуу белгилерди: таттуу, ачуу, кычкыл, кыйгыл, кермек, сасык, жыттуу ж.б. Мисалы:

Мээнетин катуу болсо, татканын таттуу болоор.


  • Кулк-мүнөз, адеп-ахлакка тиешелүү белгилерди: коркок, өткүр, жоош, момун, чатак, тентек, шок ж.б. Мисалы:

Билимдїїнїн сөзї өткїр,

Мергенчинин көзї өткїр.

Жамандын бир аты бар жоош, бир аты момун.

Жакшынын бир аты бар залим, бир аты зулум.


  • Ысык-суукка байланыштуу белгилерди: ысык, суук, мээлүүн, муздак, жылуу, ыкчам ж.б. Мисалы:

Түн ортосу, аба салкын, ай жарык.

Сапаттык сын атоочтордун көпчүлүгү өз ара антонимдик катышты түзө алат: ысык - суук, арык - семиз, жоон - ичке, узун - кыска, ачык —-жабык ж.б. Мисалы:

Гүлдөн аары таттуу бал жыйнаса,

Жылан ачуу уу жыйнайт.

Эски дос эстен кетпейт,

Жаны дос баркка жетпейт.

Мында таттуу-ачуу, эски-жаны - контексттик антонимдер.

Мына ушул өндүү белгилер сапаттык сын атоочту айырмалоого мүмкүндүк берет. Анткени катыштык сын атоочтор мындай белгилерге ээ боло албайт.


Катыштык сын. Булар бир затты башка бир заттын өзүнө, ордуна, мезгилине, мамилесине, мүнөзүнө, алака-катышына ылайык аныктайт. Катыштык сын унгуга ар кандай сөз жасоочу мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу ар башка түркүмдөгү сөздөрдөн жасалат. Демек, катыштык сындын мааниси унгу менен ага жалганган мүчөнүн маанисинен келип чыгат. Мисалы:

Малдуу колхоз - малдын мол болуш өзгөчөлүгүнө карай аныкталды.

Жазгы жумуш - мезгилдик жактан аныкталды.

Тоолуу аймак - географиялык жактан аныкталды.


Катыштык сын атоочтор билгизген белгилер ар түрдүү затта ар түрдүү даражада болбойт. Ошондуктан мындай сын атоочтор даража категориясы менен өзгөрбөйт.

Катыштык сын атоочтун маанилери да ар башка. Ошондуктан алардын төмөнкүдөй бир катар өзгөчөлїктөрїн белгилөөгө болот:


  • Мезгилдик түшүнүктү белги катары көрсөтүүчү катыштык сын атоочтор. Алар мезгилди билгизүүчү сын атоочтон, тактоочтон жасалат: кышкы, түнкү, жайкы, жазгы (зат атоочтон жасалды); жазындагы, күзүндөгү, эртеңки, бүгүнкү (тактоочтон жасалды). Мисалы:

Эртең мененки муздак сууга жуунуу пайдалуу.

Бүгүн көргөн эртен жок.


  • Негиз аркылуу туюндурулган заттын бар же жок экендигин белги катары туюндуруучу катыштык сын атоочтор. Мисалы:

Балалуу үй базар, баласыз үй мазар

Балалуу үй, бактылуу үй.

Балалуу үй – гүлүстөн,

Баласыз үй – көрүстөн.

Балалуу үйдө бакыт бар.

Балалуу үй - күлкүнүн куту,

Баласыз үй - кубанычтын жуту.

Бетегелүү жер жакшы,

Пейли жакшы эл жакшы.

Акылдуу элге тартат,

Акмак тууганына тартат.



Сын атоочтун даражалары.

Кыргыз тилинде сын атоочтун төмөнкүдөй даражалары бар:

1. Жай даража.

2. Салыштырма даража.

3. Күчөтмө даража.

4. Басандатма даража.

Даража категориясынын мааниси айлана-чөйрөдөгү карама-каршы келип, толуп жаткан белгилердин заттарда ар түрдүү деңгээлде боло тургандыгын байкап, аларды тилде туюндуруп, алсак, алманын биринин өңү кызыл, экинчисиники ага карганда кызылыраак, үчүнчүсүнүкү чымкый кызыл, кыпкызыл экендигин ажыратып көрсөтүүдө турат.

Жай даража заттардын кадимки норма катары таанылган белгилерин билгизет да, атайын мүчөлөрдүн же сөздөрдүн жардамысыз унгу же негиз түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу туюндурулат. Мисалы:

Таянарын болбосо, таамай сөздөн пайда жок.

Тар жерден аш жегиче, кен жерден муш же.

Тартылбаган тип таттуу турмушту бузат.

Ташкын суу кечүүсүз болбойт.

Опсуз баатыр жоого түшөт.

Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.

Калпычы киши элге ишенбейт.

Карангы элге капыр молдо.

Таттуу тилден жансыз жыргайт.

Узун тип уудан жаман.

Улуу сөздө уят жок.

Улуу үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят.

Жакшы кыздын башына бермет менен шуру ойнойт,

Жаман кыздын башында сирке менен бит ойнойт.

Жакшы киши ооруса тойго барып келгендей,

Жаман киши ооруса көрдөн туруп келгендей.

Жакшы мал жанга аралжы,

Жакшы дос малга аралжы.

Ак шейшепке ороп сени,

Кичиненден баккан ким?

Уйку көрбөй узун тундө,

Таптап сени жаткан ким?

Жаңы көйнөк, жаны шым,

Жарашыктуу тиккен ким?

Эмгек кылсын элге деп,

Тилеген ким, бөбөгүм?

Актап өскүн ак сүтүн,

Ардактуу асыл эненин.

Калган даражалар жай даражадан атайын мүчөлөрдүн же сөздөрдүн жардамы аркылуу жасалат.

Мисалы: ак - жай даража; агыш - басандатма даража; агыраак - салыштырма даража; өтө ак, аппак, абдан ак – күчөтмө даража.

Жай даражаны билмейин, калган даражаларды андап билүү мүмкүн эмес.

Басандатма даража. Заттагы белги нормалдуу белгиге жете бербегендигин билдирет да, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

-ыш: ак - агыш, көк – көгүш;

-гыл: кир — киргил, сары - саргыл;

-ылжын: көк – көгүлжүн;

-ылтыр: көк – көгүлтүр;

-гыч: сары – саргыч;

-гыл: сары - саргылт, сур - сургулт;

-гылтым: кызыл – кызгылтым ж.б.

Салыштырма даража. Заттагы белги нормалдуу белгиге караганда айырмалуу экендигин билгизет да, эки зат өз ара белгилери боюнча салыштырылат. Ал заттардын бири атооч жөндөмөсүнүн, экинчиси чыгыш жөндөмөсүнүн формасында берилет. Сын атооч

-ыраак мүчөсү уланган түрдө же ансыз эле колдонулат.

Күчөтмө даража. Заттагы белги нормалдуу белгиден өтө эле айырмалуу экендигин көрсөтөт да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат:

1. Эн, абдан, өтө, аябай деген бөлүкчөлөрдүн кошулуп айтылышы менен жасалат. Мисалы:

Мугалимдик кесип - өтө татаал кесип.

Өтө жаш өлүм өкүнтөт.

Эн ачуу да тил, эн таттуу да тип.

Өтө кызыл тез онот.


Өтө кызыл, өтө жаш, эн ачуу, эн таттуу - сын атооч, күчөтмө даража, аныктооч. Сүйлөмдө өтө кызыл деген сөз түпкү мааниси сын атооч болгону менен затташкан сын атооч болуп ээлик милдет аткарды.

2. Сын атооч сөзгө анын башкы муунунан кыскартылып, п тыбышын кошуп жалгоо аркылуу. Бул типтеги бөлүкчөлөр сөз алды мүчө сыяктуу сын атооч менен бирге жазылат: кызыл – кыпкызыл; сары – сапсары; кара – капкара; узун - упузун ж.б. Мисалы:

Кырман сапсары данга толду.

Күз келип, сапсары жалбырактар жерге түштү.

Бир кучак аппак сакалы,

Ак кар кийген чапаны.

Он эки айда бир келген,

Билесинби атаны?

Сын атоочтун

морфологиялык жол менен жасалышы

Сын атооч бир катар куранды мүчөлөрдүн жардамы менен морфологиялык жол аркылуу да жасалат.


-луу мүчөсү:

Зат атоочтон сын атооч жасайт, негиз аркылуу туюндурулган нерсенин бар экендигин белги катары көрсөтөт:

Тартиптүү бала - эстүү бала.

Акылдуу адам көптү билиш үчүн окуйт,

Майда адам көпкө билиш үчүн окуйт.

Аңыздуу жерде aт өлбөйт.

Көздүү мончок жерде жатпайт.

Дөөлөттүү адам так болот, жашында жигит шок болот.

Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.

Эптүү уулдан септүү уул туулат.

Эптүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.

Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток.

Тоолуу жердин бөрүсү - ойлуу жердин уурусу.

Тоолуу жер карсыз болбойт.

Тектүү жер - намыстуу эл.

Талаалуу жерде moo болбойт,

жакшы элде доо болбойт.

Уруулуу журт — уялуу жыгач.

Дүйнөдө баарынан сөз салмактуу, сөз күчтүү.

Куттуу уйдөн куру чыкпа.

Мында тартип, эл, акыл, аныз, көз, дөөлөт, билим, эп, эне, тоо, тек, талаа, уруу, уя, салмак, күч, кут - зат атооч сөздөр, аларга -луу мүчөсү уланып сын атооч жасалды, сын атоочтук туундулар кандай деген суроого жооп берди.

-сыз мүчөсү:

Бул негиз аркылуу туюндурулган нерсенин жок экендигин белги катары көрсөтөт:

Талапсыз өмүр - эч нерсеге татыксыз өмүр.

Ирээтсиз иште ийгилик жок.

Оймоксуз аял болбойт.

Эмгексиз киреше - бетке чиркөө.

Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.

Too ташсыз болбойт, эл башсыз болбойт.

Тооксуз эле тан атат.

-сыз мүчөсү негиз аркылуу туюндурулган нерсенин жетишсиз, аз экендигин да билгизет: алсыз (алы начар) ж.б.


-дай мүчөсү:

Бул мүчө аркылуу жасалган сын атоочтор негиз аркылуу туюндурулган затка кандайдыр бир окшоштуктун бар экендигин белги катары көрсөтөт. -дай мүчөсунүн уланышы менен жасалган сын атоочтордун бир кыйласы өтмө мааниге ээ болуп кеткен. Ошондуктан алар элестүү келип, көбүнчө сүйлөшүү стили менен көркөм стилде колдонулат: тоодой, алтындай, кагаздай ж.б. Мисалы:

Кесепеттүү манаптан кенедей пайда таппадык.

(Бул сүйлөмдө кенедей - кенеге окшош эмес, кичинекей маанисинде салыштырылды.)

Сын атоочтор зат атоочтор менен айкаша айтылып сүйлөмдө аныктоочтук милдетти аткарат. Аныкталгыч менен форма жактан өзгөрүүсүз туруп, ыкташуу аркылуу байланышат. Мисалы:

Жакшы зайып үйдүн куту.

(Жакшы, зайып сөздөрү бири-бири менен ыкташуу аркылуу байланышты.)

Сын атооч нагыз сын атоочтук мааниде турганда аныктоочтук милдетти аткарат. Мисалы:

Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.

Жакшы сөз - жарым дөөлөт.

Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш чиритет.

Жакшы өскөн бала эшикте калган ата-энесин төргө чыгарар, Жаман өскөн бала төрдөгү ата-энесин сыртка чыгарар.

Жазгы суук жандан өтөт.

Жазгы этте жазык жок.

Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.

Жакшы мугалим түзөйт, жаман мугалим көзөйт.


(Жакшы, жаман, жарым - сын атооч, жаз - зат атооч, -гы зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчө, кайсы? деген сурооберилди.)

Сын атооч кээде жыйынтыктоочу ойду билдирип, сүйлөмдүн аягында келсе, баяндоочтук милдетти аткарат:

Акылдуунун сөзү кыска, айта салса нуска.

Кыздын кырк чачы улуу.

Ар кимге өз жаны кымбат.

Сөздүн кыскасы жакшы,

Аркандын узуну жакшы.

Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.

Адам алсызы урушчаак.

Баарынан кан улук.

Баарынан өкүнүч жаман.

Жаа сынарында катуу, суук чыгарында катуу.

Тышы жылтырак, ичи калтырак.

Аманат жанга өлүм ак.

Алкы жамандын арты жаман.

Мээнет деген жалпак, аны көтөрүүгө күч керек.

Тарбия көп кырдуу, таалим көп сырдуу.

Нандын ысыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы.

Ойдун да, бойдун да ортосу жакшы.

Базар барга таттуу, жокко ачуу.

Бала, баланын иши чала.

Бетке айткандын жүзү жарык.

Душмандын сырты жылма, ичи кара.

Душмандын сөзү жылуу, боору таш.

Дүйнөдө жан таттуу.

Сын атоочтун баяндоочтук милдети сүйлөм тизмегинде алган ордуна байланыштуу. Анын баяндоочтук милдетти аткарышы ээлик милдетине салыштырганда басымдуу, себеби баяндоочтун милдетин сапаттык, катыштык сындардын бардык түрлөрү аткарышы мүмкүн. Мында баяндоочтор аныктоочторго берилүүчү суроолорго жооп берет. Семантикасында сапаттык окшоштук, бардык - жоктук маанилерди берет.

Сын атоочтор заттык маанини билдирип, сүйлөм ичинде ээлик милдетти да аткарат:

Арык семирет, ач тоюнат.

Жаш күчү менен, кары кенеши менен барктуу.

Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат.

Aт жакшысы жолдо сыналат,

Дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат.



Сын атоочтун

синтаксистик жол менен жасалышы

Сын атоочтун жана тактоочтун синтаксистик жол менен жасалышында да окшоштуктар байкалат. Экиден кем эмес түзүүчү менен жасалган сын атоочтор синтаксистик жол менен жасалган болот. Мындай сын атоочтор татаал сын атоочтор деп аталат. Татаал сын атоочтор кош сөздөр же кошмок сөздөр тибинде болот. Мына ошого жараша алар кош сын атоочтор жана кошмок сын атоочтор деп жалпысынан эки топко бөлїнөт.


Кош сын атоочтор.

Бул табияты жагынан сын атоочтун өзгөчөлүгүнө ээ болгон кош сөздөр кош сын атоочтор деп аталат. Жазууда булардын компонентинин арасына сызыкча коюлат: алдуу-күчтүү, бийик-жапыз, кызыл -тазыл. Кош сын атоочтордун ар бир компоненти жеке, өз алдынча мааниге ээ болушу да, болбой калышы да мүмкүн. Ар бир компоненти жеке, өз алдынча мааниге ээ болгон кош сын атоочтор: ак-кара, улуу-кичүү, жылуу-жумшак ж.б.

Бир компоненти жеке, өз алдынча мааниге ээ болгон, бирок экинчи бири ал касиетке ээ болбогон кош сын атоочтор: эски-уску, майда – чүйдө ж.б. Мисалы:

Кызыл-тызыл кызгалдактар жашыл туланга көрк берет.

(Кызыл-тазыл - татаал сын атооч, кандай? деген суроо берди, кош сын атооч, аныктооч. Жашыл – жөнөкөй сын атооч, аныктоочтук милдетти аткарды.)

Эки компоненти тен өз алдынча турганда маани бере албаган кош сын атоочтор: одур-будур ж.б.


Кошмок сын атоочтор.

Грамматикалык касиети жагынан сын атоочтун өзгөчөлүгүнө ээ болгон кошмок сөздөр кошмок сын атооч деп аталат. Жазууда мындай сын атоочтун компоненттери бөлөк-бөлөк жазылат: кара курөн, ак саргыл, мала кызыл ж.б. Мисалы:

Ак саргыл өңүнө мала кызыл көйнөк өтө жарашыктуу.

(Ак саргыл, мала кызыл - кандай? деген суроого жооп берет, татаал сын, кошмок сын атооч, арасына эч кандай белги коюлбай ыкташуу жолу менен жасалат).

Ар бир компоненти сын атоочтон: ак саргыл, кара ала, кара тору, кара ала; сын атооч менен зат атоочтон: кара көз, кара каш, ак көңүл, ак пейил; сын атоочтун -луу мүчөсү уланган сын атооч менен айкашынан: узун бойлуу, кен далылуу, көп жактуу, нур чырайлуу ж.б. кошмок сын атоочтор да кездешет. Мисалы:

Ак көңүл адамдан жамандык күтпө.

(Ак көңүл - татаал сын атооч, кошмок сын.)

Ушул эле өзгөчөлүктөр тактоочто дал өзүндөй кайталанат.

Сын атооч ээнин милдетин төмөндөгүдөй лексика-грамматикалык формада туруп аткарат:

  • Айлана - чөйрөдөгү кубулуштардын, көрүнүштөрдүн, буюмдардын атын атоочу сын атоочтор сүйлөмдүн ээсин аткарышы мүмкүн. Мисалы:

Жашыл бат оңсо, кызыл оңбойт.

(Эмне бат оңот же оңбойт? -жашыл, кызыл –сүйлөмдүн ээси.)

Морфологиялык жактан толук талдоо жүргүзө турган болсок, жашыл, кызыл - сын атооч. Маанисинде белгилүү бир ыранды, түстү билдирет. Синтаксистик жактан - ээ, атооч жөндөмөдө турат, эмне? деген суроого жооп берет.

Жакшы ашын жейт, жаман башын жейт.

Жакшы ишке келет, жаман ашка келет.

Жакшы журтунун камын жейт, жаман журтунун малын жейт.

Жакшы эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.

Демек, жакшы, жаман деген сөздөр сүйлөм тизмегинде (синтаксисте) заттык маанини ичине камтыган, бирок өзүндөгү сындык маанини жоготпойт. Морфологияда жай, сапаттык сын, унгу формасында турат.


  • Сын атоочторго таандык, сан мүчөлөр жалганып, ээнин милдеттин аткарат. Кандай учурда? Мисалы:

Кызылдан агы жакшы.

Таандык мүчө уланып турган сөз - ээ, атооч жөндөмөдө семантикасында заттык мааниге ээ болуу менен бирге сындык маанисин жокко чыгарбай сактаган. Жакшы - унгу, жай сындан турган баяндооч.

Сын + зат + таандык мүчө айкашкан сєздөн зат атооч түшүрүлсө андагы таандык мүчө сын атоочко жалганат да ээнин милдеттин аткарат.

Затташкан сын атоочтор толуктоочтук милдетти аткарат.

Жакшыга жанаш жамандан адаш.

Жакшыга жата кал, жамандан ката кал.

Жакшыга жут жок, жаманга кут жок.

Жакшыга жүрүм жок, жаманга өлүм жок.

Жакшыга жалынсан жан калат,

Жаманга жалынсан бир кашык кан калат.

Жакшыга акыл айтсан таап алгандай сүйүнөт,

Жаманга акыл айтсан алдап алчудай күйүнөт.

Жакшыга акыл айтсан билет,

Жаманга акыл айтсан күлөт.

Жакшыга да бир ата, жаманга да бир ата.

Жакшыга бир сөз, жаманга мин сөз.

  • Сын атооч толуктоочтук милдетти иликтен башка жөндөмөдө туруп аткарат. Сөз айкаштын багындыруучу түгөйү жөндөмө мүчөлүү зат атооч түшүрүлсө, жөндөмө мүчө багынынкы түгөйү болгон сын атоочко барып жалганат да, сын атооч толуктоочтун милдетин аткарат.

  • Мисалы:

Күлүк аттан күлүк am чыкса, төрт аягы тыбырайт.

Бул сүйлөмдү макал катары салыштыралы:

Күлуктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт,

Чеченден чечен чыкса, оозу - мурду кыбырайт.

Мында күлүк аттан деген айкаш күлүктөн деген формага айланган, күлүк - аныктооч, күлүктөн - толуктооч.

Жакшыга айтсан билет,

Жаманга айтсан күлөт.

Бул сүйлөмдө да адамга деген толуктооч түшүрүлгөндүктөн, жакшы, жаман деген сын атоочтор барыш жөндөмөнүн мүчөсү менен айкашып, кимге? деген суроого жооп берип толуктоочтун милдеттин аткарды. Кыскасы, сын атоочтор илик жөндөмөдөн башка жөндөмөлөрдө турганда толуктоочтун милдетин аткарып калат.

Жакшыга жакын болсон колун асманга жетер,

Залим менен жакын болсон башын жерге кирер.

Жакшы сын атооч -га барыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып толуктоочтун милдеттин аткарса, залим менен деген жандооч менен катар келип, толуктоочтук милдетти аткарды.

Жакшыда жаалуу жок, жаманда каруу жок.

Жакшыда кек жок, жаманда тек жок.

Мында аныктоочтук сөздөрдү унгу мүчөгө ажыратып, маанилерин ачуу зарыл. Сын атоочтор кээде этиштер менен айкашып, бышыктооч да болот. Мисалы:Таалайга дилгир элимдин тарыхын кенен жазбасам.


Талдоонун үлгүсү:

М.: Ал таза жазат, мен начарыраак жазам, бирок жакшы окуйм.

Мында таза, начарыраак, жакшы деген сын атоочтор этиш сөздөрдү бышыктоодо кыймыл-аракеттин сыпатын билдирип, кандай? деген суроого жооп берет. Таза, жакшы – сөз түркүмү боюнча тубаса сын атооч, жай даража, атооч жөндөмөдө, жекелик санда; начарыраак - туундуу сын атооч жасоочу мүчө, салыштырма маани берет. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча аталган сын атоочтор сын-сыпат бышыктооч милдетинде. (Айрым методикалык окуу куралдарында жакшы окуйт дегенде жакшы бышыктоочтук милдет аткарышына карап, сын атооч эмес тактооч деп түшүндүрүлөт. Мында синтаксистик функциясы морфологиядан ажыратылбаган.)

Макал-ылакаптарда ушул сын атоочтор менен тактоочтун окшоштугун көрсөтсөк:

Катуу басса таскак дейт, акырын басса аксак дейт.


Катуу - атооч жөндөмөдө турган сын атооч. Кантип басса? - Катуу -сыпат бышыктооч. Сын атоочтор бышыктоочтун милдеттинде аныктооч менен тактоочторго салыштырганда анчалык көп колдонулбайт.



Пайдаланылган адабияттар:


  1. Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Бишкек, 1997

  2. Абдувалиев И. Кыргыз тили. - Бишкек, 2003

  3. .Абдулдаев Э., Давлетов С. Кыргыз тили. (Пединституттардын педагогикалык факультеттери їчїн окуу китеби). - Фрунзе, 1986.

  4. Азыркы кыргыз тили. (Сөз тїркїмдөрї. 2-бөлїм).- Фрунзе, Кыргызмамбас,1958.

  5. Грамматика киргизского литературного языка. (1 часть. Фонетика и морфология).- Фрунзе: 1987.

  6. Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Фрунзе, 1980.

  7. Эшимбекова К. Сын атооч менен тактоочтордун окшоштугу жана айырмачылыгы. Бишкек,2007